Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Бириндейин, экиндейин...

Сөздөн бал да, кан да тамат
10- октябрдагы шайлоо күтүүсүз жыйынтык берди. Парламенттик шайлоодо КСДП же "Ата мекен" партиясы алдыга озуп чыгат деп "көзачыктанып" атсак, иш жүзүндө бакиевчил адамдардан куралган "Ата журт" биринчи орунду ээледи. Бул биресе Кыргызстанда гана эмес Орто Азия чөлкөмүндө алгачкы ирет шайлоо таза, акыйкат өткөнүн айгинелесе, ошол эле маалда саясат айдыңында чоң оюндардын башталышына жол ачты. Президент Роза Отунбаева башында турган бийлик парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулбастыгын убада кылган. Алар айтканын толук аткарды.


"Ата мекен" неден жаңылды?
Мына ушул суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып аткан чагы. Анткени ар кыл өңүттөгү сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык "Ата мекен" партиясы дайыма лидер болуп келген. Ошого карабастан сурамжылоолор Өмүрбек Текебаевди "алдап" кетишинин сыры неде? Менимче, Чиркеш аксакалдын уулунун тили менен айтканда, "ата мекенчилердин" саясый банкротко учурашына беш фактор таасир эткендей. Аларды четинен санап көрөлү.
Биринчиден, июнда түштүктө болгон кандуу окуяга азыркы бийликти тикелей күнөөлөгөндөр арбын. Асыресе, Ө.Текебаевдин өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыров менен жең ичинен соодалашкан имиши "Ата мекендин" беделине доо кетиргени калетсиз.
Экинчиден, Өмүрбек мырзанын бийликке келсе алты ай аралыгында өлкө криминалдан арыларын шардана кылышы шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизбей койгон жок. Жөнөкөй мисал. Токтогул районундагы "смотрящийлер" "Ата мекенге" добуш берсеңер көргүлүктү көрөсүңөр таризинде сөөмөй кезеп, көпчүлүктүн буга каш кайтара албашы неден кабар берет? Башкалар кандай ойдо калганын билбейм, жеке мен бу аркылуу Кыргызстанда кайсы топтордун "бийлиги" үстөмдүк кылып жатканын байкадым.
Үчүнчүдөн, шайлоодо ойдогудай жыйынтык алууга агитация орчундуу роль ойнору турган иш. Бул жагынан алып караганда да "Ата мекен" партиясы чабалдыгын көрсөттү. Башкасына токтолбогондо да нече километр кызыл чүпүрөктүн дарактарга байланышы борбор калааны аз жерден мазарга айлантып жибере жаздады. Мындай "гениалдуу" идея кимдин акыл чөйчөгүнөн жаралганын ит билсинби, айтор, кызыл чүпүрөктөр көпчүлүктүн кыжырын кайнатты. Алыскы аймактарды айтпаганда да, борбордо "Ата мекен" партиясынын баннерлери, билборддору анча илинген жок. Ага салыштырмалуу "Ата журт" менен КСДП, "Республиканын" жер жайнаган үгүт баракчалары, бакыйган сүрөттөрү, баннерлери элдин көңүлүн өзүнө бурду.
Төртүнчүдөн, Ө.Текебаевдин командасы түндүктү кыдырганы менен түштүктү толук кыдырганга жүрөгү даабады. "Ата мекенчилер" неге Ош, Жалал-Абад, Баткенди толук кыдырышпады? Эмнеден чочулашты? Же ансыз деле алабыз деп өздөрүнө бекем ишеништиби?
Бешинчиден, "ата мекенчилерге" акыркы сокку Москва тараптан урулду. Россиянын НТВ телеканалы Өмүрбек Чиркешовичтин беделине доо кетирчү тасманы көгүлтүр экрандан чагылдырды. "Кара пиарга" өз убагында реакция жасабагандыгынын натыйжасында Текебаевдин партиясы маалымат "согушунан" уттурду.

"Биз таза шайлоого жол ачтык!"
Утурумдук өкмөт мүчөлөрүнүн (А.Бекназаров, Т.Сариев, А.Атамбаев) телефон аркылуу миллион долларды бөлүшкөнү, кадрларын кызматка кое албай чатакташканы коомчулукта зор талкууну жараткан. "Телефонгейт" чуусунда Алмазбек Атамбаев башкаларга салыштырмалуу суудан кургак чыкты. Ал күнөөсү далилденсе жоопкерчиликке тартылууга даяр экендигин ачык билдирди.
Шайлоо өнөктүгү учурунда КСДП лидери Москвага саякаттап, ал жактан орус премьери Владимир Путинге жолугуп, экономиканы ирдентүү максатында 10 млн. доллар бөктөрүп кайтты. Маалымат каражаттарында бул сапарда Шаршенбай атанын уулу эл камын ойлогон адам катары шөкөттөлүп, жыйынтыгында а кишинин аброю өстү. Көрүнүп тургандай, Алмазбек мырзанын артынан жаман сөз ээрчиген жок. Анда КСДП неге алдыга озбой, бакиевчилерден жеңилди? Мунун себеби бирөө гана. Башында эле аналитиктер, коомдук ишмерлер "Ата мекен" менен КСДП биригиши зарылдыгын баса белгилешкен. Амбициялары башынан ашкан эки лидер биригип, бир туунун алдында шайлоого аттанбады. Анын кесепетин өздөрү гана тартышты.
Улутчул атанган "Ата журт"
Эркин гезиттердин бири "Ата журт" партиясы күнүгө 60-80 миң доллардын тегерегинде каражат сарптап аткандыгын, шайлоонун шайтан оюндарына Нариман Түлеев 500 млн. сом, Камчыбек Ташиев 700 млн. сом кошкондугун ачыктаган макала баскан. Элдин добушун самандай сапырылган акчага сатып алышкан-алышпаганы башка маселе, муну тактоо тиешелүү органдын милдети.
"Ата журт" партиясынын "атамандары" азыркы бийликтин саясатын кескин сындап, оппозициянын терисин жамынганы белгилүү. Алсак, ЕККУ полицейлерин өлкө аймагына киргизүүгө караманча каршы чыгышкан. Мындай демилгени түштүк эли колдоп, натыйжада партиянын бедели жогорулады.
Июндагы улуттар аралык жаңжалда Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, карапайым калк арасында жүрүп упай топтоп, анын убайын парламенттик шайлоодо көрүштү.
"Бригаданын" анабашыларынын бири Камчыбек Ташиев Кыргызстанда күчтүү президенттик башкаруу системасын кайрадан калыбына келтирерин, АКШ авиабазасын өлкө аймагынан кубалап чыгарын, биздин негизги өнөктөш Россия болорун "ferghana.ru" сайтына курган маегинде шардана кылган. Ошо макалада улутчулдук маселесин ачык көтөрүп, Кыргызстанда кыргыздар бийик туруусуна кенен токтолгон. Июнь окуясынан кийин ар бир кыргыздын каны удургуп, намысы ойгонуп турган маалда мындай улутчулдук духту көтөргөн адамдардын салмак ташы артары айтпасак да түшүнүктүү.
Шейшембиде өткөргөн маалымат жыйынында Камчыбек мырза ЕККУ күчтөрү, Ганси маселеси парламентте башка партиялар менен биргеликте чечилерин жарыялады.

"Ар-намыс" региондордон кантип өттү?
Жашырганда не, "темир генералдан" "желим генералга" айланган Феликс Куловдун "Ар-намысы" ЖоКеге келерин эч ким күткөн эмес. Феликс Шаршенбаевичти Кремль ачык колдогонун баарыбыз көрдүк.
Бакиев бийлигинин урашына опол тоодой салым кошкон Т.Сариевдин "Ак шумкары" 5%дык чекти аша албаган шартта "Ар-намыс" партиясынын эч тоскоолдуксуз марага үчүнчү болуп келиши чоң суроону жаратат. Анвар Артыков түштүктөн өзбек электоратынын добушун жыйнаса, Турсунбай Бакир уулу момун мусулмандардын көңүлүн "Ар-намыска" бурду дейли. Калгандарычы? Партияда экс-министр Акылбек Жапаров, экс-депутат Каныбек Иманалиевден бөлөк аттуу-баштуу инсанды кездештирбейсиң. Кыргыз тилин эжелеп сүйлөгөн Куловдун региондордон 5%дык чекти ашып кеткени өтө таңгалычтуу…

Жылдызы жанган Бабанов
Парламенттик шайлоонун тынч аяктаганы биз үчүн чоң жеңиш. Эми андан да маанилүү маселе бар. Өкмөт башчылыгына, ЖК төрагалыгына ким дайындалары азырынча табышмак. Дал ушундай кырдаалда "Республика" партиясы чечүүчү роль ойномокчу. "Республика" кайсы тарапка оосо, ийгилик ташы ошо тарапка оойт. Өмүрбек Бабанов бакиевчил "батальон" менен коалиция түзпөсүн, тагырагы, "Ата журтка" кошулбастыгын кыйытты. "Партиянын программасы биздикине шайкеш келиши абзел. Эң башкысы, Россия негизги өнөктөшүбүз экендигин бизге кошулчу партия билиши керек" дейт ал. Бу өңүттөн караганда, КСДПга көңүлү түздүгүн да кошумчалады. Экөө бириксе деле Жогорку Кеңеште көпчүлүктү түзө албайт. Демек, аларга үчүнчү партия кошулушу керек. Ал "Ар-намыспы" же "Ата мекенби"? Биздин билишибизче, Өмүрбек Текебаев батышчыл, аны Москва жактырбайт. Ал эми А.Атамбаев менен Ф.Куловдун жеке карама-каршылыгы бар.
Коалиция маселесине байланыштуу коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев "ca-news.ru" сайтына чакан маек куруптур. Ал макалада Эсенгул мырза кырдаалдан чыгуунун үч вариантын сунуштаган. Анын пикири боюнча "Республика", КСДП, "Ата мекен" партиялары биригиши ыктымал. "Натыйжада ЖК төрагалыгына Ө.Текебаев, өкмөт башчылыгына Ө.Бабанов дайындалып, А.Атамбаев коалициялык көпчүлүктү жетектеши мүмкүн" деп айтылат.
Экинчи вариантка ылайык, "Ар-намыс", "Ата журт" жана "Республика" партиясы коалиция түзүшү ыктымал экен. Мындай шартта спикерликке К.Ташиев, премьерликке Ө.Бабанов "конушу" мүмкүн. Ал эми Ф.Кулов коалициялык көпчүлүктүн атынан президенттик шайлоого катышат.
Э.Өмүралиевдин үчүнчү жоромолу боюнча КСДП, "Ата журт" менен "Республиканын" биригиши кырдаалды жумшартат. "Мындай вариант бардыгына жагат. ЖК төрагалыгына К.Ташиев, башбакандыкка А.Атамбаев бекисе, Ө.Бабанов келерки президенттик жарышка аттанат" деп коомдук ишмер кебин аяктаган.
Кыскарта чапканда, мамлекетибиздеги абал Украинадагы сценарийге түспөлдөшүп барат. Киевде да кезинде Тимошенко, Ющенко блогу жаралып, ал итжыгылыш менен коштолгон. Анын сыңарындай, биздеги партиялар бир мунасага келип, жаңы өкмөт курамын бекитип ынтымакта иштешсе жакшы. Тескерисинче, ит-мышыктай ырылдаша беришсе, анда эмки жаздан тартып кайрадан нааразычылык акциялары башталат. Эл аларды кетсин деп чыгары турулуу иш.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19



ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования