mainkaptal

Пользовательский поиск
  чыбырчык

Кинонун биз билбеген кыйноосу

Акыркы жылдары кыргыз киносунда өсүштөр байкалып, турмуштун ачуу чындыгын чагылдырган тасмалар жарык көрө баштады. Кандай кино көрбөйлү, терс ролду аткарган актерлор эсибизде көпкө сакталат эмеспи. Жакшы көргөн каармандарыбызга бут тоскон, тескери жолдо көп жүргөн кино каармандар көзүбүзгө "желмогуз" көрүнүп калары талашсыз. Терс каармандарды ойноп көрүүчүлөрдүн кыжырына тийгендер кимдер?

Акжолтой болгон "Каражолтой"
Кыздардын үшүн алган "Каражолтой" сериалында Азаттын образы көпкө чейин түшүбүзгө кирип жүрдү окшойт. Азаттын образын жараткан "Дем" театрынын актеру Назым Мендибаиров маньяктын ролун аткарыш үчүн психологдордон атайын сабак алган. Кинонун үчүнчү сериясында өлүкканада жаткан жерин аткарып жатканда дене табы 40 градуска көтөрүлүп ооруп жатканына карабай муздак бөлмөгө киргенге аргасыз болуптур. Кызыгы, ошол сериясын иниси менен келини көрүп жатканда келини "карасаң, мобу сволочтун буту кыймылдап жатат" дегенде иниси арданып аялы менен айтыша кеткен. Кайнагасы экенин билсе да кино көрүүчү катары өз эмоциясын билдирем деген келини күйөөсүнөн ошентип жеме угуптур. Дегеле ушул сериалда адамдын психологиясына доо кетирген көрүнүштөр көп экенин танып болбойт. Моргдун ичинде артты карап дырдай жылаңач турган жерин актердун атасы көрүп, "көчүгүңдү көрсөтпөсөң кыргыз киносу өнүкпөй калат бекен" деп ашата урушкан. Эгер ошол жерде кийимчен тартылсам образ көрүүчүгө жеткиликтүү болбой калмак дейт актер. Кинодо кичине кезинде Азаттын колу эт туурагычка кирип кетет эмеспи. Кийин чоңойгондогу кезин колу жок кылып көрсөтүш үчүн гримм жардам бере алган эмес. Ошондуктан актердун ордуна чын эле колу жок адамды тартышыптыр. Азыр деле актерду биринчи жолу жакындан көрүп жаткандар көзүнүн кыйыгы менен колунун бар-жогун карай беришет. Айрымдары ачык эле колуңду көрсөтсөң, канча манжаң жок деп сурашат экен.
Сөйкөсүн ыргыта чапкан Азиз Мурадилаев
Турмушта эле эмес кинодо аял кишиге кол көтөргөн эркекти ким эле жактырсын. "Карагыз" тасмасында Темирдин ролун актарган актер Азиз Мурадилаев эжесин жаакка чапкан эпизодду кыйналып жатып араң аткарган. Жашоодо аялзатына кол эмес үнүн бийик көтөрбөгөн Азиз үчүн бул ролу эстен кеткис болуптур. Кинонун сценарийи менен таанышып жатып режиссерго "биз үй-бүлөдөгү ызы-чууну чагылдырып бергенге өтө эле аша чаап кеткен жокпузбу" дегенде Геннадий Базаров жооп бербей атайын дисктерди колуна карматкан. Анда атайын аял-эркектин ортосундагы чыр-чатак, эмоцияга алдырып, нервиңди чыңалткан тасмалар бар экен. Ошолорду бир баштан көрүп чыгып өзүн тасмага даярдаптыр. "Карагызда" уруштун айынан өзүн колго ала албай эжесин жаакка чапкан жерди он чакты дубль менен аткарган. Улам чапкан сайын акырын чаптың деген режиссердун сөзүнө жини келип акырында ошол ачуусу менен жаактан ары бастырган экен… бечара актрисанын сөйкөсү тескери карап, Азиздин алаканы ооруп чыгыптыр. Негизи эле актердун айтымында, ага оң образдарды аткарганга караганда терс ролдор көп жагат. Кинодо аялдар менен урушуп-талашып жүрсө да чыныгы жашоодо апасы менен аялына жумшак мамиле жасайт.

Султан Садыралиевдин "өгөй энеси" ким?
Кинодо жеңил ойлуу образды жаратып, көрүнгөндүн көңүлдөшү болуп жүргөнү менен Кыял Төрөгулова жашоодо оор басырыктуу адамдардан. Өзү айткандай, актер болгондон кийин бардык нерсеге даяр болуш керек. Беш жыл институтта эшек такалап жүрбөгөн соң ошонун баарын үйрөнүптүр. Актрисанын күлкүсүн келтирген нерсе, аны жашоодо да жеңил мүнөз айым деп эсептеп көңүл ачууну сунуштагандар көп. Кызы апасын кинолордон көрүп калса жанында отургандарга безилдеп, "менин апам мындай эмес" деп актанмай адаты бар. "Он үч жашар баланын арманы" киносунда Айканын ролун аткаргандан кийин Нарынга театр менен гастролго чыкса эки аял Кыял Төрөгулованы көрүп калып минтип сөз кылып жатышат дейт. "Бул актриса Султан Садыралиевдин атасына тийип алыптыр" десе, экинчиси "Султан ошол окуядан кийин өгөй энесинен көңүлү калып "13 жашар баланын арманы" деген ырды ырдап чыгыптыр" деп. Ушул сыяктуу сөздөр Кыялдын артынан калбай ээрчип келет. "Апамдын махабатына" тартылып жатканда Асылбек Өзүбековдун ойношу болгонго туура келген. Байкесинин башында тарткынчыктап жатканын байкаган актриса демилгени өз колуна алган. "Көңүлдөшүңүзгө ушундай салкын мамиле жасайсызбы" деп ачкенедей асылып жатып Асылбек Өзүбековду эпке келтириптир.

"Рустам Аташовду сотко берем"
"Министрдин кызынын махабаты" тасмасында кыргыздардын менталитетине туура келбеген эпизодду келиштире аткарган Роза Азимбаева ошол ролунан кийин апасынан тил угуптур. "Жанагы жерин алдырып салгының! Эмне үчүн ушунчалык ачык тартат? Мен Рустам Аташовду сотко берем!" деп кыйкырып кирген апасын Роза: "Апа, сиз мени урушуңуз, Рустам байке менин уруксатым, өзүмдүн каалоом менен тарткан. Анда күнөө жок" деп араң токтоткон. Атасы бөлөк жашагандыктан кызынын бул жоругуна жакшы да, жаман да сөзүн айтпаптыр. Алдын ала даярданып, эротикалык эпизодго тартылууга жакшы эле камынган Аскат Эрбаев менен Роза Азимбаева камера маңдайына келгенде болбой эле уялып, ыңгайсыз абалга туш болушкан. Тасманы жакшы байкап караган адамга экөөнүн кысынып бир аз жасалмадай жасаган кыймыл аракеттери даана байкалат. "Кандай образ жаратсаң көрөрмандын эсине ошол бойдон сакталат эмессиңби, мени көбү жеңил ойлуу кыз деп ойлогону менен жашоодо андай эмесмин" дейт Роза Азимбаева.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика