mainkaptal
Пользовательский поиск
  Пикетжүз

Абийир жоопкерчилиги убактылуу эмес, ал түбөлүк

Митинг, пикет, саясат. Канчалык көңүлүбүз калбасын, акыркы кездерде булар кыргыз коомчулугундагы айыкпас илдетке айланып бараткандай. Дегеним, буга чейин канчалаган митинг, пикеттер болуп, туура эмес жүргүзүлгөн саясаттын кесепетинен жүздөгөн атуулдарыбыз окко учту. Парламенттик шайлоо тынч, таза өтсө, митингдер токтоп, эл тынчыйт деп жаттык эле. Бирок, дагы эле баягы митинг, пикет, саясат. Саясат эмес аты-жөнүн туура жаза албаган айрым адамдар, уул-келининин төрүндө сый көрүп отурчу ата-апалар митинг, пикетчилеп жүргөнү өкүндүрөт.
Шайлоо алдында партия лидерлери жер-жерлерди кыдырып, эл алдында өлкөнүн тынчтыгы үчүн баарына даяр экенин айтып төш кагышкан. Бирок, шайлоо жыйынтыгы чыгып-чыкпай жатып жеңилген партиялар баягы ит адатын кармата башташты. Кечээ түзүлүп, бүгүн шайлоого катышкан "Ата журт", "Республика" партиялары күтүлбөгөндөй көп добушка ээ болсо, ошондой эле жаңы жарала калган "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын амбициясы Ала-Тоодой, таарынычы күч. Булардын таарынычы кимге? Элгеби, бийликкеби же кечээги кучакташып жүргөн үзөңгүлөштөрүнөбү? "Ата журттун" басымдуу бөлүгү "ак жолчулар" болсо, "Бүтүн Кыргызстан" Бакиевди бийликке алып келген "Жаңы Кыргызстандын" экинчи көчүрмөсү экени жалганбы? "Эгер "Бүтүн Кыргызстан" парламентке кирбей калса, саясый уюм эч кандай радикалдык кадамдарга барбайт" деп кайра ошол эле замат "биздин тарапкерлердин чыдамы түгөнүп барат, эки-үч күндө бирди көрөсүңөр" деп көкүткөн Адахан Мадумаровду кандай түшүнсө болот?
Партиялар минтип ит тытыш болуп тынчтана албай жатышса, "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "7-апрель кыймылы" коомдук бирикмелери шайлоо жыйынтыгына нааразыбыз таризинде митинг уюштуруп убара. Болуптур, алар талап кылгандай бакиевчилер бийликке келбесин дейли. Анда шайлоодон өткөн беш партия тең парламентке келбеши керек. Анткени, ал партиялардын алдыңкы тизмесиндегилердин баары эле баягы Бакиев убагындагы кадрлар. Ошол эле "Ар намыста", "Ата мекенде", "Республикада", "Ата журт", КСДП партияларында акаевчилер да, бакиевчилер да бар.
Баарынан кызыгы, митинг, пикетке чыккандардын урааны "шайлоо таза болгон жок", "жеңген партиялар добуштарды сатып алышты". А шайлоонун таза болбошуна салым кошуп, арзыбаган акчага добушун, келечегин саткан кимдер? Ал эч ким эмес. Ал биз - өзүбүзбүз. Ушундай парламенттик башкаруу болсун, парламенттик шайлоо болсун деген кимдер? Дагы эле алар өзүбүзбүз, кыргыз эли. Кезинде тынымсыз митинг, пикеттерге чыгып Акаевди кетирип, кактабай каныбызды соргон Бакиевди бийликке ким алып келди? Аны да, Бакиевдин убагында да, бүгүн да кыйкырып акча төлөгөндүн ар-намысын эт-бетибизден кетип коргоп жаткан өзүбүз алып келгенбиз. Анан неге кайра өзүбүзгө өзүбүз каршы чыгып, митинг-пикет уюштурабыз? Кечээки эле "түштүктөгү июнь окуясында Ташиев гана жардам берди" деп мактагандар да, бүгүн ал бийликке келбесин деп боктогондор да өзүбүзбүз. "Ата журт", "Республика", КСДП добуштарды сатып алды деп кыйкырып, ошол эле мезгилде алардын акчасына сатылган ким? Ал америкалык эмес, кытай, уйгур, немис эмес. Так эле өзүбүзбүз - кыргыз элим. Анан неге митинг, пикеттерге чыгабыз? Кечээ эле КСДП, "Ата мекен", "Ар намыс" үчүн деп жатып, бүгүн жаңы жаралган "Ата журт", "Республиканы" алдыга чыгарган ким? Үлкөн үч партиянын лидерлерин мактап, бүгүн ашмалтайын чыгара боктоп жаткан ким? Албетте, ал дагы мекендештер - биз өзүбүзбүз.
Эртең партиялардан коалиция түзүлүп, өкмөт, парламент куралып иштеп баштаса аларга каршы дагы пикет, митинг баштайбыз. Анткени, алар бийлик чиновниктери. Эл душманы. Анда аларды бийликке неге алып келебиз? Ар жылы, ар айда, керек болсо ар күнү митинг кылыш үчүнбү?
Пикетке, митингге чыккандардын бетке кармаганы "өлкөдө калыстык, чындык, акыйкаттык жок" урааны. Албетте, калыстык, чындык, акыйкаттык бийликте сөзсүз керек. Бирок, ошол митинг, пикетке чыккан адамдын жүрөгүндө калыстык, акыйкаттык, чындык барбы? Ал эртеңки күнү арзыбаган акча үчүн калыстыктан, беттеген максатынан тайбайбы? Ал жараткандын, соттун алдында эмес, өз абийиринин алдында жооп бере алабы? Мекенчил, патриот сымалдар ушундай суроолорго жооп таба аласыңарбы?
Анан эң негизгиси митинг, пикеттин жоопкерчилиги алган акчаны актоо үчүн бир-эки күн аянтка, көчөгө чыгуу эмес. Ал жоопкерчилик түбөлүккө сенин абийириңде. Ушуну унутпай, акыл-эс менен иш кылып, акча бергендин айдагына түшпөгүлөчү, замандаштар.
Мелис СОВЕТ уулу




  Ишентип айткан калп жаман

"Электрстанцияларынын" беттырмарлыгына "баракелде"!

Баракелде, баракелде. "Электрстанциялары" ААКсынын басма сөз кызматынын жообуна баракелде. Минтип шыпшынганыбыздын жөнү мындай. Гезитибиздин 15-октябрда жарык көргөн №15 санында "ТЭЦ тешиги - жемкорлордун кешиги" аттуу макала жарыяланган эле. Аталган акционердик коомдун жетекчилиги ошондой көрсөтмө бергенби же ошол жакка жооп жазсак журналист жалганчы болот дешкенби, айтор мекеменин басма сөз кызматы "АКИпресс" агенттигинин "Баракелдесинде" болушунча актанган экен. Албетте биздин маалыматтарыбыз жалган болсо "Электрстанциялары" мекемеси редакцияга кайрылып, өздөрү айткан "чындыкка дал келүүчү" каяшасын берсе гезит бетинен орун берүүдөн качпайт элек. Бирок атасына арызданган баладай ишкананын "Баракелдеге" барып арыз-арманын айтканы түшүнүксүз.

Эми кепти ток этер жеринен баштасак. Жогоруда айтылган жоопто мекеме басма сөз кызматы "Кара-Кечеде 5-6 жеке менчик компаниялар лицензиянын негизинде көмүр казып, Кыргызстандын биртоп чоң аймактарын камсыз кылышат. Алар өз көмүрүн өздөрү уурдап жатабы? Бул жерде ТЭЦтин кандай тиешеси бар?" деп жазат. Так ошол Кыргызстандагы бирден-бир көзгө басар ТЭЦтин Кара-Кечеге эч кандай тиешеси жок болгон үчүн көмүр казган фирмалар өз көмүрүн өздөрү уурдап жатышат. Азыркыга чейин "Кыргыз-Көмүр" адистери Кара-Кечеден казылган көмүрдүн 10 пайызы гана мамлекетке көрсөтүлүп, калган 90 пайызы карапайым элге көмүскө кымбат сатылып, өң-тааныш, тууганга арзан берилип жатканын айтып келишет. Атургай көмүр мафиясы катуу өнүгүп, криминалдардын вагондой ээрчишкен машиналарына көмүр бепбекер жүктөлөрүн ал жердегилер жакшы билишет. Бул эмне, уурдоо эмеспи?!
"Электрстанцияларынын" билдиришинче, Кара-Кеченин көмүрүн ТЭЦ алып алса эл көмүрсүз калат имиш. Качан эле Кара-Кече кыргызстандыктарды жыргатып, текши арзан көмүр менен камсыз кылды эле? Башка аймакты коелу, Жумгал, Нарын районунда азыр Кара-Кече көмүрүн карапайым калк накталай акчасына сатып ала албай издеп жүрөт. Муну же "Электрстанциялары" эргулдары билбейби? Баарынан кызыгы, акционердик коом Бишкек ТЭЦине Кара-Кече көмүрүн автоунаа менен ташып келүү мүмкүн эмес деген шылтоону айтат. Колдо турган көмүрдү ТЭЦке жеткирүүгө мамлекеттик ишкана кызыкдар болбосо, өз капчыгын ойлогон көмүр өндүрүүчү фирмалардын башы ооруйбу? Кара-Кече координатору Жоробек Осмоновдун билдиришинче, Кара-Кечеде көмүрдүн кесеги сатылып кете берип, майдасы тоо-тоо болуп үйүлүп калган. Ансыз да көмүрдү майдалап туруп жаккан ТЭЦ аны бекер алып кетсе да болот. Муну "Электрстанциялары" эмнеге ойлонуштурбайт?
Эми ТЭЦке көмүр ачык, таза, тендер аркылуу сатылып алынат деген "Электрстанцияларынын" эптүү кебине шектүү жооп кылалы. Энергетика тармагында эбегейсиз ийгилик болот деп эки качкын президент тең кезинде убада кылганын билебиз. Ошол кезде "Электрстанциялары" ААКсынын жетекчиси Сапарбек Балкибеков эч кандай тендерсиз эле казактар менен ТЭЦке көмүр сатып алуу келишимдерин түзүп, миллиондогон сомдорду сол чөнтөккө солоп турган. Учурда Финансы полициясы, Башкы прокуратура "Электрстанцияларынын" мурдагы жетекчилерине ачып жаткан кылмыш иштери мекеменин канчалык "таза, ак" экенин далилдеп турат. Ушул эле жылдын май айында "Белый парус" гезитинин сайтына төбө чачты тик тургузган маалымат жарыяланган. Анда "Если рассмотреть схему сжигания углей на ТЭЦ Бишкека, которую предлагают специалисты, то предпочтительнее шубаркульские угли. Или - угли из Куланского месторождения. Шубаркульские угли находятся в Караганде, а куланские - недалеко от Жамбыла. Предполагается закупать эти угли в соотношении 60% - куланские и 40% - шубаркульские. Надо пояснить, что это - так называемые бурые угли. И, естественно, в Кыргызстан поставляется не самые лучшие сорта этих углей. Теплотворная способность низкая, а зольность, наоборот, высокая, Бишкек зимой окутан смогом.
Что же делалось семейной командой при старом режиме? Не думайте, что здесь какие-то сложные схемы, интеллект, ничего подобного, просто. Поставляя на ТЭЦ Бишкека угли из Казахстана, ребятки наваривали с 1 тонны до 10-15 долларов. Если себестоимость одной тонны шубаркульских углей на границе (ж/д ст. Луговая) равнялась 18 долларам, то ОАО "Электрические" станции на ТЭЦ Бишкека принимала их по… 40-45 долларов за тонну. Тупо, но эффективно. Если себестоимость одной тонны куланских углей на станции Луговая равнялась 8 долларам, то на ТЭЦ Бишкека они отпускались по 20-25 долларов за тонну.
Разница, конечно, шла М.Бакиеву и А.Ширшову вместе с командой. При поставке угля на ТЭЦ Бишкека в 800 тысяч тонн в год, сумма "заработка" коррупционеров составляла 8-12 миллионов долларов!!!" деп айтылат. Өткөн өттү. Бирок учурда деле ТЭЦке сатылып алынып жаткан шабыркүл, кулан көмүрүнүн тоннасы 35-45 доллардын тегереги. Казактардан канчадан алынып жатканы "Электрстанциялары" тарабынан бир да ММКга айтылган эмес. Коррупция жок делген азыркы учурда да "Электрстанцияларында" эч кандай жылыш жок.
Камбар-Ата-2 ГЭСинин "салтанаттуу ачылышынан" кийин вице-премьер-министр Амангелди Муралиев ТЭЦке баш багып калып, көмүр аз топтолгонун көрүп тополоң чыгарганы бар. Анда энергетиктер вагон жок деп баштарын шылкыйтышкан. Бул окуядан көп өтпөй вице-премьер-министр "Электрстанцияларынын" кредиттик карызы 6 млрд., дебитордук карызы 7 млрд. сомго чыкканын, жылыга эле алакан жая берүүгө болбосун айтып, ишкана жетекчилигин зекиген эле. Эске салсак, 2009-жылы эле парламент ыйламсыраган бул мекеменин карызын жапкан. Амангелди Муралиев айткандай, мурдагы коррупциялык схема жок болсо, мындай ири суммадагы карыздар кайдан чыгып жатат? Басма сөз кызматы билдиргендей, энергетика тармагында "баары таза, ачык-айкын" болсо, эмнеге "Электрстанциялары" эмдигиче мамлекетке киреше бербейт? Эски бийлик кеткени алты ай болуптур, эмнеге азыркыга чейин энергетика тармагында өзгөрүү жок? Жоопту редакциядан күтөбүз!
Мелис СОВЕТ уулу







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ