mainkaptal

Пользовательский поиск
  Декрет аткарылды, депутаттар кайда?

Ак үйдүн ичи оңдолду, аурасы оңолдубу?

Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына багыт алгандан бери кыргыз коомчулугунун, атургай чет өлкөлүктөрдүн келечектеги Жогорку Кеңешке болгон кызыгуусу күч. Башкасын айтпаганда да 120 депутаттан турган Жогорку Кеңештин аппараты менен өкмөт үйүнө көчүрүлүшү эл арасында ар кыл суроолорду жаратпай койгон жок. Муну ар ким ар кандай түкшүмөлдөп, жакшы да, жаман да баалап жибергенге үлгүрүштү. Ак үйдөн орун ала турган жаңы парламенттин структурасы, жайгашуусу, алгачкы карай турган маселелери туурасында президенттик администрациянын иш башкармалыгынын башчысы Турусбек КОЕНАЛИЕВ жана Жогорку Кеңештин биринчи жыйынын өткөрүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ менен ой бөлүштүк.

Президенттик администрациянын иш башкармалыгынын башчысы Турусбек КОЕНАЛИЕВ:

"Өкмөт үйүнө парламенттин 540 адамы гана батат"
- Турусбек мырза, Ак үйдөгү болочок парламенттин жыйын залынын жасалгасы кимдин болбосун бүйүрүн кызытпай койбойт. Мурунку залга салыштырмалуу биерде кандай өзгөчөлүктөр болот?
- Чынында апрелдеги башаламандыкта Ак үйдүн ар бир кабинетин атайын тапшырма менен келгендей талкалап, тоноп кетишиптир. Эшиктердин кулпулары атайын аспаптар менен кесилип, болгон буюмдар, сейфтер ташылып кеткен. Терезелердин айнектери сынып, пардалар толук өрттөлүптүр. Ак үйдө буга чейин эле 650 адам сыя турган негизги чоң зал бар болчу. Зал союз маалындагы өкмөт үчүн атайын ылайыкташылып курулган. Бул жердин өзгөчөлүгү ичи кенен, акустикасы абдан жакшы. Буга кошумча биз төрт санариптик үн күчөткүч койдук. Дагы бир өзгөчөлүк, депутаттар эми компьютерден дагы, микрофондон да добуш бере алышат. Мурун бир депутат бир нече депутат үчүн добуш бере берген болсо, азыр анте албайт. Себеби ар биринде өзүнүн гана санариптик колу коюлган персоналдык тилке кагазы (карточка) бар. Бир депутаттын тилке кагазы башка депутаттыкына дал келбейт. Ошондуктан ар бир депутат өзү үчүн гана добуш бере алат. Орундукка келсек, ар бир депутаттын үстөлүнүн узуну 90 см, туурасы 70 см. 120 депутаттын баарына бирден ноутбук коюлуп, тиешелүү түйүндөргө кошулуп, колдонууга даяр турат. Баса белгилей турган дагы бир жетишкендик, залда чет өлкөлүктөр үчүн атайын синхрондук которуу системасы орнотулду. Кокус орусча, кыргызча тил билбегендер жыйынга катышып калса, алар микрофонго туташылган кулаккап менен өзүнүн тилиндеги котормону уга алат.
- Залды жасоодо ММК кызматкерлеринин кызыкчылыгы да эске алынса керек?
- Залдын артында сессиялардын ортосундагы тыныгууларда депутаттар жай отуруп кеңешип алуучу атайын бөлмөлөр бар. Мындан сырткары, үчүнчү кабаттагы чоң коридордо узатасынан үстөлдөр, жумшак орундуктар коюлган. Бул жерден журналисттер депутаттарга жолугуп кенен маектеше алышат. Эң негизгиси, залдын жогору жагында ММК кызматкерлери, башка жыйын катышуучулары үчүн атайын 152 орундук даярдалды. Ал жерде телерадио, гезит-журналда иштеген журналисттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Сүйлөп аткан депутат залдагы беш видеокамера аркылуу отурган элдин бет маңдайындагы чоң төрт монитордо даана, ачык көрсөтүлүп турат. Кыскасы, жыйын залы учур талабына толук жооп берет.
- Жогорку Кеңештин мурунку аппарат кызматкерлери менен 120 депутатка Ак үй имаратында кабинеттер жетишсиз экен. Бул жагы кандай болот?
- Мен башында эле бул имарат парламент үчүн эмес өкмөт үчүн ыңгайлаштырып салынганын айткам. Кабинеттердин баары өкмөттүн, илгерки БК кызматкерлерине чакталып курулган. Ар бир депутатка бирден жардамчы менен катчы болсо, албетте бул жакка алар батпайт. Ушуну эске алып, биз ар бир кабат боюнча бөлүштүрүп чыктык. Мисалы, имаратта бир, эки, үч бөлмөлүү кабинеттер бар. Бирок мындай кабинеттер баарына текши жетпейт. Ошондуктан алар чүчүкулак кармап калыстык менен бөлүшүп алышы керек. Менимче, эки, үч бөлмөлүү кабинеттерге алгач фракция лидерлери, комитет төрагалары жайгаштырылганы туура болот.
- Аппарат кызматкерлерин кыскарткан күнү деле ар бир депутаттын бирден жардамчысы болушу керек. Алар кайда жайгашат?
- Мисалы, үч бөлмөлүү кабинет болсо, анын бирөөсүнө фракция лидери, экинчисине анын орунбасары же башка депутат отурат. А экөөнүн ортосундагы бөлмөгө эки депутаттын эки жардамчысы чогуу отурат. Бир, эки бөлмөлүү кабинеттерди да ушул сыяктуу кылып пландаштырып койдук. Менимче, жардамчылардын депутаттын жанындагы бөлмөдөн орун алышы иштегенге да ыңгайлуу. Анүстүнө мындан жакшы жайгаштырууга жол жок. Кыскасы, Жогорку Кеңешке 540 орун даярдадык. Бул өтө көп орун. Эгер парламентте мындан ашык адам болсо, аларды Ак үйгө батыра албайбыз.
- Ошондо Ак үйдүн канчанчы кабаттары Жогорку Кеңешке тиешелүү болуп калат?
- Биринчи кабаттын жарымынан азы, экинчи кабаттын жарымы парламенттин иш башкармалыгына карайт. Үчүнчү, төртүнчү, бешинчи кабаттарда толугу менен депутаттар жайгашат. Мындан сырткары, алтынчы, жетинчи кабаттардын жарымы да Жогорку Кеңешке тиешелүү болот. Президенттик администрация алтынчы, жетинчи кабаттардын жарымын ээлейт.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым" меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика