17.09.10 - 27-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Барак Обама
Американын биринчи кара президентинин "Сен жөнүндө мен унутпайм: кыздарыма кат" аттуу балдар үчүн арналган китеби ноябрда жарыкка чыкканы калды. Бул китепке өлкөнүн мыкты 13 адамы тууралуу аңгемелер камтылат. Китептин сыртында президенттин кыздары Саша жана Малия ити менен сейилдеп жүргөнү чагылдырылган. Бо аттуу күчүктү Обама президенттик жарышты жеңип алганда кыздарына белек кылган эле. Алгачкы басып чыгаруусу 500 миң даананы түзгөн бул китептен түшкөн каражат кызмат өтөөдө каза болгон же жарат алган америкалык солдаттардын балдарына жардам берүү фондуна которулаары маалым болду. Бул китепти Барак мырза президент болгонго чейин жазган экен. Буга чейин ал "Менин атамдын кыялдары" жана "Үмүттүн оройлугу" деген китептерди чыгарып, аны окурмандар талап кеткен.

Михаил Горбачев
СССРдин биринчи президентине Германиянын айлана чөйрөнү коргоо федералдык фонду тарабынан сыйлык тапшырылды. Сыйлык менен кошо Горбачевдун чөнтөгүнө 10 миң евролук конверт түштү. Көрсө, СССРдин тарашына күнөөлүү деп айтылып жүргөн Миша байкең Германиянын биригүүсүнө салымын кошуп, эл аралык экологиялык уюмдун негиздөөчүсү жана жетекчиси тура. Буга чейин мындай абройлуу сыйлыкка 2004-жылы ФРГ экс-канцлеринин жолдошу Ханнелора Шмидт менен 2005-жылы немис экологу Хайнц Зильман татыктуу болушкан.

Шакира
Жалаң президенттин балдарын сүйдүргөн дүйнөлүк жылдыз бул жолу Индиянын режиссерлорун сүйдүрүптүр. Продюсер Карана Арора өзүнүн "Кали, богиня-воительница" аттуу эки сааттык тасмасына Шакира макулдугун бергендигин айтып кубанып жүрөт. Дүйнөдө сулуу деп эсептелген индус кыздарынан да сулуу көрүнгөн Шакиранын мындай ролго чакырылышы анын чын эле дүйнөдөгү эң ширин аял экенинен кабар бергендей. Анткени, буга чейин Колумбиянын президентинин уулу дүйнөдө эң таттуу нерсе бул Шакира деп айтканы бар.

Борис Ельцин
ТЭФИ аттуу телесыйлыкты быйыл Россия Федерациясынын тунгуч президенти алып калышы мүмкүн. 2010-жылкы сыйлыкка 59 талапкер сунушталган. Анын ичинде кыкемдер жакшы тааныгандардан ОРТ атасы Константин Эрнст, "Поле чудести" көркүнө чыгарган Леонид Якубович, кино, сериалдарды жумурткадай басып чыккан режиссер Марк Захаров жана "Наша Раша", "Прожекторперисхилтондо" боорду эзген Семен Светлаков бар. Бирок, Борис Николаевичти "көз карандысыз теленин өнүгүүсүнө зор салымын кошкондугу үчүн" көзү өтсө да көбү колдоп жатканы белгилүү болду. Сыйлык тийип калса маркумдун арбагы деле сүйүнүп калса керек…




  ДҮЙНӨКҮН


ПУЛДҮЙНӨ. Казакстандын Петропавловскисинде сүрөтчү Валерий Крестников "Батыр" аттуу пельмен чыгарган фирманы анын сүрөтүн уруксатсыз колдонуп, анын аты жазылган жерин көрсөтпөй койгондугу үчүн 300 миллион теңгеге сотко берди. Анын "Аблайдын бала чагы" аттуу сүрөтү "Батыр" пельменине туура эмес коюлганын музейдин кызматкерлери да айтышууда. Буга чейин бул өлкөдө Марал Оспанова аттуу акын кесме чыгарган фирма анын ырын уруксаты жок колдонгону үчүн 300 миллион теңгеге сотко берип, акча өндүрүп алган эле.

ӨЧДҮЙНӨ. Американын Бронксунда "Доминос" пиццереясында иштеген 24 жаштагы Джамал Томасты жумуштун алдында мушташкандыгы үчүн иштен айдап салышкан. Жини келген жигит колунан келишинче өчүн алган. Бир нече имараты бар пиццерея тармактарынын алдына туруп алып, алардын атайын кийимин кийген бойдон көчөдөн өткөндөргө ар кандай сөздөр менен жамандаганы аз келгенсип, эки имаратты пиццалардын коробкасы менен курчап туруп өрттөп жиберген. Жыйынтыгында 1 миллион долларга чыгым тарткан пиццереянын кожоюндары мурунку жумушчусун каматып тынышты.

КОРДҮЙНӨ. "Gulf Air" авиакомпаниясынын самолету менен Бахрейнден Манилага учкан жүргүнчү самолеттун ажатканасына кирип төрөп, баланы таштанды салынган баштыкка салып чыгып кеткен. Бул окуяны эчким байкабай калган. Самолет конгондон кийин гана таштандыны чогулткан кызматкер бир нерсе кыймылдап жатканын байкайт. Кудай жалгап, доктурлардын көзөмөлүнө түшкөн эркек баланын абалы мыкты экен. Ымыркайга Джордж Фрэнсис деген ат коюп, авиакомпания багып ала турган болуптур. Ал эми баласын таштап качкан күкүк эне жакында кармалат. Себеби, ал отурган отургучта кандан так калган.

САЙДҮЙНӨ. Британиянын букмекерлери кызыктай байге саюу кабыл алып жатышат. Рим папасынын 19-сентябрга чейинки Улуу Британияга болгон сапарында анын атайын машинасы кырсыкка учурайбы, дөңгөлөгү жарылабы, башка машинени сүзөбү деген сыяктуу окуяларды жарыялаган. Эгерде Рим папасы элди аралап жүргөндө дөңгөлөгү жарылган болсо сиздин акчаңыз 26 эсеге көбөйтүлөт. Эгер башка машинени сүзсө 67 эсеге байып каласыз. Муну уккан Рим папасы таарынып да койбогону кызык экен. Дин чоңунун унаасы "Мерседес МЛ" маркасындагы атайын жасалган машина экенин сүрөттөн көрсөңүздөр болот.

ЭРДҮЙНӨ. 17 жаштагы Улуу Британиянын атуулу Люк Энджел өмүрү Америкага барбай турган болду. Анткени, 11-сентябрдагы террактка байланыштуу сүйлөгөн Барак Обаманын сөзүн жактырбаган жигит аябай ачууланып, Ак үйгө кат жазат. Сөгүнүп-сагынып, коркутуп жазган кат Обамага жетип калып, атайын кызматтар Бедфордшир графтыгына келип, баланы кармашат. Президентти ашата сөккөн "баатыр" аябай мас болчумун деп кутулуптур. Эми Люк өмүрү өткүчө АКШны теледен гана көрө алат.





АКШ. Флориданын тургуну Александр Алкантаре жарадар болгон аллигаторду сактап калам деп экинчи колунан айрыла жаздады. Куткарууну ойлоп барганда, жаны ачып турган жандык Александрдын колун тиштеп алган. Мурун дагы ушундай окуядан соң, ал бир колунан ажыраган эле. Жыйынтыгында, аллигаторду кишиге кол салганы үчүн өлтүрүшүп, куткаргычты ири суммадагы айыпка жыгышкан. Боору ооруган Александрдын боорун үзө тебишти десек да болчудай. Анткени, анын жакындары жөн эле жашай бербейсиңби боорукер болбой эле деп жинденип жатышат.
ВАШИНГТОН. Ванкувер шаарында биринчи сентябрда беш жашар бала биринчи класстар менен мектепке кирип кетип, бир күн кечке окуп чыккан. Жаңы окуучумун деген жаш балага ишенген мугалим кадимкидей мамиле кыла берген. Бала бакчага барган мадырабаш биринчи класстарга караганда акылдуу экенин көргөзүп таң калтырган. Баланын курагы анын апасы келип урушуп, колунан жетелеп кеткенде гана белгилүү болгон.
КАЗАКСТАН. Атрауда Урал дайрасынан өтчү көпүрөнүн кулашына себепкер болгондордун үстүнөн сот иши аяктады. 2009-жылдын 11-сентябрында туурасы 18 метр, узундугу 96 метр болгон 900 тонналык көпүрө курулуш иштери аяктап калганда кулап түшкөн. Бул кырсыктын айынан 8 адам көз жумган эле. Бир жылдан бери иш иликтенип, жыйынтыгында долбоордук-техникалык жактан жетекчи болгон Олег Зайцев төрт жылга эркинен ажыратылды. Өз ишиңди жакшылап аткарбасаң да кылмышкер болуп калыш бир паста тура.
БАШКЫРТСТАН. Уфа областында "Мицубиси" маркасындагы унаа түнкү саат 00:45те солдаттарды коюп кеткен. Катуу келген машинанын соккусунан эки жигит көз жумуп, бирөөсү оор абалда ооруканага түшкөн. Түнү кызмат өтөп жүргөн жоокерлер эмне кылып жүрүшкөнү чоң суроо жаратты. 1983-жылкы "мицубисинин" айдоочусу өчүн алган деген божомолдор да болуп жатат.
СЛОВЕНИЯ. Поп ТВ телеканалынын алып баруучусу жаңылыктарды окуп бүтүп, камера өчүрүлө электе шашылыш кыймыл жасап жиберип уят болду. Эфирге кечигип келген алып баруучу шымын кийгенге жетишпей отуруп калган экен. Столдун астынан эчтеке көрүнбөйт деген журналисттин шымы жок экени терезенин чагылышынан даана көрүнгөн. Youtube сайтында бул видеону көрсөңүздөр болот.
www булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ