08.10.10 - 15-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шайлоо-2010

"Республика" саясый партиясынын эл арасында аброю күндөн-күнгө жогорулап, анын шайлоо алдындагы экономикалык программасы жалпы колдоого алынып жатат. Партиянын 17-сентябрда Бишкектин "Спартак" стадионунда 25 000 адамдын катышуусу менен өткөн ири иш-чарасына Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова да катышып, "республикачылардын" сыйлуу коногу болду. Элибиздин гимнине айланып калган "Кыргыз жери" ырын ырдап чыккан Саламат эже жолугушууга келгендердин жүрөгүн дагы бир ирет толкутуп, патриоттук сезимдерди ойготту. Өз сөзүндө ал партия лидери Өмүрбек Бабановго алкышын билдирип, атанын татыктуу уулу боло алганын айтты.

Кыргыз эл артисти Саламат САДЫКОВА:
"Республика" жеңиши керек!"
- Саламат эже, сизди элибиз улуттук маданияттын өнүгүүсүнө зор салымын кошо алган ишмер катары, ошону менен бирге кайсы бийлик болбосун акты ак деп, караны кара деп ачык-айкын айта алган, өзүнүн жеке, кимдир бирөөдөн көз каранды эмес позициясы бар инсан катары жакшы тааныйт. Учурда өлкөдөгү саясый абал күндөн-күнгө курчуп, парламентке аттанып жаткан партиялардын арасында кызуу күрөш жүрүп жатат. "Республика" партиясы элдин ишенимине ээ боло алганын көптөгөн сурамжылоолор тастыктоодо. Бул партия жөнүндө сиздин да пикириңизди билсек?
- Бул партия тууралуу менин пикирим абдан эле жакшы. Ага карата чоң үмүтүм бар десем болот. Анткени Өмүрбек Бабанов жетектеген "Республика" партиясынын катарында лидери баш болуп өз ишинин майнабын чыгара алган адистер, кыргыздын эли, жери үчүн чын жүрөгүнөн жалындап турган, зор түшүнүгү бар, аң-сезими бийик жаш инсандар көп. Эгер бул партия парламенттен басымдуу орун алып кала турган болсо, мамлекетибиз чоң утушта гана болоруна ишенем. Себеби, депутаттыкка аттанып жаткан талапкерлердин кимиси болбосун бир нерсе жасасам, элиме пайда алып келсем, сынганды бүтөсөм деп умтулуп жатканы колдоого татыйт. Мына, мисалы, Өмүрбек жаштайынан өз киндигин өзү кесип, заманга жараша бизнести тың өздөштүрө алган мыкты менеджер.
- Сиз "Республиканын" лидерин бала кезинен билээриңизди айтып калдыңыз эле...
- Ооба, Өмүрбекти мен кичинесинен билем. Себеби, ал туулуп өскөн Аманбаев айылына жаш кезимде келин болуп баргам. Анда ошол айыл жайгашкан "Россия" колхозун Өмүрбектин атасы Токтогул Бабанов аксакал башкарып турчу. Колхоз ал кезде атагы алыска кеткен миллионер чарба катары белгилүү эле. Аны ийгиликтүү башкаруу менен катар Токтогул Бабанов чыгармачыл адамдарга да зор колдоо көрсөтүп келер эле. Эсимде, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 50 жылдык мааракеси союздук деңгээлде өткөрүлүп, тойдун аш-суусун толугу бойдон көтөргөн ошол адам болгон.1980-жылдарда Таласта элдик театр ачылып, анын алдында "Жылдыз" ыр-бий ансамбли уюшулган. Өлкө жетекчилиги тарабынан ал зор көзөмөлгө алынып, камсыздандырылып, борбордон не бир сонун сахна костюмдары тигилип барчу. Ошондо сахнадагы негизги деп эсептелген эки артисттин бири мен болчумун. Борбордон барып бизге сабак өтүп, азыркы тил менен айтканда "мастер-класстарды" уюштурган эл артисти, профессор Султан Юсупов, бий койгон агайыбыз Асылбек Бегалиев сыяктуу адамдарды тосуп алып, алардын иштешине ыңгайлуу шарттарды түзүп берген да Токтогул Бабанов эле. Кыскасы, Талас жергесине барып калган кандай гана деңгээлдеги болбосун, чыгармачылык чөйрөсүндө жүргөндөрдүн бардыгы ошол адамдын төрүнөн сый-урмат көрүп, ыраазы болуп кетишээр эле. 1982-жылы Польшада өткөн эл аралык фестивалга барып катышуубуздун каржылоо жагын да ал өзү чечип берген эле. Ири чарбаны башкарып туруп, экономикага да, маданияттын өнүгүүсүнө да зор салымын кошкон Өмүрбектин атасын мен ар дайым пейили кенен, колу ачык, көсөм адам катары эстеп калдым. Сырткы келбети ички дүйнөсүнө жараша келген, жайык төш, толумдуу, алибеттүү адам эле. Өмүрбек Бабановду мен буга чейин деле телевизордон көрүп, ал жөнүндө укканымда атанын баласы деп алкай берер элем. Элдин батасына татыган, ишбилги, атасынын жолун жолдоп кете алган Өмүрбек сыяктуу уулдарыбызга колдоо көрсөтүшүбүз керек деп эсептейм. Элибизде "Бала атадан же кем, же ага тең, же Кудай берип салса атадан артык болуп төрөлөт" деп коёт эмеспи. Өмүрбек Бабанов болсо анык атага тең, баралына келгенде, эл-журт батасын берсе атадан артык бир азамат болот деп ишенем.1976-77-жылдары, эсимде, Токтогул Бабановдун өзүнүн 50 жылдык тою болуп, борбордон ыраматылык Орозбек Кутманалиев аксакал баштаган жоон топ конок барды. Ошол заңгыраган тойго мен да насип буюруп катышып калдым. Көз алдымда турат, анда Өмүрбек кичинекей бала эле. Ал кезде саналуу гана адамдар жете алган жапон магнитофонун кучактап көтөрүп алып, бир чети мактанып, бир чети эркелегенсип, ары-бери чуркап жүргөнү эсимде. Ансайын биз таң калып карап калабыз, карачы деп. Мына ошол бала бүгүн минтип эл-журтту алдыга жетелейли, коомду өстүрөлү деп жакшылардын арасында акыл калчап турат. Бир үйдүн жалгыз эрке баласы болуп, барчылыктын далдаасында ал башка тарапка ооп кетсе деле болот эле да. Андай болбой минтип, коомго пайдамды тийгизейин деп тарбия-таалими келишкен азаматтын нускасын көрсөтүп жатат.
- Шайлоого саналуу гана күн калды. "Республика" партиясына кандай каалоо-тилектериңиз бар?
- Чынында эле азыр партиялардын саны абдан көп болуп кетти. Алдыдагы шайлоодо эки-үч партия утушка ээ болсо, ошолордун негизгилеринин бири "Республика" болушу керек деп эсептейм. Өмүрбектей чыйрак, бул жашоодо өз позициясында, принцибинде бекем турган, өзүнө-өзү ишенген адам эч убакта коомго зыян келтирбейт. Өмүрбек Бабанов башында турган, артында далай жигердүү адамдар жандап келаткан "Республика" партиясына кенен, жемиштүү, ырыстуу, байсалдуу сапар каалайм!




  Биз "Республика" партиясына ишенебиз

"Республика" саясый партиясы туурасында азыр Кыргызстанда кеп кылбаган адам чанда болсо керек. Айтылган пикирлердин басымдуу бөлүгү партиянын келечегине ишенип, анын экономикалык программасын жактырып, үмүт арткан пикирлер. Алардын бир катарын бүгүн окурмандардын назарына бурмакчыбыз.

Адылбек Береналиев, отставкадагы полковник, Алматыдагы аскердик жогорку командалык башкаруу училищесинин, Россия Федерациясынын генералдык штабынын
Жогорку Академиясынын,
Жорж Маршал атындагы америкалык стратегиялык изилдөөлөрдүн борборунун бүтүрүүчүсү, афган согушунун ардагери, ал жерде десанттык аскерлердин чалгындоо күчтөр бөлүмүнүн жетекчиси, "Кызыл Жылдыз" орденинин эки жолку ээси:
- Биз "Республика" партиясына чоң ишеним артып турабыз. Алардын элдин алдына чыгып айткан сөздөрү, программасы биздин өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жакшы иштерди жасай тургандыгынан кабар берип жатат. Булар жакшы өзгөрүүлөрдү жасарын эл күтүп турат. Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов өзү таза, бирөөнүн же өкмөттүн акчасын өзүнө алып, эч качан сөзгө калган адам эмес. Маңдай тери менен каражат таап, өзү көтөрүлгөн жигит. Ошон үчүн өлкөнү да ушундай жигиттер деп көтөрөт деп ойлойбуз. Себеби, партиянын катарында өздөрүн-өздөрү бутка тургузган, иштеринде ийгиликке жеткен уул-кыздарыбыз бара жатат.
"Республиканын" программасындагы айтылып жаткан дыйкан-фермерлерге берүүгө ниеттенип турган кредит, турак-жай алуу үчүн бериле турган тогуз пайыздык кредиттер, чынын айтканда көпчүлүк үчүн үмүт жаратып жатат. "Республикачылар" ушуларды ишке ашырса, элдин, шайлоочулардын ишенимин актайт деп ойлойбуз. Шайлоолор теңчилик, адилет, ачык өтүп, эч кандай чыр-чатактардын болбошун каалайм. Биздин колдоочулардын мээнетин, шайлоочулардын добушун өлкө президенти эч кимге тепселетпейт, шайлоонун таза болушуна аракет кылат деп ишенебиз.
Эгер шайлоо кампаниясы таза өтсө, "Республика" партиясы утат деп ойлойм. Себеби бул партияны тандагандар көп. Учурда канча партиялар калк арасында биртоп кадыр-баркка жетип, ишенимге ээ болуп бара жатышат. Демек, шайлоочу татыктуу партияны тандап жатат.

Миталип Мамытов, академик, III даражадагы "Манас" орденинин кавалери, КР илимге эмгек сиңирген ишмери, КР эмгек сиңирген дарыгери, профессор:
- Кыргызстан жана биздин жарандар оор кырдаалда турушат, бизге тынчтык жана туруктуулук керек. "Республика" партиясы башкалардан айырмаланып, биринчи кезекте экономикалык көйгөйлөрдү чечет, себеби өзүнүн экономикалык программасы бар. Ушул партиянын лидерлеринен мен кимдерди көргүм келет?
Келечекте элибизди ок менен атпаган, мекенибизди, жерибизди башкаларга сатпаган, эл биримдигин бийик сактаган, эл ишеничин актаган, адамдарды көргүм келет.
Биздин өлкөдө бийликтин партиялары башкарууга келишкен, бирок, эч бир жакшылык алып келе алышпады. Мен бул партияга ишенем. 2010-жылдын 10-октябрында ар бирибиз жүрөгүбүз менен тандоо жасайбыз деп ишенем. Алдыдагы шайлоодо "Республика" партиясы биринчи орунга жетишин каалайм.
Жамал Үмөталиева, академик:
- "Республика" партиясынын мага жакканы - алар жаштардын партиясы. Булар көп нерсени ачык айтып жатышат. Анүстүнө партиянын лидери Өмүрбек Бабанов тотугуп калган саясатчы. Ал 2006-жылы жаңы Конституция кабыл алынганда, күйүп-бышып жети күн митингдин башында жүргөн. Ошон үчүн бул баланы сыйлайм жана ийгилик каалайм. Алар жаш, утушсун, парламентке келишсин. Бул жерде жаш болсо да Өмүрбек Бабановдун авторитети абдан чоң. Дагы бир жолу ийгилик каалайм. Партиянын катарында дагы бир кызыбыз - Роза Акназарова бар. Ал өсүп келе жаткан илимпоз, доктор, профессор, көп монографиясы бар. Мен билгенден абдан эмгекчил адам. Андан сырткары, бир катар мамлекеттик кызматтарда иштеп келди. Андыктан парламентте мыйзам талаасынын бир жагын чойгон депутат боло турган кызыбыз.
Шайлоолор жакындап келе жатат. Жакында эл өзү каалаган партиялар үчүн Жогорку Кеңешке добуш берет. Мен "Республика" партиясын башкалардын ичинен арбын добуш алууга татыктуу партия деп ойлом жана аларга ийгилик каалайм.
Назым САМАГАНОВ