17.09.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шайлоо - 2010

Карапайым калк үмүтү - КСДП
Өткөндө орус өкмөт башчысы Владимир Путин КСДП лидери
Алмазбек Атамбаевди өзү кабыл алып, жолугушууда мамлекеттик деңгээлдеги маселелер талкууланып, натыйжада өлкөбүздү калыбына келтирүүгө 10 млн. доллар өлчөмүндө грант бөлүү чечимине келгендигине токтолгонбуз. Бу саам партия курамындагы эки инсан тууралуу сөз кылабыз.


Элдик генерал КСДПны тандады
Өлкөбүздүн эгемендикке жеткен жылдардан берки тагдыры оңойго турган жок. Үй-бүлөлүк башкаруу дейбизби, хандык башкаруу дейбизби, айтор эл канын мите курттай соргон бийлик эгелеринен көңүлү жалккан кыргызстандыктар эми парламенттик башкаруу жолун тандады. Тагдырыбыз кандай болот? Парламентке татыктуу партиялар келеби? Ал - элдин тандоосунан гана көзкаранды. Эгер шайлоочу өз добушун баштагыдай эле капчыгы калыңдарга берсечи? Учурда ушул суроо өзүнүн кооптуулугу менен жүрөктү өйүп турган кези. Себеби бу жолу да жалаң капчыктуулар жарышка аттанды. А жеке баамымда - элдик генерал атка конгон Исмаил Исаков капчыктуу экенинен шегим бар. Бирок анын тегерегинде соңку убакта көптөгөн чайкоочулуктар жүрдү. Кээси жакында өзү негиздеген "Азаттык" партиясы менен шайлоого аттанат десе, кээси БЭК партиясынын атынан чыгаарын божомолдошкону дайын. Бирок анысына да, мунусуна да карабастан, акыры КСДП лидери Алмазбек Атамбаев менен катарлаш шайлоого катышууга чечим кабыл алганы кубандырат. Демек, мунун Алмазбек Атамбаев шайлоого аттанчуларды тандоодо Исаковдун капчыгына эмес, эл арасындагы салмагына басым койгону деп түшүнсөк жарашат. Элдик генералдын кадыр-баркы жөнүндө сөз кылсак, ал 15 жылдан берки саясый жолунда кантип эл урматына арзыды? Ар дайым принциптен тайыбай, эки бийлик тушунда тең эл таламын талашып келгени үчүн. Эл-жер тагдырына келгенде саясый принциптүүлүгү Акаев бийлигине да, Бакиев бийлигине да жаккан жок. Бул жагынан саясый күрөштө анын эрктүүлүгү, туруктуулугу бекем болуп келди. Ар дайым саясый күрөштөрдүн чордонунда жүрдү. Башка генералдарчы? Коңулдан чыкканын билбейт экенбиз. Мисалга, Үзөңгү-Кууш талашка түшкөндө парламент залынан, массалык маалымат каражаттарынан мекенибиздин кенедей жерин башкаларга сатуу чыккынчылык экенин бийликке тике айтканы белгилүү. Бийликтегилердин элге болгон кыянатчылдыгына каршылык билдирген И.Исаковго кийин Бакиев бийлиги жок жерден таккан жарлыктар баарыбир аны каралай албады.
Биздин баамыбызда К.Бакиевдин катачылыгын бийликте турганда ачык айтып, өз ыктыяры менен кызматынан кеткендердин бирден бири Исмаил Исаков болду сыяктанат. А канчасы кызматынан кеткенден кийин таарыныч кылып, оппозиция катарына кошулса, Исмаил мырза өзүнүн генералдык наркын сактап калалганы үчүн кайра оппозицияга барды.
Учурунда ал 2005-жылы 24-мартта бийлик алмашкан соң Кыргызстандын коргоо министрлигинин башына келип, кыргыз армиясын болуп көрбөгөндөй көтөргөнүнө карабастан ордунан алып, коопсуздук кызматына алып келишти. Болбосо кыска мөөнөт аралыгында кыргыз аскеринин жашоосун оңоп, чарбасынан өйдө тыңытканын билебиз. Кыргыз аскерине кыргызча команда берүү тартибин эң биринчи И.Исаков киргизгени анын эне-тилибизге болгон камкорлугу болгону менен, бул саамалык бүгүнкү күндө солгундап калганын айткандар бар. Офицерлерге атайы үйлөр курулуп, мекен сакчыларынын жашоолоруна көңүл буруу И.Исаков министрликке келгенден башталган. Мурдагыдай шинелин жерге сүйрөгөн кыргыз армиясынын беделин өстүрүп, реформа кылууга жасаган аракетине тоскоолдук жараткан К.Бакиев аны өзү көзмө-көз сүйлөшүп, Улуттук коопсуздук кызматына келүүсүн суранганы коомчулукка дайын. Бирок кийин элдик генерал Бакиев бийлигинен кетүү ниетин коомчулукка ачык билдиргенден тартып, анын артынан куугунтук күчөгөнү маалым. Журналист журтчулугуна жеткен маалыматка ишенсек, өкмөт жыйындарынын биринде Исмаил мырза электр энергиясын сатууга караманча каршылыгын билдиргенден тарта ага бакиевчилдердин куугунтугу башталган.
Эми болсо саясый айдыңда 17 жылдан бери эл ишенимин актоого өзүнүн саясый ишмердигин токтоосуз уланткан КСДП лидери Алмазбек Атамбаев менен бирдикте анын шайлоого аттанышы кубандырат. Элдик генералдын парламентке келиши - демек, аткаруу бийлигинин кемчилигин ачык айтып, кабыл алынган мыйзамдардын көзөмөлдөнүшүнө түрткү болору шексиз. Парламенттик башкарууга багыт алган өлкө келечеги үчүн депутаттардын курамына келгендердин арасында И.Исаковдун өз орду бар. Анын саясый тажрыйбасы мекенибиздин пайдубалын курууда чоң мааниге ээ. Саясый атаандаштыкты жаратаар бирден-бир күч саналган КСДП катарына кошулган Исмаил Исакович мыйзам чыгарууда да ал жерде мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда кара кылды как жарар сөзүн айтууга жарамдуу инсан. Себеби парламентке өз пикирин ачык билдирген принципиалдуу саясатчылар келүүсү зарыл.

Эр жигиттен калышпай…
Былтыр Президенттик шайлоодон кийин КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаевдин Балыкчы шаарындагы жактоочулары "мамлекеттик түзүмдү кыйратууга катышы бар" деген киненин негизинде далайлар катуу куугунтукталып, аларды соттон сотко сүйрөгөн процесс уланган. Ал эмес алардын ичинен Гүлнара Жамгырчиева аттуу айым жалган жалаа менен төрт жылга кесилип кеткендердин бири болчу. Чындыгында Жамгырчиеванын жалгыз айыбы - үй-бүлөсү менен Алмазбек Шаршеновичтин зулум бийликке каршы аракеттерин активдүү колдогону болуптур. Ал мурда (2007-жыл) парламенттик шайлоого катышып, саясый активдүүлүгүн ошондон кийин улантып, карапайым калк арасынан чыкканы үчүн эле "бөрк ал десе баш алгандардын" көзүнө көбүрөк көрүнө баштаган. Көрсө ал беттегенинен кайтпаган мүнөзү менен казактарга тартууга кеткен Каркыра маселесине да активдүү катышыптыр. Ал жерде жергиликтүүлөрдүн арасынан анти митинг уюштургандарга каршылык билдиргиси келген мекенчилдер тобун уюштуруп, Бакиевдин бийлигине каршы ар кандай митингдерди уюштурууда күч органдарынын көзүнө мурдатан эле илинип калгандыктан, анын "акысына" өткөн жылкы президенттик шайлоонун шылтоосу менен камакка алынган.
Саясый көзкарашы курч, эрки эр-азаматтардан кем калышпаган Гүлнара айымдын алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин сураганыбызда, ал өзүнүн алдыдагы саясый атаандаштыкта саясый элитанын териси алмашуусун каалагандыгын билдирди. "7-апрелден кийинки окуя элибиздин кулк-мүнөзүн өзгөрттү, эми ошол эл татыктуу жашоого жетүүгө укуктуу. Партиябыздын лидери Алмазбек Атамбаевдин принципиалдуулугун терең сыйлагандыгымдан, анын саясый ой-максатын колдоо үчүн өлкөдө болгон баардык күрөшкө катышуу ниетиндемин. Биздин партиялаштардын максаты да өлкөнү прогрессивдүү өнүгүү жолуна салуу. Айрыкча апрель окуясында мекен үчүн кан-жанын аябай, кырчын жашында Ала-Тоо аянтында курман болгон жигиттердин арбагы үчүн Кыргызстандын келечегин оңдошубуз керек. Башмыйзамды кабыл алууда элибиз президенттик башкаруу системасынан көңүлү калгандыктан - Түштүк жергебизде болуп өткөн оор күндөргө карабастан көпчүлүк добуш менен парламенттик башкарууга макул экендигин билдирди. Демек, элибиз өзгөрүүнү каалап, Бакиевдин канкор бийлигин түп орду менен жок кылган саясатчыларга, жаштарга ишенип турган мезгилде, бул жоопкерчиликти КСДПдагы санаалаш, тилектеш адамдар менен бирге аткарууга ниеттенип, чоң жарышка чыктык. Буюрса, шайлоодогу таймашта эл добушун берген татыктуу партиялар Жогорку Кеңешке келсе, чыныгы саясый маданиятка, жаңы өзгөрүүлөргө элибиз күбө болооруна ишенем. Парламент мурункудай балык атка конбой, коомдун баардык катмарынын үнү бийликке жетип, фракциялар ортосунда саясый атаандаштык күчөөрүнө толук көзүм жетет" дейт Г.Жамгырчиева.
Чынында учурда өлкөбүздүн прогрессивдүү өнүгүүсүнө каршы күчтөр саясый атаандаштыкты жаратабыз деген мезгил сыноосунда турабыз. Муну кечээ "Алга, Кыргызстан" менен "Акжол" партиясынын туусу астында барабан кагып, сурнай чалгандардын жарышка кайра аттанганынан туйсак болот. Айтсак алар "Атажурт", "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу партиялардын туусу астында кайтадан бирикти. Демек, караламан элибиз азыр чоң сыноонун алдында турабыз. Кимди тандоо мезгили өзүбүздүн колубузда. Мамлекетибиздин тарыхында мындай тандоо мүмкүнчүлүгү дагы качан берилери белгисиз. Андыктан жарышта озгондун баары эле күлүк эмес, чобур экенин алдын ала баамдайлы. Шайлоого катышчу саясый партиялардын тизмесине дыкат көңүл буруп, мурда алардын кимиси ким эле, сереп салыңыз, шайлоочу! Жандимилер жазган саясый программалардын баары эле кооз сөз, укмуштуу идея көрүнгөнү менен алардын лидерлеринин баскан жолун карасаңыздар, кээси мамлекетибизди так бүгүнкүдөй акыбалга түздөн-түз алып келгендер. Ошондуктан мындай опурталдуу мезгилди башыбыздан кечирүү оңойго турбайт. Саясый күрөш 7-апрелден кийин эле токтоп калбагандыгын көрүп атабыз, алдыда эң оор сыноолор турат. Андыктан баарын жети өлчөп, бир кессек экен, шайлоочу!
Эгерде шайлоого аттанган партиядагылардын тизмелерине жакшылап үңүлсөңүз, арасында кээсинин кылмыш иши моюнда турганына карабастан, эптеп депутаттык мандатка жетүү далалатын көрүп аткандары толтура. Алардын оюнда мүмкүн: "Колума мандат тийсе, кылмыш ишимди козгоого мыйзам жол бербейт" деген ишеним тургандыр. Бирок алардын ишин тергөөгө да алдыда убакыт бар… Ошондой болсо да андай "кой терисин жамынган карышкырдай" саясатчыларга добуш берер-бербесиңизди кабыргаңыз менен кеңешиңиз, шайлоочу!
Кыргызстан азыр КМШ курамындагылардан эң алгачкы болуп парламенттик башкаруу жолуна баратканы - дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда турат. Элибиздин колунда мындай тарыхый мүмкүнчүлүк турганда, мыйзам чыгаруу институту саналган Жогорку Кеңештин курамы сапаттуу болсун десеңиз, өз добушуңузду татыктууларга бериңиз, шайлоочу!
Элибиздин кыз Сайкалдары, Манастын кырк чоросундай уул-кыздары турат, эл жүгүн ошолордун мойнуна арталы. Арабыздагы Абыке-Көбөштөрдү алардан ажыраталы десеңер, шайлоого аттанган КСДП мүчөлөрүн карагыла! Уучубуз куру эмес…

Жедигер АМАНОВ