17.09.10 - 17-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Ах, "жаным…"
Бир караган адамга "ВиаГра" тобун эске салган "Импульс" тобунун солисти АЛИМАН учурда Алматы шаарында тасмага тартылып жатат. "Жаным" деген аталыштагы сүйүүнү, турмуштагы күнүмдүк көйгөйлөрдү камтыган сериалда ырчы кыз башкы каармандардын биринин образын жаратты. Кырктан ашык сериялуу кинонун тартылуусу август айында башталган. Учурда иштин көбү бүтүп, азы калган кези. Кыргызстан менен Казакстандын режиссерлору биргеликте жараткан эмгек азыр "Хабар" телеканалында көрсөтүлө баштады.


Асел Турдалиева кызын эмнеге "кыйнады"
десек жүрөгүңөр түшүп жүрбөсүн эмне болуп кетти деп. Он экиден он үчкө караган БЕГАЙЫМды апасы Чок-Талдагы "Себат" лицейине тапшыртты. Буга чейин борбордогу мектептердин биринде окуп жүргөн кызы азыр апасынан алыстаганына кыйналып куса болуп жүргөн кези экен. "Келечегиң үчүн жакшы болот, сен чоңойгондо кө-өп мамлекетти кыдырып дипломат болосуң" деген апасынын жакшы тилегин дем кылып, бир чейректе бир келе турган болуптур. Ал эми Асел айым учурда эс алууда, ошондо да бир орунда тынч отура албаган жаны партиялардын биринде үгүт иштерин аткарып Таласта жүрөт.


Куудул болалбасаң рэпер бол
Азыркы рэперлерден кем калышпаган ЖАКУТ куудулдуктан ырчылыкка өтүүнү чечкен өңдөнөт. Айталы дегенибиз, буга чейинки анын "Угуп кой" деген автотыгынга байланышкан тамашалуу ыры хит болуп, ар бир экинчи уюлдук телефондо жаңырып жаткан кези. Темирди ысыгында согууну туура көргөн рэпер куудул азыр ошол ырга чыгармачылык топтун жардамы менен өзү айткандай "мощный" клип тарттырып жатат. Кээде жакшы ырды маанисиз клип бузуп, же тескерисинче, маанисиз ырды жакшы клип ачып кетчү эле. Сахналаш достору Жакуттун фантазиясы мыкты деп айтып калышат. Ошол мыкты фантазиясы клипке кедергисин эмес пайдасын тийгизсе болду.


Каныкей ойлонгуча агитация бүтөт го
Өткөн жумада болгон Сулуулук чеберлер майрамында КАНЫКЕЙ сулуулукка арналып жазылган гимнди опера ырчылары менен биргеликте аткарып, дагы бир ирет көзгө көрүндү. Азыр Каныкей кайсы пратияга иштесем деп ойлонуп жаткан кези. Сахнаны аттаганына аз убакыт болсо да өзгөчөлөнгөн стили менен биртоп эле күйөрман топтогонго жетишкен Каныкей ноябрь айында жеке концертин берүүнү пландаштырып жатат. Философиялык мазмунду камтыган табышмактуу аталыштагы ырларына тушоо кесүү концертинде күбө болот окшойбуз.


"Шабытта" шаңшып кел
"Кыз Бурак" тобунун дагы бир кызы Сайкал САДЫБАКАСОВА Астана шаарында өтө турган эл аралык "Шабыт" фестивалына аттанат. Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү жана сегизинчи ноябрында өтө турган сынактын шарты боюнча эркин темада үч ыр ырдалышы керек. Бир ыр сөзсүз түрдө казак композиторунуку болушу зарыл. Жогорудагы талаптардын баары Сайкалдын репертуарына туура келгендиктен азыртадан маданият министрлигинен түшкөн сунушка муюп, даярданып жатат.

Жанета токтогулдуктардан таяк жедиби?..
Белгилүү эле партиянын үгүт иштери менен Токтогулга барган ырчылар таяк жептир деген имишти кулагыбыз чалды. Партиянын лидеринин жансакчылары ошол жерде турган аялды сөгүп, жыйынтыгында элдин нааразычылыгы күчөй баштаганда партия лидерлери ал жерден жылып жок болгон. Дале тынчыбаган эл желим бөтөлкөлөрдү ырчылар тарапка ыргытууга өтүшөт. Уккан кулакта жазык жок дегендей, бөтөлкөнүн бири Жанетага тийиптир деген сөздүн калп-чынын такташ үчүн ырчынын өзүнө байланыштык. "Акыркы күндөрү ушундай ушактар тарап, мага чалып абалымды сурап тынчсыздангандар көп болууда. Андай деле окуя болгон эмес, бизди эл жакшы кабыл алды. Угуп алып өзүм таң калып жатам, атургай Съездбекти өлүп калыптыр деген сөздөрдү да Токтогулга барганда уктук. Элге колтамга берип жатсак Съездбекти карап таң калышып, "сиз тирүүсүзбү" дегенге чейин барышты" дейт Жанета. Ага байланышкан ушак ылайым эле калп болуп, Съездбектин өмүрүнүн узун болушун тилейли.


Тып… тып… тып…
Ильяз АНДАШ "Ойлорум сен" деген ырына клип тарттырып жаткан. Аны убактылуу токтото туруп, азыр "Замандаш" партиясынын үгүт иштерине катышып Талас жергесине аттанды.
???
Сахналаш ага-эжелеринен кем калбаган ИСА ноябрдын жыйырма бешинде Японияда өтө турган фестивалга жолдомо алып даярданып жаткан кези.
???
Аскат МУСАБЕКОВ учурда сөзү, обону Элмирбек Иманалиевге таандык "Аруузатым" деген ырдын үстүндө иштеп жатат. Салмактуу ырларга басым жасаган Аскаттын кезектеги чыгармасы жакында радиодон жаңырат.
???
Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоону туура көргөн алпаруучу Нурзат ТОКТОСУНОВА жумушунан бир айга суранып, партиялар менен иштешип жүргөн чагы. "Капчыкты кампайтууга жыл сайын эле мындай жакшы шарт түзүлө бербесин билген жетекчилер да менин өтүнүчүмдү түшүнүү менен карашты" дейт Нурзат.
???
Самат ДӨӨЛӨТБАКОВ азыр башкалардан айырмаланып, бир да партия менен иштешүүнү туура көрбөптүр. Банктан тапкан акчасына каниет кылган ырчы күз айында болчу тойлорго даярдык көрүп жатат.

Бегайым БАЙБОСУНОВА