mainkaptal
Пользовательский поиск
  Сая-саалы

О-уу, ойрондотушуптур
БШКдагы шайлоо протоколдорун текшерүүдө Кара-Кулжа району боюнча 36 участокто олуттуу мыйзам бузуулар бар экендиги аныкталды. Кайсы бир участоктон ичинде эч кандай шайлоо документтери жок сейф-пакет келип түшкөн. Башка бир нече участоктордун документтерине мөөр басылбаптыр. Протоколдорду текшерүүгө катышып жаткан партиянын өкүлдөрү "биз азырынча добуштарды кайра санап чыгууну талап кылбайбыз, ал эми ичинде шамалдан башка эч нерсе жок сейф-пакетти салып жиберген участок боюнча текшерүү талап кылынат" деп жарыша кыйкырышты.

Шашкан шайтандын ишиби?
Президент Р.Отунбаева БШКга шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгаруу үчүн убакыт берүү керектигин билдирди. Ошондой эле мурда протоколдорду салыштыруу эч качан болбогондугун, шайлоонун реалдуу жыйынтыгын жана кимдер жеңүүчү болгондугун күтүп жатканыбызды кошумчалады.

Орустун оң колу
Орусия президентинин атайын өкүлү Владимир Рушайло Орусия шайлоонун жыйынтыгы боюнча бийликке келе турган кыргыз өкмөтү менен кызматташа тургандыгын жар салды. Ошондой эле жыл аягына чейин Кыргызстанга жалпысынан 25 миллион доллардык жардам көрсөтүлөрүн, ушул жумада эле самолет менен 450 тонна гуманитардык жүк, 6 медициналык багыттагы автомашина жөнөтүлгөнүн айтты. Мындан тышкары, наркы 8 млн. долларлык ун темир жол менен жеткирилгенин билдирди. Жардамыңа го ырахмат, бирок ички ишибизге киришпей жайыбызга койгулачы деп айткан бирөө болсочу.

Жел козу дейби
Улуттук банктын убактылуу төрайымы Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, Кыргызстандын кайсы бир банкынан табылган баягы 3 миллиард 780 миллион долларлык векселдер "жел козу" болуп калышы ыктымал. Азыркы учурда Башпрокуратура тарабынан иликтенип жаткан бул векселдер казакстандык компания тарабынан чыгарылган экен. Анын ээсин азырынча ачыкка чыгарууга мүмкүн болбой тургансыйт.

Жумуш кана, жумуш?
Кыргызстанда жакырчылыктын чегинде жашап жаткан адамдардын саны 1,6 млн. экендиги акыры айтылды. Муну президент Р.Отунбаева өзү айтты. Бул абалдан чыгуу үчүн бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып жабыла иштегенден башка жол жок дейт президент. Кызык, иштейин эле дейбиз, жумуш жок болсо кантмек элек.

Көсөөнүн акылы
Кыргызстандагы БУУнун өкүлү Кыргызстанда калктын 40%ын жаштар түзөөрүн, ошондой эле 14дөн 34 жашка чейинкилердин саны 2 млн. экенин эсептеп жибериптир. Эми ушул күчкө таянып иш алып барбасаңар узабайсыңар го деп акыл үйрөтүп турат. Бул үчүн мамлекет жаңы жумушчу орундарын ачып, бизнести билектен алып алдыга сүйрөп, жаштардын экономикадагы, туризмдеги ордун күчтөп жибериши керек дейт. Аны биз деле көрүп турабыз. Бирок, колдон келбей атпайбы.




  Крим-аалы

Атасына кол көтөргөн айбандар
Бишкектин Горький көчөсүндө жайгашкан имараттардын биринин кароолчусу катуу таяк жеди. Кылмыш 20-октябрь күнү саат үчтөрдө катталган. 55 жаштагы Асанкожоевди топтошкон балдар машинеге сүйрөп кирип, белгисиз тарапка алып кетишкен. Болушунча таяктап, колун бычак менен сайып шылдыңдашканын жабырлануучу өзү билдирген. Бишкектин көчөлөрүнүн бирине таштап кете беришкенинен Асанкожоев тегеректеги адамдардын жардамы менен бейтапканага жеткирилген.
Эми мал эмне жейт?
Ысык-Көл облусунун Ак-Булак айылында 20-октябрь күнү түнкү саат үчтөр чамасында өрт чыккан. Жыйынтыгында 11 үй кышкыга камдаган чөп-жеминен кол жуушту. 45 тонна чөптүн чыгымы болжол менен 205 миң сомду түзөт. Тилсиз жоо менен айылдын тургундары төрт жарым саат алышкан. Учурда тергөө иштери башталып, өрттүн эмне себептен чыкканы такталууда.
Аракка чыланган кадыр-барк
Ош облусунун Кара-Суу районунда 19-октябрь күнү 69 жаштагы А.Н. аттуу адам мушташтын айынан көз жумду. Аракка мас эргулдар алгач муштум менен, андан кийин бири-бирине бычак ала чуркашкан. Мушташтын аягы минтип бир кишинин өлүмү менен аяктап отурат. А.Н.-га бычак урган кылмышкер кармалып сурак берүүдө. Сурай келгенде, маркум анын кадыр-баркына доо кетирген имиш.
Жандими жашабагыр…
Акыркы убакта бир нерсе болсо эле бычак ала чуркаган өнөкөткө айланганбы, 18-октябрь күнү Токтогул районунда 7 жаштагы бала мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ичине бир нече жолу бычак сайылган жаш баланын сөөгүн милиция кызматкерлери үйүнөн алыс эмес жерден табышкан. Бул кылмыш иши иликтенип, өлүмгө шектүү деп 15 жаштагы кыз кармалды. Көрсө, мурда эки ирет сот жообуна тартылган кылмышкер үйгө уурулукка кириптир. Үй ээлери жок болгондуктан үйдү кенен-кесир аңтарып жатканда сабактан кайткан бала тоскоол кылган. Баланы дароо басып жыгып муунтуп дем албай калганда кайрадан шимшилеп акча издеп кирген. Кетип баратканда баланын болор-болбос дем алып жатканын көрүп аш бычак менен ичке жети жолу матырып баса бериптир. Кылмышкердин үйүнөн уурдалган буюмдар табылып, азыр сурак берүүдө.
Он гүлдүн бири ачылбай кетти
Нарын шаарында онунчу класстын окуучусу каза болду. Анын сөөгү 19-октябрь күнү кечинде табылган. Б.Садыгалиева өзү Тогуз-Торо районундагы мектепте окучу. Анын кандайча Нарын шаарына келип калганы, эмне болуп көз жумганы азыр такталууда.




  И-тагдаалы

Эл акыны элден бөлүндү
Учурдагы кыргыз поэзиясынын жылдыздарынын бири, кыргыз эл акыны Жалил Садыков 78 жашында дүйнө салды. Жалил аганын канаттуу поэзиясы, бир катар классикалык драмалары кыргыз маданиятынын көрөңгөсүн арттырып, жаңы бийиктиктерге көтөрүп кетти. Анын көптөгөн ырларына обондор жаралып, укканды умсундуруп, жандүйнөбүздү байытып келет. Калеминен күү төгүлгөн Жалил агабыз кыргыз гимнинин авторлорунун бири эле. Акындын көөнөргүс поэзиясы кыргыз барда жашай берери ырас. Кош болуңуз, адамдын асылы, поэзия алпы Жалил ага!
ЧКМ чырылдайт
Жыл сайын жаз мезгилине чейин Жалал-Абад - Казарман жолу жабылчу. Учурда ал жол дагы жабылды. Бул ар кандай кырсыкты алдын алуу максатында көрүлгөн аракет. Бирок, адатта күн кескин бузулган учурда жабылуучу Чаткал - Каныш-Кыя, Кара-Кулжа - Алайкуу жолдору ачык, унаа жүрүп жатат деп чукул кырдаалдар министрлиги эскертти. Андан сырткары, жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, - 6 менен +6нын ортосунда болору да белгилүү болду.
Таштандыдан табаары көп
Кореянын "Эрим" аттуу курулуш компаниясы үч жылда Бишкекте таштандыны толук иштеп чыгуучу завод кура алабыз дейт. Ал үчүн алар 65 миллион долларын да аябайт экен. Болгону борбордон 5 гектар жер талап кылынат тура. Алар даяр таштандыларды иштетип бүткөн соң, тапталып жаткан таштандыларды да казып, иштетилчүсүн иштетип, жарабаганын күйгүзүп жок кылабыз дешет. Таштандыларды күйгүзүүдөн энергия да алса болот деп кызыктырып коюшту.
Үй берип имерип алсакпы
Билим министрлиги жаш мугалимдердин депозитинин негизинде аларга үй салып бербейлиби деп чыкты. Айына алган айлыгынан сырткары жеке эсебине үч миң сомдон кошула берген жаш мугалимдин акчасы үч жылда болжол менен 100 миң сомду чапчый түшөт. Бул каражатка кандай үй салынарын түшүнбөй жатсак, министрдин орунбасары Гүлжигит Сооронкулов үйдү төлөп бүткүчө иштеп жүрө берет деп түшүндүрдү. Учурда өлкө боюнча 3 миң окутуучу жетишпей жатса, жыл сайын жогорку окуу жайын бүтүргөн 5 миң педагог башка тармакка кетип жатышат. Үй менен камсыз кылсак, кичине болсо да мугалимдик кесипке болгон кызыгууну арттырат дейт билим чиновниги.
Эптеп кыштан
чыккай элек
Кыш жакындап келатабы же адаттагыдай каш-кабагы бузула баштаганбы, "Түндүкэлектро" ААК кызматкерлери күнүнө 5-7 жолу кабелдик линияларды оңдоп жатабыз деп муңайышты. Ал эми кыш күндөрү уйкусуз иштейбиз дешет. Айтымдарында авария учурунда көп учурда экскаватордун жетишпегендигинен, айрыкча кышында тоң жерди кол менен казышат экен. Мындай көптөгөн авариянын себеби кабелдик линиянын эскиргендигинде дешип актанышууда. Кыскасы, шаар боюнча 57 чакырымдык кабелдик линиялардын 20 чакырымы эбак эле мөөнөтүн өтөп бүтүптүр. Муну угуп кыш келе электе эле кылчылдап кеттик. Бирок жарык бергичтер кайсы бир немис банкы менен келишим түзүп жатышыптыр. Алар макул болсо 100 км.ге жакын кабелдер алмашылып, 1500 техникалык жабдуулар жаңыртылат экен. Эртерээк эле келишимге келгей эле. Күн жылууда эмне кыймылдашпады десең.



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"