mainkaptal
Пользовательский поиск
Сүйүнбек Касмамбетов,
Жогорку Кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси:
"Кызматтык үйсүз, машинесиз иштөө жакшы демилге"
- Сүйүнбек мырза, парламенттин алгачкы жыйынына даярдыктар кандай?
- Мыйзамга ылайык БШК шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгаргандан кийин 15 күндүн ичинде депутаттар бизге келиши керек. Ошол 120 депутаттын ичинен адегенде демилгелүү депутаттар тобу түзүлөт. Ал топ мен жетектеген жумушчу топ менен Жогорку Кеңештин биринчи жыйынын өткөрүүнүн жобосун, тартибин даярдайт. Булар "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамында каралган. Ал жерде депутаттарга таркатыла турган тогуз документтин аты аталган. Ошондо ар бир депутаттын портфелине КР Башмыйзамы, депутаттын статусу жөнүндөгү, Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу мыйзамдар, мурдагы чакырылыштагы парламент комитеттеринин курамынын тизмеси салынат. Жаңы депутаттар ошол тизмени карап чыгып, комитеттердин санын азайтат же көбөйтөт. Мындан сырткары, портфелде жаңы шайланган депутаттар жөнүндө кыскача маалымат, алардын консультанттары, жардамчылары, кеңешчилери жөнүндөгү жобо, ЖК аппараты жөнүндөгү жобо, аппарат кызматкерлеринин тизмеси болот. Мына ушул сегиз документтин 120 көчүрмөсүн даярдап койдук.
Мындан сырткары, биздин топ токтоосуз карала турган мыйзамдардын тизмесин аныктап, өкмөттүн кароосуна киргизип койдук. Мисалы, алардын ичинде өкмөт, регламент, шайлоо, бюджет жөнүндөгү мыйзамдар бар.
- Жогорку Кеңештин бул жерден Ак үй имаратына көчүрүлү-шүнүн негизги себептерин айта аласызбы?
- Биринчиден, мурдагы парламент курамына ЖК имараты тардык кылчу. Бир кабинетте бештен-алтыдан аппарат кызматкери отурчу. Экинчиден, бул жолу депутаттардын саны кыркка көбөйдү. Үчүнчүдөн, азыркы парламент партиялык принцип менен түзүлүп отурат. Ар бир партиянын фракция аппараты болуп калышы мүмкүн. Же мурдагы комитеттер кайра иштеши да ыктымал. Мындай көлөмү менен жаңы Жогорку Кеңеш бул имаратка батпайт эле. Ошону эске алып убактылуу өкмөт парламентти өкмөт үйүнө көчүрүү декретин кабыл алган.
- Жакында өзүңүз айрым партиялар депутаттарга берилчү кызматтык үйлөрдөн баш тартабыз деп жатышканын билдиргенсиз. Эгер бул ишке ашса мурунку 90 депутатка курулган үйлөр кимдерге берилет?
- "КР депутатынын статусу" мыйзамында (32-статьянын 2-бөлүгү) депутаттарга кызматтык машине берилиши керектиги айтылат. Ушул эле мыйзамдын 29-статьясында ЖК аппараты, иш башкармалыгы ошол транспорт менен кызмат кылыш керек деген норма бар. Мыйзамдын 31-статьясында депутатка кызматтык үй берилет деп турат. Бул норма азыркыга чейин күчүндө. Бирок, азыр бир катар партия мүчөлөрү, лидерлери кызматтык машинеден, үйдөн баш тартабыз деп жатышат. Албетте бул элге жаккан жакшы демилге. Эми бул демилгени ишке ашырыш үчүн депутаттар аталган мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, нормаларды алып салуулары керек. Ошондон кийин гана алардын айткандары мыйзамдык укукка ээ болот. Муну добуш берүү менен депутаттар өздөрү чечкени оң. А депутаттарга салынган үй учурда бошотулган. Мындан баш тартууну да депутаттар өздөрү чечет. Бирок, партиялар экөөнөн тең баш тартууну элге өздөрү жарыялап коюшту.
- Парламент аппараты кыс-карбаса Ак үйгө батпайт деп жатышат. Бул жагы кандай болот?
- Мурун бир депутаттын шайлоо округунда референти, ЖК имаратында жардамчысы, консультанты отурчу. Акыркы чакырылышта консультантты жоюп салышкан. Азыр партия жетекчилери арасында жардамчы жок эле отурабыз, иштин баары фракцияларга өтөт деген да пикирлер болуп атат. Бул чечимди балким кийин алар коллегиялуу кабыл алышы мүмкүн. Себеби жардамчылар жөнүндө жобо депутаттарга таркатыларын жогоруда айтып өттүм.
- Буга чейин парламент иштебей, бюджетке бир аз үнөм болду эле. Эми 120 депутат иштей баштаса олчойгон каражат талап кылынат. Депутаттардын, ЖК кызматкерлеринин маяна маселеси кандай чечилиши мүмкүн?
- Бул боюнча азыр каржы министрлиги, өкмөт парламентке сунуш даярдап жатат. Ал сунуш депутаттардын алгачкы жыйынында каралып, депутаттардын, төраганын айлыктары такталат. Аппарат кызматкерлери болсо мурдагыдай эле иштей берет. Азыр алардын айлыгы мурдагы калыбында эле турат. Эгер айрым кызматкерлер кыскартыла турган болсо, ал сөзсүз түрдө мыйзам чегинде чечилет. Бирок, көп жылдардан бери эле парламент, өкмөт аппаратынын 60-70 пайызын мурдагы кадрлар эле түзөт. Себеби, бардык эле депутаттар тажрыйбалуу кадрлар менен иштешкенди туура көрүшөт.

Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

Яндекс.Метрика