10.09.10 - 25-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Элета

Феодалдык заманга барып калдык

Алайкуу. Чынында бул аймакка барган адам кыргыз жеринин кеңдигин, тоолуктардын жашоосун туйбай койбойт. Мындагы Кош-Коргон, Көгарт, Сай-Талаа айылдарын башкарып, көптөгөн кыйынчылыктарды жергиликтүү эл менен биргелешип чечип келаткан Алайкуу айылдык округ башчысы Нуркамил БОПОЕВди кепке тарттык.
- Биздин айылдык округ өтө татаал аймакта жайгашкан. Башка округдарга салыштырмалуу климаттык шарты, жолдордун акыбалы начар. Азыр районго, облуска каттоо өтө опурталдуу болуп калды. Районго барчу жолдордун чеке-белин суу жей берип, айрым жерлерде жолдор куушурулуп, тик жарлар пайда болгон. Ал жерлерден бири-бирине каршы чыккан машинелер удаа өтө алышпай кыйналышат. Кыш 7 айга созулуп, кээде жолдор таптакыр жабылып, биз мамлекеттен бөлүнгөн эле өзүнчө дүйнө болуп калабыз. Бүгүнкү күндө Алайкуу айылдык округу 98 пайыз карызда турат. Жергиликтүү бюджет болгону 240 миң сом. Муну менен эмнени чечүүгө болот? Ушундай климаттык татаал аймакта, оор шартта жетишерлик бюджет, элге кызмат көрсөтүп тургудай каражат, техника болбосо жергиликтүү адамдардын муктаждыгын чечүү кыйын экен. Калк азыр негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенет. Азыр союз кезинде кармалып жүргөн малдардын ондон бир бөлүгү эле калган. Жайыт кенен, малдар семиз.
- Малдарын жергиликтүү эл кайда сатат?
- Бул жагынан да көйгөй өтө чоң. Биз жакка атайын мал алуучулар барып сатып алышат. Аларга саткысы келбегендер малын Кара-Кулжага жүктөп келишет. Ал жакка бир кишинин жол киреси 600 сом. Малга да ошончо төлөнөт. Ошондо бир малды сатуу үчүн 2000 сомдон көп кетет. Анүстүнө 100 чакырымдан келгиче жайлоонун малынын кейпи кетип калат дагы, кыйла арзан болуп калат. Мындан сырткары Өзгөнгө, Ошко, Жалал-Абадга алып келип сатышат. Анда деле жол киреге биртоп акча кетип калат.
- Сиз жетектеген айыл округу Кытай мамлекети менен чектешип турат. Чегара маселеси боюнча кандай көйгөйлөр бар?
- Мурун Алайкуу аймагында Кашка-Суу, Эшекарт жана Кызыл-Жар чегара бекеттери бар эле. 2010-жылы мамлекет Кашка-Суу, Эшекарт бекетин жоюп, Кызыл-Жар постуна кошуп койду. Буга азыр жергиликтүү эл абдан нааразы болуп жатат.
- Эмне үчүн?
- Негизи бул бекеттерге көп нерселер байланыштуу. Мындайча айтканда, бекеттер бар үчүн элдин жашоосу жакшы. Себеби өкмөт ошол чегара постторун караш үчүн айылдардын жолдорун оңдоп-түздөп турушат. Экинчиден, ал посттор Алайкуунун төрүндө, үч айылда жайгашкан. Чабандарга, айылдыктарга шашылыш жардам керек болсо, дароо бекеттерге кайрылышып, жардам алышат. Адам ооруп калса, күйүүчү май керек болсо, былтыркыдай кар оор түшүп жолдор жабылып калса, аларга жардамга кайрылабыз. Башка жактагылар кабар албаса да ошондойдо үч застава кызматкерлери үч айылдан кабар алып, көмөктөшүп турчу. Үчүнчүдөн, алардын иштеп турушу табийгатка да абдан пайдалуу. Себеби бул посттор турган жерлер чегара зонасы болгон үчүн уруксаты барбы-жокпу мылтык көтөрүп жүргөнгө болбойт эле. Мындайча айтканда, чегарачылар жапайы жан-жаныбарлардын коргоочусу да болчу. Азыр болсо каалаганы эле ууга чыга берип, кийик калбай калды. А Кытай тарап болсо 2002-жылы кийик атканга мораторий жарыялап, беш атар мылтыктан кара мылтыкка чейин жыйнап кеткен. Ал жакка баргандар Кытай тарапта аркар-кулжа, кийиктер көбөйгөнүн, алар ээн-эркин оттоп жүрүшкөнүн айтып келип жатышат. Төртүнчүдөн, үч бекеттин иштеши ар кандай мыйзам бузуулардын болушун азайтат. Ушуларды билип туруп өкмөттүн эки бутту бир кончко тыгып койгонуна эл нааразы болуп жатат.
- Кээде алайкуулуктар район, борбор менен байланыша да албай калат экен…
- Ооба, айрыкча жаз, кыш айларында электр мамычалары кулап, линиялар үзүлүп калганда жарыксыз калабыз. Бул кезде өрөөндө орнотулган байланыш антеннасы да иштебей калат. Антеннаны мындай учурда күйүүчү май менен иштеген электр энергиясын чыгаруучу аппаратка туташтыруу каралган. Тилекке каршы, антеннаны караган кызматкер майды сатып жибереби же май ченем менен берилеби, айтор, так ошол маалда аппаратка май жок калат. Транспорт жана коммуникация министрлиги ушундайларды неге көзөмөлдөбөйт? Анын жүзүн ары кылсын, эртең жаратылыш кырсыгы болуп кетип жардам керек болсо, борбор менен кантип байланышабыз? Мына быйыл жазында суу ташкыны көп болуп, электр мамычаларын суу алып кетти. Эки ай жарыксыз отурдук. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келгендер да суу басаңдагыча мамыларды орното албай коюшту. Ушундай убактарда бизге байланыш абдан керек экен. Ошон үчүн биздин өрөөнгө ӨКМдин же мамлекеттик материалдык резервдин бир филиалы болушу зарыл.
- Алайкуунун жолу азап экенин билебиз. Бул жагын кантип оң жагына чечсе болот?
- Туура, биздеги эң негизги көйгөй жол. Эгер мамлекет жолду колго алса, эл өкмөткө док артпай эле калган маселесин өзү чечип алмак. Бизде Капчыгай деген жер бар. Ал жерде жолду жылыга бир нече ирет оңдоп туруш керек. Ошондуктан ал жерлерге жолду үзбөй карап турган техникалык база коюлушу зарыл. Төрт-беш жыл мурун бул жолдо автобус кырсыкка учурап, жыйырмага жакын адам каза болгон. Ошондон тарта Алайкуу айыл округуна официалдуу автокаттам болбой калган. Азыр эл УАЗ машиналары менен 100 чакырымга 600 сом төлөп каттап турат. Союз маалында АН-2 маркасындагы самолеттор Ош-Кызыл-Жар деп каттап турчу эле. 45 мүнөттө Ошко жетчүбүз. Азыр Кызыл-Жар аэропорту бош эле турат. Муну өкмөт колго алса элге, мамлекетке деле, ишкерлерге да жакшы болмок.
- Жер иштетүү маселеси сиздерде кандай?
- Ишенсеңиз, бизде азыр бир да айыл чарба техникасы жок. Дыйкан чарба, менчиктештирүүдөн тапкан пайдабыз ушул болду. Союз кезиндеги техникалык базабыздан айрылып, жерлерибиз иштетилбей калды. Айдоо, сугат жерлерди элге бөлүп беришкен. Мындан сырткары, ар кимдин үлүшкө тийген жерлери бар. Азыр ал жерлердин көбү иштетилбей, азырагын гана айылдыктар ат соко, тырмоо менен иштетишет. Күзүндө болсо илгеркидей эле темин бастырып, эгин сапырабыз. Башкача айтканда, биз азыр кадимкидей эле феодалдык доордо жашап калдык. Анүстүнө арпа-буудайдын түшүмү кышкы карга, жазгы жамгырга байланыштуу. Эгер кар көп түшсө элдин көбү эгин эгет. Кар аз жааса эгишпейт. Кайрак жерлерге бир нерсе эгүү өтө опурталдуу. Жамгыр аз болуп калса беш-он гектардан эч нерсе албай калышың мүмкүн. Ошондуктан эл жерди аз-аздан айдашат.
- Көйгөйлөр көп эле экен, ийгиликтер деле болсо керек?
- Мени 2007-жылы апрель айында эл айыл округуна башчылыкка шайлаган. Колдон келген аракетимди жасап келатам. Ошол мезгилден бери Кан-Коргон айылында бир мончо бүттү. Учурда АРИС долбоорунун жардамы менен Көгарт айылына спортзал курулуп жатат. Быйыл Өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан Кум участогуна 100 метр дамба курулуп башталган. Ал жакында бүтөт. Мындан сырткары элди арпа, буудайдын үрөнү менен жылыга өз убагында камсыз кылып келатабыз. Айыл округундагы бир канча көпүрөлөрдү бышыктатып, Кан-Коргон айылына бир бала бакча ачууга жетиштик.
Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу




Акчанын арты ажал


Жумушсуздуктан, акыркы кездердеги башаламандыктан улам өлкөдө кылмыштуулук күч алып баратканы талашсыз. Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын билдиришинче, айрыкча акыркы үч-төрт жылда адам өлтүрүү, ар кандай кылмыштуулук күч алган. Ведомство жетекчилеринин айтымында, учурда бизнесмендерге, чет элдик ишкерлерге кол салуулар күч. Жакында эле кытай ишкерлерине кол салуулар болуп, алардан көз жумгандар болгон. Окуя болгон соң Кытай тараптан ИИМге бул иштерди дыкат иликтеп, кылмышкерлерди таап жоопкерчиликке тартуу менен, кытай жарандарынын коопсуздугун колго алуу өтүнүчүн билдирген нота жиберилген. Бул кол салуулардын биринин жакында бети ачылган.


2010-жыл, 12-июль. Бул күнү түнкү саат он экилер чамасында Кант шаарындагы "Пин-Фен" кытай ЖЧКсынын кызматкерлери бейкапар тынч уйкуда жатышкан. Буга чейин фирманы акмалап жүргөн Ноокат районунун тургундары Капаров Жеңишбек менен Бөрүбай уулу Адылбек түн жамынып атайын машина менен фирмага келишет. Байкатпастан фирмага киришкен 25 жаштардагы эки өнөктөш алгач 38 жаштагы кытай жараны Цзу Кеминден акча кайда сакталарын сурап, ур-тепкиге алышат. Андан соң алар дагы бир кытай жараны Ван Син Чаону аеосуз сабап, акча кайда катылганын айттырууга аракет кылышат. Жанынан түңүлгөн кытай ишкерлери акча салынган сейфти көрсөтүп беришет. Ошондо гана көксөөсүнө жеткен эргулдар сейфти, эки чөнтөк телефонду алып, башы-көзү жарылган Ван Син Чаонун оозун скотч менен чаптап, номуру жок машинесине салып кетишкен.
Катуу токмоктолгон Цзу тигилер узагандан кийин эсин жыйып, милицияга кайрылып болгонун болгондой айтып берет. Маалымат түшөр замат ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Чүй облустук, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн оперативдүү кызматкерлери биргелешип, шектүү адамдарды издөөгө алышат. Эртеси түнкү саат бирлер чамасында милиция кызматкерлери Кант шаарынын чыгыш тарабындагы талаадан Ван Син Чаонун денеси көгала, башы таңылып, оозу-мурду скотчтолгон сөөгүн табышкан.
Тергөөнүн жыйынтыгында бири убактылуу Раздольное айылында, бири Маевка айылында жашаган эки эргул, бул тоноону күн мурунтан пландаштырышканы аныкталган. Суракта алар Ван Син Чаону атайылап өлтүрүшпөгөнүн, анын оозу менен кошо мурду да таңылып, думугуп өлгөнүн моюндашкан. Тоноочулардын көп акчага туйтунабыз деген үмүтү таш каап, сейфте болгону 700 доллар, 3 миң сом гана болгон.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кылмышкерлер кармалган күнү бул кылмыштын негизинде эки кыргыз жаранына Кылмыш жаза кодексинин 168-статьясы жана 97-статьянын 1-бөлүгү боюнча №5-10-451 номерлүү кылмыш иши козголгон. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын билдиришинче бул ишке катышы бар дагы эки адам учурда издөөдө.

Өткүр АШЫМОВ