mainkaptal

Пользовательский поиск
  ӨНӨРМАН

Мирлан Мурзаев:
"Кыргызстанда деле футбол менен жан бакса болот"

Кыргызстандын мыкты чабуулчусу катары жаш балдардын кумирине айланган Мирлан Мурзаев чынында эле таланттуу жигит. Ойноо стили Криштиану Роналдого окшогон чабуулчубуз топ менен келгенде коргонуудагы атаандаштары анын кыймылдарына алданып, көп учурда кулаган бойдон калып калышат. Жакында Европага кетсемби деп турган талантыбызды башка өлкөгө тарттырып ийип алданып калбасак эле болду деген ойдо өнөр ээсинин оюн билдик.


- Мирлан футболист болуп төрөлгөн дешет го…
- Спорттун бул түрүнө башында көп деле кызыкчу эмесмин. Кайсы жердин кулунусуң деп сурашканда, Сүлүктү шаарынан болом десем, ошол жактан да футболисттер чыгабы деп таң калышат. Себеби, Лейлек жергесинде спорттун бул түрү анча өнүккөн эмес. Биздин аймактан көбүнчө күрөш менен машыккан балбандар чыгат. Мен деле Пеле сүйгөн спортко кызыкпаганымда, мушкер же балбан болуп кетмекмин. Азыр деле кичине шыгым бар. Анткени классташ досторумдун көбү күрөшкө берилип кетишкен. Алар менен тамашалашып кармаша кеткенде жемимди жедирбегенге аракет кылам. Бокска бир ай, күрөшкө 2-3 ай катышканда алган тажрыйбам мага жетиштүү болсо керек. Ал эми физикалык жактан футбол ойноп жүрүп эле чыңалдым окшойт. Мен кичине кезимде эле ата-энем Кара-Балтага көчүп келишип, чогуу жүргөн досторум менен футболго барып калгам. Ошол себептен чыныгы лейлектик болбой калгам.
- Ар бир футболчунун өзүнө жаккан гол согуу ыкмасы бар тура?
- Негизи менин чабуулчу болгонумдун себеби да ушул гол согуу деп койсом болот. Анткени, коргоочулар жолотпой, дарбазачы кайтарып турса барып гол киргизүү өзүнчө бир ырахат тартуулоочу кызык нерсе да. Менин футболдогу принцибим "чабуул - коргонуунун мыкты ыкмасы". Анткени дайыма сен чабуул койсоң, атаандашыңдын коргонуудан колу бошобой калат. Андыктан, "Дордойдун" көп гол жаратканы да ушундан. Суроодон алыстап баратам, мага кандай гол киргизген жагат дедиңиз окшойт. Чынында эле ар бир футболчунун өзүнүн гол согуу ыкмасы бар. Ал адам өзү каалагандай гол жаратса, ошондон кадимкидей ырахат алат. Мисалы, дүйнө жылдыздарынан Патрик Клюйверт баш менен дайыма гол соксо, чехиялык футболчу Павел Недвед алыстан сокку узатып ийгилик жаратчу. Дэвид Бекхэм болсо айып абалынан гол жаратаарын баарыбыз жакшы билебиз. Ал эми мен 4-5 кишини алдап өтүп, оң бут, сол бутту тандабай туруп күтүүсүз жерден киргизген голду жактырам. Футболисттердин кимиси болбосун "через себя" деп коюшат, чалкалап артка кулап баратып тээп киргизген голду жакшы көрүшөт. Муну күйөрмандар да аябай жактырышат. Баш менен мен кичине алсызыраакмын, анда-санда майрамдарда эле киргизип калбасам, аз киргизем.
- Гол жаратканда кубануу салты бар эмеспи. Сен эмне үчүн дайыма унутпай сальто секиресиң?
- Мындай өнөрдү досум үйрөткөн. Ал акысы үчүн анын урматына дайыма гол соккондо сальто секирип турам деп сөз бергем. Ошондуктан унутуп калбасам экен деп дайыма эстеп турам.
- "Дордойго" кантип келип калдың?
- Өспүрүмдөр курама командасы менен машыгып жүргөндө мени 2005-жылы "Мурас-Спорт" деген "Дордойдун" экинчи клубуна чакырышты. 2006-жылы "Дордой" келишим түзүп, жакшы шарттар менен жогорку лигада ойной баштадым.
- Айлык маянаңар кандай?
- Мен азыр акча албай эле ойноп жатам. Себеби, жыл бүтөрү менен Европага же башка күчтүү лигалардын бирине кетсемби деген ойлор бар. Ал эми ким канча айлык аларын өзүбүз да билбейбиз. Ар бир оюнчунун өзүнүн карточкасы бар, ошол эсепке акча которулуп турат. Футболисттер кааласа банкоматтан керектүү суммасын алып алышат.
- Африкадан келип "кара кыргыз" атка конушкан футболчулар менен кандай сүйлөшөсүңөр?
- Жакшы сүйлөшөбүз. Дэвид Тетте Кыргызстандын жараны болуп алды. Даниэль Тэгонун сүйлөшкөн кызы кыргыз. Алар менен биз орусча, англисче сүйлөшөбүз. Бирок, "жаным" деген сыяктуу сөздөрдү, сөгүнгөндү үйрөтүп, тамашалашып турабыз.
- Даниэль Тэгону принц дешет го…
- Ооба, анын атасы король экен. Ошондуктан королдун балдарынын бетин тилип коюшат тура.
- Москванын "Локомотивине" кантип барып калдың?
- Ал жакта жылда кароо сынагы өткөрүлөт. Ошол сынакка барып өтүп кеттим. Дароо келишим түзүп, экинчи курамына ойноп калдым.
- Негизги курамына ойнодуңбу?
- Достук беттеште Драман Траоре менен биргеликте чабуулда болдук. Бирок беттеш 0:0 эсебинде аяктаган. Дмитрий Сычев сыяктуу жылдыздар менен жанаша жүргөнүң менен көп ойнобосоң кыйнала берет экенсиң. Багылган атты деле чаппай койсоң бук болуп кетет го, ошол сыңары мен беттештерге аз чыкканым үчүн 8 айдан соң кайра келе бердим. Анүстүнө "Локомотивдин" жетекчилигине Кыргызстандан бирөө жамандап кат жазыптыр. Ким бут тоскусу келгенин дагы деле түшүнө албай жүрөм.
- Ал жактан бир нерсе үйрөнө алдыңбы?
- Кыргызстанга кайра келгенде өсүш болгону өзүмө да, башкаларга да билиниптир. Физикалык жактан өзгөчө жылыш болуптур.
- Өзүңдөн башка кыргыздын 5 мыкты футболчусун санап көрсөң, адис катары…
- Эмил Кенжесариев, Антон Землянюхин, Чолпонбек Эсенгул уулу, Руслан Сыдыков, Азамат Байматов.
- Кайсы клубдун күйөрманысың, футбол жылдыздарынан кимдер жагат?
- "Челси" мен үчүн мыкты клуб. Ал жакта ойноо - кыялым. Оюнчулардан Леонель Месси, Дидье Дрогба жана Криштиану Роналдолордон үлгү алам.
- Үй-бүлөң жөнүндө кеп кылбадың го…
- Атамдын чакан иши бар. Апам үйдө эле отурат. Эжекем турмушка чыгып кеткен. Агам да футболист.
- Демек, Кыргызстанда деле футбол ойноп жан бакса болот турбайбы?
- Болот. Эки баласынын футболдон алган айлыгы апама жетиштүү экен. Мыкты ойноп чет өлкөгө кетсең, Кыргызстан үчүн бай болуп жашасаң болот. Андыктан футболист болом деген таланттуу жаш балдарга ата-энелери шарт түзүп беришсе. Бизде футболдон ким жыргап кетиптир деп эле көп таланттардын отуна суу сээп салышат. Кыскасы, Кыргызстанда деле футбол менен жан бакса болот.
- Качан апаңды жыргатып келин жумшатайын деп турасың?
- Агам үйлөнө элек. Азырынча шашылбайм. Бирок жөнөкөй кыздар менен дос болууга каршы эмесмин.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика