mainkaptal
Пользовательский поиск
Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда?
Көп жылдардан бери Прагада жашап, өлкөдөгү саясый окуяларды тыкыр талдап келаткан белгилүү журналист Эсенбай НУРУШЕВ жакында Кыргызстанда болуп кайтты. Ал киши менен учурдагы саясый кырдаал тууралуу ой бөлүштүк

"Кеп башкаруу системасында эмес, саясый элитада"

- Эсенбай ага, сыртта жүргөн атуул катары Кыргызстандагы саясый кырдаалга кандай баа бересиз?
- Сырткы көз караш менен караганда өлкөдөгү окуялар башка өңүттөн көрүнөт. Маркстын "акыл-эс дайыма болот, бирок ал дайыма эле акыл-эс формасында көрүнбөйт" деген кеби бар. Кыргызстандагы саясый чөйрөдө улуттун акыл-эси акыл-эс формасында көрүнбөй жатат. Азыркы жагдайдын бардыгы ушундан улам келип чыкты.
- Өтө оор окуяларды баштан кечиргенине карабай Кыргызстан парламенттик башкарууга бет алды. Буга көз карашыңыз кандай?
- Октябрдагы шайлоонун биз үчүн өзгөчө чоң чечүүчү мааниси бар. Эгер шайлоону чыр-чатаксыз өткөрүп, эл аралык уюмдар ага адилет, таза баа берсе анда Кыргызстандын кадыры жогорулайт. А кокус баягыдай эле чыр болуп, көчө толо митинг болсо өлкөбүздүн дүйнө өлкөлөрүнүн арасындагы аброю азыркыдан да төмөндөөрү турган иш. Анда саясый кырдаал кыйындап, өлкө үчүн өтө оор акыбал түзүлөт. Ошондой эле бул шайлоо кыргыз саясый элитасынын эл, мамлекет үчүн канчалык деңгээлде күйүп-бышарын аныктай турган сыноо. Жеке өзүм түпкүлүгүндө парламенттик системанын киргизилишине каршы эмесмин. Бирок дүйнөдө өлкөнү алдыга чыгарып, өнүктүрүп жибере турган бир дагы идеалдуу система жок. Кептин баары саясый элитанын өзүндө. Анын сапаты кандай болсо башкаруу системасы да, улут да ошондой болот.
- Демек, биздин кыйраткан деле саясатчыбыз жок турбайбы?
- Вебердин "саясатчынын эки түрү бар, бири саясат үчүн жашайт, экинчиси саясаттын эсебинен жашайт" деген аныктамасы бар. Бизде саясат үчүн жашагандар аз, аларды саясаттын эсебинен күн көргүсү келгендер сүрүп ташташты. Алардын бизнеси, башка кызыкчылыктары да ошол саясатта болуп калды. Ишкерлерге, бизнесмендерге саясатта эмне бар? Алар ошончо эле акчасы ашып баратса завод куруп, ишкана ачып, элге жумуш орундарын түзүп берсин. Ошол аркылуу байып, жаңы технологияларды алып келсин. Ушинтип элге кызмат кылса деле болот да. Мындайча айтканда, бизде бийлик менен байлык ажыратылбай турат. Ошон үчүн бизнесмендердин баары бийликке умтулуп жатат. Аларды саясатчы деп атоого болбойт. Саясатта адистешкен саясатчылар гана болушу керек.
- Мисалы?
- Мисалы, Американы алалы. Эки жүз жылдан бери ал жерде президенттик башкаруу. Азыр дүйнөгө демократиянын, экономиканын алдыңкы үлгүлөрүн берип жатат. Кытай парламенттик, президенттик, супер президенттик башкаруусуз эле коммунисттик башкаруу менен өнүгүп келатат. Кичинекей Сингапурду алалы. Эч кандай байлыгы, өнөр жайы жок туруп 15 жылдын ичинде өнүккөн, индустриялдуу өлкөлөрдүн катарына кошулду. Байларынын саны жагынан алдыда. Бул өлкөнү 1964-жылдан бери бир гана партия жетектеп келатат. Дүйнөлүк уюмдар басма сөз, адам эркиндиги жагынан Сингапурду акыркы орунга коюшат. Бирок коррупциянын жоктугу, чиновниктердин тазалыгы, өкмөттүн компетенттүүлүгү жагынан дайыма биринчи орунда аталып жүрөт. Бул жерде мыйзам мыкты иштейт, катаал мыйзамдары да бар. Биздин эгемендүү болгонубузга жыйырма жыл болду. Швейцария, Сингапур болобуз деп ага караандабай койдук.
- Буга балким президенттик башкаруу себепкер болгондур?
- Маселе башкаруу системасында эмес, элди башкарган негизги элитанын өзүндө болубатат. Айрымдар Европа өлкөлөрүнүн көбү парламенттик системада болгондуктан өнүгүп жатышат дешет. Бул болбогон кеп, туура эмес көз караш. Европада парламенттик система эки кылымды өзүнө камтыган ар кандай оош-кыйыштардан соң калыптанды. Европаны Европа кылган башкаруу системасы эмес, акыл жана технология болду. Экөө өнүккөндөн кийин гана парламенттик система өнүктү. Калыптангыча бул система Батышка эмне деген гана ачуу сабактарды бербеди. Ошол эле парламенттик системанын тушунда Италияда Муссолини, Германияда Гитлер чыкты.
- Аныңыз туура, бирок парламенттик башкаруу президенттикке караганда демократияга жакын эмеспи…
- Чынын айтсам, биз азыр демократия эмне экенин жакшы түшүнө элекпиз. Демократия десе эле мекендештер элдик башкаруу деп түшүнүшөт. 1945-жылдан кийин Карл Поппер демократиянын концепциясын карап чыгып, демократия элдин башкаруусу эмес, мыйзамдын башкаруусу деп өзгөрткөн. Мына азыр ошондой демократияга таянып иш кылгандарда ийгиликтер жаралып жатат. Анан кыргызга парламенттик башкаруу кирип калса эле өнүгүп кетебиз деген жөн гана куру кыял. Парламенттик системанын бир жагы, анда плюрализм көп болушу керек. А биздин коом плюрализмге даяр эмес. Анткени ойчулдар илгери эле плюрализм бир улутту бир нече улутка айлантып салат деп айткан. Ошондуктан элди, улутту бөлүп-жарбаган тартип, эреже керек. Бизде азыр мындай маданият жок. Экинчиден, плюрализм - бул акыл-эстин жарышы. А бизде азыр акыл-эстин эмес, акылсыздыктын жарышы болуп жатат. Ким оозуна эмне келсе ошону оттоп, аны элге таңуулап киришти. Өткөн президенттик башкаруулардын жыйынтыгын эске алганда парламенттикке багыт алганыбыз туура. Бирок муну акырындык менен ишке ашырышыбыз керек болчу.
- 2005-жылы өлкөдө 82 партия болсо, бүгүн ал дээрлик эки эсе көбөйүп 145 партия пайда болду. Бул Кыргызстандын өтө саясатташып кеткенинен эмеспи?
- Айрымдар бизде партия көп, бул анык демократия деп жүрүшөт. Бул демократия эмес, болгону партия оорусунун күчөгөндүгү. Демократиянын деңгээли эч качан партиялардын көптүгү менен аныкталбайт. Анүстүнө Кыргызстандагы партиялардын сапатын карасак бири-биринен айырмасы жок. Партиялар өлкөнү өнүктүрөбүз деп ураан көтөрүшкөнү менен биринин да өнүктүрүү механизми жок. Анан алар кантип мамлекетти алдыга жылдырат? Азыр экономиканы көтөрүш үчүн алгач илим, технология керек. Илим, технология келсе аны менен кошо маданий, саясый капитал да кошо келет. Ошол аркылуу эл бир нерсе үйрөнөт. А бизде андайлар жок. Дегеле, саясый партия деген эмне? Европада кезинде партияларды эл менен бийликтин ортосуна кыпчыла калган саясый шайка деп аташкан. Азыркы заманда болсо партия саясый системанын негизги институту болуп калды. Бирок негизги институт деп эле жамырата бербей, ошолордун сапатына карашыбыз керек. Өнүккөн өлкөлөрдө жайнаган партия жок. Саналуу гана үч-төрт улуттук партиялар бар. Алсак Германия, Британияда болгону үч-төрт, Америкада ири эки партия гана бар. А бизде болсо бир-эки киши биригип партия түзө коймой илдети пайда болду. Болуптур, түзүшсүн. Бирок ошончонун ичинде жалпы улуттук деп атай турган бир да партия жок болуп жатпайбы. Ыдыраган 145 партиянын ордуна, үлкөн улуттук үч-төрт партия болуп, алар ар кандай платформада туруп, бири-бирине атаандаш өнүгүү программаларын сунушташса дурус болмок. А бизде андай болбой эле белимчилик кылган партиялар көбөйүп кетти. Бул бизге пайда бербейт.
- Эсенбай ага, саясат демекчи, Батышка салыштырмалуу бизде саясый күрөшүү маданияты барбы?
- Менимче, жок. Батышты коюп Египеттен бир мисал айтайын. Эки-үч жыл мурун бул өлкөнүн мунай бургулоочу скважинасында кырсык болуп бир адам көз жумду. Ошол эле күнү Египеттин мунай министри өз ыктыяры менен кызматынан кетти. Батышта кайсы бир чиновник туура эмес сүйлөп алса ал катасын түшүнүп саясаттан кетет. А бизде андай болбой жатпайбы. Мына бир эле Азимбек Бекназаровду алалы. "Казакстандын пансионаттарын тартып алабыз, Американын базасын чыгарабыз, Үзөңгү-Куушту кайрып алыш керек" деген билдирүүлөрдү таратты. Эми төө кыядан өтүп кеткенден кийин мындай билдирүүлөрдүн зарылчылыгы барбы? Зарылчылыкты айтпаганда деле, эл аны жаңы өкмөттүн багытын аныктап жаткан адамдардын бири катары кабылдады. Анан ошол адам өзүнүн бөгүн бөктөй албай жатып, бирөөнүн чигин чиктеп киргени жоопкерчиликпи? Адегенде өлкөдө тартип орнотуп, элди тынчытып алып, андан соң эл аралык иштерге киришиш керек да. Өкүнүчтүүсү, бизде мындай саясатчылар көп. Экинчиден, саясый элитада жоопкерчилик жок. Саясатчылардын кайсы бир демилгеси, программасы ойрон болуп калганда Батыштагыдай саясаттан, кызматынан кетейин деген ою болбойт. Бир кезде Акаевди, Бакиевди элге таңуулаган саясатчылар азыр деле эч кандай жоопкерчиликти, ар-намыс, уятты билбей эле чуркап жүрүшөт. Бул саясый күрөшүү маданиятынын, жоопкерчиликтин жоктугу.
- Кыргызстанды бир кезде демократия аралы деп аташты эле. Өлкөдөгү басма сөз деңгээлине кандай баа бересиз?
- Демократия аралы деген баа Батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу берилген насыя баа болчу. Азыр биз демократиядан таптакыр тетири бурулуп кеттик. Ачыгын айтсам, кыргыз мамлекети демократияда эмей эле, анархияда турат. Демократия менен анархиянын ортосунда айырма бар. Ошону билбей эле анархияны демократия деп жатабыз. Мындайча айтканда, биз демократияны түшүнө албадык, аш кыла албадык. Басма сөздүн акыбалы деле ушуга байланыштуу болуп атат. Кыргыз журналистикасынын өзүнчө бир мектеби алигиче калыптанган жок. Бир караган адамга кыргыз журналистикасы жаңыдан калыптанып, каймактап келаткан деңгээлде тургандай түшүнүк калтырат. Азыр эч кандай факты жок эле имиштерди, дейт экендерди жазып жатабыз. Ачыгын айтсам, Батыштын "желтая прессасы" кыргыз тилинде чыгып жаткан гезиттерден алда канча жогору турат. Ушундан улам бул жагынан аксаган жактарыбыз көп десек болот.
- Азыр Кыргызстан Америкага ыктай албай же Россияга ыктай албай кыйналып турат. Кай жагына ыктаса дурус болот деп ойлойсуз?
- Кыргызстан бирөө менен жоолаша, тиреше турган күчтүү мамлекет эмес. Ошондуктан коңшулаш өлкөлөр менен да, ири державалар менен ымалашып, алардын кызыкчылыктарын өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызга пайдалана билишибиз керек. Сөзсүз эле бул тарапка ыкташыбыз керек деген саясат болбойт. Өлкөнүн эл аралык иштерди тутунган өзүнүн жеке позициясы болушу зарыл. Азыр бир тараптуу өнүгө албайбыз. А тигил же бул өлкөнү колдоо маселесин өз кызыкчылыктарын көздөгөн айрым кыргыз чиновниктери чыгарып жатышат.
- Ошол кыргыз чиновниктеринин башын аял президентибиз бириктирип турат. Роза Отунбаеванын президент болушуна кандай карайсыз?
- Чынында бул прогрессивдүү жакшы көрүнүш. Муну колдойм. Эркектер президент болуп эмне кыйратышты? Эгер президент өзүнө бекем болуп, туура иш кылып кетсе жакшы. Бирок айланасындагылар эртең аны сатып кетишпесе деген кооптонуу бар. Анткени Акаевдин да, Бакиевдин да түбүнө тегерегиндегилер жеткен.

Маектешкен
Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ