08.10.10 - 24-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Аягы аңга түшкөн аңгилер

Жакында энесиндей болгон аялды кордогон эки аяктуу айбан изкубарлардын кылтагына түштү. Балким алар арак ичип мас болбогондо мындай акмакчылыкка барбас беле деген ой келет. Ашыкча ичилген арак адамды кандай гана кылмышка түртпөйт.

Кечинде жумуштан чыккан Турсунай (аты өзгөртүлүп жазылды) артынан экөө аңдып келатканын дароо эле сезген. Колунда уюлдук телефондон башка сумкасы бар эле. Сумкасында деле жарытылуу акча жок болчу. Балким сумкамды жула качаар же тоноп кетээр деген кыязда жарыгыраак жер менен басууга аракеттенди. Улам жарыкка жакындаган сайын артынан ээрчиген эки караан да басышын ылдамдатты. Мындайды күтпөгөн Турсунай арышын ылдамдатып жүгүргөндө эле артындагы экөө жетип келип жулмалап калышты.
- Кое бергиле, менде акча жок! - деп кыйкырууга араң жетишти. Бирок сомодой болгон эки жигит бир нече жаш улуу аялды караңгыга сүйрөштү. Күчкө толуп турган жигиттерге туруштук бералбай кыйкырайын деген аялдын оозун жаап, бактын түбүнө алпарышты. Ооздорунан арак буркураган жигит сөрөйлөр эч кеп-сөзгө келбей эле аялды жулмалап, кийимдерин чече башташты. Ошондо гана мени тонойт го деген аял эки аңгинин арам максатын билип, канчалык кыйкырып аларга каршылык көрсөтөйүн деген сайын ошончолук ур-токмокко ала башташты. Жанатан арам ой ойлоп иткумарын кандырып алууну эңсеген аңгилер аялды кое бермек беле. Кийимдерин тытып, жансоогалап кыйкырган аялдын оозун карыштыра кармап, кезек-кезеги менен зордукташты. Караңгыда бизди эч ким көрбөй калды деген кыязда кордолгон аялды ошол жерге калтырып кетип калышты.
Дене-бою ооруп, ордунан араң турган Турсунай эмне кыларын билбей биртопко дендароо болуп турду. Үйүндө күтүп отурган күйөөсүнө эмне дейт, эки баласын кантип карайт. Өзүнөн өзү жийиркенип, кордогон балдарды каргап-шилеп милицияга барууну чечти. Бети көгала болуп, кордолгонун айтып милицияга келди. Дароо эле соттук медициналык экспертизадан өткөрүшүп, изкубарлар үч саатка жетпей көчөдө арак ичип каңгып жүргөн эки аңгини кармап келишти. Жабырлануучу менен кылмышкерлерди беттештирип сурак жүргүзүлгөндө эле Турсунай эки аңгини жазбай тааныйт. Караңгыда бизди тааныбай калды деп ойлогон жигит сөрөйлөр акыры жасаган кылмышын мойнуна алышты.
Алар Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын тургундары. Бири 1986-жылы туулган Дөөлөтбеков Сагынбек, экинчиси 1988-жылы туулган Тургунбаев Замир болуп чыкты. Туруктуу иштеген иштери жок. С.Дөөлөтбеков мурда баңгизат менен кармалып, түрмөгө отуруп чычккан экен. Айылдан бакыт издеп шаарга келип акча таап үйлөнөлү деген ойлору бар экенин жашырышкан жок. Ошол күнү жолуга турган кыздары болжогон жерге келбей, аларды алдап кеткенине кыжырданып, аялзатынан ушинтип өч алууну көздөшкөн экен. Экөө бир бөтөлкө аракты бөлө тартып ичкенде көз байланып караңгы кирип калган эле. Мас болуп, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турганда капысынан караңгыда келаткан жалгыз аялды көрүп, анын кыз же келин экенине көңүл бурбастан эртеден берки ызасын ушинтип чыгарышкан. Эми беш мүнөттүк кумар үчүн темир тор артында он жылдан ашуун убакыт күтүп турары белгилүү.
Бишкек шаардык Октябрь РИИБнин изкубарлары кылмышкерлердин изин суутпай өз убагында таап, алардын иштеринде тергөө жүрүп атат. Ал эми кылмышкерлер менен жабырланган аялдын жаш айырмасы он жети жаш экен. Энесиндей аялды зордуктаган зөөкүрлөрдү түрмөдө эмне күтүп атканы айтпаса да түшүнүктүүдүр.
Назира КУЛМАТОВА





  Туңгуюк

Кагылайын калайык, кандай айла кылам?

Редакцияга баш баккан Шербет АМАНОВА деген айым учурдагы кыйналган жашоосун, жакында жоготкон уулун, тагдырын арман кылып айтып, көзүнө жаш алып отурду. Балким силердин гезит аркылуу бирөө-жарым менин абалымды түшүнүп жардам берер дейт.

- Жашоо-турмуштун айынан кыйналып, кайда барышты да билбей калдым. Мындан он алты жыл мурун Тажикстандагы жарандык согуштан улам төрт балабыз менен качып келген элек. Анда кичүү кызым бир эле жашта болчу. Кантка келип отурукташып, мен базарга нан сатып, төрт баланы жолдошум экөөбүз эптеп багып аттык. 1998-жылы жолдошум Калыбай аварияга кабылып майып болуп калды. Беш жыл ооруп жүрүп акыры жаман дартка чалдыгып көз жумду.
Отуз төрт жашымда төрт балам менен жесир калып, жашоонун кыйынчылыгын тарттым. Мектепке балдарымды окутканга мүмкүнчүлүгүм жетпеди. Мугалим болуп иштеген кошунам балдарыңды окутпасаң болбойт деп атып, кичүү уулумду Дмитриевкадагы балдар интернатына жибертти. Ал жерде балдар бекер тамак ичип, бир кесипти үйрөнүп чыгышат экен. Ошол кезде Шухратулла он жашта болчу. Дмитриевкага барып окуп жүрүп эки айга жетпей үйгө келди. Келсе, оозу кеберсип, өңү кубарып калыптыр. Эмне болду деп сурасам, башын керебетке коюп алып ооруп атат деди. Эртеси күнү окууга жиберейин десем, барбайм деп ыйлап атып араң кетти. Кийинки жолу келгенде баягыдан да жүдөп, эриндери кесилип, өңү жаман болуп калыптыр. Кечинде уктап атканда аны менен чогуу бир бөлмөдө жаткан чоң уулум Аскар түн ортосунда кыйкырып, Шухратулла жаман болуп атат деп мени чакырды. Барсам, эч нерсеси билинген жок. Бирок эртеси күнү кечке маал Шухратулланын эси ооп, титиреп, көздөрү аңтарылганын көрдүм. Эс алганда андан эмне болду деп сурасам, интернаттагы турникке асылып атып жыгылып кетип, башымды оорутуп алгам. Керебетиме келип уктап атсам чоң саксайган бою узун аюудай болгон киши жаныма келди, мен коркуп уктап кетиптирмин дейт. Уулумдун көзүнө эмне көрүнгөнүн билбейм, аябай чочуп калыптыр. Аны доктурларга, табып, молдо бакшылардын баарына алпардым. Атүгүл Тажикстандагы мазарларга алпарып сыйынып да келдик. Бирок эч жардам болгон жок. Психикалык ооруканага жаткырсам үч күн бою врачтардан коркуп, шымын булгап жата бериптир. Ичи да өтүп аткан экен, башка ооруканага которушту. Инфекциялык ооруканадан жакшы болуп айыкканда кайра психикалык ооруканага алып келгиле деген. Бирок ал жакка алпарган жокмун. Себеби, балам ооруканага жатат деп жаңы кийим алперип жиберсем, ал жактан чечинтип, эски, айрылган кир кийимдерди кийгизип, мен алпарган тамактарды да бербей коюшуптур. Ошондон кийин ал жакка жибергим келбей калды.
Ошентип кыйналган күндөр өтө берди. Улуу кызым турмушка чыгып, өз оокатын жасап кетти. Кийинки уулум Аскар бой жетип, иштеп, бизди багып аткан. Сентябрда үйлөнөм деп акча чогултуп, сүйлөшкөн кызына сөйкө салып, жакшылыктын камын көрө баштаганда үйүбүзгө карантүн түштү. Сентябрда боло турган үйлөнүү тоюна иштеп акча таап келем деп Ысык-Көлдөгү Каракол шаарына август айынын башында кеткен. Иштегенине он күн болгондо 12-августта каза болуп сөөгү келди. Көрсө, тоого таш жүктөгөнү чоң КаМАЗ менен беш жаш жигит барышкан экен. Ал жерден унаага таш жүктөп, кайра түшүп келатканда авария болушуптур. Машинанын салонунда уктоочу жерде жаткан Аскар менен дагы 21 жаштагы бала каза болуп, калгандары аман калышты. Бизди жалгыз өзү иштеп, багып аткан уулуман ушинтип айрылып калдым. Баягы, тойго деген камылга уулумдун кара ашына кетти. Азыр он беш жаштагы кызым менен жыйырма бир жаштагы майып балам Шухратулла үчөөбүз жашайбыз. Шухратулла басалбай, атүгүл сүйлөй да албайт.
Майып балам өкмөттөн 2000 сом пенсия алат. Бул акча эмнеге жетет? Эптеп иштеп акча табайын десем, үйдө басалбай араңжан жаткан уулумду кимге калтырарымды билбейм. Баламдын оорусу жаңы башталганда ооруканага көргөзсөк, УЗИге башын тартып, операция кылалы дешкен. Бирок бул операциядан балаңыз дароо көз жумуп калышы да ыктымал, же колу-буту кыймылдабай шал болуп калышы мүмкүн дешкен. Менин жалгыз бой аял экенимди билген доктурлар балаңыз көз жумса андан кутуласыз, ал эми шал болуп калса жалгыз кантип багасыз деп макул болбой коюшкан. Азыр баламдын күнүгө ичкен дары-дармектери да кымбат. Шухратулланы психикалык ооруканага жибербейсиңби дегендер да бар. Балам өз алдынча тамак иче албаса, сүйлөй албаса, алсыз болсо, мен карагандай аны ким бапестемек эле. Ачка болсок да жанымда болсун деп ойлодум.
Азыр жашап аткан Канттагы үйүмдүн мурунку ээси немистер эле. Алар үйдү бизге каттатпай Германияга кеткен боюнча келелек. Учурунда сатып алалбай калганбыз, кийинчерээк келгенде анча-мынча акча алып кетип, силердин абалыңарды көрүп турабыз, үйдү каттатып беребиз дешкен, ошол боюнча өлүү-тирүүсү билинбейт. Менин, жолдошумдун деле бир туугандары Кыргызстанда жашашат. Бирок бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт экен. Элдин баары кыйналган турмушта жашап атышат. Алардын кыйналганын көрүп туруп кантип бир нерсе үмүтөтөм. Жок дегенде уулум Аскар аман болсо бизди эч нерседен кор кылбайт бакпайт беле…
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13