mainkaptal
Пользовательский поиск
Ат жалында маек
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат" партиясынын төрагасы:
"Москва менен кызматташуу мыйзам ченемдүү көрүнүш"
- Орус бийлигине көбүрөөк ыктаган партиялар парламенттик шайлоодо жеңди. Мунун кесепетинен тышкы алакага доо кетпейби?
- Россия менен эзелтен тарыхый, маданий, экономикалык байланышыбыз терең. Орус тили аркылуу дүйнөлүк маданиятты тааныдык. Андыктан өзүн дасыккан саясатчы эсептегендер Москва менен тыгыз кызматташууга кызыкдар болору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мындан трагедия издөөнүн кажети жок. Анын аркасында сырткы мамилеге доо кетет деп коркпош керек.
- Карапайым калк арасында расмий Кремль кыргыз бийлигин кол балага айландырып алышы ыктымал. Россиянын бир дубанына айланып калбас бекенбиз деген чочулоо арбын. Анүстүнө, "ар-намысчыл" Турсунбай Бакир уулу парламентте Москванын кызыкчылыгы эске алынары, өлкөнүн түштүгүнө экинчи авиабаза ачуу маселесин көтөрөрүн жар салды.
- Турсунбай Бакирович мындай пикири аркылуу өзүнүн жеке позициясын билдиргендир. Жогорку Кеңеште Россиянын кызыкчылыгы канчалык эске алынары, экинчи авиабаза ачылар-ачылбасын убагы келгенде көрөбүз. Ага чейин бир кишинин сөзүнө теригип чуу чыгарбай турганыбыз оң.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүн эч ким менчиктеп албайт. Анткенге кыргыз эли да жол бербейт.
- Бирок орус бийлигинин бизге таасирин күчөтө баштаганы байкалып атпайбы?
- Бул дагы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Россия ири держава катары Кыргызстан гана эмес Орто Азия чөлкөмүндө таасирин арттырууну алдыңкы планга коет. Мындай позицияны Европа, Батыш өлкөлөрү деле тутунат.
- Анда Кыргызстан сырткы алакада кайсы багытты тандашы талапка ылайык?
- Кыргыздын салт-санаасын сыйлап, кызыкчылыгын эсепке алган мамлекеттер менен тыгыз кызматташсак, уттурбайбыз. Бир тарабына тартып, экинчи жагын көңүл сыртында калтырсак, андан өзүбүз гана зыян тартабыз.
Россия менен мамилебиз бузулбайт. Мындан сырткары, КМШ чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен алаканы чыңдап, ШКУ, ОДКБ сыяктуу уюмдар менен мамилени улантышыбыз зарыл.


Муктар ӨМҮРАКУНОВ, "Замандаш" партиясынын лидери:
"Улуттук конгресс ири күчкө айланат"
- Кичи жана орто партиялар парламенттик шайлоого өз алдынча аттангандыгынын айынан мөрөйдөн куру калды. Жеңилүү ызасын тарткан партиялардын түштөн кийин биригип, улуттук конгресс түзүшүнөн майнап чыгабы?
- Парламенттик шайлоого чейин биртоп сүйлөшүүлөр жүргөн. Тилекке каршы, партия лидерлеринин амбициясы, "сен жаңы, мен эски" деп бөлүнмөй өнөкөтү биригүүгө жол бербеди. Биздин мындай позициябыз калпыс экендигин шайлоонун жыйынтыгы көрсөттү. Ошондон улам бирдиктүү күчкө айланбасак оңгулуктуу жыйынтык чыкпасын түшүнүп, улуттук конгресс түздүк.
Түштөн кийин башыңар кошулду дегендей какшык ыргытып өттүңүз. Парламенттик шайлоо менен эле саясый күрөш токтоп калбайт. Чыныгы аламан күрөштөр али алдыда. Ага чейин конструктивдүү оппозицияга өтүп, өкмөт менен ЖК ишмердүүлүгүн далилдүү фактылардын негизинде сындап, ошого жараша конкреттүү сунуш-пикирлерибизди жолдоп турабыз. Биз мурдагыдай куру кыйкырыктан алыс болобуз.
- Бийликке таасир этиш үчүн күчтүү экономикалык программа керек. Силерде ал барбы?
- Конгресс ишин жаңыдан баштады. Бирдиктүү программа иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Анда бөлөк партиялардын экономикалык программасы да эске алынат. Жаңыдан түптөлгөнүбүзгө карабастан бийлик үнүбүздү угуп, ага карата реакция жасагандыгы кубандырат.
- Мисалы?
- Парламенттик шайлоого байланыштуу талаш маселелер арбын. Мындан улам, маалымат жыйынын өткөрүп, бюллетендерди кайрадан карап чыгуу демилгесин көтөргөнбүз. Улуттук конгресстин атынан талап кылып жатып президент Роза Отунбаева, БШК төрагасы Акылбек Сариев менен башпрокурор Кубатбек Байболовго жолуктук. Натыйжада жер-жерлерден бюллетендер Бишкекке алынып келинип, алар эсептелүү алдында турат. Менимче, конгресс келечекте ири саясый күчкө айланат.
- Кийинки жылы президенттик шайлоо болот. Ага улуттук конгресстин атынан бирдиктүү талапкерди сүрөөнгө алууга лидерлердин амбициясы жол береби?
- Бу боюнча айтыш азырынча эрте. Учурда парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын тегерегинде чуркап жүрөбүз. Президенттик жарыш тууралуу чындыгында ойлоно элекпиз. Бирок, конгресстин атынан бир талапкер президенттик шайлоого катышса жакшы болмок. Мен мындай демилгени колдомокмун.
- Жаңы өкмөт курамына конгресстин мүчөлөрүн чакырса барасыздарбы?
- Жеке менде азырынча кызматка барайын деген ой жок. Анткени партиябыздын программасы бар. Ошонун негизинде ишибизди улантабыз. Ошондой эле партиянын саясый кеңеши чыгарган чечимге баш ийебиз. Ал эми конгресс мүчөлөрү бул маселенин тегерегинде сүйлөшө элек. Улуттук конгресстин курамындагы инсандар чыгарган чечимге жараша саясый кадамдарыбыз, позициябыз такталат.


Эрнис КЫЯЗОВ, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидерлеринин бири:
"Терезеси сынык үй жылыбайт…"
- Эски замандагы "карт бөрүлөрдүн" басымдуу бөлүгү кайрадан ЖКга келди. Алар экономиканы ирдентип, өлкөнү өргө сүрөрүнө ишенесизби?
- "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей, экстер кайра эле "уйга жүгөн сала беришеби" деп кооптоном. Ошол эле ири партияларда жүргөн кишилердин премьер, вице-премьер, министр болуп турганда эмнелер кыйратылганын эл көргөн. Эми "карт бөрүлөр" кайрадан бийликке келди. Булар карапайым калкка дагы кандай "жыргалды" тартуулашарын көрө жатарбыз…
- Сөзүңүздү байкасак, шайлоо таза, акыйкат өтпөгөндөй?
- Биздин партия бу жашоодо бир ыйык, улуу кудурет - Кудайдын бар экенине ишенет. Шайлоо таза же ыплас өттү деп талашканыбыз менен, кандай өйдө-ылдыйлар, ак-каралар болгонун Кудай көрүп турат. Элдин көзүн будамайлап, мыйзамдуу түрдө жигин билгизбей, юридикалык жактан кынтык табылбагыдай кылып шайлоодо "таза" жеңишке жетиштик деп алакан ушалагандар Кудайдан коркушу керек. Ким эмнени эксе ошону аларын эстен чыгарбоо зарыл.
- Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев өкмөт курамын жалаң жеңилген партиялардан түзүү сунушун айтты. Мындай сунуш түшсө макул болосуздарбы?
- Үгүт маалында "Мекен ынтымагынын" лидери Темирбек Асанбеков эскилер, "аксакал" саясатчыларыбыз 20 жылдан бери дараметин көрсөтүп бүтүшкөнүн, жаңылар келмейин мамлекетибиз алдыга жылбасын баса белгилеген. Терезеси сынган үйдө канчалык от жакпа, баары бир бөлмө жылыбайт. Анүчүн, терезени жаңылаш керек. Бу жаңыларды дүңүнөн алып келип, эскилерди жардан ары ыргытып жиберели деген чакырык эмес. 20 жылдын ичинде аркы жээк, берки жээкте өздөрүн көрсөтүп бүткөн байке, эжелерибиз жок дегенде жолтоо болбой, четте эс алып турушса жакшы болмок. Ал аркылуу өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң жардам беришмек. Антпесе, алар бир бирин "сен акмак, мен акмак" деп ыркырашып атып өздөрүн да, мамлекетти да кууратып бүтүшөт го.
- Демек, "Мекен ынтымагы" жаңы өкмөт менен кызматташпайт экен. Анда азыркы бийликке кантип таасир этесиздер? Же жеңилгениңиздерди моюнга алып унчукпай отуруп каласыздарбы?
- Жеңилгениңиздерди моюнга алып дейсиз. Парламенттик шайлоодон кийин ким утулду, ким утту - али чечиле элек чоң маселе. Алдыда аша турган бийик белдер бар дегендей. Биз өзүбүздү жеңилген партия катары эсептебейбиз. Татыктуу жеңиштер алдыда күтүп турат. Бийликке келген партиялар элге берген убадаларын кантип аткарып, кантип элдин жашоосун оңдоого салым кошор экен? Аларга да мүмкүнчүлүк берип, байкап туралы. ЖКга келген партиялар күчтүү өкмөттү түзүп, камыр-жумур болушуп, ошондон карапайым калк турмушу кулпуруп, жашообузда жакшылыктын белгилери пайда боло баштаса кантип эле жапатырмак колдобойлу. Бирок, бу нерсе азыркы парламенттеги партиялар, анын курамындагы бири бирин кыртышы сүйө бербеген эски "бөрүлөр" турганда, орусча айтканда "не реально" го дейм…

Мирлан ДҮЙШӨНБАЕВ,
БЭК партиясынын
басма сөз
кызматынын жетекчиси:
"Жаштар жеңилди…"
- Биздин билишибизче, БЭК жаштарга басым жасаган партия. Ал эми шайлоонун жыйынтыгында БЭК утулду. Мындан улам парламенттик шайлоодо жаш муундун өкүлдөрү жеңилди десек жаңылышпайбызбы?
- Кандайдыр бир деңгээлде сенин оюңа кошулам. Бу саам идеялардын эмес, акча каражаты чечүүчү ролду ойноду окшойт. Элдин маанайына, мезгилдин талабына жараша БЭК жаңы муундагы адамдарга басым жасаган эле. Себеби, саясатта муун алмашса, өзгөрүү, өнүгүү болот деп баары ойлошкон. "Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет" экен. Анын сыңарындай, шайлоочулар күнүмдүк тиричиликтин кулу болушуп, куру убадаларга жетеленишти. Бул жолку саясый күрөштө жаштар жеңилди. Муну моюнга алууга аргасызпыз.
- Балким силердин партия жаш муундун жүрөгүнөн түнөк таба албагандыр?
- Жок, мен буга кошула албайм. Шайлоо өнөктүгүндө биздин партиянын катарына кошулган жаштардын саны күн санап өсүп жатты. Жер жерлердеги шайлоочулар менен жолугушканда да БЭКти негизинен жаштар колдоп, башкаларды дагы бизге добуш берүүгө үндөшкөн эле. Азыр да алыскы аймактагы жаштар байланышып, партиянын программасын, позициясын колдой тургандыктарын айтышып, БЭКтин ишин токтотпоо зарылдыгын белгилеп атышат.
- Ошентсе да БЭК жеңилгенин моюнга албадыбы. Кийинки саясый иш-чарада жеңилүү ызасын тартпаш үчүн кандай аракет жасайсыңар?
- БЭК айрым партияларга окшоп бир шайлоо өнөкөтү үчүн эле түзүлүп ишке кирген жок. Биз мындан ары да ишибизди улантып, программабызды, максаттарыбызды элге жеткирүү жаатында конкреттүү аракеттерди көрөбүз. Ал кандай пландар экени азырынча сыр бойдон калсын.
Даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg,
тел.:38-67-19





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ