17.09.10 - 19-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шыпаагер

Обочо кармоо оңой эмес

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан кургак учук менен ооругандардын саны боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунда турат. Бул дарт менен жабыркагандардын арасында эми жетилип келаткан өспүрүмдөр да бар. Ушул багытта кургак учукту дарылоо боюнча улуттук борбордун Таш-Дөбө айылындагы балдардын ден соолугун калыбына келтирүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбара БАЙСАКЕЕВАны сөзгө тарттык.

- Быйыл сиздерде кургак учук оорусун дарылоо кандай жүрүүдө?
- Жаз башынан жүз берген саясый окуялар бул дарттын санына жана аны дарылоого канчалык деңгээлде таасир эткени тууралуу маалымат жок. Ишибиз жылдагыдай калыпта эле жүрүп жатат. Башкача айтканда, бизге келген оорулуулар көбөйгөн да, азайган да жок. Бул бөлүм өспүрүм балдардын бөлүмү деп эсептелет. Бизде өспүрүм балдардан баштап дартынын жеңилдигине карай 25-30 жашка чейинки жаштар дарыланат. Дары-дармек жылдагыдай эле жетиштүү деңгээлде. Дарылануу бекер. Оорулуулар эч кандай акча төлөбөйт.
- Сиздерде мектеп жашындагы балдар дарыланат экен. Алардын билим алуусуна кандай шарт түзүлгөн?
- Кургак учук дартынан сакайуу узак убакытты талап кылат. Балдар бул ооруканада эң кеминде 56 күн дарыланышат. Дартынын абалына карап 6-7 ай, кээде 12 айга чейин жаткандар бар. Андыктан бул учурда мектеп программасынан өксүбөш керек. Бул жугуштуу ооруга киргендиктен балдарга өзүнчө мектеп керек. Бизде да ошондой мектеп бар. Билим берүү мектепте кандай болсо бизде да ошондой жүргүзүлөт. Негизинен окуучулар дарылануу менен бирге окуу программасынан да өксүбөйт.
- Кыргыз ак халатчандары жугуштуу оорулуулар жаткан ооруканада көп иштей беришпейт, жуктуруп алам деп коркушат дешет. Сиздерде кадр жетиштүүбү?
- Азыркы учурда бизде врачтар толук. Жеке бизге азыр медайым менен санитаркалар жетишпейт. Себеби бул жумуштагылардын айлыгы аз. Анан сиз айткандай жугуштуу деп коркушат.
- Өзүңүздөр жугуштуу оорудан кантип сактанасыңар?
- Биз өзүбүзгө профилактика жүргүзүп турабыз.
- Бул оорукана мамлекеттин эсебинен гана жашайбы же сырттан жардам бергендер барбы?
- Бул дартты сакайтуучу ооруканаларга "Чегарасыз врачтар", Кызыл крест, глобалдык фонддор жардам берип турат. Мындан сырткары биз кээде өз алдыбызча да демөөрчү издейбиз. Мисалы биздин бөлүмдү жакында ушул жерде жаткан үч баланын ата-энеси оңдоп-түзөп берди. Ал эми башкы директорубуз ванна бөлмөбүздү жасады.
- Врач катары айтсаңыз, кургак учук дартынан кантип сактансак болот?
- Жана айтып кеткендей бул жугуштуу дарт. Ошондуктан жеке гигиенаны жакшы сакташыбыз керек. Дагы бир айта турган нерсе, кээ бир адамдар ыкшып жөтөлүп, бирок бул жөн гана сасык тумоо болсо керек деп кенебей жүрө берип, арадан 2-3 ай убакыт өткөрүп жиберишет. Албетте бул убакытта алар өз оорусун башкаларга жуктуруп коюшат. Ошондуктан эки жумадан ашык жөтөл болсо сөзсүз врачка кайрылып, атайын текшерүүдөн өтүш керек. Ошол эле учурда азыр айрыкча жеке ишканаларда жумушка алууда медкароодон өтүү талап кылынбайт. Бул да аталган дарттын көбөйүп кетишине шарт түзүп жатат. Негизи жөн адам деле жыл сайын флюрографиядан өтүп туруш керек. Биз болсо оору күчөп кеткенче жүрө берет эмеспизби.
- Өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз, бул бөлүмдө канча жылдан бери иштейсиз?
- Кургак учук дартын дарылап 1995-жылдан бери иштеп келатам. Бул Таш -Дөбөдөгү ооруканада 2006-жылдан бери иштеп келатам.
- Акын Алыкул Осмоновдун тагдырын билесиз. Анын эл менен аралашышына ички маданияты жол берген эмес. Себеби өзүнүн дартын бирөөгө жугузуп алыштан корккон. Дегеним, пациенттериңизди өз гигиенасын сактоого тарбиялайсыздарбы?
- Ооба, балдар ооруканага түшкөн биринчи күнү эле аларга оор тийбей турган кылып өз идиш-аягын, бет сүлгүсүн бөлүүгө, аны башка бирөөгө аралаштырбай кармоого үйрөтөбүз. Өзү жашаган бөлмөнү күн сайын нымдуу чүпүрөк менен сүртүп таза кармоо зарылдыгын түшүндүрөбүз. Ырас, бул нерсени ошол баланын ата-энеси айта албай коюшу мүмкүн. Ал эми биз айткандан кийин балдар сакайып кеткиче өздөрүн башкалардан обочороок кармоого үйрөнүп калышат. Бирок ошол эле учурда аларга эгер эрежени туура кармап, үзгүлтүксүз дарыланса кургак учуктан оңой эле сакайса болорун, бул оорудан сакайгандан кийин ал өспүрүм эл катары эле иштеп, эл катары эле турмуш тиричилигин жасап кетсе болоруна ишендиребиз. Кээ бир жаштар бул дартка чалдыгып калса таптакыр эле мөгдөп калат. Эми мени жубайым таштап кетеби, мындан кийин коомго аралаша албай каламбы деген ой менен. Биздин милдет ал оорулууну жогорудагыдай психологиялык абалдан чыгарып, дарылануусуна шарт түзүү.
- Жеке өзүңүз кокус бул илдетти жугузуп алгандан коркпойсузбу?
- Мен ушул жумушка киришерде чын дилимден Кудайга кайрылып, ушул ишиме ак ниет менен мамиле кылайын, сыркоо балдар менен тил табышпай калбайын, берген дарыбыз шыпаа болсун деп сурандым эле. Тилегиме жетип жасаган ишимдин жамандыгын көрбөдүм. Балдарым менен мамилем жакшы. Бир аз көрүшпөсөк сагынышып калабыз. Мурун дарыланып кеткен балдар телефон чалышып, бул жакты сагынып калганын айтып калышат. Азыр алардын арасында ар кайсы өлкөлөрдө иштеп жүргөндөр бар. Алардын көбү Россияда. Ошол балдарым Кыргызстанга келишкен сайын биз менен жолугуп, ал ортодо текшерүүдөн да өтүп турушат.

Зайырбек АЖЫМАТОВ





Алыңыз кетип шалдырап турганда доктурга кайрылсаңыз иммунитетиңиз аз деген аныктама берери талашсыз. Анан албетте иммунитетти көтөрүүчү дары- дармектердин тизмегин колуңузга карматып, түркүн кеңештерди берет. Башынан эле туура тамактанып, сергек жашап, иммунитетти да бирдей калыпта кармоого болот. Кантип деген суроого төмөндөн жооп табасыз.

Ишиң жүрүшпөсө иммунитеттен көр
Сиздики кайсы түрү?
Иммунитет адамдын организмин түрдүү вирустардан, бактериялардан сактайт. Эгер ал алсыздана баштаса ден соолукка кескин таасирин тийгизип, алсыздыкты, тез чарчоону пайда кылышы мүмкүн. Медицинада иммунитеттин эки түрүн аныкташкан, спецификалык жана спецификалык эмес. Биринчи түрү тукум аркылуу келип канга сиңет, ал эми экинчисин болсо күнүмдүк жашоодо жуктурууга болот. Өзгөчө аба ырайынын суукташы менен иммунитеттин алсызданышы күчөп, өнөкөт оорулар козголо баштайт.
Алсыздыктын белгилери:
Уйкусурап, бат-баттан эстөө;
Дайыма чарчаңкы абалда болуу;
Тынымсыз чүчкүрүп, жөтөлүү;
Иммунитет өтө төмөндөгөндө денеге ар кандай бүдүр жаралар чыга баштайт.
Чекпегиле, ичпегиле десе…
Дайыма стресс болуп жүргөндө, көп кыймылда болбой бир орунда кечке отура бергенде иммунитет төмөндөй баштайт. Чылым чегип, ичимдик ичүү ден соолуктун душманы экенин баарыбыз билсек да, иммунитеттин төмөндөшүнө түздөн түз ушул эки нерсе себепкер. Мындан сырткары, дары-дармекти үзбөй пайдалануу да залакасын тийгизет. Айрым адамдар баш ооруганда кол алдына даярдап койгон дарыга ашыгышат, анын таасири иммунитетке дароо тийбесе да бара-бара алсыздыкты пайда кылышы мүмкүн. Анан албетте туура тамактанып, витаминдерге бай азыктар менен организмди камсыз кылып, ар кандай ооруларга каршы чараны колдонсоңуз болот.
Тамак десе эле жей бербегиле
Жаныңыздын тынчтыгына карап даяр тамакка же бир кайнам менен быша турган азыктардан алысырак болуңуз. Тез аранын ичинде курсагыңыздын тойгонуна каниет кылып отуруп калганыңыз менен ден соолугуңуздун тамырын тээ алыстан кыйарыңызды ойлонуңуз. Колбаса, даяр пельмендер, бутерброд, чипсы, кока-кола сыяктуу азыктардын курамындагы холестерин организмдин биринчи душманы. Тамак ичээрге жарым саат калганда курамында капуста же сабиз менен жасалган жеңил салаттан жеп, болбосо алма, бадыраң жеп алсаңыз тамак оңой сиңип ашказанга көп күч келтирбейсиз.
Адамга күч-кубат берген эле нерсе тамак болгондон кийин айран, йогурт сыяктуу кычкыл азыкты, кой этин күнүмдүк рационуңузга киргизгенге аракет кылыңыз. Андан сырткары, көк пияз, сарымсак фитонициддерге бай келип, бактерияларды жолотпойт. Иммунитетти алсыздандыруучу бактерияларга каршы фловоноиддерге бай азыктар помидор, грек жаңгагы, алма, банан жана бал. Таттуу азыктарга канчалык азгырылып турсаңыз да өзүңүздү тыйып, карманыңыз. Анткени көбү алы кеткенде шоколад же конфет жеп күч-кубат топтодум деген ойдо болушат. Бирок курамында шекер бар азыктар иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет.
Жөө басуу иммунитетке
пайдалуу
Жакшы тамактануу менен эле чектелбестен дайыма кыймылда болуңуз. Бир күндө беш-алты саат басып туруп иштесеңиз алсыздыкты, чарчоону көп сезбейсиз. Кечкисин иштен чыкканда мойнуңуз жар бербей турса да жөө басып таза абага чыгыңыз, сейилдегендей эмес, өтө тез да эмес, бир калыпта жөө бассаңыз кечке чейинки жумуштан топтогон чарчоодон арылып, организмиңизди таза аба менен камсыз кыласыз. Кээ бири эртең менен муздак сууга куюнмай адаты бар, ошону да өз эрежеси менен жасоо керек. Тактап айтканда, башынан ылдый эмес, биринчи тизеден ылдый, анан белден, андан кийин гана баштан аяк куюнууга болот. Эгер сиз бул процедурага жаңы кошулсаңыз дароо эле муздак суудан эмес, алгач жылымык суудан баштаңыз. Дароо муздак сууну, болгондо да эрежесиз куюнуу ден соолукту чыңдабай, тескерисинче сасык тумоону пайда кылып, ал эми ал оору иммунитетти алсыз кылары талашсыз. Ар бир адамдын ден соолугу өз колунда эмеспи. Бардык оорунун башаты иммунитеттин алсыздыгынан келип чыгат. Жогорудагы кеңештерди үй шартында колдонсоңуз, биртоп оорунун алдын алган болосуз.
Бегайым БАЙБОСУНОВА