mainkaptal

Пользовательский поиск
Түркиядагы чайлашуу
Узаган жумада мурдагы премьер Данияр Үсөнов , УКК экс-төрагасы Мурат Суталинов , финполициянын мурдагы жетекчиси Акимжан Муйбиллаев жана экс-президенттин иниси Жаныш Бакиев Түркиядагы абройлуу эс алуу борборунун биринде кезигип, узак убакытка сүйлөшүп отурду дешет узун кулактар. Мекенинен безе качкан эргулдар эмненин тегерегинде кеп козгошконуна кызыгып турубуз. Экс-ханзаада Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин бийликке кайтып келүүнү телефондон пландаганы интернет желесинде жарыяланды эле. Балким жогорудагы төрт "бөрүнүн" чайлашуусун интернеттен көрүп калаттырбыз...

Ээсин тапкан 1,2 млн. доллар
Мурдагы романтик премьер Данчик, тоюс, Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева "Ата журт" партиясынын тизмесинен "сызылды". Арийне, "ата журтчулар" Шертай аксакалдын кызын капа кылбай анын шайлоо кампаниясына кошкон 1 млн. 200 миң долларын кайтарып беришти. Ошондой эле биз турганда сиздин бир тал чачыңыз түшпөйт, бизнесиңизди коргойбуз деп Динара айымды жылуу-жумшак узатышты.

Теңир-Тоого жөн эле телине бербегиле
"Саясаттын апийимдей касиети бар" деген чын белем. Минтип күңгүрөнгөнүбүздүн себеби мында. Өткөндө экс-депутат Рахатбек Ирсалиев саясаттан биротоло четтеп, ишкерлик менен алектенүү чечимине токтолгонун маалымдаганбыз. Арадан ай айланбай Рахатбек мырза кайрадан саясат айдыңына кайтып келгенин кулагыбыз чалды. Ал "Мекен ынтымагынын" штабына байма-бай каттап, эмки президенттик шайлоодо Нарын эли жапырт сизге добушун сала тургандай кылам, элди көтөргөнгө күчүм жетет деп партия лөгүнүн кулагын кызытууда. Бирок Теңир-Тоодо Аскар Салымбеков , Нарынбек Молдобаев сыяктуу белдүү жигиттер бар. Алар эмне дешээр экен?

Бабанов бай дебедиңер беле?
Өткөндө шоу дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрү "Республика" партиясынан гонорарын өндүрө албай жүргөнүн жазганбыз. Андан көп өтпөй партия башчысы Өмүрбек Бабанов "жылдыздарды" кабинетине чакырыптыр. Ырчы-чоорчулардын эмгек акысын төлөйт го деп кулак төшөсөк, кайда-ан... Токтогулдун уулу "эмнеге гезитке арызданып барасыңар, эми силерге "эшектин тушоосу да жок" маанисинде башбармагын ортон менен сөөмөйдүн ортосунан көрсөткөн экен, аны көргөн өнөр адамдары экинчи аласабызды дооласак ит бололу деп артын карабай качты дешет.
Ага караганда "Замандаш" партиясынын лидери Мухтар Өмүракунов уяттуу жигит экен, шайлоодо кимдерди иштетсе утулганына карабай бардыгынын акчасын төлөп бериптир.

Ай-ай, Алике...
Бая күнү КТРК түз эфиринде экс-министр Аликбек Жекшенкулов экс-депутат Садыр Жапаров менен акыйнек айтыша коем деп абийирин айрандай төгүп алгансыды. Садыр мырза "2006-жылы Бакиев өкмөтүнүн атынан министр катары Каркыраны казактарга берүүнү өтүнүп парламентке келгениңизди унуттуңузбу? Президент экөөбүз Астанага визит менен баратабыз, сен каршы чыкпай эле койчу деп менден суранганыңызга күбөлөр да бар" таризинде "акыйкатчыл" саясатчыны жарга такады. Буга Жекшенкулов оңгулуктуу жооп бералбай, мончоктогон терин аарчыганга араң жарады.

Ташиев спикер?!
Жеке булактан алынган маалыматтар боюнча "Ата журт" менен "Ар-намыстын" анабашчылары биригүү чечимине токтолушту. Буларга үчүнчү болуп ким кошулары белгисиз. Ошентсе да "бригадачыл" партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев ЖК төрагалыгына көзүн кызартып атканын так айта алабыз. Лидерлердин кызмат дегенде жантыгынан жата калмай "оорусунан" улам коалиция маселеси сагыздай чоюлуп баратыр...

Кыргызстан "кара тизмеден" чыкпайт го
Кыргыз жарандык авиациясын Еврокомиссиянын "кара тизмесине" киргизип, банкротко учураткан Нурлан Сулайманов , Алик Аскаров , Тимур Муратов сындуу эрендер кечээги өткөн парламенттик шайлоодо "Ата журттун" курамына кошулуп, бу партиянын жеңиши үчүн Алай, Кемин менен Өзгөндө төрт аягы үзүлгөнчө чуркашкан. Энди ошо эмгеги үчүн Н.Сулайманов транспорт министрлигин, А.Аскаров жарандык авиация департаментинин директорлугун, Т.Муратов "Манас" аэропортунун президенттигин сурап жатышат дейт. Булар келсе Кыргызстан "кара тизмени" биротоло менчиктеп алат го.

Кара мышык
Президент Роза Отунбаева парламенттик шайлоодо жеңди делген төрт партия жетекчиси менен жолугушту. Бешинчиси, КСДП лидери Алмазбек Атамбаев жолугушууга келген жок. Узун кулактардын айтымында, Алмазбек Шаршенович менен мамлекет башчысынын ортосун "кара мышык" аралап, мамилелери сууган кербези. Ал ортодо Алмазбек Атамбаев "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаевге каршы саясый оюн жүргүзүп, анын айынан эки лөктүн ортосунда тымызын күрөш башталганы элита чөйрөсүнө дайын. Эмненин ичинен чыгышар экен?..

Мырзакматов кайда? Үйүндө
Белгисиз мөөнөткө эмгек өргүүсүнө кеткен Ош мэри Мелисбек Мырзакматов октябрдын башында жумушка чыкканы кабарланган. Борбордук бийликтин буйругун чымын чакканчалык көрбөгөн Мелисбек Жоошбаевич отпускеден кийин кандай иштеп атканына кызыксак, ал дале кабинетине баш бага элек экен. Бейрасмий маалыматка караганда, түштүк борборунун "боссу" Оштогу үйүнөн чыкпай, жамбаштап жатып алып боевик кинолордун атасын таанытып атат дешет.

Бир билгени бар
Улуттар аралык жаңжалга тикелей тиешеси бар деген айып тагылып, издөөгө алынган экс-депутат Жалаллидин Салахудинов жакында мекенине кайтат. Буга чейин экс-депутатка жөнсүз кине коюлуп, утурумдук өкмөт аны "подставить" эткенин шардана кылганбыз. Биздин билишибизче, Жалаллидин мырзанын улуту өзбек болгону менен, кыргыз дегенде жанын берчү патриот жигит. Ошондон уламбы, президент Р.Отунбаева эми Салахудиновду канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокуттурбай тургандыгын көк үйдөгүлөрдүн күбүр-шыбырынан эшиттик.

Бакиевге "баракелде"
Парламенттик шайлоодон соң экинчи качкын президент Курманбек Бакиевдин интервьюсу интернет булактарында жарыяланды. Кызыгың түшкүр, Курманбек Сали уулу анда кыргызстандыктардын 55%ы шайлоого өлкөдөгү хаосту, башаламандыкты токтотуу үчүн гана келгенин айтат. Сөздү андан ары улаган экс-ажо административдик ресурс буга чейин эле колдонулуп келгенин, бирок, анын канчалык көлөмдө колдонулганы маанилүү экенин айтып акылдуусунган. Кайран экс-ажонун өзү тымызын колдогон партия 2007-жылдагыдай "Ак жолдун" "ийгилигин" багындыра албаганына ичи ачышкан го, чамасы.

"Жаңы Агым" - пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика