Кыргыз гезиттер архиви

  Күлазык

Борбордогу Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик орус драма театрынын башка театрлардан айырмачылыгы тууралуу жакшы сөздөр айтылууда. Бул театрдын ички абалын, алар жетишкен ийгиликтин сырын билүүгө кызыктык. Театрдын директору Борис ВОРОБЬЕВ мындайча кеп куруп берди.

Борис ВОРОБЬЕВ:
"Биз орус тилинде ойногон кыргыз театрыбыз"
- Убагында депутат да болдуңуз эле, акыркы шайлоодо сизди партиялардын тизмесинен көралган жокпуз?..
- Шайлоого баруу бийликке умтулуу экени жашыруун деле эмес. Партиянын тизмесинин алдыңкы катарына фамилияны коюуга тааныш издеп, принципти унутуп жанталашып аракет кылышат. Партияга кирген кээ бирөө губернаторлук же министрлик кызматты көздөшөт. Мен 35 жашымда депутат болгом. Азыр партияга кошулган депутаттын кандай укугу бар? Алар бирөөгө көз каранды болуп, партияда айтылган сөз туурабы-туура эмеспи аткарыш керек. Антпесе фракциядан чыгарып салышат. Бул жерден өзүңдүн жеке пикириң менен эсептешпей каласың. Кээ бирөө өзүнүн бизнесин сактоо үчүн барып атканы ачык эле көрүнүп турат. Ошондуктан депутаттык мандат мага кызыксыз.
- Сизди чакырган партиялар болдубу?
- Ар кандай сунуштар болду. Апрелдеги революциядан кийин абдан ойлонуп калгам. Бирок, кийинчерээк ал оюмдан баш тарттым. Тилекке каршы, биздин саясатта принцип, нарк, кадыр-барк, абийир, ар-намыс жок экенин көрдүм. Саясатта өз абийирин жогору койгондор бир жыл мурун Максим Бакиевди кандай мактаганын көрүп, интернеттен окуп жүрчүбүз. Ал эми биздеги саясый элита саясатта начар оюнчу экенин көрсөтүп коюшту. Бардык жерде алдамчылык, көз боемочулук. Партия лидерлери Россия, Америкага чейин барып, кемсинип акча сурап, алардын берген садагасын алышат. Алар Кыргызстандын сырткы миллиарддаган карызын жабуу жөнүндө ойлошкон жок. Сырттан карызга алган акча менен келечек муундарды өстүрөбүз деген - демогогия. Бизге инвестиция келет деп күтүп отурабыз. Анүчүн мамлекет кичине салымын кошуш керек. Мындай кырдаалда инвесторлор да келбейт. Ал эми мамлекет миллиарддаган долларларды алып инвесторлорду тартып, үй-бүлөлүк тоноочулукка жол бербесе, анда өнүгөөрбүз. Уурдалган, булганыч акча канчалык көп болсо, мамлекетте ошончолук кан төгүүлөр күч алат. Биринчи, экинчи революцияда да булганган акчалардын артынан кан төгүүлөр болуп кетти. Акча өз милдетин аткарды. Ушулардын баарын көрүп туруп саясатка аралашкың да келбей калат экен.
- Бир кезде жакшы бизнесмен элеңиз, эмне үчүн чыгармачылыкка оодуңуз?
- Жашоомдун нугун өзгөртүүнү чечтим. Анткени бизнеске 1989-жылдан баштап аралаша баштагам. Анда кооперативдер жаңы ачыла баштаган мезгил. Ошол кезде Москва районундагы №2 орто мектепте директор элем. Университеттен дипломумду жактаганда байыркы орус театрынын тарыхын тандап алып даярданган элем. Жандүйнөм театрга жакын болгондуктан учурунда аларга демөөрчүлүк кылып аралашып жүрдүм. 2000-жылы парламенттен кеткенден кийин орус драма театрында өткөн директорлук кызматка сынакка катышкам. Ал жердеги сынактан 86 пайыз добуш менен утуп кеттим. Бирок мени ошол кездеги вице-премьер-министр Б.Силаевдин кишиси көргөндүктөн ыңгайсыз болуп, менин ордума театрда иштеген актер Петуховду директорлукка шайлап коюшту. Мага себебин түшүндүрүшкөн жок. Андан кийин мага кол салуулар болуп, чет мамлекетке барып жашап келүүгө туура келди. Чет мамлекеттен келгенден кийин жандүйнөмө жакын чыгармачылыкты тандап алдым. Адистиги жок болсо эле аны чыгармачыл эмес деп айтууга болбойт, аны түшүнүп, уюштурууга жөндөмдүү болуш керек. Мисалы, тегирмен айланып атса, жанындагы тегирменчини эч ким байкабайт. Анынсыңарындай, театрда иштөөгө абдан ынтызар болдум. Мамлекет театрды союз мезгилинен бери баарын өзү каржылап келген. Ичиндеги жамаатка жетишерлик маяна төлөп, алардын койгон оюндарын уюштурууну мамлекетке жүктөп коюшат. А мамлекет Кыргызстандагы бир нече театрды алдыга сүрөп, тартып кетүүгө мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ар бир коюлган оюн мамлекетке пайда алып келиши керек. Мамлекеттен акча сурап кино тартабыз дегендер да бар. Алар балким сыртка чыгып ар кандай фестивалдардан сыйлык алышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда көрүүчүлөрдү чогулталбай, мамлекеттен алган акчасын кайрып бералбай калышат. Ал эми театрда аз да болсо көрүүчүлөр дайыма келип көрүп турушат. Эки жылдан бери театрдагы көрүүчүлөрдү уюштуруп, анын санын көбөйтүүгө аракет кылдык. Апрелдеги окуядан кийин көрүүчүлөрдүн саны кадимкидей азая түшкөнү байкалды. Эгер өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болсо баягы көрүүчүлөрүбүздү кайрадан тартып алабыз деген ишеним бар. Биздин спектаклдер коммерциялык, рынок шартына карата иштеп атабыз. Мамлекеттен акча сурабай эле өзүбүздүн эмгегибиз менен театрдагы финансы маселелерин чечүүгө аракеттенебиз. Ансыз деле мамлекеттен акча сурагандар көп. Албетте алыскы аймактагы театрларга мамлекет жардам берсе болот. Ал эми борбордо туруп көрүүчүлөрдү уюштуралбай, мамлекеттен акча сураганга болбойт деп ойлойм. Акыркы кезде улам алмашкан министрликтеги чиновниктер телефон чалып өз талабын койгону жагымсыз көрүнүш болду. Ар бир кызматкер өз милдетин так аткарып, бири-биринин ишине жолтоо болбой, жетекчилик баарына ыңгайлуу шарт түзүп бериши керек.
- Мурун сиздин театрдын чыгармачыл жамааты жарыбаган акча алса, сиз келгенден кийин көрүүчүлөр көбөйүп, маяна да кошулганын айтышат…
- Биздин артисттер алган маянасына машина же үй сатып алууга жетишти деп айталбайм. Албетте артисттердин арасында материалдык жактан жетиштүүлөрү бар. Анткени алар өз таланттарын башка жактан да пайдалана алышат. Эртеден кечке ушул жерде отургула деген талап жок. Каалаган убагында келип-кетип иштей беришет. Алар ошол эле учурда шоумен болушат, киного тартылышат, башка жакка сабак берип, орус драма театрынын алдыңкы артисттери катары өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышат. Мисалы, киного тартылса өздөрүнүн баасын айтышат. Биздин эле театрда иштеп жүрүп, кичинекей театр ачып алып, мектептерге, бакчаларга оюн коюп акча табышат. Биз алардын жолун тоспойбуз. Эң негизгиси, бияктагы оюндарды өз орду менен мыкты аткарып берсе болду. Азыр биз эки-үч эксперименталдык зал ачсакпы деп атабыз. Ал залда дасыккан артист, режиссерлор иштешет. Ал эми өз талантын сынап көргүсү келгендер үчүн өзүнчө зал бар. Учурда театрдын сыртында курулуш иштери жүрүп атат. Аны көпчүлүк түшүнбөй кафе салып атат деп ойлошууда. Бул кафе эмес, театр-кабаре. Ал жерде стол, эс алуучу жайлар болот. Кыргызстанда эле эмес Орто Азия боюнча мындай театр-кабаре жок. Мындай театр жөнүндө көпчүлүк унутуп коюшкан. Мисалы, Европада театр-кабаре сакталып калган. Академиялык театрдын жетекчиси катары имаратттын ордун сактап, андан ары өркүндөтүү милдетим. Бирок, ошол эле кезде элге эс алуучу театр-кабарени, андан тышкары дагы залдарды ачсакпы деген максат бар. Сырттан келген көрүүчүлөр каалаган залга кирип эс алып, каалаган оюнун көрүп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө деген ой. Ушулардын баары, театрдын кызыктуу болушу, алдыга өнүгүшү, көрүүчүлөрдү кызыктыруу үчүн жасалган аракет. Бир айдан кийин биздин театрга 75 жыл толот. Бизге дайыма келген көрүүчүлөр бар, аларда билетти ар дайым сатып алууга мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан алар үчүн ар бир айда бекер оюн көрсөтөбүз. Арзандатылган билет сатпай пенсионерлерди бекер киргизебиз. Ал эми сырттан келген башка көрүүчүлөрдүн 200-300 сомдук билети алардын ордун жаап кетет. Ошолордун эсебинен зал дайыма толтура болуп турат.
- Театрдын курулуш иштерине мамлекет тарабынан жардам алдыңарбы?
- Мамлекет тарабынан жардам алган жокпуз. Өз күчүбүз менен куруп атабыз. Кээде карызга алып, ижарадан түшкөн каражатты чогултуп, инвесторлорду тартып, айтор, каражат маселесин өзүбүз чечип атабыз. Кудайга шүгүр, эл арасында кадыр-баркыбыз бар, алардан жардам болуп атат. Воробьев театрдан кетсе да, мен курдурган курулуштар кала берет.
- Башка театрлардан айырмаланып өзүн өзү каржылоого өтөбүз деген демилгени айтып аткан экенсиз?..
- Мүмкүнчүлүгүбүз болсо бир-бир жарым жылдан кийин ушундай чекке жетебиз деп ойлойм. Мисалы, мамлекет тарабынан артисттердин наамы үчүн төлөнүүчү пулду ала беришет. Бирок, бул мамлекеттик мекеме болгондон кийин жылуулук, жарык эсеби ал жактан төлөнүшү керек. Иштеген кызматкерлердин айлык маянасы көбөйсө дагы, мекемени өз күчүбүз менен кармап туруу оор. Себеби азыр театрга ремонт талап кылынууда. Учурда көп театрлар ремонтто же ага муктаж болуп оор абалда турат. Өзүн өзү каржылоо үчүн мамлекетте, министрликте да стабилдүүлүк, кепилдик болуш керек. Анүчүн жок дегенде беш жылга келишим түзүп алышыбыз шарт. Спектаклдерде көрүүчүлөр көп болуп, түрдүү пикир, талкуу жаратса ал жерде финансы да болот.
- Силерде кыргыз жана орус труппасы бар да, ээ?
- Биз азырынча антип экиге бөлгөн жокпуз. Кыргыз театрларынан артисттер келип, келишимдин негизинде иштеп атышат. Негизи, кыргыз театрындагы артисттердин адистик деңгээли жогору. Алардын көпчүлүгү Москвадан, Питерден окуп келишкен. Мисалы, Болот Тентимишевди Гоголдун чыгармаларындагы каармандарды ойноткондо анын улуту кыргыз экени эстен чыгып кетет. Себеби, алар профессионалдуу ойношот. Анүстүнө биз орус тилинде ойногон кыргыз театрыбыз. Андыктан, бул жерде жалаң орустар ойнош керек дегенден алыс болушубуз керек. Орус драма театры бул Россиянын театры эмес. Бизде жалаң эле орус классиктеринин чыгармаларын чыгарып, башкаларга көңүл бөлбөгүлө деген тыюу жок. Андыктан кыргыз, орус, татар, айтор, ар кайсы улуттун кызыктуу чыгармаларын кое беребиз. Ош окуясынан кийин өзбек театрынын артисттери менен жолуктум. Алар өзүбүздүн эрежебиз бар, ошону сакташыбыз керек дейт. Учурда андай эскирген эрежелер сакталбашы керек, анткени мезгил өтүп, элдин мүнөзү, көз карашы, жаштар алмашып атат.
- Чыгармачыл адамдардын ортосунда интрига көп болот. Сиз сырттан да артисттерди алып келесиз, алардын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп кетпейби?
- Бул жерде баары жөнөкөй. Ичтеги маселелерди, көйгөйлөрдү сыртка чыгарбай, келишимдин негизинде так иш алпарыш керек. Атүгүл сырттан келген артисттердин келишим боюнча төлөнө турган акчасы жок болуп калса да, аларга билгизбей бирөөлөрдөн карызга алып, убагында төлөп беребиз. Андан тышкары, бизде илгертен бери калыптанып калган нерсе бар. Наамы бар артист болсо эле ал баарын кыйратат деген болбойт. Эч кандай наамы жок, таланты ташкындаган жаш артисттерге да ишеним артыш керек. Пенсияга кеткен таланттуу артисттер деле иштеп атышат. Бизде 88 жаштагы артист иштейт, ал бизге жүк эмес, тескерисинче жакшы образдарды жаратып берүүдө. Ар бир адам өзүнүн жоопкерчилигин, ордун билсе, интригадан алыс болот деп ойлойм.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА