mainkaptal
Пользовательский поиск
  Ким кимге шериктеш болот?

"Калыңга" алданба, Өмүрбек!

Жогорку Кеңешке өткөн беш партия ич ара коалиция түзө албай убара. Бир жагында авторитардык бийликтер менен тынымсыз алышып келаткан КСДП менен "Ата мекен" турса, бир жагында улутчул "Ата журт" менен негизинен этникалык азчылыктарга таянган "Ар-намыс" турат. Эки ортодо талашка түшкөн "кыздай" болуп "Республика". Ал каягына бурулса ошол жак парламенттик көпчүлүктү түзөт да, жаңы өкмөт куралмакчы. "Республикачылар" кайсы тарапка оойт?

"Республика" азыр эки жактын көзүн кызартып турганы менен өтө оор тандоонун алдында турат. Анын ар бир кадамы өзүнүн эле келечеги эмес, бүт өлкө тагдыры үчүн болуп көрбөгөндөй мааниге ээ. Угушубузга караганда, Москва "Ар-намыс" менен "Республикага" салган миллиондорунун эсесин чыгарып, бул эки партияны баш коштуруп, аларга "Ата журтту" чаптагысы келип жаткан өңдөнөт. Ошондо даана винегрет болот да, улутчулдар менен аз улуттардын партиясы "бир казанга" асылып, "тузун" чыгаруу үчүн үстүнө "республикачылар" салынат.
Бул комбинация "Республикага" эмне жакшылык, эмне жамандык апкелет?
Жакшылыгы Кремлге жүзү жарык болот, ал жактан алган саясый жана каржы колдоосун актайт. Бирок "Республикага" спикерлик да, премьерлик да пост тийери күмөн. Кулов премьерликке гана ыраазы болот деп "Ар-намыс" алдын ала жар салды. Номур биринчи "ар-намысчы" кыргызча сүйлөй албагандыктан спикерликке да, коалициялык көпчүлүктүн анабашына да жарабайт экен. (Кудая тобоо, 20 жылда эне тил эмес эчен тилди үйрөнүп алса болот да). "Ата журт" болсо мен биринчи келгем деп спикерлик орунду баса жыгылат. Демек, Өмүке Токтогулович коалициялык көпчүлүктүн төрага ордуна ыраазы болушу керек болот.
Талдоо көрсөткөндөй, бул комбинациядан "Республика" жана Бабанов пайдага караганда көбүрөөк зыян тартат. Эки ортодо "кылыктанган кызды" "ата журтчулар" менен "ар-намысчылар" ойда пайдаланып туруп өз муратына жеткен соң таштап коюшу ыктымал деп тили заар журналисттер жазып да жиберишти. Анткени экөөнү тең жалпы улуттук партия деп аташка ооз барбайт. Бири региондук улутчул, экинчиси, этникалык азчылыктардын партиясы экенин дагы кайталай кетейин.
Кыскасы, өлкөнүн бир гана бөлүгүнүн колдоосун алган "Ата журтка" тактикалык кызыкчылыктан улам кошула калып "Республика" өз келечегине балта чаап алышы ажеп эмес. Кантсе да "Республика" өзүн прогрессивдүү партиямын деп жарыялабады беле? Өгүнү эле Бабанов өткөн бийликтин өкүлдөрүнөн куралган партия менен шериктешпейм деп расмий билдирүү жасаганы эсте. Айрым имиштерге караганда, Таластын кыраакы карыялары чыгаан уулу Өмүрбекке эгер өткөн бийликтин "кызыл камчысын" чапкан "Ата журтка" кошула турган болсоң топурагыңды түйүп беребиз деп так кесе эскертишкен дешет. Айтор, "ата журтчулар" менен шериктештиктен "Республика" таза булганып чыкчудай. "Ата журт" демекчи, бул партияны түгөлү менен эч ким чанган жери жок. Анын катарында Ташиев сыяктуу инсандар турганда бир да партия "Ата журт" менен шериктеш болоорун Кудай билет. Демек, "ата журтчулар" ичинен тазалануусу керек болот.
Ошентип Рубикондун кубигин ары-бери аралаштырып отурсак, азыркы кырдаалда эң эле ыктуу комбинация төмөнкүдөй болуп чыкты: КСДП - "Республика" - "Ата мекен". Ушул комбинация Кыргызстандагы бардык тараптардын кызыкчылыктарынын тең салмагын камсыз кыла алат. Мунун өзү тарыхый акыйкаттыктын орношу катары кабыл алынмак. Бир чети өзү колдогон "Республика" партиясы, ошондой эле Орусияга көзү түз КСДП коалициялык көпчүлүктү түзгөнүн көргөн Москванын да көңүлү жай болуп калаар.
Ырас, айрымдар Атамбаев, Текебаев, Бабанов өз ара тил табышы кыйын болот дешет. Өлкөбүз бычактын мизинде турганда жалпы улуттук лидер болом деген үч инсан жеке дымактан кантип эле өйдө боло алышпасын? Бул үч саясатчы 2006-жылы демократиялык реформа үчүн бекем кол кармашып тикесинен тик турбады беле? Демек, КСДПнын демократиялык мектебинен өсүп чыккан Өмүрбек Бабанов саясый жактан бышып жетилген, алыска сереп таштай алган, демократчыл лидер экенине жакынкы күндөрү күбө болобуз.

Сапар БАЙМУРАТОВ




  Сага да, мага да керек

КТРК канткенде оңолот?
Урматтуу кесиптештер!
Бул айтылгандардын ичинен акыркы жобо, башкача айтканда республикалык бюджеттин кандай үлүшү зарыл экендиги - сиздердин жардамыңыздар менен аныктала турган маселе. Өзүңөр билесиңер, каналдын муктаждыктары толтура. Мыйзамды туура иштеп чыгып, кийин парламенттен жакташ үчүн ошол муктаждыктарды адегенде жамаат менен кошо аныктап алышыбыз керек. Кийин коомдук телерадионун алкагында кошумча каналдар ачылабы, жаңы штаттар ачылабы, каражатты үнөмдөөнүн жолдору табылабы - баары бир азыркы жана кийинки муктаждыктар эсепке алынууга тийиш. Байкоочу кеңештин негизги вазийпасы - коомдун кызыкчылыктарын редакциялык жана финансылык саясатта, каналдын кызыкчылыгын парламентте, ал эми жалпы идеянын кызыкчылыгын эл алдында коргой билүү. Биз буга жаңыдан гана үйрөнүп келатабыз. Туура көрсөңөр, силер да бизге ушул жагынан жардам бергиле.
Байкоочу кеңештин курамы, анын жүргүзүп жаткан иши, анын ичиндеги кызыкчылыктар тууралуу буга чейин кандай гана сөздөр айтылган жок. "Сакалдуу десең теке менен сүйлөш, чоң десең төө менен сүйлөш, адам десең мени менен сүйлөш" деп жомоктогу бир бала ханга айткандай, мунун баары өз-өзүнчө карала турган маселелер.
Кеңештин курамында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү биртоп басымдуулук кылганы - кайсы бир жагынан мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени КТРге реформа жүргүзүү маселесин коомчулук абдан катуу көтөрүп жатканда анын формаларын изилдеп, азыркы тандалып алынган, жогоруда сөз болгон форматты биринчи болуп ушулар сунуш кылган. Бейөкмөт уюмдардын негизги иши донор-өлкөлөрдүн программалык саясатына көз каранды болуп жатканы жалаң Кыргызстанга эле таандык көрүнүш эмес. Бул ички демөөрчүлөрү уюмдаша элек, жалпы багытын аныктай элек өлкөлөрдүн жалпы баш оорусу. Болбосо Кыргызстандагы уюмдарга ошондой эле каражат бөлүп, өз элибизге керектүү долбоорлорду ишке ашырам десе биздин байларга, акчалуу уюмдарга ким жолтоо кылды? Араң эле жаны калган айтыш өнөрүн ошондой ички демөөрчүлөрдүн жардамы менен Садык Шернияз жалгыз эле көтөрүп койбодубу?
Башкасын айтпайын, бейөкмөт уюмдарда мен да төрт-беш жыл катары менен иштедим. Кемтигин таштап, керектүүсүн үйрөндүм. Үйрөнгөнүм көп жерден пайдасы эле тийбесе, зыяны тийген жок. Баарынан кызыгы, ошондой иштеги көргөн-билгендеримден улам так ошол жылдары мекенчил, улутчул катары биротоло калыптандым. Демек, мындай уюмдарда иштеген адамдарга мүнөздүү айрым кемчиликтерди эске алалы, бетине айталы, бирок ансыз деле коомчулукта ажырымдар көп болуп аткан азыркыдай шартта бири-бирибизден сөөк өчтү душман издебейли. Алакандай кыргыз элбиз. Эртең эле жүз карашабыз. "Ак саманды жаман деп, чөптү кайдан табасың" дейт. Өлкө башындагы бийлигибиз да, тышта турган коомубуз да, анын ичинде байкоочу кеңешибиз да мезгил кандай болсо ошондой. Биз кетсек бизден жакшылары келет, же бизден начар чыгат деп эч кимисине кепилдик да бере албайбыз.
Көп нерсе биринчи жолу жасалып жаткандыктан, кеңештин ичинде ар кандай пикирдеги адамдар чогулгандыктан башкы директорду шайлоонун тегерегинде бизден да биртоп кемчиликтер кетти, ал үчүн сын уктук. Айтылган сын пикирлердин ичинен туурасы болду, аша чапканы болду, бирок өтө катуу кеткидей биз эр өлтүрүп, эриш бузган жокпуз. Тескерисинче, аздыр-көптүр ийгиликтерге жетиштик. Байкоочу кеңештин талабы менен жаңылыктар саясый реклама багытындагы сюжеттерден бөлүндү. Саясый дебаттар мыйзамдын чегинде өткөрүлүшүнө коомдук уюмдар секундасына чейин көз салып турушту. Бардык партиялардын жарнамаларына кенен-кесири жол берилди. Ушул жаманбы?
Биз сиздердин пикириңерди эсепке алып, силер менен кошо аныктап ала турган дагы бир маселе - бул кийинки келе турган жетекчинин сапаттары. Башкы директордун ордуна мыкты менеджер керекпи, мыкты атуул болушу керекпи же мыкты журналист керекпи? Ал адамдын жамаат менен иштешүүдөгү сапаттары кандай болушу керек? Бизде бул боюнча ушул күнгө чейин бирдиктүү пикир жок. КТРдин реформасы кандай идеалдуу формада өткөн күндө да жамааттагы көп адамдардын жеке кызыкчылыгына түздөн-түз таасир этээрин, андан эч ким качып кутула албай тургандыгын, каршылык сөзсүз болоорун эсепке алышыбыз керек. Коомдук каналдын стандартына жооп бере ала турган адамдар ишинде калып, андай деңгээлге жете албаган, же андай форматта иштегиси келбеген адамдар менен эртедир-кечтир кош айтышууга туура келет. Бирок кандай болгон күндө да корпорациянын эмгек жамаатынын пикирин эсепке алуу маанилүү. Ал пикир да айрымдар ойлогондой же баса көрсөткөндөй бир кылка эмес экендигин бизге келип түшкөн маалыматтар көрсөтүп турат.
Урматтуу кесиптештер!
Коомдук телерадиоберүүнүн иши - мамлекетибизде болуп жаткан окуялардын, көрүнүштөрдүн чакан күзгүсү. Бул тармакты реформалоо - кечиккен сайын кетенчиктей турган, иштеген сайын иликтей турган чоң багыт. Сөздүн түз маанисинен алганда, бул кайсы бир жагынан тарыхый миссия. Эгерде биз калыс, коомдун кызыкчылыгына жооп бере ала турган нукура элдик каналды түзүүгө чындап бет алсак, анда биз саясатчыларга, коомдук ишмерлерге, ар кандай күчтөргө өрнөк болобуз. Туура көрсөңөр, ушул максатта баарыбыз чогуу иш алып баралы.
Ийгилик каалап,
Кесиптешиңер,
Коомдук телерадиоберүү
корпорациясынын
Байкоочу кеңешинин мүчөсү,
кыргыз жараны
Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ