24.09.10 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шайлоо-2010

Кинорежиссер
Актан АРЫМ КУБАТ:
"Партиянын "катарында иштеп "жатканымдын өзү "да чыгармачылык"

Белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын "Свет аке" тасмасы жакында Россиянын Анапа шаарында өткөн КМШ, Латвия, Литва жана Эстония мамлекеттеринин "Киношок" XIX ачык фестивалында эки сыйлыкка ээ болуп, олжолуу кайтты.
Маалымат бере кетсек, "Киношок" автономиялуу коммерциялык эмес уюму Россия Федерациясынын өкмөтүнүн, Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин аткаруу комитетинин, Россия Федерациясынын маданият жана массалык коммуникациялар министрлигинин колдоосу менен Краснодар крайынын админстрациясынын маданият жана кинематография боюнча федералдык агентствосу, Анапа курорт шаары, бул - КМШ, Латвия, Литва жана Эстония мамлекеттеринин ачык фестивалын уюштуруп келет. Фестивалдын негизги максаты - кинематографтардын бардык жанрларында иштеген, өз чыгармачылыгы менен руханий, эстетикалык жаңылануу баалуулуктарын даңазалаган таланттуу кинематографиянын үлгүлөрүн, улуттук маданияттын бирдиктүү мейкиндигин сактап калуу. Ошондой эле КМШ, Латвия, Литва жана Эстония мамлекеттеринин кинематографисттеринин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү жана улуттук киноискусствону жайылтуу болуп эсептелет. Биз бул фестивалда аталган сыйлыктарды бөктөрүп келген режиссерго жолугуп, ат жалында маек курдук.


- Актан мырза, акыркы кезде сиздин "Свет аке" тасмаңыз биртоп кинофестивалдардан олжолуу кайтууда. Жакында эле эл аралык "Киношок" фестивалында эки сыйлыкка ээ болуп келиптирсиз?
- Бул сыйлыктын өзгөчөлүгү - көрүүчүлөр эмес, киносынчылар тарабынан жогору баалангандыгы болду. Алар тасманын мазмунуна, сапатына, эстетикасына карашты. Бул Анападагы абдан престиждүү сыйлык - кино таануучулар жана кино сынчылар гильдиясынын берген баасы болду. Кинону изилдеп жүргөн уюм, адистер баа берип сыйлагандан кийин, демек бул тасманын бийиктиги.
Ал эми мен үчүн күтүлбөгөн сыйлык - "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" номинациясын алгандыгым болду. Себеби, тасмада мен өмүрүмдө биринчи жолу актер катары ойнодум эле да. Бир чети таңгалыштуу, бир чети жагымдуу болду (күлдү). Мен чындап келсе, Свет акени ойногондугум жок, болгону экранда жашап жаттым. Себеби бул кырдаал, бул образ мага тааныш, ал эми башка образдарды актер катары жарата албайм го деп ойлойм.
- Актан мырза, биздин окурмандырыбыздын көбү "Свет акени" толук көрүшө элек. Бул тасмада эмнени айтып, эмнени берейин деп ойлодуңуз эле?
- Свет аке адамдарга, бул дүйнөгө, жашоого жарык алып келген жөнөкөй эле монтер. Бул - түзмө-түз маанисинде электр эле эмес, философиялык жактан алганда да жарык алып келген киши. Анын элге бекер электр алып келсем деген максаты болот. Шамал менен электр энергиясын иштеп чыккан станцияны жасап жүрүп, аягында күйүп калат… Фильмде бир учур бар. Андан "сенин жакшы долбоорлогон чиймелериң бар экен, аларды бирөө жарымга көрсөттүңбү" деп сураганда, Свет аке бир нече адамдарга көрсөткөндүгүн, бирок, ага назар деле салышпай, кайдагы бир апенди катары баалагандыгын айткан жери бар. Мындай жарык, адамдарга жакшылык кылайын деген кишилер биздин арабызда, ар бир айылда бар. Бирок, биз аларды баалабайбыз, элес албайбыз, атургай апенди деп мамиле кылабыз. Менин каарманым Свет акенин адамдарга жакшылык, жарык маанай алып келген ушундай миссиясы бар.
- Сиз азыр "Республика" саясый партиясынын алдыңкы сабында жүрөсүз, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерсиз. Саясатка аралашып кетипсиз, чыгармачылыгыңызга таасирин тийгизбейби?
- Жок, менин чыгармачылыгыма терс таасирин тийгизбейт. Эгер жакшылап алып караганда, партиянын катарына кирип иштеп жатканымдын өзү да чыгармачылык. Себеби ар бир иште чыгармачылык жок болсо, ал кызыксыз болуп калат. Мен сүрөт тартып жүрүп режиссерлукка өткөндө да ушундай суроо беришкен. Ал кесибим унутта калган жок, азыр деле кошо алып жүрөм. Өзүңдүн оюң ишке ашса, ал чыгарма. Мен саясатка аралашып калсам, ал деле чыгармачылык деп билем, ошондой кабыл алам.
Биздин партиянын да Свет акедей болуп өлкөгө жаңы өсүш, жарык маанай, жакшылыктарды алып келүү максаты бар.
Назым САМАГАНОВ
Материал "Республика" партиясынын шайлоо фондунан тапшырылды жана каржыланды.




  Кандуу жекшемби

Тажикстан окуясы бизде кайталанбайбы?
Өткөн жума соңунда Тажикстандын Рашт өрөөнүндө өкмөттүк аскерлер түшкөн эки унаага кол салуу болду. Расмий бийликтин маалыматына караганда, андан 23 аскер курман болуп, ондогон адам оор жаракат алган. Ал ортодо "Азия плюс" агенттиги 40ка чукул адам окко учкандыгын, анын ичинен бешөө офицер чининде экендигин, дагы ондон ашуун жоокер түрдүү жаракатка тушукканын жарыялады. Тажикстандын коргоо министрлиги муну "террордук чабуул" сыпатында баалап, ири кан төгүүгө мурдагы талаа командирлери Абдулло Рахимов менен Аловаддин Давлатовду айыптады. Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Фаридун Махмадалиевдин айтымында, чабуулду уюштургандардын арасында Ооганстан, Чеченстан жана Пакистандан келген жанкечтилер да бар.


Каргаша маалында тажик президенти Эмомали Рахмон Нью-Йоркто БУУнун саммитине катышып жүргөн. Ал өлкөсүндөгү кандуу кагылышты угуп күч органдарына буга карата тез чара колдонууну тапшырып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.
20-сентябрдан тарта окуя болгон аймакта коменданттык саат киргизилди. Ага ылайык, кечки саат 8ден таңкы 6га чейин көчөгө чыгууга тыюу салынат.
"Террордук чабуулдан" көп өтпөй мурдагы оппозиция согушкерлеринин айрым "атамандары" мындай көрүнүштү кескин сынга алып, өздөрүнүн буга эч кандай тиешеси жоктугун баса белгилешти. Алсак, кезинде жанкечтиликтин атасын таанытып, учурда тынч жашоого өткөн Олим Одилов интернет сайттардын бирине кенен маек куруп, Рашттагы коогалаңдын артында кимдер турарын билбестигин айткан. "Буга биздин тиешебиз жок. Алигиче кандуу жекшембинин чыныгы жүзү ачыла элек. Ага катыштыгыбыз болсо эчак эле качып кетпейт белек?" дейт ал.
Жаны бекем жанкечти
Окуянын негизги каарманына айланган Абдулло Рахимов тууралуу түрдүү имиштер айтылат. Анын өлүү же тирүү экендиги талаштуу маселе. Такталбаган маалыматка ылайык, Абдулло эчак эле чын дүйнөгө аттанган. Маселен, душанбелик талдоочу Саймуддин Дустов өзүнүн жоромолун "Азаттык" үналгысына мындайча билдирген: "Менимче, молдо Абдулло жөнүндө айтылып жүргөндөрдүн көпчүлүгү миф. Ал Тажикстанга, коңшу Кыргызстанга деле кандайдыр бир коркунуч туудурбайт. Ал качан эле өлтүрүлүп, көмүлгөн болуш керек". Эске салсак, А.Рахимов 1992-1997-жылдагы жарандык согуш убагында бириккен тажик оппозициясынын лидерлеринин бири болгон. Тажик бийлиги менен оппозициянын ортосунда жетишилген тынчтык келишимине карабастан, ал баштапкы позициясынан тайган эмес. Жергиликтүү сот БУУнун алты аскерий байкоочусунун өлүмүнө Рахимовду жан-жөкөрлөрү менен кошо айыптаган. Кийинчерээк ал Ооганстанга журт которуп, "Талибан" кыймылы менен ысык алака түзгөн. Арадан бир нече жыл өткөн соң, былтыр 100дөй жоокеринин коштоосунда мекенине кайткан имиш.
Молдо Абдуллонун тирүүлү-гүнөн кабар берген бир маалымат бар. Кыргызстандын УКК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев апрель айында экс-ханзаада Максим Бакиев Дубайда ислам демократиялык кыймылынын (ИДУ) лидерлерине жана тажик оппозициясынын анабашы А.Рахимовго жолугуп сүйлөшүү жүргүзгөнүн шардана кылган. "Үч тамганын" учкай кабарына ишенсек, ИДУ Кыргызстандагы кырдаалды татаалдаштырууга көмөктөшүп, анүчүн "эмгек акысына" 30 млн. доллар алган. Мындай ири каражатты кичи Бакиев төлөгөн.
Расмий Душанбе А.Рахимовду Рашт өрөөнүндө бөгүп жатышы ыктымал деп божомолдойт. Арийне, аталган өрөөн менен Кыргызстан чектешпейт. Болгону тоо аркылуу өтүүчү жолдор бар. Буга байланыштуу мамлекеттик чегара кызматынын (МЧК) экс-төрага орунбасары Кубанычбек Сарыбаев "Азаттыкка" "Былтыр ошол эле молдо Абдулло Рашт өрөөнүнүндө 150дөй согушкери менен Кыргызстанга наркозат киргизүүгө аракеттенип жатат деген маалымат тараган. Быйыл ошол ойлору барбы, жокпу? Ушуну караш керек" деген кыска пикирин билдирген. Буга байланыштуу МЧК чукул чара колдонуп, Баткен облусундагы кооптуу чегара тилкелерин күчөтүлгөн тартипте күзөтүп аткан кези.
Тажик өкмөтү тегин жерден молдо Абдуллону Рашттагы окуяга айыптап жатпаса керек. Анүстүнө жогоруда токтолгондой, биздин экс-президенттин кичүү уулу А.Рахимов менен байланышып, өлкө аймагына башаламандык уюштурууну көздөгөнүн кыргыз бийлиги деле танбайт. Эми ошол жанкечтинин парламенттик шайлоого аз убакыт калганда Тажикстанда кезектеги чабуулун уюштурганы нени каңкуулайт? Мунун залакасы бизге тийбейби? Ансыз деле өзүбүздүн ички абалыбыз туруксуз болуп турганда Абдуллого окшогон исламчыл лидерлер Кыргызстанга кол салбас бекен? Же Рахимов баштаган исламчыл топтор апрелде Максим Бакиевге берген убадасын эми чындап жүзөгө ашырганы калдыбы? Мындай кооптуу жагдайды алдын алууга Отунбаева өкмөтүнүн дарамети жетеби?

Нурканбек КЕРИМБАЕВ