22.10.10 - 26-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  түгөйтурмуш

Ажырашуудан мурда алды-артыңарды ойлогула

Азыр өлкөдө үйлөнүп бактылуу турмуш кечиргендерден да оту күйүшпөй ажырашып кеткендердин саны көп. Бул маселе ажырашып жаткан түгөйлөрдүн эле эмес жалпы коомчулуктун көйгөйү экени анык. Эмне үчүн ажырашкан жубайлардын саны көп болуп жатат деген сурообузга психологдор да, юристтер да бир ооздон жубайлардын турмушка болгон жеңил көз карашы себеп деп жооп беришет. Ал эми түгөйлөр тескерисинче турмушту, жокчулукту бетине кармашат. Дүйнө жүзү боюнча ар бир 10-13 секундда бир үй-бүлөнүн очогу өчөт экен. Тилекке каршы, Кыргызстандын да бул көрсөткүчтө салымы зор.

Кыргызстанда 1990-жылдары жүз никенин ичинен 22си бузулса, жыл өткөн сайын бул көрсөткүч билинбей өсүп келе берген. 1996-1997-жылдары алардын саны жыйырма бешке жетип, 2001-жылга чейин ажырашкандардын саны бир калыпта кармалган. 2008-жылдан бери бир эле райондо канча үй-бүлө бузулганын аныкташ үчүн Бишкек шаарын мисал кылууну туура көрдүк. Алгач Свердлов районуна байланышканыбызда 248 түгөй баш кошуп, анын 187си үй-бүлөлүк турмуштан тажашкан. Ал эми 2007-жылы 654 адам турмуш куруп 518и ажырашып кеткен. ЗАГС кызматкери "Жогорудагы көрсөткүч паспортун көтөрүп келип расмий ажырашып-үйлөнгөндөрдүн эле саны. Ал эми орто жолдон ала качып жарандык никеде жашап, кызыгы тараганда талак берип басып кеткендер канча? Алар бизге катталбайт. Кээде мыйзамдуу түрдө үйлөнүп, бирок мыйзам менен ажырашпай жөн эле эки жакка басып кеткендер андан көп. Бизди азыр 19-22 жаштагы жаштар баш кошуп, жыл айланбай ажырашып тынышкандары көп түйшөлтчү болду" дейт. Кайсы райондо канча үй-бүлө урабасын баары биригип Кыргызстан боюнча 2009-жылга мындай расмий көрсөткүчтү берет. "Бакыт" өргөсүнүн босогосун аттап баш кошкондордун саны 47 619 болсо, ажырашкандардын саны 7 471 үй-бүлөнү түзөт экен. Баарынан коркунучтуусу, түгөйлөрдүн туура эмес кадамы алардын балдарынын тагдырына катуу таасир эткени. Ажырашууну башынан кечирип, баласын бооруна кысып кала берген аял андан ары кантип күн кечириши керек? Баланын психологиясын мындай соккудан кантип сактаса болот? Ушул жана башка суроолорго "Paradise San" психологиялык колдоо борборунун адиси Алена Краснобородкина жооп берет.
Катын албай кайын ал
- Жубайлардын ажырашуусуна көп учурда туугандары, кайнене түздөн-түз кийлигишет. Ошондуктан турмуш курууга камынып жаткан түгөйлөр алгач кийинки жашоосун кандай элестетет, күйөөсүнөн же аялынан эмне күтүп жатканын өзү үчүн так аныктап алгандары дурус. Жогорудагы эреже сүйлөшүп, баш кошууну алдын ала пландап алган жаштар үчүн ылайыктуу. Баары ойдогудай болбой ала качуунун курмандыгы болгон кыздардыкы алда канча кыйыныраак. Эгер жаңы барган бүлөдө туура эмес мамиле жасалса, же кайнене менен тил табышуу кыйынга турса, сиз акылдуурак болушуңуз керек. Келин катары каардуу кайнененин кылыгына көз жума билиңиз. Убакыттын өтүшү менен жашоо бир нукка түшпөсө, анда ал үйдө сизге эмне жагаар-жакпаасын кылдат ойлонуп чыгыңыз. Күйөөнүн же келиндин туугандары тарабынан кийлигишүү болсо ага жубайлар гана чекит кое алат. Бирок, көп түгөйлөр туугандарынын тилинен чыга албай жанынын тынчтыгына карап ажырашып кетип жатышканы да маалым.

Башканы аябасаңар да баланы аягыла
Ажырашуу эмес ата-эненин кыйкырган сөздөрү баланын психологиясына катуу сокку. Балаңыздын жашы канчалык кичине болсо экөөңөр эмне себептен ажырашып жатканыңарды ийне-жибине чейин түшүндүрүүнүн зарылдыгы жок. Эң негизгиси, балага экөөңөрдүн ажырашканыңарга ал себепкер эмес экенин түшүндүрүү керек. Аны мурдагыдай эле мээримге бөлөп тураарыңарды, ага болгон мамиле өзгөрбөгөнүн, бирок атасы андан бөлөк жашаарын айтып койгон жакшы. Бала баарын түшүнөт, болгону түшүндүрүүгө ылайыктуу сөздөрдү табуу эненин же атанын жөндөмүнө көз каранды.

Күйөөмдөн эмне талап кылам?
Айылдан шаарга келип жогорку окуу жайга тапшырып көптүн бири катары билим алып баштадым. Экинчи курска жаңы көчкөндө эзели көрбөгөн, мен тааныбаган бала ала качты. Кыргыздын салтын кыя албай "таш түшкөн жеринде оор" болуп кала бергем. Аскар менден төрт жаш улуу, бир үйдүн ортончу баласы экен. Эл катары үлпөт тоюн өткөрүп, мыйзамдуу түрдө никеге катталдык. Турмушка чыкканда деле сабакка барып жүрдүм. Кийин боюма бүтүп, сырттан окуу бөлүмүнө которулдум. Ошондон баштап үйдүн түйшүгү менен алектенип отуруп калдым. Жолдошум эч нерседен кем кылбай багат, баары жетиштүү. Өтө кызыл бат оңот болуп күйөөмдүн мага болгон кызыгуусу тарап, эки балалуу болгондон кийин үйдө чыр-чатак да көбөйө баштады. Үйгө бир күнү келсе үч күн жоголуп кетмей адат таап алганынан башка бирөөсү бар экенин болжолдодум. Бир күнү үйдөн уруш чыгып жолдошум темирди кызуусунда согуп ажырашаарын айтты. Менин деле андан ары жашаганга каалоом калган эмес. Азыр мен күйөөм менен мыйзамдуу түрдө ажырашуу алдында турам. Бирок мени башка маселе түйшөлтүп жатат. Сырттан алган билимим болгону менен окуду деген аты эле бар экени жашыруун деле эмес. Эми ошол билимим менен эки баламды кантип багам? Буга чейин жолдошумдун тапкан мүлкүнө бир тыйын салымымды кошкон эмесмин. Ажырашканда андан эмне байлык талап кыла алам?
Нуриза, 24 жашта, Бишкек шаары

Окурмандын катына адиске кайрылып жооп алдык.

Юрист Кеңеш Мырзагулов:
"Тапканынын баарын тең бөлүшкөнгө милдеттүү"
- Турмуш кургандан кийин мыйзамдуу аялы болсо күйөөсүнүн чогуу жашаган жылдары тапкан мүлкүн тең бөлгөнгө милдеттүү. Анын үйүнө, минип жүргөн машинесине акчалай салым кошпогону менен ошол учурда үйдө отуруп анын тамагын жасап, кирин жууп жүрдү да. Ошонун баары салым болуп эсептелинет. Жолдошу өз эрки менен байлыгынын теңин бербесе сотко кайрылса да болот. Эгер мүлктү бөлүштүргөнү аялын канааттандырбаса мыйзамга тууралап бөлүнөт. Ортодо балдар тургандан кийин сыртка кантип чыгарып койсун, аялын болбосо да балдарын милдеттүү түрдө он сегизге чыкканга чейин багыш керек. Ажырашкандан кийин андан аркы турмушту кандай нукта алып кетүү керек, ал аялдын акылына көз каранды.
- Он сегизге чыкканда бала ЖОЖго тапшырат, түйшүктүн баары ошондо башталып жатпайбы?
- Он сегизден кийин бала өз алдынча оокат кылып кеткенге аракет кылыш керек. Мыйзамда да ошондой, он сегиз жаштан кийин ата баласын багуу милдетинен кутулат. Андан ары мыйзам эмес адамкерчилик, ички абийир маанилүү роль ойноп калат.
- Жарандык никеде жашагандар мүлктү сиз айткан эреже менен бөлүшө алабы?
- Жөн эле нике кыйып, мыйзамдуу түрдө катталбаса анда аял эч нерседен үмүт кылбай эле койгону оң. Азыр эркектердин көбү бирине мыйзамдуу үйлөнүп, экинчисин "запаска" кармап жүрүшпөйбү. Ажырашканда да ошол жарандык никеде жашаган аялы эч кандай мүлк талап кыла албайт. Күйөөсү кааласа каралашат, каалабаса басып кетет. Ошондуктан кыз-келиндерге үрүп чыгаар ити жок күйөөгө тийсеңер да мамилеңерди мыйзамдаштыргыла деп кеңеш берээр элем.
- Эгер түгөйлөр насыяга үй алгандан кийин ажырашса кандай кылуу керек?
- Мындай учурда экөөнүн бирөөсү насыяны толук төлөө милдетин моюнга алат. Насыяны жаап бүткөндөн кийин мурда канча бир пайызын чогуу төлөшкөн акча бар. Ошонун канчасын кимиси төлөсө эсептеп туруп акчаны кайтарып берет.