17.09.10 - 4-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Гео-балит-ика

ЕККУну эптеп эметсек эми океңдер басабы?
Август айынын аягында ЕККУнун кеңешчи тобу президент Роза Отунбаева менен жолугушуп, бул сүйлөшүүдө буга чейин кыргыз коому тарабынан талаш-тартыштарды жаратып келген ЕККУ полициячылары азырынча Кыргызстанга кирбей калды.
Сырткы саясатта буга улай Россиянын Кыргызстандын түштүгүнө болгон кызыкчылыгы ойгоно баштаганы байкалат. Мисалы, Россиянын коргоо министри Анатолий Сердюков ошондон көп өтпөй эле журналисттерге Кыргызстан менен аскердик кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр болорун билдирип, кыргыз тараптын демилгеси менен түштүктө орус жана кыргыз аскерлерин даярдоочу борбор ачуу маселеси кайра жанданып жатканын маалымдаган.
Бул сүйлөшүү Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин катышуусунда 13-сентябрда Москвада өтүп жаткан жыйында андан ары уланды. Башкача айтканда, жакында түштүктө орус жана кыргыз аскерлерин даярдоочу борбор ачылчудай болуп калды. Айрым серепчилер муну Россиянын геосаясий кызыкчылыгы катары бааласа, кээ бирлери бул Кыргызстандын коопсуздугу үчүн да чоң мааниге ээ экенин айтышууда. Аныгында орустардын Кыргызстандын түштүгүндө аскердик машыгуу борборун ачуу максаты мурдатан эле белгилүү. Өткөн жылы август айында мурдагы президент К.Бакиев менен Россиянын президенти Д.Медведев бул маселе боюнча атайын меморандумга кол коюп, аны ишке ашырууга үч ай мөөнөт берилген болчу. Бирок жыл аяктагыча сууп кеткен орус-кыргыз мамилесинен кийин Кыргызстандын түштүгүндө аскер түйүнүн ачуу маселеси унутта калган.
Учурда Кыргызстан чоң геосаясый оюндун бутасы болуп турганын эч ким тана албайт. Андыктан бул маселе айтылганга чейин Кыргызстанда элди ЕККУ аскерлерин киргизүүгө каршы үндөө так ошол Россия тараптын демилгеси менен уюшулганбы деген божомол жаралат. Бул боюнча айрым серепчилер "Россиянын аскердик базасын түштүктө жайгаштыруу маселеси "Манас" аба базасынын мөөнөтүн узартуу тууралуу келишимден кийин кайра жанданган. Бул жерде балансты сактап, орустар менен мамилени бузуп албоо максатында буга Кыргызстан өзү демилгечи болуп отурат. Россия дагы АКШнын Фергана өрөөнүнө кирүү аракетинен кийин буга кызыкчылыгы бар. Алар АКШга атаандаша Ташкентти көзөмөлдөөнү колго алгысы келет. Ошондуктан булар ар кандай ыкмаларга барышы мүмкүн. Ош окуясы деле алардын бир геосаясый планыдыр, муну мезгили келгенде тарых аныктайт" дешет.
Ушул тапта Кыргызстанда Россиянын Канттагы аба базасы, Ысык-Көлдө торпедо сыноочу жайы, Чүйдө Россия аскер-деңиз флотунун "Марево" деп аталган байланыш бөлүгү жана Майлы-Суу шаарында аскер бөлүгү бар. Эң кызыгы, орустар ушул базаларынын ижара акысы үчүн бизге бере турган карызы быйыл 6 млн. долларга жеткен. 13-августта Москвада өткөн жыйында орустар бул карызды курал-жарак менен жабууга макул болушту.




  Ууру карганыш

Кадыржан Батыровдун кайрылуусу кан жыттанат
11-сентябрда (тандаган күнүн караңыз, бул күнү террорчулар АКШнын эгиз мунарасын жардырган) интернетке түштүк коогалаңындагы кылмышка шектүү деп изделип жаткан Кадыржан Батыровдун видео кайрылуусу чыкты. Кайрылууда ал "Бийлик мени курал катары колдонуп, акыры күнөөкөр кылып койду" дейт. Ошондой эле бул кагылышууга Текебаев, Исаков, Бекназаров, Мырзакматовду, тактап айтканда, убактылуу өкмөттүн бүт курамы күнөөлүү, бул жаңжалды ошолор баштады деп айыптайт.
Биз бул жерде ал күнөөлөгөн адамдарды актоодон алыспыз. Алар өздөрүнө өздөрү жооп берсин. Бизди Кадыржан Батыровдун өзүн акмын деп карганганы иренжитет. Жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, саясат таануучулар, бул окуяга катыштыгы бар карапайым адамдар да бул кагылышты Кадыржан Батыров баштаган өзбек лидерлери Өзбекстан мамлекетинин ичиндеги байлар менен келишип алып, жыйырма жыл даярданып анан баштаганын айтып чыкпадыбы. Алардын максаты - Фергана өрөөнүнөн, тактап айтканда, Оштон тополоң чыгарып, аны андан ары өнүктүрүп, ИДУ сыяктуу күчтөр менен биригип Каримов режимин кулатуу болгонун геосаясаттын оозун чойгондор далилдеп койгон. Экинчиден, Кадыржан Батыров өзү айткандай, кимдир бирөөгө жөн гана курал катары пайдаланылып, анан күнөөлүү болуп калчу каражат эмес. Ал деген өзүнө өзү бек, бай, амбициясы башынан ашкан сепаратист. Эгер кыргыз саясатчыларынын кимдир бирөөсү менен келишимге барса, анда ал жерде сөзсүз өзүнүн да кызыкчылыгы болгон. Мисалы, автономиялуу республика болуу, болбосо Кыргызстанда өзбек тилине расмий статус алуу дегендей.
Ал эми кайрылуусунда бийлик башындагыларды кекетип-мокотконун түшүнсө болот. Өзүн акылдуу деп эсептеген бечара бул жол менен өз ата-бабасынан калган өнөрүн пайдаланып соодалашууга ишарат жасап жаткандай. Анын бул соодалашууга тандап алган учуру да шайкеш келет. Алдыда парламенттик шайлоо дегендей. Кайрылуусунун аягында ал кимдир бирөөлөргө "Ждать осталось недолго" деп катуу эскерткен. Эми кезек бул кайрылууда аты аталган адамдар аны менен кандай деңгээлде сүйлөшөт, кеп ошондо. Дегинкиси бул жолу карапайым калк анын кан күсөгөн сценарийинин курмандыгы болбосо экен.





  УКК укурук

Куралга эмес Кудайга ишенгилечи, ашыналар
Жума ортосунда Өзгөн шаарына караштуу Таштак конушунун бир тургунунда курал-жарактын бир нече түрү бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам милициянын атайын даярдыктагы тобу аталган конушка барганда өзбек тектүү жергиликтүү тургундардын үч жүз чактысы чогулуп, "милиция бизге каршы күч колдонуп атат" деп ызы-чуу салган. Натыйжада милиция кызматкерлери аларды тынчтандыруу үчүн эскертүү иретинде асманга ок атууга аргасыз болушкан. Бул маалыматты "Азаттык" үналгысына Өзгөн райондук милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев ырастап, ызы-чуу түшкөн эки миңге чукул адам райондук милиция имаратын көздөй басышканын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын алдын тосуп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң гана чогулгандар тарап кетишкенин айткан.
Ош аймагында атайын тазалоо иштери 20-июндан тарта жүргүзүлө баштаган. Учурда Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматы өзүнө тиешелүү жумушту аткарып, элде болгон мыйзамсыз куралдарды чогултуу иштерин жүргүзүп атат. Бул боюнча ар кандай атайын операция өткөрүлүп, жыйынтыгында үйлөрдө мыйзамсыз сакталган биртоп куралдар алынууда. Мисалы, Кара-Суу районунун тургуну Рахманбердиев Азимдин үйүнөн курал чыккан. Кара-Суунун тургуну Орунбаев Бахтиярдын үйүнөн 8 мылтыктын 200 ок-дарысы чыккан. Андан башка 12-калибрдин ок-дарылары, Өзгөн шаарынын тургуну Дилмухаммед деген жигиттин үйүнөн автомат ок-дарылары менен чыккан. Мындан тышкары, снайпердик мылтык МЦ-12 алынган. Адистердин айтуусу боюнча бул курал биртоп алыстыктан таамай тиет. Анткен менен ырасында жогоруда колго түшкөн куралдардын көлөмү Ош коогалаңынын фонунда баланын оюнчугундай эле. Бирок учурда бул иштер күн сайын уланууда. Иштин жүрүшүндө өзбек тектүү айылдардын баары эле бул аракетке түшүнүү менен мамиле кылбай жатат деген маалымат бар.




  Жолуңар болсун

Техөкмөттүн дымагы күч, темир жол кургусу бар
Ушул жумада вице-премьер-министр Амангелди Муралиевдин жетекчилиги астында өкмөттө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору талкууланды. Жыйынга тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, каржы министри Чоробек Имашев, жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиев, транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын жетекчиси Аргынбек Малабаев жана президенттик администрациянын жооптуу кызматкерлери катышты.
Жыйын учурунда аталган багыттагы темир жолунун стандарттары, бул боюнча үч өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар тууралуу сөз болду. Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин айтымында, Кытайдын жетекчилиги аталган долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип атканын, атургай каржылоо маселеси да кайсы бир деңгээлде чечилип калганын билдирди.
Талкуу жыйынтыгында биринчи вице-премьер-министр А.Муралиев тиешелүү органдардын курамындагы иш тобун түзүүгө жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча бир канча долбоор варианттарын иштеп чыгууга тапшырма берди. Албетте бул долбоордун экономикалык жактан мааниси чоң. Биз билгенден бул маселе Акаев кезинен бери эле айтылып келет, бирок жыйынтык жок. Эми аны үч ай өмүрү бар техникалык өкмөт тескей алмак беле?


Азыке күпүлдөк
7-апрелде октон
78 адам каза болгон,
а калганычы?
14-августта маалымат жыйынында КР вице-премьер-министри А.БЕКНАЗАРОВ апрель окуялары жана экономикалык кылмыш тууралуу буларды айтты:
- 7-апрелде 78 адам Ак үйдөн чыккан октон көз жумганы далилденди. Калган тогузу башы жарылып, жыгылып, ар кандай жаракаттан көз жумган. Кыскасы, 78 адам жабырлануучу болуп табылды. Негизи жалпы жонунан ок жеген адамдар 312 экен. Башында ар кандай сөздөрдү айта беребиз, бирок тергөө ушундай жыйынтык чыгарды. Кимдин канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин сот гана аныктайт. Эч кандай мамлекет тарабынан же кайсы бир партия, коомдук уюмдардын, чет өлкөлүк укук коргоо, бейөкмөт уюмдардан Кыргызстандын ички мыйзамдарына, ишине кол салууга жол бербейбиз. Эл аралык уюмдар канчалык басым кылып кимдир бирөөлөрдү коргойбуз, мындай чечим чыгартабыз деп аракет кылбай эле койсун. Бул жерден бардыгыбыз КР мыйзамынын алдында гана жооп беребиз. Экономикалык кылмыштар боюнча 17-апрелде силерге айткам, үч топ түзүлөт деп. Үч топ 15-сентябрда иштерин сотко өткөрөт. Экономикалык кылмыштарды жасагандарга мунапыс берилди деп атабыз. Бул экинчи жолу дагы жеген-ичкендерди кусуп, элден кечирим сурагыла, андан кийин беш жыл тиричилигиңерди кылгыла, ушуга макул болуп, жаңылдым-жаздым, алганымды берейин деп келгиле дегенбиз. Бирок менимче, андай болбойт, алар келишпейт, алар андай адамдар эмес. Алар алам дегенди билгендер. Азыр эптеп дагы бир партиянын койнуна, эптеп өкмөттүн бир жерине кирип алайын, ошо менен жашайын деп аракет кылган адамдар. Алар 20 жылдан бери Кыргызстанды коррупцияга бөлөп келгендер. Президенттердин үй-бүлөсүн багып, ошолордун короосунда жүргөн адамдар. Бирок ага карабай, гумандуулукту көрсөттүк. Убактылуу өкмөт эки жолу гумандуулук көрсөттү, биринчи жолу декрет менен экономикалык кылмыш кылгандарды тергөөгө жардам берсе жоопкерчиликтен алынат деп убада кылдык. Бири да келген жок. Экинчиси, дагы мунапыс жарыяланды. Буга да эч ким келбейт. Анткени он миллионду мамлекетке кускандан көрө, эки миллионду бир саясый партияга берет дагы, ушул партия мени коргоп алат деп аракет кылышат. Бирок депутат болобу, президент болобу, бары бир ага жооп берет. Депутат болсо депутаттыгынан, президент болсо импичмент жарыялайбыз. Буга кыргыз эли, коом жол бербейт.
Бетти даярдаган
Зайырбек АЖЫМАТОВ,
т.: 38-67-19, zairajimatov_76@mail.ru