17.09.10 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Партияңды айтчы...

Жандоочу кийик аттырат
(Уландысы, башы өткөн санда)

Макаланын мурдагы бөлүгүндө айтып өткөндөй, саясый технолог бардык тармакты чемичкедей чага билиши керек. Анын ичинде шайлоо кампаниясына байланыштуу үгүт иштерин кандай өңүттө жүргүзүү зарылдыгын да политтехнолог аныктайт. ЖоКе жарышка карата көчөлөргө жер жайнаган плакаттардын илинишин, гезит беттеринде асмандагы айды алып берчүдөй макалалардын басылышын жана көгүлтүр экрандагы шилекей агызган роликтерди карап отуруп кайсы партиянын акыл кошчусу күчтүү экендигин баамдоого болот.
Бүгүнкү күндө эл бийлик структурасына жаңы адамдардын, жаңы жүздөрдүн келишин каалайт. Дал ушул көйгөйдү "Республика" партиясы түшүнгөндөй. Себеби аталган партиядагы жети берендин сүрөтү тартылган баннерлерди борбордун ар кыл бурчуна жайнатып, астына "жаңы адамдар, жаңы кадамдар" деген ураанын бакыйта жазып коюшкан. Бу дагы политтехнологдордун коомдогу кырдаалды жакшы анализдегенинен кабар берет.
Энергетика наркын эпсиз жогорулатканынын айынан Бакиев бийлиги кулады. Отунбаева өкмөтү жарыкка болгон бааны мурдагы калыбына келтиргени менен, жакында энергетика министри Осмонбек Артыкбаев "ильич шамынын" баасы кайрадан өсөрүн кыйытты. Мына ушундай урунттуу учурду "республикачылдар" колдон чыгарбаптыр. Партияны айга-күнгө теңеген роликтерде энергетиканы өз наркында элге жеткирүүнү убада кылышары баяндалат. Бул тармакты жакшы билген адистердин эсептөөсү боюнча 1 кВт/саат электр энергиясынын өздүк "куну" 6,6 тыйын. Демек, Өмүрбек Бабановдун командасы парламентке келип калса, электр жарыгын 72 тыйындан 6,6 тыйынга чейин төмөндөтөт турбайбы? Муну "Республиканын" программасын аныктаган саясый технологдордун өтө ашынып кеткендиги катарында бааласак болот. Анткени карапайым калк "ильич шамы" дээрлик 12 эсеге арзандаарына ынанышы күмөн. Ал эми реалдуу жашоодо энергетика төлөмүн 6,6 тыйынга түшүрүү мүмкүн эмес. Менин айткандарымды дасыккан адистер деле тастыктап берет. Убадага турбаган саясатчылардын, бийликтин арымы алыска барбастыгын көрбөдүкпү. Демек, Өмүрбек Токтогуловичтин "акылмандары" 10-октябрда мөрөй алууну гана көздөбөстөн, партиянын келечегине да кам көрсө жакшы болмок.
Мурдагы режим тыңчыкмаларынан куралган "Ата Журт" партиясынын маалымат бөлүмүн тележурналист Нышанбек Кочкоров жетектерин эшиттик. Жеке булактардан агып келген маалыматка караганда, "ата журтчулар" үгүт иштерин шайлоого он күн калганда күчтөндүрүшөт экен. Буга Бишкекте "бригадачыл" партияны мактап-жактаган плакаттардын анча көзгө илешпегендиги күбө. Болгону борбордун көчөлөрүндө "Мы вернули в Бишкек Тулеева" деп бадырайта жазылган экс-мэр Нариман Ташполотовичтин маңдайындагы эки кашка тишин көрсөтө жылмайган сүрөтү гана илинип турат. Эми бу аркылуу "Ата Журттун" саясый технологдору кандай ойду билдиргиси келгенин жоромолдогонго аракет кылалы.
Ташполот аксакалдын уулу шаар башчылыгын аркалап турганда бишкектиктердин көңүлүнө жагарлык иштерди жасаган. Мындан улам, 7-апрель окуясынан кийин анын жактоочулары Түлеевди кайрадан мэрликке "конушун" талап кылып чыгышкан. Май айындагы тополоңдун натыйжасында экс-чиновник белгисиз тарапты көздөй сызып, ошо бойдон мекенине сентябрдын башында кайтты. "Ата Журт" партиясы "Биз Түлеевди Бишкекке кайтардык" деген сөзү менен Нариман мырзанын катарында бардыгын эске салып, бу аркылуу борбор калаадан арбын добуш жыйноону көздөгөндөй чамасы.
Жакшылап баамдаган адамга "Ак шумкар" менен "Ата Журттун" иштөө ыкмасы окшоштой туюлат. Не дегенде "Ак шумкардын" тизмесинде 2-орунда турган Абдыганы Эркебаевдин сүрөтү кичи мекени Алайда эле илинген. Абдыганы Эркебаевичтин сүрөтү борбордун бир да жеринде жок...
Экс-премьер Феликс Куловдун "Ар-намысында" "моторлук" милдетти ким аткарарын так билбейбиз. Арийне бир-эки фактыдан улам "темир" генералдын политтехнологдорунун курамында ар кыл улуттагы адамдар бар экендиги таасын байкалат. Маселен, "Ар-намыстын" катарына "Дыйкандар" партиясы кошулгандыгын кабарлаган тасмада азык-түлүк коопсуздугун сактоого басым жасалган. Ушул фактор Феликс Шаршенбаевичтин кыргыздын жай турмушун жакшы түшүнгөндүгүн эмес, "Дыйкандардын" Куловдун партиясына үлкөн салым кошуп, элет көйгөйүн ачып берүүгө кыргыздын чыныгы саясый адистери тартылгандыгын тастыктайт. Ошого эле удаа "Кыргызстан обондору" үналгысында "Ар-намыс" партиясына байланыштуу суроого бир эле киши кыргызча, калган 4-5 адам орус тилинде сайраганы - Куловдун командасында чет эл саясый технологдору жортуп жүргөнүнөн кабар бербейби, ыя? Кыргыз тилинен да орус тилине басым жасашы - бу партиянын аброюна доо кетирбес бекен?
Политтехнологдордун саясат айдыңыңдагы таасири тууралуу кепти ушуну менен токтотсок. Гезитибиздин келерки санынан тартып партиялардын үгүт иштери, эмблемасы, партия мүчөлөрүнүн түшкөн сүрөттөрү кандай маанини билдирерин адистердин пикиринин негизинде жарыялай баштайбыз.




  Ат жалында маек

Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук ишмер:
"Шайлоо 1-2 жылга жылышы ыктымал"
- Парламенттик шайлоо кандай мүнөздө өтөт деп ойлойсуз?
- Октябрдагы саясый өнөктүк абдан курч маанайда өтөт. Шайлоо таза, акыйкат болбосо чатак чыгып кетиши ыктымал. Менин оюмча, аны алдын алуунун жападан жалгыз жолу бар. Анүчүн, алдыңкы эки партия - "Ата Мекен" менен КСДП биригиши керек. Мунун аркасында башаламандыктарды токтотууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жогорудагы эки партияга Темир Сариевдин командасы кошулганда андан да жакшы болмок.
- Партиялар кошулбасачы?
- Анда кырдаал ого бетер оорлойт. Биз сөз кылып аткан партия лидерлери мамлекетти туңгуюкка кептебей, кризистен чыгарабыз деп бардык жоопкерчиликти мойнуна алышы зарыл. Эл дагы ушуну каалап турган кези.
- Сырткы күчтөр ЖоКе жарышка тикелей таасир этиши ыктымалбы? Себеби кошуналар Кыргызстанга парламенттик башкаруу системасы ылайыксыз экендигин жашырышкан эмес…
- Ансыз деле ал өлкөлөрдүн өзүндө ички абал туруксуз. Андыктан тышкы күчтөр шайлоо процессине түздөн түз кийлигише албайт. Эч кимиси ачык авантюрага барбайт. Жогорудагы эки партия биригип бийлик башына келсе, коңшулардын биз менен алакасын улантпаска аргасы жок.
- Бакиевчил адамдардан турган биртоп партия парламенттик шайлоого аттанды. Алардын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү канчалык?
- Эски бийлик өкүлдөрүндө каражат арбын. Ошон үчүн элди акчага сатып алууну пландашууда. Буларда идеология деген жок. Эмне, Бакиевдин феодалдык идеологиясын колдойбуз дешеби? Антип айта алышпайт да. КСДП менен "Ата Мекендин" биригиши бакиевчил партиялардын парламентке келүү мүмкүнчүлүгүн азайтат.
- Президент Роза Отунбаева партиялар мыйзамга каршы иш-аракеттерди баштаса, өлкөгө чукул кырдаал киргизип, шайлоо токтотуларын билдирди. Саясый өнөктүк өтпөй калышы мүмкүнбү?
- Биздин президентибиз бар. Мындай кырдаалда бирнече вариантты караса болот. Балким парламенттик шайлоо 1-2 жылга жылдырылышы ыктымал. Ага чейин дагы бир вариант - президенттик шайлоо өтүшү мүмкүн.
- Өлкөнүн ичиндеги саясый күчтөр парламенттик шайлоонун мөөнөтү узартылышына жол бербейт да?
- Кантип? Шайлоо маалында партиянын өкүлдөрү мушташып, бири-биринин канын төккөнгө чейин барсачы? Мындай шартта президент эки тизгин, бир чылбырды колго алып, батыл кадам жасашы абзел.
- Сиздин болжол боюнча парламенттик шайлоодо канча партия жеңишке жетиши ыктымал?
- Максимум беш.




Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу:
"Финполиция партиянын финансы булактарын аныктаса"
- Айрым партияларды сырткы күчтөр каржылаары айтыла баштады. Мунун артында кандай кызыкчылык болушу мүмкүн?
- Партиялардын тыштан каражат алганы туура эмес. Анын кесепетинен мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы четте калат. Анткени сырткы күчтөрдүн акырынан жем жеген партия өкүлдөрү парламентке келип, алардын буйругун аткарышы ыктымал. Маселен, маанилүү объектилерди, кен байлыктарды менчиктештирүү сыяктуу өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетирчү демилгелерди көтөрүп, ал максаттарын жүзөгө ашырууга аракет жасайт.
- Тиешелүү органдар буга карата неге чара колдонбойт?
- Сөзүмдүн башында, тышкы күчтөр каржылаган партиялар мамлекеттин саясатына каршы аракеттерди көрүшү ыктымалдыгын айттым. Демек, ушул өңдөнгөн тескери иштер тастыкталса, андай партияларды шайлоодон четтетиш керек. Анүчүн, финансы полиция кызматы партиянын банктардагы эсептерин карап, акча каражаттары кайсы булактан агып келатканын аныкташы зарыл.
- Шайлоону утурлай партиялар биригиши ыктымалбы?
- Жок. Себеби, 29 партия тең мөрөй алууну каалайт. Шайлоо кодексине ылайык, партиялар 140 миң добуш чогултушу абзел. Кээ бирлери муну оюнчук көрүп, 140 миң добушту оңой-олтоң жыйнайбыз деп жатат. Бирок алардын мындай тилеги таш кабат. Ашып кетсе 4-5 партия гана бардык шартты аткара алат.
Биригүү процесси шайлоодон кийин жүрүшү мүмкүн. Анткени

алдыда президенттик шайлоо турат…
- Соңку мезгилдеги кадрдык өзгөрүүлөрдүн парламенттик шайлоого тиешеси барбы?
- Алгач Байтемир Ибраевдин башпрокурорлуктан чегингенине ичим чыккан эмес. Анын ордуна Кубатбек Байболовдун дайындалышы көңүлүмдү тынчытты. Кубатбек Калбекович өзүнүн дараметин, иш билгилигин жаңы ордунда да татыктуу далилдейт деп ишенем. Ал эми кадрдык жүрүштөрдө кайсы бир партиянын кызыкчылыгы жатат дегендерге кошулбайм. Мамлекет башчысы парламенттик шайлоонун тынч өтүшүн көздөп ушундай кадам жасады. Бул Роза Исаковнанын жеке чечими.
- 10-октябрда өлкөдө абал кандай болот?
- Менимче, 10-октябрь тынч өтөт. Кыргыз өкмөтүнүн акыркы аракеттери бейпилдиктин сакталарынан чоң үмүт арттырууда.
Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19