mainkaptal
Пользовательский поиск
  Кыргыз бүтүп кытай калды эле

Төлөнгөн акча менен берилген билим шайкешпи?

Редакцияга окурмандар тарабынан "кыргыз-кытай институтунун колледжинде кытай тилине караганда математика сабагы басымдуу кылат экен. Гуманитардык тармакка математиканын кандай байланышы бар деген нааразылык каты келип түшкөн. Иштин чоо-жайын такташ үчүн Ж.Баласагын атындагы кыргыз-кытай институтунун директору, профессор ТОКТОБАЕВ Болот Токтомышевичке кайрылдык.

- Болот Токтомышевич, кыргыз-кытай институту качан түптөлгөн?
- Биздин кыргыз-кытай институту уюшулганына бир жыл болду. Былтыр август айында юстиция министрлигинен каттоодон өткөнбүз. Азыр кытай тили, котормо, филология жана башка алты багытта иш алып барабыз. Контракттын негизинде билим алгысы келген студенттер бир жылда он жети миңден жыйырма миңге чейин акча төлөшөт. Анын баары ушул университеттин жабдыктарына, заманбап технологияга, мугалимдердин айлыгына жумшалат.
- Канча окутуучу бар?
- Институтту алганда жүз элүүдөн ашык окутуучу бар, ал эми колледждин өзүндө элүүдөн ашык адис эмгектенет. Бизде билим берүү сапаты жогору деп ишенимдүү айта алам. Кытайдан келген адистер жардамдашып сабак берип, тажрыйба алмашып жатабыз. Буюрса, бир жылдан кийин биздин мугалимдер да кытай адистеринен кем калышпай сабак берип калат деген ойдомун.
- Колледжди бүткөн студент кайсы тармакта иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар?
- Биринчиден, чет мамлекетке чыгып окуусун улантканга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, Кытайда окуганга 100 % дуу орун келсе анын 40 %ын биздин студенттерге бөлүп беребиз. Колледжге тапшыргандардын көбү тогузунчу класстан кийин келишет, үч жыл он ай билим алат. Каалоочулар андан ары өзүбүздүн кыргыз-кытай институтуна тапшырып, же Кыргызстандагы каалаган жогорку окуу жайына тапшыра алат. Ал эми бакалавр менен чектелгиси келгендер орто мектепте сабак бере алышат.
- Кытай тилине караганда математика сабагы басымдуу кылат дегенге кандай жооп бересиз?
- Бизге көбү тогузунчу классты бүтүп келишет. Бияктан мектептин программасын толук бүтүргөнгө милдеттүүбүз. Биз да билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген программа менен иштейбиз да. Базалык билимиң болбой туруп кантип тил үйрөнсө болот? Студенттер ушул маселени түшүнбөй нааразы болгондор да бар. Колледждин босогосун аттаганда эле кытай тилинен баштаган болбойт. Биринчи курста мектептин программасы менен окуп, экинчи курстан кийин тилдерге басым жасайбыз. Жаңы келген студенттер башында нааразы болгону менен жогорку курстарга келгенде кытай тили сабактары көп болуп жатканын да айтып калышат. Колледждин негизги максаты - кытай тилин орто деңгээлде окуп, сүйлөгөнгө үйрөтүү. Студент андан ары билимин кайсы тармакта улантат, анын өз иши. Биз колледжден кытай тилинде укмуш сүйлөтүп чыгарабыз дегенден алыспыз.
- Ушул маселе менен нааразы болуп кайрылгандар болдубу?
- Ооба, мен ошондо эле мугалимдерге, кураторлорго айткам, окуу программасын түшүндүргүлө деп. Акча төлөп билим алып жаткандан кийин кандай тармакта окуп жатканын студент жакшы билиши керек. Ал эми бизде кытай тилине караганда математика сабагы басымдуу кылат экен деген сөз биринчи курстун студенттеринин арасында чыгышы мүмкүн. Экинчи курска келгенден кийин кытай тили сабагы басымдуулук кылат. Биринчи курстан баштап эле жалаң тилди үйрөтө берсең, колледж эмес эле тил курстары болуп калбайбы.

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА




Эртеңкини ойлобойлубу

2030-жылдарда Нарын дарыясы соолуй баштайт деген болжолдоолор айтылууда. Таш оозуңа дегиң келгени менен азыркы глобалдык жылуулук бул тейинде жүрүп отурса ушундай да болуп калышы мүмкүн. Чакан жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча долбоорунун инвестициялык дирекциясынын департамент башчысы Захриддин Кыдыралиев ошол мезгилге чейин энергетика коопсуздугубузду чыңдап албасак, биз бүтүндөй энергетикалык потенциалыбызды жоготуп алышыбыз ыктымал дейт.


Улуу Нарын,
уктатпаган уу калдыктары

БУУнун адистери ага чейин күн энергиясын пайдаланууну өнүктүрө койбой жаныңар жокпу деген кеңеш берүүдө. Аны эми убагында көрөрбүз. Ал эми азырынча Кыргызстандын кайсы бурчуна барба, күркүрөгөн чоң-кичи дайралардын убайын көрүүдөн кыйла эле кечиктик. Чындыгында канчалык жайкап сүйлөбөйлү, Нарын дайрасынын келечек тагдыры ар кимибизди санаага салбай койбойт. Ансыз элибиздин, эртеңки муундун келечегин элестете албайбыз. Ушулардын баары эмитен экологиялык маданиятыбызды көтөрүп, ата-бабаларыбыз мурастаган асыл жерибизге, анын ажайып табиятына, баарыдан мурда Жеңижок жети күн ырдап түгөтө албаган мөлтүр кашка суусуна аяр мамиле жасашыбызды талап кылып тургансыйт. Ырас, бүгүнкү күндө Кыргызстан Орто Азиянын миллиондогон калкын таза суу менен камсыз кылган улуу мөңгүлөрдүн ээси. Глобалдык жылуулук маселесин көтөргөн окумуштуулар дүйнө жүзүндө аба ырайы 0,6 градуска, ал эми Кыргызстанда 1,6 градуска көтөрүлдү деп жатышат. Буга далил катары бир кезде ар бир чокунун башында калдайып жатчу мөңгүлөрүбүздүн улам кичирейип, көзгө толбой баратканын келтире кетели. Кыйла жылдан бери мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин көтөрүп келаткан КЭМС "Мөңгү" фондусунун президенти Үрүстөм Кабылбековдун маалыматтарына таянсак, 1995-1975-жылдардын аралыгында Кыргызстандын тоолорунда 7628 (аянты 8107 км.кв.) мөңгү катталып, республиканын жалпы аянтынын 4,1%ын түзсө, бүгүнкү күндө глобалдык жылуулуктун кесепетинен жана өзүбүздүн текебер мамилебизден улам алардын саны 5237ге түшүп, жалпы аянты 1761 км.кв.га кыскарып кеткен. Бул албетте жеке Кыргызстанды эмес, жалпы адамзатты ойлонтчу маселе.
Кезегинде Кыргызстанда көптөгөн уран кендери иштетилип, алардан калган миллиондогон тонна радиациялык уулуу калдыктар бүгүнкү күндө "уйкудагы ажыдаардан" бетер бүтүндөй Орто Азияны титиретип турат. Ал химиялык уу калдыктарынын көпчүлүгү Нарын дарыясына жакындыгы менен да коркунучтуу. Кудай анын бетин ары кылсын, кокус бирдеме болуп эч кандай технологиясыз эптеп көмүлгөн жогорку уу заттар Нарын дарыясына кошулуп кетсе, Орто Азия чөлкөмүндө экологиялык чоң кырсыкты пайда кылып коюшу толук ыктымал. Мисалга кайрылсак, Майлы-Сууда 3 млн. куб уу калдыктары сакталган. Миң-Кушта 1,2 млн. куб уу калдыктары бар. Аталган уу заттары негизинен Нарынга куйган суулардын жээгинен орун алган. Кыскача айтканда, Кыргызстан боюнча 18 ири шаарларда, элдүү пункттарда коркунучтуу уу заттары "уктап" жатат. Уктаган нерсе акыры ойгонорун 2004-жылы 400 кубометрлик жер көчкү жүрүп, Майлы-Суу дарыясын бөгөп калганда бир көрдүк. Дээрлик 22 жыл бою уран өндүрүлгөн Майлы-Сууда бүгүнкү күндө 23 уу сактагыч, 13 уу калдыктары топтолгон жай бар. Аз эле жерден жогорку жер көчкү ушул уу калдыктарын бузуп Нарынга кошуп жибере жаздаган. Эл аралык коомчулук кошо дүрбөп, ошолордун каражаты менен бул кырсыкты араңдан зорго жойгонбуз. Ошондо жер көчкү Майлы-Суудагы №3 уу сактагычка жетип-жетпей калган. "Замандаш" журналынын кабарчысы Абдыжапар Нурдинов өзүнүн иликтөөсүндө мындай кырсыктар күркүрөгөн союз мезгилинде да болуп келгендигин тастыктайт. Анын жазганына караганда, ("Замандаш" журналы, №11, ноябрь,2009) 1964-жылы Ак-Түз уран кенинин №2 уу сактагыч тосмосу жырылып кетип, жарым миллион куб радиоактивдүү уу зат Кичи-Кемин дайрасына кошулуп кеткен. Натыйжада уу калдыктары 40 км.ге чейин агып келип, коңшу Казакстанга чейин жетип 3,5 миң гектардан ашык жерди каптап кеткен. Журналисттин айтымында, мунун кесепетин Кичи-Кемин, Боролдой айылдарынын адамдары ушул күнгө чейин тартып, бир кездеги ажайып жаратылышы жабыркап келет. Ошол кырсыктын зыяндарын ал-кубаты ташкындаган СССР да өз учурунда жое албаптыр. Бул өңдүү уу калдыктары Кыргызстан боюнча 67 жерде "уктап" жатат. Аларды чочутпай, баладай таптап уктатып туруу үчүн ай чапчыган каражаттар талап кылынат.
АКШда болгон учурунда президент Р.Отунбаева ООНдун трибунасынан Кыргызстандагы дал ушул экологиялык көйгөйлөрдү дүйнөлүк коомчулуктун алдына коюп, 3 млрд. "жашылбайга" чукулдап барып калган тышкы карызыбызды ушул багытка жумшасак кандай болор эле дегендей айтты. Байкаган кишиге Р.Отунбаева олуттуу маселени көтөрдү. Ага дүйнөлүк коомчулук кандай карайт, азырынча үмтөтөрлүк жооп уга элекпиз. Президент Отунбаева Кыргызстанга көзү түз донор өлкөлөрдү буга ынандыра алса, анда апчебизге алтындан эстелик койсок да аздык кылар. Анткени азыркы экологиялык көйгөй эбегейсиз кунду талап кылып турат.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ