mainkaptal

Пользовательский поиск
Акылбек САРИЕВ, БШК төрагасы:
"Криминал кысым көрсөткөн жок"
- 10-октябрда сизге кримдүйнөнүн өкүлдөрү кысым көрсөтүп, кайсы бир партияга арбын добуш ыйгаруу талабын койгондугу айтылууда. Буга не дейсиз?
- Кыргыз бийлиги парламенттик шайлоону таза, акыйкат өткөрүүгө аракет жасады. Жеке мен бир да партияга жан тартпадым. Ошондой эле криминалдын адамдары мага кысым көрсөткөн жок. Мындай сөздү азыр угуп атам.


Руслан БЕКНАЗАРОВ,
БЭК партиясынын жаштар канатынын лидери:
"Кагаз келе элек"
- Эркин басылмалардын бири "Руслан Бекназаровго карата кылмыш иши козголуптур" деген учкай маалымат таратты. Мунун чын-бышыгын өз оозуңуздан уксак?
- Жакын тааныштарым, досторум "сага кылмыш иши ачылган турбайбы?" деп сурап атышат. Ал эми укук коргоо органдары тарабынан мага кылмыш иши ачылганы туурасында расмий билдирүү келбеди. Андыктан муну кезектеги имиштердин бири катары эсептейм. Ага анчалык деле маани бербедим.



Алманбет ШЫКМАМАТОВ,
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы:
"Кызматка жабышпайм"
- "Учур" гезитинин жазганына ылайык, сиз "Ата мекен" партиясы арбын добуш чогултпаганына байланыштуу ээлеген ордуңузду бошотуп бергени жатыпсыз. Чындап эле ушундай кадамга барасызбы?
- Башкалардай болуп креслого тырмышып отура бербейм. Эгер "Ата мекен" партиясы коалициялык өкмөткө кирбей калса, кызматымдан өз каалоом менен эле кетем. Мындан жашоом тарып калбайт…


Ибрагим ЖУНУСОВ,
"Ата журт" партиясынын мүчөсү:
"Хакерлердин көмөгү курусун…"
- "Ата журт" партиясы чет эл хакерлеринин жардамы аркасында ГАС "Шайлоого" келген жыйынтыкты бурмалап, өзүнө арбын добуш чогулткандыгы боюнча имиш коомчулуктун көңүл чордонунда. Хакерлердин мындай эмгегине канча каражат сарптадыңар?
- Бул болбогон кеп. Биз хакерлердин жардамына муктаж эмеспиз. "Ата журтка" хакерлер эмес, карапайым калк добушун берди. Биз эми элдин ишенимин актоонун үстүндө иштейбиз.


Равшан ЖЭЭНБЕКОВ,
"Ата мекен" партиясынын мүчөсү:
"Аларды колдоо милдетибиз"
- "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" кыймылынын артында "Ата мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев турат деген кеп кетти. Аталган кыймылдар бакиевчил партиянын парламентке келишине каршы акция өткөрүүдө. Бул "ата мекенчилер" азыркы бийликти ээрден оодарып түшүүгө аракет жасаганын айгинелебейби?
- "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттеринин" артында биздин партия турбайт. Себеби, алар өз саясатын өз алдынча алып баратканына эл күбө. Бирок, биз бир күндүк тынчтык митингде аларды колдоп чыкканыбыз анык. Анткени жүзгө жакын балдарынан, жакындарынан айрылган адамдарды колдоо "Ата мекен" партиясынын негизги милдети деп эсептейм.


Жер-жерлерде бири бирине карама-каршы митингдер өтүүдө. Муну партия лидерлери токтотушу керекпи, же бийликпи?


Төлөбек ӨМҮРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Коомчулук, партия төрагалары жана мамлекеттик органдар биргелешип кызматташса ушул өңдөнгөн нааразычылык акцияларына чекит коюлат. Натыйжада өлкө өнүгүү жолуна түшөт.
Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор:
- Бу жерде бийликтин тиешеси жок. Партия лидерлери өздөрүнүн таламдаштарын тыйып, аларды мыйзам чегинде иш кылууга чакырышсын. Өзүңөр деле элестеткиле, 29 партиянын тарапкерлери 29га бөлүнүп алып мушташса эмне болот? Андыктан оозуна алы жетпеген, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай чычалап чыр салган төрагачыкмалардын өздөрүн жоопко тартыш керек.
Өмүрбек АБДРАХМАНОВ, коомдук ишмер:
- Митинг - демократиянын белгиси. Ар бир жаран өз пикирин, талабын коюп пикетке чыкканга акылуу. Эч ким аны токтотуп, кысымга алганга укугу жок. Коюлган талаптар мыйзамдуу, орундуу, эл үчүн керектүү болсо, коомчулук аны колдойт. Тескерисинче болсо, митинг өзүнөн өзү токтойт.
Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ, КСДП мүчөсү:
- Пикет-митингдер демократиялык принциптин күзгүсү катары саналат эмеспи. Ошол эле учурда Кыргызстанда саясый кырдаал өтө оор экендигин унутпасак. Оңчул-солчул күчтөр элдин, мамлекеттин келечегин ойлоп, бүтүндүгүн сактоону көздөсө, жеке амбицияларын жыйыштырып бир мунасага келиши абзел. Антпесе, эгемендигибизге доо кетиши ыктымал.
7-апрелде кырчындай жаш жигиттердин каны төгүлдү. Эч болбосо, алар неге жанын курмандыкка чалганын түшүнүп, алардын арбагын сыйлашыбыз керек. Анүчүн коомчулуктун пикирин эске алуу менен ЖКга келчү партиялардын айрым мүчөлөрүн тизмеден чыгаруу зарыл. Эң башкысы, ар кыл позициядагы саясый топтун лидерлери бийлик, мансаптан да Кыргызстандын биримдиги жогору турарын иш жүзүндө далилдешсе дурус болор эле.
Абдрахман АЛЫМБАЕВ, Жазуучулар союзунун төрагасы:
- Бийлик көчөгө чыккандарды кантип токтотот? Бийликте мындай мүмкүнчүлүк жок. Бардык маселени партия лидерлери гана чечет. Алар өлкөнү экиге бөлүп албайлы деп элди ынтымакка чакырса, митинг заматта токтойт.
Бейшенбек АБДЫРАСАКОВ,
экс-депутат:
- БШК шайлоонун жыйынтыгын созуп отурбай тез арада расмий жарыялашы керек. Ошондон кийин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын маселеси чечилип, нааразычылык акциясы токтойт. Ал эми "Мекен шейиттери" митингин улантабыз деп атпайбы. Бир чети аларды деле туура түшүнсө болот. Бирок, жамы журт өткөргөн шайлоого жалпыбыз баш ийишибиз талапка ылайык.
Кубанычбек КАДЫРОВ,
ички иштер министринин
экс-орунбасары:
- Учурда башка жакта жүрөм. Бул туурасында чындыгында кабарым жок экен. Капа болбогула.
Марс САРИЕВ,
саясат таануучу:
- Партия төрагалары бүгүнкү-дөй шартта чуу чыгаруудан бөлөк күчтөр пайдаланып кетерин унутпашы абзел. Анын кесепетинен кыргыз эли гана зыян тартат. Ошон үчүн тараптар сүйлөшүүгө барып, коомчулуктун ынтымагын сактоонун үстүндө иш жүргүзүшсө утуш болмок.
Азиза АБДРАСУЛОВА, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун төрайымы:
- Укук коргоочу катары буга андай-мындай деп так жооп бералбайм. Болгону пикеттин өтүшүнүн негизги себебин, анын табиятын мүнөздөгөнгө мүмкүнчүлүгүм бар. Эгер митинг тынч маанайда өтсө, аны колдош керек. Элдин бейпилдиги, мамлекеттин бүтүндүгүнө каршы келген нааразычылык акцияларын карапайым калк да жактабайт.
Кубанычбек ЖОЛДОШЕВ, журналист:
- Мындай маанилүү маселени жеке эле партия төрагалары же бийлик чече албайт. Буга бардык тармактын адамдары тартылып, элдин биримдигин сактоого жапырт үндөш керек. Жеке мени интеллигенция өкүлдөрүнүн унчукпай отурганы таңгалдырууда.
Күнболот МОМОКОНОВ, журналист:
- Өтүп жаткан митингдер чындыгында партияларга тиешелүү болсо, аны партия башчылары гана токтотуп, иретке салганы оң. Маселен, "Бүтүн Кыргызстандын" жактоочуларын бир гана Адахан Мадумаров мырза кепке келтире алат.
Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.: 38-67-19






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика