mainkaptal

Пользовательский поиск
Тоңго токсон миң доллар барды

15- октябрда эл аралык айыл аялдарынын күнү болуп өттү. БУУнун тутумундагы ЮНИФЕМ уюму жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун ишкер аялдарына майрам күнү он миң долларлык гранттарды тапшыруу 2010-жыл райондун ар тараптуу жардам алуу учурундагыдай аземин өткөрдү. Жакында эле бир нече жаңы мектеп ачылып, айыл чарбаны өнүктүрүүгө арзан кредит линиясы иштей баштап, атургай эки "Нива" машинеси белек кылынган. Аялдар кандайча грант утуп алышканына токтоло кетсек.

Элет жериндеги социалдык көйгөйлөрдү аялдар терең түшүнүп, аларды чечүүнүн ар кандай жолдорун таба алышат. Бул аялзатынын табияты менен кошо жаралган касиет. Айланадагы абалды жакшыртып, муктаж болгондорго жардам берип, тизеси бүгүлгөнгө жөлөк болууга даяр. Ушундан улам ЮНИФЕМ менен "Кумтөр" тогуз айыл өкмөтүнөн турган Тоң районундагы ишкер аялдар жана БӨУ арасында сынак жарыялап, татыктуу долбоорлорго акчалай колдоо көрсөтүүнү чечти. Калк арасында кызыккан тараптарды таап, сынак боюнча түшүндүрмө берип, долбоорлорду тандап алуу ишин ЮНИФЕМ жүргүздү. Ал эми биргелешкен долбоорду баштан-аяк 130 миң долларлык каржылоону "Кумтөр" компаниясы көтөрдү. Анын ичинен 90 миңи грант катарында БӨУ уюмдарга жана ишкерлерге тапшырылса, калган бөлүгү ЮНИФЕМдин уюштуруу жана кеңеш берүү кызматтарына сарпталды.
Дамира Сартбаева, КМШ өлкөлөрү үчүн ЮНИФЕМ программаларынын чөлкөмдүк мүдүрү: "Жеке инвестор (КОК) Кыргызстанда алгачкы жолу ЮНИФЕМ эл аралык өнүктүрүү уюму аркылуу социалдык долбоорлордун жүзөгө ашырылышын каржылап жатат. Бул кубанычтуу жагдай башка ири ишканаларга жана инвесторлорго үлгү болушун күтөбүз" деген оюн билдирип, "жалпы калк, алардын арасында аялдар да учурдагы курч маселелерди талкуулоодо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди иштеп чыгууга жигердүү катышканда гана айылдарды өнүктүрүү программалары ийгиликтүү иштеп жатат деп айтууга болот" деди.
Тандап алуу ролуна атайы гранттык комитет уюштурулган. Башында 47 долбоор берилип, анын ичинен он тогузу ишке ашырууга жөндөмдүү деп табылып, эң акыркы тандап алууда тогуз бейөкмөт уюмдун сунуштары грантка татып, ар бири 10 миң доллардан алды. Ошентип Тоң районунун Төрт-Көл айылындагы мектепке жаңы эмерек сатып алынат, ал эми Бөкөнбаев айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыптандыруу үчүн ден соолукту чыңдоочу аянтча курулат. Ак-Сайда болсо бала бакча, Кара-Коодо балдардын билим берүү борбору, Шор-Булакта жүн тытуучу цех ачылмакчы. Таттуу токоч, коржиктер, лакомка менен сочинскийлер эми Ак-Теректе эле эмес коңшу айылдарга да сатыла баштамакчы. "Алтын оймок" коомдук фонду уз аялдарга жаңы жумушчу орундарды түзмөй болду. Тескейдеги экотуризмди Күн-Чыгыш айыл округунда өнүктүрүүнү максат кылышууда. Ал эми Бөкөнбаев айлындагы "Өнөр кенчи" коомдук бирикмеси оор турмуштук кырдаалда калган карылар үчүн күндүзгү борбор уюштурмакчы. Ар кыл багыттагы долбоорлордун көбү узак мөөнөткө божомолдонуп, кайтарымдуулукка ээ. Гранттык 10 миң доллар узак жылдар бою иштеп киреше алып келе алат. Калганы бир жолку аракет болуп калды. Маселен мектептин эмеректери. Бала бакча, карылардын күндүзгү борбору сыяктуу иш-чаралар акча түгөнгүчө гана иштээри түшүнүктүү. Бирок гранттык комитеттин өкүлдөрү бул долбоорлор да ишке ашырылууга укуктуу жана алардын ээлери андан ары улантып кетүүгө дарамети жетет деп ишендиришти. Бөлүнгөн акчаны ишкер аялдар бир жылдын ичинде өздөштүрүп бүтүшөт. Токсон миң доллар районго канчалык пайда алып келгенине ошондо сереп салса болот.
Андрей Сазанов, "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" өкмөт жана коомдук байланыштар боюнча вице-президенти: "Биргелешип аткарган бул долбоор компаниянын Ысык-Көл облусундагы экономикалык потенциалды жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы социалдык жоопкерчилик ишиндеги бир бөлүк болуп саналат. Ушул сыяктуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен Тоң районундагы тургундардын жашоо деңгээли жогорулайт деп терең ишенебиз. Бул бизнес менен жергиликтүү жамаат сүйлөшө турган тил сыяктуу аракет" деп билдирди.
Тоң районунун акими Бакыт Рысбаев өз кезегинде райондун администрациясы да четте калбай, тогуз долбоордун ар бирине 30 миң сомдон 45 миң сомго чейин кошумчасын берерин айтты. Ошентип райондогу аракетчил, иштерман адамдар үчүн өнүгүүгө бардык шарттар түзүлдү. Идея болсо акча табылат деген ой тастыкталды окшойт. Аялдар уюштурган долбоорлордун иши илгери болсун демекчибиз.
Нуржан
АЛЫМКАНОВА




  Эртең кантип жашайбыз?

Азык-түлүк саат сайын кымбаттоодо
Парламенттик шайлоодон кийин азык-түлүккө болгон баа көтөрүлөт экен деген божомолдорду буга чейин кулагыбыз менен угуп келсек, эми көзүбүз менен көрүп жатабыз. Айталы дегенибиз, акыркы бир, бир жарым айдан бери азык-түлүккө болгон баа дароо көтөрүлүптүр. Базар аралап азык-түлүктөрдүн бааларын көрүп, мындан бир ай мурда кандай экенин салыштырдык.


Мындан бир-эки ай мурун "Акун" жана "Элнур" ун комбинаттарынын бир кап уну 900 сом болсо, бүгүнкү күндө 1050 сом турат. "Агро" уну 880 сом болсо азыр 950 сом. Таң калычтуусу, Казакстандан чыккан ун эки ай мурда 500 сомду түзсө, бүгүнкү күндө үстүнө дароо 450 сом кошулуптур. "Ак дан" унунун бир кабы 680 сом болсо, азыр 800 сом турат. Илгери бир тандыр нанды 5 сомго алсак, ал кез азыр түшкө да кирбей калды өңдөнөт. Анткени бүгүнкү күндө нанга болгон орточо баа 10-30 сомду түзөт.
Сатып алуучуларды баарынан өсүмдүк майына болгон баанын көтөрүлгөнү таң калтырууда. Мурда бир литри 55-75 сом болсо, азыр эң арзаны 80 сомдон башталып тазасы 90 сомго чыгыптыр. Бир эсе кардарлар сатуучуларга нааразы болуп бааны эпсиз көтөргөндөрүн айтып күңкүлдөшсө, айрымдары Кудайды карасаңар боло деп ачык айтып жатышканына күбө болдук.
Мурда кесменин бир килосу 35-40 сом болсо, азыр 45 сомдон. Сатуучулар айткандай, мыктысы, эзилбегени 50 сомду чапчыйт экен. Буурчактын баасы 30 сомдон 38 сомго көтөрүлсө, перловканын бир килосуна 8 сом кошулуптур, анын мурдакы баасы 20 сом болчу. Күрүчтүн баасы бир калыпта кармалганы менен, көпчүлүктүн суроо талабына ээ болгон "Элита" сорту кымбаттаптыр. Мурдакы баасы 50-55 сом болсо, учурда бир килосу 60-65 сомго чыкты.
Кыям жасоо мезгили өткөн күндө да шекердин баасы күн санап көтөрүлүүдө. Жайдын күнү 45-50 сомго айланса, азыр 50-55 сомго жетти.
Жумуртканын баасы эки жума мурда 45-60 сом болсо, көз ачып жумганча 55-70 сомго чыгып кетиптир.
Жашылча-жемиш сатылган катарды аралап отуруп картошка, пияз, сабизге болгон баанын анча көтөрүлбөгөнүн байкадык. Албетте, күз мезгилинде баанын бир калыпта кармалып турганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жашылчалардын күнү кышында тууйт окшойт. Азыркы тапта картошканын бир килосу 10-18 сом болсо, пияз 15-25, түрп 12-18, сабиз 10-15 сом. Сатуучулардын айтымында, азыр күз мезгилиндеги жер-жемишке болгон арзан бааны пайдаланып калгандар арбын. Бир-эки килдеп алгандан көрө дүңүнөн кап-кап кылып сатып алгандар көп экен.
Эт жеген жагынан карышкырдан кийинки орунда турган кыргыздарга быйыл кыйыныраак болчудай. Дегенибиздин себеби, этке болгон баа кыйла эле көтөрүлүптүр. Кой эти мурдараак 165-180 сом болсо, азыр 185-195 сомго жетти. Уйдун эти 120-180 болчу, азыр 235-245 сомду чапчыйт. Жылкынын казысы 350-400 сом болсо, азыр 450-480 сом. Ичегинин бир килосу 55-60 сом, ал эми тоок эти 95 сом. Күнүгө эле бешбармак жеп, казы-карта чайнап отурганга ар кимдин эле капчыгы ылайык келе бербесе керек. Бечара эл баягы эле көнгөн кесме менен картошкага ыктагандан башка чарасы калбайт окшойт. Төбө чачыңды тик тургузган бааларды көрүп кыска мөөнөттүн ичинде эле азык-түлүктүн кымбаттаганына таң бересиң. Убагында асмандагы айды убада кылган аткаминерлер эми чара колдонуп, кымбатчылыкты ооздуктайбы же эшеги ылайдан өткөн соң артын карабай баса береби?
Саадат НУРСУЛТАНОВА, сатуучу:
- Өсүмдүк майына болгон баа ойго келбегендей көтөрүлүптүр го?
- Айтып отурсаң арман көп. Эми биз деле дүңүнөн алган баанын үстүнө бир аз тыйын кошуп оокат кылабыз да. Бизге өзү май кымбат баада келип жатат. Башка азыктар деле кымбаттап жатат. Май сатуучулар эмне май ичип коюп отура бермек беле, алар да эт, ун алыш керек. Азыр жада калса отурган ордубузга да бааны кымбаттатып салышты.
Замира САТЫБАЛДИЕВА, сатуучу:
- Эттин баасы кымбаттаса, сатып алуучулар азайгандыр?
- Күн сууктаган сайын этке болгон баа көтөрүлөт. Жылда эле ушул көрүнүш болуп келе жатпайбы. Бирок быйыл жылдагыдан эттин баасы бир аз кымбат экени туура. Көпчүлүктөн өтө берет экен, мурда кандай сатып алышса азыр деле соода ошондой. Ушул базарда кызым экөөбүз эки башка орунда соода кылабыз. Тапкан, ташыганыбызды эл катары эле күнүмдүк азык-түлүккө жумшап жатабыз.
Айнура ИМАШЕВА, кардар:
- Акчаны бир жагына тартсам экинчи жагына жеткире албай эсим ооп турган кез. Жума сайын азык-түлүк алып кетип жүрүп баанын кадимкидей көтөрүлүп жатканын көрүп таң каласың. Сатуучулар деле бизге окшогон карапайым эл да, алардын да жашоосун түшүнөм. Байкуш элдин турмушу күн сайын оорлоп баратканы ичиңди ачыштырат. Мына азыр мен үйдөн 1500 сом алып чыктым эле, алгандан да алынбай калган азык-түлүгүм көп калды. Акыркы жолу эки жума мурда келгем, он төрт күндүн ичинде баанын мынча көтөрүлүп кетээрин күтпөптүрмүн.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика