mainkaptal
Пользовательский поиск
  Кырдаал

Быкы-чыкы БШК, бүлүк салган "Бүтүн Кыргызстан"

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун өткөнүнө он күндөй болуп калды. Чет өлкөлөрдүн алды куттуктап, арты суктанып, Отунбаеванын ордосу ой-даа мактанып алганча таза өттү деген шайлообуздун чаңы күбүлүп, ар жагынан шайтандын шалпайган кулагы чыга келди. Эсибиздин чыкканын айт, эски адатыбызга салып көк үйдүн астына кандайча барып калганыбызды билбей калдык.


"Бүтүн Кыргызстандын" бүлүгү
Биринчи болуп 5%дык белди ашалбай калган "Бүтүн Кыргызстан" партиясы мааниси "БШК бир түндө 200 миңди туудуруп жиберди" туусун көтөрүп алып аянтка жетип барды. "Бүтүндөрдүн" жоон топ күйөрмандары кадимки советтик коммунисттердей партиянын кызыкчылыгын кара жанынан, ден соолугунан жогору коюшуп, өткөрбөсөңөр "ана-мына" болуп кетишибиз мүмкүн дешип Ош шаарында ачкачылык жарыялап отурушат. Ачкачылык жарыялоо саясый протесттин жеткен чеги экенин эске алсак, бул дагы оңой кысым эмес. Ал эми Бишкек шаары өтүп жаткан жумада температурасы көтөрүлүп, саясаттын айынан кайрадан кайнап чыкты. Беш күндөн бери БШКны камалап, көк үйдү көңтөрүп кетчүдөй болгон "Бүтүн Кыргызстан" партиясы акыры бийликке үч күнгө мөөнөт берип тарап кетишти. Тарабайт деле болчу. БШК "Бүтүн Кыргызстандан" тышкары парламентке өтпөй калып, улуттук конгрессти уюштура салган башка партиялардын кысымынан ж.б. түзүлгөн саясый жагдайлардан улам шайлоо добуштарынын протоколун кайра саноого киришкенден кийин "бүтүнчүлөр" кичине дем алалы дешти окшойт. Мынча болду "бүтүнчүлөрдү" бүтүрүп алып сөзүбүздү уланталы. Бул партиянын лидери А.Мадумаровдун түштүктү түрө кыдырып, күйөрмандарына "жагдайды жакшы түшүндүрүп" Бишкекке келгенден кийин бул маселени мыйзам жолу менен чечүүгө ниети жоктугу оозунан чыгып кетти. Аянттагы элдин алдында "соттордун кимдин буйругун аткарарын билебиз, ага ишенич жок, азыр чечкиле" деп БШКны алка-жакадан алып турду. Ал эми Марат Кайыпов "эгер бийлик "Бүтүн Кыргызстанга" карата адилетсиз чечим кабыл алса, биз анда бул бийликти алмаштырабыз" деп "балп" эттирди. Капырай, кезегинде адилет министри болуп иштеп жүрчү мыйзамды чагат деген адамдын айтар сөзү ушулбу? Бул эмне деген коркутуу?! Ушул сөздү катардагы адам айтса мүмкүн жарашмак. Канчалык талаш-тартыштарды туудурбасын шайлоо жыйынтыгы белгилүү бир мыйзам чегинде чечилиши керек да. Айта кетүүчү нерсе, БШК коркконунан добуштарды кайра саноого барып жаткан жери жок. Мыйзамга такайлы деп жатат. Мен БШКга адвокат болгум келбейт. Кыргызстандын бүтүндөй тагдыры чечилип жаткан кезде мыйзамсыз кадамга баруу өтө эле кооптуу. Ошондуктан БШК мыйзам чегинде кандай чечим кабыл алса, М.Кайыпов канчалык арты түшкөн аюудай айкырбасын көнүүгө туура келет. Башкача жолго баруу эмнеге алып келерин баарыбыз билип турабыз.

"Мекен шейиттери" эмнени мелжейт?
Өтүп жаткан жумада "Бүтүн Кыргызстан" менен катар "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "7-апрель" кыймылдары да катуу "кыймылдап" көк үйдү көккө сапырып, БШКны быт-чыт кылып турду. Баарынан да "Мекен шейиттерин" "Ата мекен", "Бүтүн Кыргызстанды" "Ар-намыс" партияларынын ачык колдоп чыгышы кырдаалды кыйла курчутуп жиберди. Аз эле жерден кагылышып кете жаздашты. Ортого милиция түшө калбаганда ар түрдүү айчыктуу туу көтөргөн булардын айынан баш айрылып, көз чыгып, аягы туман жаман ишке барып калат белек, ким билет? "Ата журт" партиясында Бакиевдин оң колу болуп жүргөн бараандуулардын жүрүшү бир гана "Мекен шейиттери" баштаган коомдук кыймылдарды эмес, башкаларды да бир жагы таң калтырса, бир жагы кыжырын кайнатууда. Түшкө кирбеген окуя болду дешүүдө. Анда эмнеге революция жасадык, канчалаган адамдардын өмүрлөрү бөөдө кыйылдыбы деген суроону кабыргасынан коюшууда. Эми "Мекен шейиттери" "ата журтчуларды" биротоло парламенттен айдап чыгуу үчүн кол топтой баштады. 300 миң кол топтосок оодарып түшөбүз деп жатышат. Ак үйдүн алдынан ары-бери өткөндөр атайын журналына катталып, дарегин, чөнтөк телефонун калтырып колдоо көрсөтүшүүдө. Бул мыйзамдуу кадам. Кокус жетиштүү кол топтолуп кетсе, аягы кандай болот азырынча айтыш кыйын. Алардын мындай аракети айтылуу Топчубек Тургуналиевге жага бербей эле калбадыбы. Ал өзү айтып жүргөн люстрация мыйзамын көтөрүп келе калып отко май куйгандай дуулдатып жиберди. Бакиевдердин куйругун үзө чаппасак болбойт деди. Дайыма чуу чыккан жерден көрүнө калчу Топчукенин бул жолку кадамында жүйө бар экенин айтпай кое албайбыз. Ушул жерден бийлик укуругун уучтап турган убактылуу өкмөттүн убагында аткарчу иштери көп эле. Бирок, кан төгүү менен качкан Бакиев командасынын айрым өкүлдөрүнө иш козгомуш болгону менен аягына чыга албады. Шалаакылык кылды. Камакка алынган кээ бирлерин үлпүлдөтүп (Т.Турдумамбетов) үйүнө чыгарып койду. Качып кайра келгендеринин (Н.Түлеев) мойнуна эч нерсе кое алган жок. Баса, "Ата журттун" лөктөрүнүн бири К.Ташиевге ошол Бакиев заманында эле иш козголду дешчү. Кудай жалгап Бакиев безип кетип, азыр Камчыкең жабыр тарткан адам катары жаркырап чыга келди. К.Ташиевдин андай илинчеги болсо УӨ мыйзам боюнча мойнуна коюп, а таза болсо сөздү көбөйтпөй таза деп айтышы керек эле. Антпеди. Кодулап туруп алышты. Муну К.Ташиев унутпаптыр. "Фергана.ру" сайтына берген интервьюсунда УӨ мени менен иштешпей койду деп таарынычын ачык эле айткан. Натыйжада, катардагы министр болуп жүрчү Камчыкең саясый жетекчи болуп чыга келди. Мындайда карапайым эл дайыма боло келгендей ыдык көргөн жагына тартып, "Ата журттун" күйөрмандарын арттырып жиберди. Демек УӨ тазалачусун шайлоого чейин эле тазалап алса болмок. Эми кечигип калгандай. Анткен менен люстрация маселеси унутулбайт окшойт. Азыркы адилет министри А.Салянова бул маселе парламентте каралышы керек дегенине караганда, бул маселеге далай кайрылат окшойбуз.
"Ата журт" партиясына "ак жолчулардын" басымдуу көпчүлүгү, Бакиев бийлигинин камчы чабарлары кирип кетиши да коомчулукту козутуп, аллергиясын карматып жаткандыгын айттык. Буга өткөндөгү революцияда жакындары окко учкандар, же андан жабыр тарткандар гана эмес жалпы эле көпчүлүк нааразы. Ошого карабастан "Ата журт" шайлоо жарышында алдыга озуп кетти. Андыктан бул партия үчүн добуш бергендерди да сыйлоого аргасызбыз. Кантип алды, кандайча алды, азыр анчалык мааниге ээ эмес. Бирок "ата журтчулардын" атайылаппы же артын ойлоппу, жалаң гана капчыктууларды өз тараптарына тартып алышы, коомчулуктун үнүн уруп да койбогондугу ойлонтпой койбойт. Ошентсе да жакында бул партия уялып кеттиби же саясый кесепетинен чочуштубу, айтор, Данияр Үсөнөвдун көрөр көзү Динара Исаеваны катарынан чыгарууга аргасыз болушту. "Ата журтчу" С.Жапаров: "Динара Исаеваны Кара-Балтадан эл көрсөткөн. Бирок, партия бул жерден жетиштүү добуш алалбай калды. Ошондуктан чыгардык" дей салды. Мындай анекдот С.Жапаровдон башка кимдин башына келмек эле. Кара-балталыктар өздөрү көрсөтүптүр да, анан добуш бербей коюптур. Окшобой калбадыбы.

Путин, колуңду тарт!
Бул жуманын дагы бир сенсациялуу окуясы Илья Лукашев деген орус жигити баштаган Бишкек жаштарынын "Путин, Кыргызстандан колуңду тарт!" деген митинги болду окшойт. Алар: "Орусия, Кыргызстанга жардам көрсөтүп келаткан улуу мамлекет. Бирок биздин ички ишибизге кийлигишкени туура эмес. Биз көз карандысыз мамлекетпиз. Андыктан өзүбүздүн өлкөнү кандай башкарышты өзүбүз чечебиз" деген талаптарын Орусиянын элчилигине тапшырышты. Орусиянын Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүшүнө оң карабай тургандыгы шайлоого чейин да, андан кийин да ааламдык масштабда айтылып жатат. АКШ болсо колдойм дейт. Атургай "жашылбайларын" аябай жакындан жардам берүүгө өттү. Албетте, Кыргызстан геосаясый жактан дүйнөнүн алп мамлекеттеринин кызыкчылыгы кесилишкен жерде орун алган. Мурунбу-кийинби, мамлекетибиздин тышкы саясатында камырдан кыл сууругандай, эгемендигибизге этеги тийбегендей иш кылгандан башка аргабыз жок. Ошентсе да шайлоодон уттук дешип шаңыраңдаган үч партиянын шашылыш түрдө Маскөөгө бир учурда аттанышы күдүк сөздөрдү күчөтүп жибергени ырас. Орус бешбармак тартса, тиги үчөөнөн артпай кала тургансып артынан КСДПчы А.Атамбаев да чаап жеткен. Ошонун алдында шайлоодон өттү делген беш партиянын кимиси кимисине көз кысып "сөз айтат", кантип коалициялык өкмөт түзөт деген маселе турган. (Бул маселе бүгүн да чечилбей келет). Коомчулукта булар ошол маселени орус менен сүйлөшкөнү кетти деген сөздөр чыкты. Кызыгы, аталган партиялардын бир дагы лидери барган себептерин оңчулуктуу айтып бере алган жок. Ф.Кулов болсо досумду көргөнү бардым эле деп кутулду. Кандай актанышса дагы жогорку төрт партия Кыргызстандын ички саясатына Орусияны аралаштырып, мамлекетибиздин көз карандысыздыгына доо кетирген абалда калышты. Ага чейин эле алардын айрымдарын Орусия каржылайт деген сөздөр айтылып жүрчү. Башкасын айтпайлы, "ар-намысчы" Ф.Куловду ачык эле (каражатын кармап алган жокпуз, маалыматтык жактан) колдогондугун көрүп турдук. Сыягы, тегин жерден шамал согуп жатпаса керек. Бир сөз менен айтканда, бул партиялар мамлекетти өз алдынча жетектеп кетүүдө кудуретсиз экенин далилдеп коюшту. Буга байланыштуу тамашага чалып айтканда, "же Орусияга барбай, же Кудай албай" журтта калган "ата мекенчи" Ө.Текебаев "Азаттыкка" курган маегинде "биздин кээ бир саясый партиялар кыргыз элинин көз карандысыздыгын сатты. Биздин өкмөттүн курамын, парламенттеги структураларды Москва менен кеңешмейин кабыл алалбай тургандыгыбыз анык болду" деген эле. Ошону менен "ата мекенчилер" азырынча аброюн арттырып алышты окшойт.

Быкы-чыкы БШК
Учурда БШК шайлоо протоколдорун партия өкүлдөрүнүн көзүнчө саноо менен алек. Буга чейин унчукпай келген президент Роза Отунбаева БШКга эки-үч күн мөөнөт берип, шайлоонун так жыйынтыгын чыгаргыла деди окшойт. БШК төрагасы А.Сариевдин айтымында, чет өлкөлөрдөн 8 протокол келе элек. Калгандары колдорунда. КТРКнын көрсөткөнүнө караганда, айрым айырмачылыктар чыгып жаткансыйт. Кандай болгон күндө да шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгаар күнгө келип калдык окшойт.
Парламенттик башкарууга багыт алган Кыргызстан үчүн бул шайлоонун мыйзамдуу жыйынтыгын таануудан башка жол жок. Шайлоонун шайтандуу кулагы каякка кыймылдаса ошол жакка жыгылганга убакыт калбады. Босогодо кыш. Эңшерилген экономика. Андыктан "Бүтүн Кыргызстан" утуп кетсе куттуктайбыз. Утпай калса БШКны камалап, көк үйдү көңтөрүп, Отунбаеваны опузалай бергенден пайда жок. Айтып жүрүшкөндөй, утула да билиш керек. Бир партиянын кызыкчылыгынан бүткүл элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин тагдыры бийик экенин унутпайлы.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-13



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ