mainkaptal

Пользовательский поиск
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА
Жаралуу сезим
(Сандан санга)
Бүгүн Насирдин жумуштан демейдегиден эрте келди. Бул учурда Айдай да сабактан келип, телевизор көрүп отурган.
- Үйдөсүңбү кызым, мен сага бүгүн бир сюрприз алып келем, - деди шыпылдай. Айдай атасынын оозунан анча-мынча ичимдик жыттанганын сезди.
- Эмне сюрприз?
- Айтып салсам сюрприз болбой калбайбы, аны учурунда көрөсүң. Андан көрө таттуу тамак жасап күтүп тур, - деди Насирдин жылмая.
Айдай атасынын жакшы көргөн бешбармагын жасоого киришти. Насирдин сыртка чыгып кетери менен атам бүгүн ала турган аялы менен тааныштырат го деген ойго жетеленди. Атасы көпкө күттүргөн жок, эшиктин коңгуроосу кагылып, үйгө кичинекей кызды ээрчитип кирип келди.
- Бул ким? - деди эч нерсени түшүнө бербеген Айдай.
- Тапчы, бул кимге окшош экен? Ким болушу мүмкүн? - деди жылмайып.
- Билбейм...
- Жакшылап карачы, сага окшошуп турбайбы, чачтары да тармал...
- Али байкемдин кызыбы? - деди Айдай Насирдиндин инисинин кызын айтып.
- Жо-ок, ал эмес... Жакшылап карасаң... Бул сенин сиңдиң Саамай... - деди төркү бөлмөгө кирип баратып.
- Кайсы?! Сенин жанагы шуркуяңдан төрөлгөн арам сийдик кызбы?! - деп кыйкырды Айдай. Анын кыйкырганынан корккон кичинекей Саамай атасын кучактап ыйлап жиберди.
- Кой, антип айтпа, бул сенин сиңдиң... Арам сийдик деген жаман сөздү кайдан үйрөнгөнсүң?..
- Арам сийдик деген сөздү апам айтып калчу, ошондон улам билем. Мага бул кызды көргөзбөй азыр алып чыгып кет. Сенин мага жасаган сюрпризиң ушулбу? Тезирээк чыгып кеткиле. Менден да ушул кыз жакын турбайбы. Болду жетишет, мен да апама окшоп өлүп калам. Апам ушул кыздын энеси үчүн өлгөн. Болбосо менин жанымда эле жүрө бермек. Байкуш апам. Өлбөй эле койсо кана... - деп буркурап ыйлап жиберди.
- Кой, антпе, кызым... - деп аны сооротоюн деп жанына барган Насирдинди Айдай түртүп жиберди. Үйдөгү кыйкырыкты уккан Саамай элейип атасынын бутуна жабышып, көзүн алайтып турду.
- Ушул кызды сыртка чыгаралбай турасыңбы, анда мен өзүм чыгарам, - деп Насирдинге жабышып аткан Саамайды жулкулдатып сүйрөп кирди. Кичинекей кыз коркконунан бакырып ыйлап атты. Долуланып алган Айдай ага болчу беле, жулунуп атасына да ээ-жаа бербей кыйкырып атты. Бул учурда сыртта Сабира үйгө кирбей күтүп турган. Кызынын чырылдаганын, Айдайдын кыйкырыгын уга шашкалактап үйгө кирди. Эч кимге ээ бербей жулунуп аткан Айдайдын чеңгелиндеги кичинекей кызын колунан жулуп алды. Атасынан жулунуп барып сыртка кызын көтөрүп бараткан Сабираны Айдай желкеге бир койду. Жерге теңселе жыгылайын деп баратканда кичинекей кызды тээп жиберди. Жанатан кызынын кылыгына алы келбей аткан Насирдиндин жини шакардай кайнап чыкты. Жыгылган Саамайдын мурду канап катуу ыйлап апасынын бооруна жабышты. Ошондо Насирдин биринчи жолу Айдайды жаакка чаап жиберди. Бирок, Айдай ага да караган жок, жулунуп, Сабира менен Саамайды каргап-шилей берди. Насирдин кызын эки-үч жолу жаакка, башка-көзгө катуу койгулап жиберди. Ошондо гана Айдай бакырып ыйлап, догурунуп:
- Өлтүр мени! Биротоло өлтүрүп, мобу аялың менен кызын алып кал. Сага менин өлүмүм эле керек! - деди.
Кызын сооротуп, сыртка чыгып бараткан Сабира Айдайды карап:
- Менин Саамайыма кол көтөргүдөй сен кимсиң. Сен азыр кызымды кандай чапсаң, сени да бирөө ушинтип кордоп чаап калсын. Мен биякка келбейт болчумун, атаң болбой ээрчитип келген. Кудай жеткирсин. Апаңды мен өлтүргөн эмесмин... - деди да Насирдинди карап:
- Кызыңдын кыялын билип туруп атайын бизге ушуну көргөзөйүн деп келдиңби? Экинчи үйгө келбе, бизди унут! - деп Саамайды көтөрүп ыйлаган боюнча чыгып кетти. Насирдин кызына кыжыры келип эмне кылып жинин чыгарарын билбей, ашканага кирип столдун үстүндөгү идиштердин баарын талкалап салды. Ал эми Айдай уктоочу бөлмөсүнө кирип, керебетине көмкөрөсүнөн жатып алып боздоп ыйлап, апасын жоктоду.
* * *
Насирдин Сабиранын артынан да баргысы келбеди, үйдөгү кызына да киргиси келбеди. Көз көргүс, кулак уккус жакка безип кеткиси келди. Эмне кыларын билбей, бет келди жөө кетип баратты. Анипа өлбөй эле ажал мени алып кетсе болмок деп ойлоду. Чоңоюп калды деген кызы Айдайдын Саамайды тепкени көз алдынан кетпей турду. Эгер башка бирөө кичинекей кызын тепмек түгүл тилин тийгизсе аны менен жоолошконго даяр эле. Кичинекейин ушунчалык жакшы көрүп, улгайганда көргөн бала таттуу экенин билчү.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика