08.10.10 - 18-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Эрлан Андашев жаңы конушка кирди
Эрлан Андашев азыр жаңы эки бөлмөлүү үйгө көчүп кирди. Консерваториянын жанында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен квартира алган ырчы шайлоодон түшкөн каражатына ремонт иштерин жасап, үй эмеректерин сатып алганга киришти. Тапкан-ташыганын жакындарына жумшаганды жакшы көргөн Эрлан айылдагы апасын туулган күнү менен куттуктап келгенге да үлгүргөн. Апасы заказ кылган кымбат кактусун сатып берип көңүлүн көтөрүптүр.


Санаам саясатта эмес, шайлоодо
Саясатчылар шайлоо деп чуркап жүрүшсө, Айдин Шер ыр жаздырып, костюм тиктирип жеке концерттин камын көрүп жүргөн чагы. Акыркы жолу "Жараланган турналар" тасмасында башкы ролду аткарып жаңылык жасаган ырчынын сахнанын босогосун аттаганына үч жылдан ашып, репертуары кеңейгенсип калыптыр. Концертке келген коноктор жаңы дуэттерге, Айдиндин акыркы эмгектерине күбө болушат. Ырчы жигит азыр шайлоо тынч өтүп, жүрөктүн үшүн алып бүткөн башаламандыктар болуп кетпесе экен деп чочулап турган кези.


Кол ойноткон Айым
Жаш музыкант кыз Айым РУСЛАН кызы Венгрияда өткөн сынакта башбайгени жеңип алды. Өзү он жашта болгонуна карабай чопо чоор, комуз, сыбызгы, кыяк, скрипка, ооз комузда ойной алат. Алты жашында чопо чоордо ойногонду өздөштүргөн Айым көп өтпөй эле башка музыкалык аспаптарды колуна кармаган. Айымдын талантын байкаган мугалимдер аны колдоп, өспүрүмдөр арасында өтүүчү эл аралык Белоруссия, Франция, Армениядагы сынактарга катыштырышкан. Айым Руслан кызы учурда Бишкек шаарындагы №4 музыкалык мектепте сабак алат. Бош убактысында скрпика, комузда ойноп талантын өркүндөтүү менен алек.


"Автордук ишимди баштайм"
Шайлоонун үгүт иштеринен калбай "Ар-намыс" партиясы менен Кыргызстандын болгон булуң-бурчун кыдырган Зарина Хасанова азыр капчыкты кампайтып алып эс алып жаткан кези. Эки жума куурай башын сындырбай эс алууну чечкен Зарина кийинки аптадан баштап ишин улантат. "Зарина Хасанова менен Про Live" берүүсүн кайрадан жандандырат. Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдардын жашоосун кенен чагылдырган берүү эл тарабынан жакшы кабыл алына баштап кийин жок болду эле, буюрса Зарина Хасанова көрүүчүлөрдү кайрадан кубандырам деп турат.


Тып…тып…тып…
Бир да партия менен иштешпей, ден соолугуна кам көргөн куудул, тамада Жаныбек Алыкулов азыр Токтогулда эс алып жүргөн кези. Учурда тойлордо алпаруучулук кызмат менен күн кечирип келет.
???
Бегимай Эсенгулова жаңы ырлардын үстүндө иштеп, клип тарттыруу менен алек. Жакында эле Бакыт Байсариевдин бий студиясына жазылып, бий үйрөнүүгө киришти.
???
Азыр кайсы ырчыга байланышпа, шайлоонун үгүт иштери менен жүргөнүн айтышат. Алардан стили жана жүргөн-турганы менен өзгөчөлөнгөн рэпер Тата Улан учурда чыгармачылыктан да, башкасынан да убактылуу тыныгуу алды.
???
Шоумен Бакыт Букаевдин тойлордон колу бошобой көпчүлүктүн кубанычына ортоктош болуп жүргөн маалы. Өз уулу Байкөлгө да жакында жентек той өткөрүүнү пландап жатат.

***
Өткөн айда ээнбаш балдардан таяк жеп оор жаракат алган ырчы жигит Махмуд бейтапканадан чыгып үйүнө келди. Кан көп кетип кыйналгандыктан, азыр үй шартында дарыланып жатат.




Беканын беделин теледен көрөбүз
Кылган ишиңдин коомго пайдасы тийсин деген ураан менен жакшы эле урунуп-беринип келе жаткан Бека өзүн телевидение тармагында сынап көрүүнү чечти. Тактап айтканда, коомдук телеканалдын жаштар студиясында эмгектенип жатат. Көптөн бери кызыгып жүрүп өзү телевидениенин босогосун аттап жумуш сураган. Азыр коомдук телеканалдын "ашканасын" изилдеп, маалыматты кантип чогултуп көрүүчүлөргө тартуулаш керек экенин үйрөнүүдө. Автордук берүүсүн ачам деп изденип жаткан учуру. Чыгармачылыктан биротоло кетпейт, бирок азыр жаңы жумушуна кызыгып, ырчылыкты бир аз артка жылдырып койду. Беканын эми теледен багы ачылып кеткиси бардыр.


Тилегенова Тилеги менен алек
Ырчы Үмүт Тилегенова экинчи уулун жарык дүйнөгө алып келип, азыр наристеси менен алышып отурат. Баласына Тилек деген ысым ыйгарып, кыркылыгын чыгарып туугандар арасында чакан той өткөрдү. Үмүт Тилегенованын Борбор Азиядагы Америка университетинде иштээри айрымдарга маалым болсо керек. Азыр ал жумушунан декреттик эс алуу алып, бирок чыгармачылык жактан эс алган жок. Шайлоо бүтөрү менен репертуарын жаңыртып, жаңы ырлардын үстүндө иштейт.


Капчыгы кампайган Нуриса
Ырчыларга шайлоодо жакшы эле каражат табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, Нуриса Абазова да элден четте калган жок. Үгүт иштеринен тапкан акчасын кайда, кантип жумшасам деп кудуңдап турган учуру. Жакында эле Күмөндөр Абыловго таандык "Кыздын сыры" деген ырын ырдап чыгып, акыркы чыгармаларына клип тарттырууну пландап жатат. Алгач өзүнө ырымдап үй тиричилигине тиешелүү техника алып, калган акчасын чыгармачылыкка саларын билдирди.


Даярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА