mainkaptal
Пользовательский поиск
  Элге кебин айтпаса эрендерден не пайда?

"Россия "койгон "шарттын "баасы канча "жана эмне?"

Коалиция машакаты, жаңы парламенттин келечеги жана башкаруунун кайсы модели Кыргызстандын шартына туура келерлиги туурасында коомдук ишмер Эсенгул ӨМҮРАЛИЕВ ой бөлүшөт.


- 27-июнда элдик референдум жогорку деңгээлде өтүп, парламенттик республикага айландык деп калпагыбызды көккө ыргытканбыз. Арийне, көпчүлүк жаңы Конституцияга эмес, кырдаалдын тез арада турукташуусу, мамлекеттин бүтүндүгү, элдин бейпилдиги үчүн добуш бергендиги 10-октябрда даана байкалды. Саясый өнөктүктүн жыйынтыгы карапайым калктын маанайы, пикири кандай экендигин көрсөттү.
Эгер референдумда эл чын жүрөгү менен жаңы Конституцияны колдосо, анда бу шайлоодо көпчүлүк парламенттик башкаруу системасын жактап, анын жыйынтыгы башкача болмок. Добуштун басымдуу бөлүгүн "Ата мекен" менен КСДП алып өкмөт курамын түзүп, калган күчтөр оппозицияга өтмөк. Бирок андай болгон жок. Ушунун өзү өлкөбүздө башкаруунун парламенттик түрүн жактоочулар көпчүлүктү түзпөсүн көрсөтөт. Жамы журттун күчтүү бийликти колдошу "Ата журт", "Ар-намыс" менен "Республика" партиясынын алдыга озуп чыгышын шарттады. Мамлекетибиздеги реалдуу картина ушундай. Андыктан парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныш керек.
- "Алдыңкы төрт партия россиячыл, жалгыз "Ата мекен" Батышка ыктайт. Мындан улам, Кыргызстан Кремлдин "кол баласына" айланышы ыктымал" деген кооптонуу бар. Буга не дейсиз?
- Сурооңузга кичине түзөтүү киргизейин. КСДП менен "Ата мекен" башкаруунун парламенттик моделин колдоору маалым. Демек, ушул эки партияны батышчыл десек жарашат. "Ата журт" менен "Ар-намыс" күчтүү бийликти колдогондуктан чыгышчыл же Россиянын позициясында турган партия сыпатында саналат. А "Республика" Москва менен карым-катнашты күчөтүп, ошол эле убакта демократиялык нукта өнүгүү зарылдыгын негизги багыт катары эсептейт. Көрүнүп тургандай, бизде үч багыттагы күч пайда болду. Алар сырткы байланышты бир тараптуу жүргүзүүгө жол бербейт.
- "Ата журт", "Республика", "Ар-намыс" партиялары бириксечи?
- Дагы бир ирет кайталап өтөйүн, Кыргызстан Россиянын курамындагы республикага айланбайт. Буга мүмкүнчүлүк деле жок. Анткени эки мамлекет чектешпейт. Кыргызстан өзүнчө эгемен өлкө катары сакталып калат.
Россия менен жылуу алакада болуп, экономикалык байланыштарды чыңдоо аркылуу биздин ишкерлерге, ал жакта эмгектенген боордошторубузга оңтойлуу шарт түзүү - туура маселе. Бирок мындан эч ким Россиянын кол баласы болуп калбайт.
Жеңген партияларга Москва шарт койгону калетсиз. Ошонун баасы неде: Башмыйзамды өзгөртүүбү, кошумча авиабаза ачуубу же экономикалык үстөмдүк жүргүзүүдөбү? Бу бөлөк маселе. Болочоктогу парламент Россиянын кызыкчылыгын гана коргоп, аталган державанын биздеги үстөмдүгүн күчөтүүнүн алкагында саясат жүргүзбөшү абзел.
- "Ата журт" жана "Ар-намыстын" лидерлери бийликке келишсе Конституцияны өзгөртүп, президенттик же президенттик-парламенттик башкаруу системасын орноторун убада кылган. Кыргызстандын бүгүнкү шартына башкаруунун кайсы модели ылайыктуу?
- Мен дагы президенттик-парламенттик башкарууну жактайм. Парламенттик республикага өтүүгө али даяр эмеспиз. Мындай системада жашаган өлкөлөрдө кубаттуу экономика, туруктуу саясый система, ич ара биримдик кеңири тамыр жайган. Учурда үчөө тең бизде жок.
Жеке менин оюмда, Акаев, Бакиев убагындагыдай тоталитардык эмес, тең салмактагы күчтүү бийлик керек. Биздин шартта жоопкерчиликти бир киши алып, Жогорку Кеңеш, эл алдында жооп бериши зарыл. Ал адам президент да, премьер-министр да болушу мүмкүн.
- Мурда административдик ресурс кеңири колдонулса, бу саам партиялардын финансылык дарамети зор роль ойноду. Натыйжада ойго келбегендей жыйынтык чыкты. Мындан ары идеялардын эмес, самандай сапырылган акчанын күрөшү өнөкөткө айланбайбы?
- Туура, мындай болорун эч ким күткөн эмес. Ошентсе да административдик ресурс колдонулду. Муну бийликтеги партиялар жакшы билет. Булар канча добушту "уурдап" алганы бизге дайын. Ошол эле маалда бөлөк партиялар тарабынан добуштарды сатып алуу процесси жүрдү. Бирок мунун бардыгы азчылыкты түзөт. Ал шайлоонун жыйынтыгына көп таасир тийгизген жок.
Арзыбаган акчага сатылмай көрүнүшү өткөн эки бийликтен бери келаткан "салт". Кандайдыр бир мезгилде мындай жөрөлгө жоюларына ишенем. Анүчүн коомчулуктун саясый маданияты бышып жетилиши талапка ылайык.
- Узаган жумада коалициялык түзүмдүн үч вариантын сунуштадыңыз. Анын биринде КСДП-"Республика"-"Ата журт" тандеминин жаралышы тең салмактуулукту сактап, өлкөнүн өнүгүшүнө зор түрткү болоруна токтолупсуз. Аты аталган партиялардын биригиши оор кырдаалдан чыгууда негизги ролду ойнорун кантип ынандырасыз?
- Мындай сунуштун артында үч күч бар. Биринчиси, күчтүү бийликти орнотобуз дегендер - "Ата журт", "Ар-намыс" жана "Республика" партиясы. Экинчиси, парламенттик түзүмдү колдогондор. Алар - КСДП, "Республика" менен "Ата Мекенден" коалиция түзүлүшү ыктымал. Тилекке каршы, парламенттик системаны колдогондор да, күчтүү бийликти жактагандар да көпчүлүктү түзбөй калды. Кыргызча муну ит жыгылыш деп коет. Ошондон улам, эки жакты тең кызытпаш максатында үчүнчү вариантты сунуштагам. Ал - КСДП, "Республика", "Ата Журттун" бир күчкө биригиши. Жыйынтыгында Жогорку Кеңешке да, мамлекетке да доо кетпейт. Үч партия азыркы Башмыйзамдын алкагында иш жүргүзүп, аны өзгөртөбүз деген маселе көтөрүлбөйт эле.
- Өмүрбек Бабанов "Бакиевди өлкөгө алып келем деген партиялар менен кызматташпайм" деди. А кишинин сөзүнө караганда "Ата журт" менен "Республиканын" кайнаса каны кошулбай калат го?
- Жеке мен "Ата журтту" бакиевчил партия деп эсептебейм. "Ата журттун" курамында эски бийлик тушунда иштеген чиновниктер арбын экени талашсыз. Ушундай эле көрүнүштү бөлөк партиялардан кездештиресиң. Маселен, Бакиевдин тушунда А.Атамбаев менен Ф.Кулов премьер-министрликти, Ө.Текебаев ЖК төрагалыгын, Э.Алымбеков вице-спикерликти аркаласа, Р.Жээнбеков элчилик кызматта турган. Өмүрбек Бабановдун өзү деле 1-вице-премьерлик креслодо отурбады беле. Андай логикадан карасак, анда партиялардын бардыгын бакиевчил дешибиз керек го?
"Ата журт" менен "Республиканын" кайнаса каны кошулбайт дейсиз. "Ата журттун" лидерлери Курманбек Бакиевди мекенине кайра алып келебиз деп расмий жарыялаганын эч жерден укпаптырмын. Тескерисинче, бакиевдерге козголгон кылмыш иштерин аягына чыгарарын айтышпадыбы. Менимче, бардык партия лидерлери жеке дымактарын жыйыштырып, түрдүү оюндарды уюштурбай, мамлекеттин, элдин биримдигин көздөп иш кылышат деп ишеним артам.
- Сиз каалагандай коалиция түзүлсүн дейли. Андан кийин папке бөлүшмөй чатагы башталбайбы? Дегеле өкмөт кайсы критерийлердин негизинде куралышы керек?
- ЖКга келген үч партия өздөрүнчө өкмөт курамын бекитишсе, анда анын келечеги болбойт. Мындай мүнөздөгү өкмөткө ар кыл партия өзүнүн таасирин арттырууну көздөйт. Мунун кесепетинен азыркы убактылуу өкмөттүн кейпин кийишет. Утурумдук өкмөттө дагы 4-5 адамдын монополиясы орноп, иш алга жылбады. Бир ууч топтун айынан алдыга эмес, артка кеттик.
Коалиция маселесине байланыштуу жеңип чыккан партиянын төрагаларына "силер премьер-министрди гана аныктап, ага министрлер кабинетин түзүү эркиндигин ыйгаргыла. Ал парламентке өтпөгөн партиялардын белдүү мүчөлөрүн өкмөткө тартсын. Өкмөт курамына жеңген партиялардын өкүлдөрү кирбесин. Ошондо гана тең салмактуулук сакталат" деген сунуш киргиздим. Себеби, министрлер тигил үч партиянын көзүн карабай, өз алдынча иш жүргүзөт. Эркиндик болгон жерде иштин эффективдүүлүгү артат.
- Сөздү кайрадан коалиция көйгөйүнө бурсак. Сиздин сунуш жүзөгө ашса ЖК төрагалыгына Камчыбек Ташиев, премьерликке Өмүрбек Бабанов, ал эми коалиция башчылыгына, тагырагы, эмки жылдагы президенттик шайлоого Алмазбек Атамбаев катышат. Амбициялары башынан ашкан саясатчылар буга моюн сунабы?
- Камчыбек Ташиев спикерлик жүктү көтөрүп кеталабы деп ойлойм. Өмүрбек Бабанов жаш жигит. Ал өзүнүн дараметин эл астында ачык көрсөтүшү керек. Өкмөт башчылык кресло анын шайлоо өнөктүгү маалында айткан экономикалык программаларын жүзөгө ашырууга чоң өбөлгө түзөт.
Келерки президенттик шайлоого катышууну пландаган адам ЖК төрагалыгына да, премьерликке да барбайт. Анткени жогорку кызматты аркалаган киши бир жыл аралыгында булганып калышы толук ыктымал. Мындан сырткары, тышкы карым-катнашты чыңдоо деген көйгөй бар. Бу критерийден алып караганда Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин ички дагы, сырткы дагы күчтөр жактырат деп эсептейм. Анткени Атамбаев табиятында парламенттик системаны жактаганы менен, бу жигитке орус бийлигинин көз карашы түз.
- Жогорудагы сунуш оң жагына оосо, түндүк-түштүк маселеси чечилиши мүмкүнбү?
- Минтип ишенимдүү айтыш кыйын. Түндүк-түштүк маселесине убактылуу гана чекит коюлат. Саясый кырдаалга жараша ал кайрадан көтөрүлө берет.
- Партиялар ЖКда да ынтымакка келалбай, ит-мышыктай ыркыраша беришсе парламент жазга жетпей тарап кетпейби?
- Жогорку Кеңештин саясый өмүрү эки нерсеге байланыштуу. Биринчиси, ич ара портфель бөлүшүп алып "өзүм хан, өзүм бий" позициясын тутунушса, экономика эгерим өнүкпөйт. Анын негизинде карапайым калктын нааразычылыгы туулат. Экинчиси, Конституцияны өзгөртөбүз деген күчтөр баш көтөрсө, андай демилгени эл дагы колдобойт. Натыйжада парламенттин ишмердүүлүгүнө чекит коюлушу толук ыктымал.
- Кандай болгон күндө да жаңы парламент жаңы өкмөт курамын бекитет. Министрлер кабинети тез арада кайсы маселелерди чечиши абзел?
- Түштүктөгү жабыр тарткан аймактарды тез арада калыбына келтирүү - мезгил талабы. Бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгү чукул арада тартипке келиши керек. Антпесе бюджет таңсыктыгы абдан чоңоюп кетти. Өкмөт жогорудагыдай маселелерди оң жолго койгон соң тышкы экономикалык байланыштарды калыбына келтирип, инвестиция тартууга ыңгайлуу шарт түзүшү зарыл.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg,
тел.: 38-67-19







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ