24.09.10 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сөзалгы


Эмнеге эле ар бир революциядан кийин КТРди коомдук телерадиого айландыруу маселеси көтөрүлөт? Бул чындап эле аталган маалымат каналын коомдук кылууга жасалган аракетпи же мунун артында кимдир бирөөлөрдүн башка максаты барбы? Негизи сөз болуп жаткан маалымат каналын пайдалангандардын 80 пайызы элеттиктер. Биз билгенден эл аны коомдук кылып бергиле деп эч кимге кайрылган эмес. УТРК жамаатынын да массалык түрдө коомдук болмокчубуз деп талап койгонун уга элекпиз. Чындап демократиянын принциптерине таяна турган болсок, анда жамаат менен көрүүчүлөрдүн пикири эске алынышы керек эле. Анда бул каналды коомдук кылууга кимдер кызыкдар? Эгер бул канал коомдук болсо эл, мамлекет мындан эмне утат? Ушул жана башка суроолор боюнча аталган телерадио каналында мурда-кийин иштеп кеткендердин жана учурда анда эмгектенип жаткандардын пикирин чагылдырып турууну эп көрдүк.

"Улуттук" деген сөздү жоюунун артында эмне турат? Же УТРК КТРК болгондон ким эмне утат?
КТРК атайын долбоорлор редакциясынын башкы редактору Түгөлбай Казаков:
"Адегенде журналисттердин мойнунан чынжырды алышпайбы"
- Түгөлбай мырза, 1992-1993-жылдары КТРди жетектеген адам катары айтсаңыз, дегеле коомдук телеканал деген эмне?
- Былтыр бизге Америкадан Рикки деген айым келип коомдук телекөрсөтүү боюнча консультация өткөн. Анын маалыматы боюнча Америкада коомдук телекөрсөтүү мамлекет тарабынан каржыланат. Бирок ал каражат конгресстен бөлүнөт. Алар мамлекет деген элдин, башкача айтканда, коомдун акчасына жашайт, андыктан ал акча коомдук телеге да жумшалыш керек деп эсептешет. Англияда, Германияда деле коомдук телекөрсөтүүнү мамлекет каржылайт. Бирок ар кими ар түрдүү жол менен. Мисалы, Би-Би-Сини каржылоодо мамлекет сыналгыларды сатууда белгилүү бир сумма кошуп, аны аталган каналдын эсебине которот. Бул эми каржы маселеси.
Жана айттым, АКШда коомдук телени конгресс каржылайт деп. Бирок конгресстин алдында көз карандысыз кеңеш бар. Акча биринчи ошол кеңешке келип түшүп, анан конгресс коомдук телеканалдын чыгымдарын каржылоо менен бирге ошол коомдук каналда иштеген журналисттер менен саясатчылардын же мамлекет жетекчилеринин ортосунда дубал болуп, негизинен журналисттердин укугун коргойт. Мисалы, Американын президенттери деле журналисттерди жаман көрөт. Биздин президенттер да журналисттерди сүйүп турган эмес. Баса, Америкада элге "кимге ишенесиңер, президенткеби, конгресскеби, өкмөткөбү же коомдук телекөрсөтүүгөбү" деген сурамжылоо жүргүзүшкөн экен. Анда элдин басымдуу бөлүгү "коомдук телекөрсөтүүгө ишенебиз" деп чыккан. Мындай ишеничке кирүү үчүн коомдук телекөрсөтүү чындап эле элдин мүдөөсүн, көйгөйүн айтыш керек эмеспи.
- Бизде эл ишенген коомдук телеканал түзүүгө болобу?
- Биринчи бийлик кыргыз телерадио каналын кычыратып кармаган бойдон кетти. Экинчи бийлик да ошондой кылды. ЭлТРди коомдук телекөрсөтүү кылып түздүк деген менен аны коомдук кылбай эле өкмөттүк телеге, болгондо да жаман бир көчүрмөсүнө айлантып салышты. Бул эмнеден болуп жатат? Кыргызстанда коомдук телеканал түзүү үчүн биринчи, бийликте отурган адамдар өздөрү психологиялык жана саясый жактан даяр болуш керек. Мисалы, экранга баланчаны чыгарбагыла, түкүнчөнү чыгарбагыла деп коюп, кайра коомдук болгула дешсе, анда бул эки жүздүүлүк. Чыныгы коомдук телекөрсөтүү түзгүсү келсе, анда президент баш болуп, өкмөт мүчөлөрү, парламент, айтор телефондон буйрук бере тургандардын баары келип, "биз силерди коомдук телеканалга айланттык, силер журналистиканын эл аралык нормасы менен иштегиле, ар бир саясый окуяга, маалыматка же түштүктүн окуясы сыяктуу конфликттүү маселелерге эки тараптуу мамиле жасагыла, бийликти айтканда да оппозицияны айтканда да бир тараптуу болбогула" деп айтыш керек. Менимче, булар эч качан минтип айтпайт. Сыртынан Америкага жакшы көрүнүш үчүн эле коомдук телеканал бололу деп түзүлүп, бирок натыйжада ЭлТРдин тагдырын кайталап калабызбы деген коркунуч бар. Америка Кыргызстандагы ар бир телефонду кайтарып отурбайт да, ким теленин чоңдоруна буйрук берип жатат, ким Ак үйдөн кыйкырып жатат деп. Эгер түзсөк ошондой фундаменталдуу маселелерди чечип алып, анан буга аракет кылсак болмок. Ошондо бул жерде отурган башкы директор да, байкоочу кеңеш да эки оттун ортосунда күйбөйт.
Биздин кыргыз бийлиги тээ компартия учурунан бери эле элге бирди айтат, бирок башка нерсени жасайт. Мисалы, Акаев деле башкасы деле бизде сөз эркиндиги, пикирлердин плюрализми бар деп айтып келбедиби. Бирок иш бөлмөсүнө кирип алып телефон менен таптакыр башка буйруктарды берип жатышпайбы. Мына ошол 90-жылдарда эле Масалиевди, Усубалиевди, Аманбаевди чыгарбагыла деп кыйкырып отурушчу. Эсимде, мен жетекчи болуп турганда алар тыюу салган адамдардын бирин экранга чыгара коебуз деп Акаевдин балээсине калганбыз. Кийин Бакиевдин учурунда да "Азаттык" жабылып, оппозицияны чыгарбагыла деп тыюу салынып турду. Мындай көрсөтмөлөр түздөн түз президенттин кийлигишүүсү менен ишке ашат.
Эми бул бийлик келгенден кийин Жекшенкулов экранга чыгып кеткен экен, эмнеге чыгарасыңар муну деп кыйкырып атышат. Анан ушул бийлик коомдук телеканал түзгөнгө даярбы? Кеп журналисттерде эмес. Алардын колунан эки тараптуу пикирди берүү келет. Бирок, биринчи алардын мойнундагы чынжырды алыш керек да. Бийлик эл алдында ачык-айкын биз эч кимге саясый көрсөтмө бербейбиз деп милдеттеме алыш керек. Ошондон кийин гана бизде коомдук телеканал болот деп айтсак болот. Антпесек Америкадан, эл аралык уюмдардан кредит алабыз деп Акаевден бери келаткан ооруну кайталап, анан быяктагы саясый оюндарды кайра баштагандын кереги жок. Эгер мурдагылар кайталанса, анда биз дүйнө коомчулугунун алдында эки жолу шерменде болобуз. Биринчи жолкусунда ЭлТРди коомдук телеканалга айлантабыз деп убада берип алып, бирок ал мамлекеттик канал боюнча калбадыбы.
Учурда мамлекеттин бир эмес эки телеканалы бар. Эми УТРКны ЭлТРдин көчүрмөсү кылып түзүүнүн кереги жок. Бул бир. Экинчиден, азыр бул каналга ар бир партия өз кишисин койгонго жанталашып жатат. Ал партия Кыргызстан боюнча мыкты кишилерди тандап келип кызматтарга коелу деген жок. Тактап айтканда, бир да партия өзүнүн корпоративдик кызыкчылыгынан өйдө көтөрүлө элек. Эгер партиялар мамлекеттик кызматтарга өзүнүн мүчөлөрүн, тууган-уругун гана коем десе, анда биз бул системадан баш тартышыбыз керек. Себеби азыркы партиялардын баарынын мүчөсүн жыйнасаң 100 миңге жетпейт. Ал эми Кыргызстанда 5 млн. калк бар. Анда эмне, кайсы бир партияга мүчө эместердин келечеги жокпу? Же элдин баарысы тең кайсы бир партияга кириш керекпи? Мындай болбойт. Мисалы, Америкада элдин баары эле кайсы бир партиянын мүчөсү эмес. Бирок ал жерде бийлик менен оппозициянын, бийлик менен коомдун мамилеси таптакыр башка. Мына ушундай чоң маселелер бар.
- Биз сөз кылып жаткан телерадио каналын каржылоо маселеси тууралуу эмне дейсиз?
- Телекөрсөтүүгө акча көп кетет. Ал мамлекеттик бюджеттен которулат. Бирок ал каражаттын көпчүлүгү теленин өзүнө эмес, анын продукциясын элге жеткирген РПО РМТР деген бар, ошого кетет. Мен 1992-жылы сунуш кылгам, ушул РПО РМТР менен телерадио каналынын чөнтөгүн бириктириш керек деп. Башкача айтканда, өкмөт бир чөнтөгүнөн алып анын көп бөлүгүн экинчи чөнтөгүнө кайра салып алгандай кылган болбойт. РПО РМТР каалаган учурунда тарифти көтөрө берип, телерадио ыйлактап өкмөттөн акча сурап отурат. Азыркы күнгө чейин ушундай. Бул экөөнү бириктириш керек. Мисалы, Түркмөнстанда ошондой. Экөө бир система болсо өзүн өзү жебейт да. Мындан миллиондогон каражат үнөм болот.
- Дегеле, коомдук теленин жакшы жактары барбы?
- Бизге ошону айтып бере турган киши жок болуп жатпайбы. Себеби биздин шартта аны жасап көрө элекпиз да. Анан отуруп алып эле теориялык жактан какшай бергенден пайда жок. Ошондой жасаган жакшыбы, анда жасап жаткандар анын жакшы экенин далилдесин. Эгер жана айтып кеткендей, бул жөн гана саясый оюн болсо, анда аны баштап да кереги жок. Коомдук теле түзүлүп жатканда да "улуттук" деген статус алынды. Так ушул маселе да бир чоң чырдын башы болчудай. Менин жеке пикиримде, эгер коомдук теле өзүнүн мыкты формасында түзүлсө анда жакшы. Бирок биздин Кыргызстанга келген нерселердин баары эле дин же демократия сыяктуу бузулуп кетет.
Мирлан Самыйкожо, кыргыз радиосунун башкы редактору:
"УТРКны биз коомдук кылган жокпуз, кылышты..."
- Жамаат менен болгон байкоочу кеңештин курамынын жолугушуусунда аларды "силер кой терисин жамынган карышкырга окшошуп атасыңар" деп айтыпсыз. Эмне үчүн?
- Анткени байкоочу кеңеш менен биздин кесиптештерибиздин ортосунда оркойгон айырма болуп, ажыдаардын арсайган азуусуна кирип бараткандай коркунуч байкалып турду. Себеби байкоочу кеңештин курамындагылардын көпчүлүгү кыргыз дүйнөсү менен көп иши жок, башканын колтугуна баш катып, алардын акырынан жем жегендер экендиги кесиптештерибиздин кежигесин тырыштырды.
- Бул байкоочу кеңештин курамына болгон эле коркунучпу же "коомдук" болушуңар дагы кошумча болдубу?
- "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдамак беле" дегендей, коомдук болбосо кашайгырдын кеңеши кайдан түзүлмөк эле. "Улуттук" деген улуу баш кийимибизди чечип ыргытып, койнубузду кең ачып, ошол "койкойгон" "коомдук" деген кементайды кийип атканыбызда болуп жатпайбы...
- Жеке өзүңүздүн КТРК болууга көз карашыңыз кандай?
- Негизи УТРКдагы кесиптештерибиз анык айдатма, ээрчиме. Алдына салып айдап алса айдалып кете берген, ээрчитсе ээрчип кете бере турган кой оозунан чөп албаган бир бечараларбыз. Бул айтканыма арданбай эле коюшсун, анткени көнүп калганбыз. Ким кайдан келсе ошонун ырын ырдап, 5-каналдан келсе андан үйрөнүп, 6-каналдан келип калса ага да көнүп, ЭлТРден келсе ээрчип, "Азаттыктан" келсе 600 пайыз "азаттыкка" айланып, аман-эсен эле жашай беребиз. Эми коомдукту деле биз кылган жокпуз. Кылышты. Ойлонгон деле жокпуз. Анткени улутубуз кайсы, каадабыз кайсы баарын унутуп, укугубуздан ажырабаганыбыз менен ар-намысыбыздан ажырап баратпайбызбы.
- Коомдук болгондон кийин улуттук телерадио бирөөнүн менчигине айланып калбасына ким кепилдик бере алат деп ойлойсуз?
- Эч качан бирөөнүн менчиги болбойт деп ойлойм. Эгер бирөөнүн менчиги болуп кетсе, эки жолку бийликти алган эл келип КТРКнын күлүн көккө сапырып, өрттөп кетишет. Биздин чочуганыбыз кыргыздын нарк насилдерин, көрөңгөлүү таланттардын чыгармаларын бергенге орун жетишпей, алтын казынабызга таштанды челектей мамиле кылып калабызбы деген ой кетет. Эгер андай болуп кетсе, кыргыздын чыгармачыл интеллигенциясы байкоочу кеңештин курамындагы Кадыркул Өмүркуловдон, Жедигер Саалаевден, Жыргалбек Касаболотовдон жооп алат.
(Уландысы кийинки санда. УТРК боюнча өз оюн айткысы келгендерге эшик ачык)
Зайырбек АЖЫМАТОВ, тел.: 38-67-19, zairajimatov_76@mail.ru