mainkaptal
Пользовательский поиск
  Чын сырым

Аялыңдан өтөөрү жок
Жаңы үйлөнгөндө орус кемпирдин батиринде жашачубуз. Бир жолу түн ортосунда классташ балам жаш селкини ээрчитип айттырбай келип калыптыр. Экөө тең ылжып мас. Өзүбүз бир бөлмөдө кысылып жашасак, аларды бөлүп башка жакка жатканга орун жок эле. Конок эмеспи деп аларга төргө төшөк салып берип, өзүбүз босогого жакын жаттык. Үйдүн жарыгы өчөрү менен эле төрдө жаткан классташым менен селкисинин "кызыгы" башталды. Бизди көздөрүнө илип да койгон жок, акыштанып тиги кызы да укмуш үн чыгарат дейсиң. Бери жакта аларды тыңшап жаткан аялым экөөбүздүн алардын үндөрүн, кыймыл аракетин угуп, делебебиз козголо баштады. Демейде дөңгөчтөй болуп жаккан-жакпаганын билгизбей жата берчү аялым эми кызыкты баштаса болобу. Төрдө жаткандардан ашып түшүп махабаттын туу чокусуна чогуу чыктык. Биздин сүйүү оюнубуз токтогондо эсибиз ооп жатып калдык. Тигилерди тыңшасак алар дале токтобой "ойноп" атышкан экен. Андан аркы алардын оюну аялым экөөбүзгө кызыксыз туюлду, жуурканга башыбызды катып уктап калыптырбыз. Эртең менен таң атканда классташым менен селкиси бизден мурун туруп кетишиптир. Уялышса керек. Караңгыда тигил кыздын келбетин да анча байкабай калыптырмын. Ошол боюнча ал кызды жолуктурган эмесмин.
Арадан биртоп убакыт өткөндө баягы классташым айылдан келиптир. Акчасы көп экен, сени бир жыргатайын деп саунага чакырды. Барсам баягы кыз да жүрөт. Адегенде сыр бербей классташымдын кучагында отурду. Мага да бир кыз даярдап коюшуптур. Ал кыз созулуп, көзүн сүзүп, мени жалжылдай карайт. Ушуга чейин аялымдын көзүнө чөп салалек элем. Өзүмдү ыңгайсыз сезип, ага жакындагандан да чочулап турдум. "Ак моюндан" бирди түгөткөндөн кийин эле мага энчилиген селки көзүмө ушунчалык сулуу көрүнүп, өзү коюн-колтугума кирип тийише баштады. Классташым болсо өзүнүн селкисин ээрчитип өзүнчө бөлмөгө кирип кетти. Тигил кыз экөөбүз ошол жерден эле кызыкты баштадык. Бир заматтын ортосунда жылаңачтап, анын сулуу денесине дүүлүгүп, ишке жаңыдан гана киришкенде шаабайым сууп отуруп калдым. Анткени тиги кыздын денесинен тамтык жок, кызартып сорулуп өпкөн тактар экен. Эмнегедир жийиркенип кеттим. Денесинде канча так болсо, ошончо эркек менен жатканы көрүнүп турду. Жанатан аны менен жакындашууга чыдамым түгөнүп атса, эми таптакыр "ишке" жарабай калдым. Тиги болсо "сиз эмне, импотентсизби?" деп коет кыжырды келтирип. Унчукпай басып кеттим. Үйгө келип аялым менен таң атканча кумарга баттым. Эртең менен аялым "сага эмне болгон, катын көрбөгөндөй таң атканча тынчтык бербедиң" деп таң калды. Менин саунадан "тойбой" келгенимди кайдан билсин.
Ошондон кийин сойкуларга таптакыр баргым келбей калды. Атүгүл көчөдөгү сойкуларды көрсөм эле денесинен тамтык жок сорулган алиги кыздын келбети көз алдыма тартылат. Ар кимдин алдында тарп болуп жаткан сойкудан көрө эринен канааттанбаган келиндерге барсам таза болчудай деген жыйынтыкка келдим.
Замир, Бишкек шаары




  Дөөлөрдүн махабаты

Кумарга канбаган Достоевский
Орустун улуу жазуучусу Федор Достоевскийдин сексуалдык жашоосу 34 жашында башталган. Ал эми сексуалдык чыныгы канааттанууну 40 жашка чыкканда алган. Өспүрүм кезинде сойкулар менен байланышкан, бирок сексуалдык катнашта болгон эмес. Аны Сибирге сүргүнгө айдаганда гана сексуалдык жашоосу туруктуу болуп, фантазиясы болуп көрбөгөндөй байыган. Сибирден бир нече сулуу айымдар менен жүрүп, арасынан Мария Исаева деген жаш селкиге токтогон. Мариянын ошол учурда күйөөсү жаңы гана каза болгон экен. Сүйгөнү Мариянын дагы бир кемчилиги жаштайынан мүчө бою жакшы жетилбей калган. Ага жазуучу аео менен мамиле кылчу. Ошондон көп өтпөй экөө эрди-катын болуп ачыкка чыгып жашай башташкан. Достоевский талма (эпилепсия) оорусу менен ооругандыктан алардын сексуалдык катнашы узакка созулган эмес. Жети жылдан кийин Мария каза болгон. Жазуучу андан кийин Аполлинария Суслова деген өзүнөн жыйырма жаш кичүү селкиге жолугат. Экөө бир жыл чогуу жашагандан кийин ажырашып кетишкен. Андан кийинки жашоосу сексуалдык жактан өтө муздак Полина деген кыз менен уланат. Полинадан кийин Достоевский сексуалдык жактан фантазиясы өтө күчтүү аялга үйлөнүү тууралуу көп кыялданган. Ал 45 жашка чыкканда өзүнөн 20 жаш кичүү Анна Сниткинага үйлөнөт. Анна интимдик тажрыйбасы аз болчу. Достоевский ага төшөк оюндарын үйрөтүүдө Аннанын таң калуу менен кабыл алганы жазуучуга ого бетер кумар тартуулаган. Сексуалдык жактан катуу дүүлүгүп, оргазмга жеткен жазуучу кээде талма оорусу кармап калып, бир нече убакыт былк этпей жатып калчу. Үстүндө жаткан эрин Анна кээде тирүүбү деп тыңшаган күндөрү да болгон. Жазуучунун эротикалык фантазиясы да укмуш эле. Аннаны калтырып иш сапарга аттанганда аялынын башка эркектер менен көзүнө чөп салып атканы түшүнөн кетпей, кыйналганын көп эскерчү. Бирок Анна күйөөсүн бир да жолу башка эркекке алмаштырган эмес. Аялы менен төшөк кумарына батканда жазуучу эмне жагат, эмне жакпасын ачык айтып, ага укмуштай эротикалык сөздөр менен жалынып-жалбарып туруусун өтүнчү. Он төрт жыл чогуу жашаган Анна менен сексуалдык канааттануусу, сүйүүсү ого бетер күчөгөн. Жазуучу жаш кыздарга тымызын көз артып, кээде жашы жетелек сойкуларга да барарын, алар менен ваннага чогуу түшкөнүн досторунан жашырчу эмес. Өзүнүн башынан өткөргөн сексуалдык кумарын чыгармаларына да кошкон.




  Ичим неге тыз-тыз…

Кызганыч кызыл уу
Кызганыч ар бир адамдын канында бар. Бирок психологдордун айтымында, ал азыркыга чейин сүйүү сымал чечилбеген сыр болуп эсептелет. Чет мамлекеттик окумуштуулардын айтымында, кызганчаактар башкаларга караганда 10-15 жылга аз жашайт экен. Алар гипертония, жүрөк, кан тамыр, муун оорулары менен көп оорушат. Көпчүлүгү 60-65 жашында эле көз жумушат. Кызганчаактык оорусуна көп учурда цивилизациясы өнүккөн өлкөдө жашагандар кабылышат. Ал эми социалдык абалы төмөн өлкөлөрдө сексуалдык бектикке анча маани беришпейт экен. Эркектерге караганда аялдар кызганчаак келишет. Бирок аялдар эркектерге караганда көп жолу эринин көзүнө чөп салышат. Ар бир төртүнчү ажырашкан үй-бүлөдө кызганчаактык орун алган. Кызганычтан акыл-эсин жоготуп, зордук - зомбулукка, атүгүл адам өмүрүн кыйган кылмышка да барышат.
Бирок, кызганычты бактысыз балакет катары кабылдабаш керек. Кызганыч бар жерде сүйүүнүн тузу, даамы болот экен. Анткени менен кызганчаак адамдын өмүрү кызыктуу болот тура.


Бетти даярдаган Жамал МАЛИЕВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

Яндекс.Метрика