mainkaptal
Пользовательский поиск
  Сөз көп, иш аз

Парламент качан иштейт?

Конституциянын 84-беренесине ылайык жаңы шайланган депутаттардын парламентке келүүдөгү шарттары тууралуу алдын ала маалыматтар Бишкекте өткөн маалымат жыйынында айтылды.
Жыйында юстиция министри Аида Салянова депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы ЖКнын биринчи расмий жолугушуусу өткөн күндөн тартып, 15 иш күн ичинде премьер-министрликке талапкерди көрсөтүүгө тийиш экенин айтты. Бирок белгиленген мөөнөттө бул талап орундалбаса, премьер-министрликке кайсы фракциядан тандалып алынат, муну президент өзү чечет. Юстиция минстринин айтуусу боюнча парламент өкмөт курамын түзөт. Өкмөттү түзүү башталары менен 15 күн ичинде коалициялык макулдашуулар болуш керек. Туруктуу коалиция түзүлбөсө, анда орун алмашуулар боло бериши мүмкүн дейт А.Салянова.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары биздегидей абалда болгон учурда, тактап айтканда, кайсы бир партия басымдуу добуш албаган кезде президент Р.Отунбаева өзү каалаган фракцияга премьер-министр дайындоо сунушун киргизе алат. Эгер парламент бул ишеничти актабаса президент парламентти таратуу укугуна ээ. Жыйында Польшадагы ушундай көрүнүш мисалга келтирилди. Бул электоратка тигил же бул партиянын иштөө жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү үчүн чоң сабак болот дейт А.Салянова. Анын сөзүнө караганда, жалпысынан Конституцияда "мыкты система" жазылган, саясатчылар анын жакшылыгын жана артыкчылыгын жакында түшүнүшү мүмкүн.


  Алла ыраазы болсун

Кайырчы болуп жашаган эле жакшы окшойт

Каржы министри Чоробек Имашевдин билдиргенине караганда, учурда Кыргызстандын сырткы карызы 2 млрд. 600 млн. долларды түзөт. Бул ички дүң продукциянын 66 пайызына туура келет. Орой айтканда, Кыргызстан экономикалык жактан банкрот болду деген эле сөз. 2 млрд. доллар карызыбыз Акаевден бери келатканын билебиз.
Ал эми кийинки карыз тууралуу каржы министри "бул каражаттын 230 млн. доллары түштүктүктөн түндүккө электр энергиясын тартып келүүчү "Датка-Кемин" энергетика объектисин куруу үчүн бөлүндү" деди. Аталган курулуш боюнча Бакиевдин да, кийинки убактылуу өкмөт да кытай өкмөтү менен келишим түзгөнү белгилүү. Бирок азыр курулуш баштала элек.
Ошондой эле баш салыкчы Адылбек Касымалиев июнь коогалаңынан улам түштүктө көптөгөн салык түшүүчү ишканалар кыйраганын айтып, мындан улам атайын декреттин негизинде аталган аймактагы ишкерлер салык төлөөдөн бошотулуп, натыйжада мамлекеттик казынага 500 млн. сом кем түшөрүн жарыя кылды. Бул жагынан алып караганда да өлкө экономикалык жактан очорулуп турат. Мамлекеттик казынанын жетишпестиги бюджеттик мекеме кызматкерлеринин айлыгына, пенсия менен жөлөк пулдун өз учурунда төлөнүшүнө таасир берери белгилүү.
Бирок каржы министри Чоробек Имашевдин айтуусу боюнча мындай абалдан чыгып кетсе болот. Себеби эл аралык уюмдар ушул жылдын акырына чейин Кыргызстанга жалпы жонунан 245 млн. доллар өлчөмүндө каражат берет. Анын 130-150 млн. долларын Россия, 28 млн. долларын Дүйнөлүк банк, жалпы жонунан 160 млн. доллар чамасындагы жардамды Азия өнүктүрүү банкы берет. Ошондой эле Дүйнөлүк банк Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн 10 млн. доллар берүү келишимине кол койгон.
Мындан сырткары, президент Отунбаева БУУ жыйынында АКШнын экономиканы өнүктүрүү фонду Кыргызстанга жакын арада 20 млн. доллар бөлөрүн, ал каражат түнөрүп турган түштүктү тикелөөгө жумшаларын айтты. Айтор, казынабыз жарды, бирок жардам берчүлөр калың.


  Аттиң-ай...

Өлкөң бул болсо, өзгөлөр кул кылат тура

19- октябрь күнү Сузактагы кыргыз-өзбек чегарасында Өзбекстандын чегарачылары Кара-Кыр жайлоосунда кой кайтарып жүргөн кыргызстандык чабанды бутуна атып жарадар кылышкан. Андан кийин алар 472 баш койду өздөрүнүн аймагына айдап кирип кетишкен.
Эртеси буга окшош окуя Ноокен районундагы кыргыз-өзбек чегарасында кайталанып, өзбекстандык чегарачылар кыргызстандык эки жаш баланы сабап салышкан, балдардын бири 13 жашта. Бул жолу дагы өзбек чегарачылары отуздан ашуун койду ГАЗ-66 автоунаасына жүктөп, өз өлкөсүнө алып кирип кетишкен.
Кыргызстандын чек ара кызматынан бул окуялар боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр болуп, ушул тапта эки өлкөнүн чегара командачылыгынын өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен иликтөө жүрүп жатканын кабарлашты.
Расмий маалыматтарга караганда, быйыл 9 ай ичинде Баткен облусунун Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарында жалпысынан 31 чыр-чатак катталган. Анын жыйырма экиси Өзбекстан, ал эми тогузу Тажикстан менен кесилишкен аймактарда болгон. Өткөн жылдын ушул мезгилинде чектеш аймактарда 22 жаңжал катталган. Чегарадагы тирешүүлөрдү өз убагында көзөмөлгө алуу максатында Таштумшук айылында милициянын таяныч бөлүмү ачылган. Чегара айылында дагы бир милиция бөлүмүн ачуу үчүн сунуш берилип, бирок жогор жактан жооп болбой турат.


  Оомалыкты коюп ойлонсок боло

Жылдыз Жолдошева, "Курманжан Датка" кайрымдуулук фондунун төрайымы:
"Эки трагедия кагышса эмне болот?"

- Жылдыз айым, сиз "Ата журт" партиясындасыз. Учурда "Мекен шейиттери" менен "Айкөл Ала-Тоо" кыймалдары сиздердин партияңардын парламентке келишине нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Бул боюнча эмне дейсиз?
- 7-апрель, май жана июнь айындагы өлкөбүздөгү болуп өткөн трагедиялар -бул албетте улуттук трагедия. Бул трагедияларды тарых дагы, Кудай дагы эч качан кечирбейт. Сырттан караганда, азыркы митинг жасап жатышкандар "Ата журт" партиясына каршы жасап жаткан акциядай сезилет. Ал эми терең саресеп салып көрсөк, кандайдыр бир күчтөр ушундай эле акцияга Оштогу, Жалал-Абаддагы окуяларда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн балдардын жакындары да көкүрөгүнө өлгөн балдардын сүрөттөрүн илип алышып Бишкекке келишсе экен деген максатты көздөгөндөй. Кайсы партия же кайсы бир күчтөр ушул акцияны каалап турса, ал акция түздөн-түз Р.Отунбаевага каршы жасаларын таамай аныктаган. Мен муну саясатчы катары туюп да, көрүп да турам. Эгер бул чагымчылыкка Ош трагедиясында жабыр тарткандар аралаша турган болсо, анда арты эмне менен бүтөөрүн эч ким айта албайт. Себеби, ал жигиттер деле Кыргызстандын түштүк жергесин автономия болууга жол бербөө үчүн шейит кетишкени чындык. Бирок ошого карабастан убактылуу өкмөт Ошто шейит кеткендерди кара мешокко ороп көмүп койгону аз келгенсип, жакындарына болгону 20 миң сомдон гана карматып коюшту. Аларга дагы бир ирет акыйкатсыз мамиле жасала турган болсо, көтөрүлүшкө алар да чыгаары шексиз экенин жакшы билген партия эки трагедиянын кагылышуусун көздөп турат. Ушундай кагылышуу аркылуу гана Р.Отунбаеваны жана убактылуу өкмөттү төңкөрүш аркылуу кетирүү максаты ишке ашарын ал партия жакшы пландаштырган. Бул жерде тыштан келген саясый технологдордун колу бар экени оркоюп көрүнүп калды. Себеби, шайлоого нааразы болгон партия, анда эмне себептен өз шайлоочуларын митингге чыгарган жок? Ошондуктан шайлоодон кийинки нааразычылыктар жөн эле шылтоо. Ал эми көптөгөн шайлоочулардын добушуна ээ болгондон кийин биздин партия сөзсүз парламентке барат.
- "Ата журт" партиясынын мүчөлөрү баары тең бакиевчилер деп жатышат, буга оюңуз кандай?
- Мен акаевчилер, бакиевчилер жана отунбаевачылар деп бөлгөнгө такыр каршымын. Келгиле, чындыкты ачык айталы. Акаевдин мезгилинде ошол эле Р.Отунбаева ТИМди башкарса, Ф.Кулов вице-президент, ал эми М.Султанов Улуттук банк жетекчиси, А.Келдибеков финансы министринин орунбасары, мен Биринчи май районунун акиминин орунбасары, Чүй, Жалал-Абад облустарында эмгектендим. Мына бизди акаевчилер десе болот. Ал эми 2005-жылы Р.Отунбаева, А.Атамбаев, Т.Сариев, А.Бекназаров, Ө.Бабанов ж.б. биригип К.Бакиевди бийликке алып келишип, Ф.Кулов, А.Атамбаев премьер-министр, Ө.Бабанов вице-премьер болсо, Р.Отунбаева кайрадан ТИМди башкарып калды. Ө.Текебаев парламенттин спикери, К.Ташиев, А.Келдибеков, С.Жапаров ЖК депутаттары эле. 2006-жылы "Ата журт" партиясын ушул үч мырза түзгөн. Бирок аларды 2007-жылы өткөн парламенттик шайлоого барууга ошол Бакиевдин бийлиги жол берген эмес. Экинчиден, жалгыз К.Ташиев мурунку Конституцияга каршылыгын билдирген жана чукул кырдаалдар министри катары Бакиевдин, Үсөновдун бийлигине каршы туруп Ак үйдүн эшигин "тарс" жаап чыгып кеткени жөнүндө акыйкат сөздөр эмне үчүн айтылбайт? Мына, кимдер акаевчилер, ал эми кимдер бакиевчилер экенине өзүңөр саресеп салгыла. Ал эми Н.Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турганда шаар көркүнө чыкканы жалганбы. Бирок мен жогоруда айтылган инсандарды тиги же бул кишинин кадры, ошолорго кызмат кылышты дегенден алысмын. Себеби биз биринчиден, мамлекет үчүн кызмат кылсак, экинчиден, элибиз үчүн кызмат кылып келе жатабыз. Айрым бир партиянын "Ата журт" партиясы К.Бакиевди кайрадан алып келет деген кара пиары суу кечпей калды. Себеби, өлкөбүзгө кайтып келүүгө Акаевдин да, Бакиевдин да моралдык укугу жок.
- Жеңген партиялардын кийинки кадамы кандай болушу ыктымал?
- Эгер алар мамлекеттин, элдин тынчтыгын, балдарыбыздын келечегин ойлосо, биригүүлөрү зарыл. Ошону менен бирге партиялардын жетекчилери жеке амбицияларын артка таштап, президенттин мамлекетибиздин өнүп-өсүшү боюнча туура багыт алган программасы болсо, анда Р.Отунбаеванын тегерегинде биригүү менен ар бир партиянын элибизге эң керектүү программаларынын ичиндеги багыттарын ишке ашырып, биз дагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирүүгө аракет кылганыбыз оң. Башка жол жок.

Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ