10.09.10 - 24-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Күлазык


Салмактуу ырлары менен сахнада өз ордун тапканы менен акыркы убакта өзү айткандай, кыйынчылыктын казанында кайнап жүргөн белгилүү ырчы Кутман ЖОЛДОШЕВ чыгармачылыктан четтеп кеткенин өзү деле мойнуна алат. Ырчыны кепке тартып, учурда эмне менен алектенип жүргөнүнөн кабар алдык.
Кутман ЖОЛДОШЕВ:
"Чыгармачылыкты кээде үчүнчү, бешинчи орунга жылдырабыз"
- Акыркы күндөрү көп көрүнбөй, көпчүлүктөн алыстай түшкөндөй болдуңуз?
- Мурда жеке ырчы катары таанылып калган болсом, азыр филармонияда Карамолдо Орозов атындагы оркестрде үч жылдан бери эмгектенип келе жатам. Ырларды жаздырып жатканым менен азыр бир аз көңүл кош болуп калдым. Мурда чоң оркестрдин коштоосунда ырдап көнгөн соң эстрадага көп алымсынбай калат экенсиң. Элге бат-баттан көрүнүп, сыналгыга чыгыш үчүн биринчиден, өзүм аракет кылып чуркашым керек эле. Акыркы эки жыл ичинде жеке жашоомон колум бошобой, үйдөгү түгөнбөгөн түйшүк менен алышып жүрөм. Балдарым да чоңоюп келе жатат, өздөрү менен кошо алардын да маселелери чоңоет экен. Ошолордун келечегине жакшы шарт түзүп берсем деп улам кийинкисин ойлоп, кадамыңды кенен таштап калат экенсиң.
- Репертуарыңызда патриоттук маанайдагы ырлар көп эмеспи. Азыркы кырдаалда партиялар үчүн жакшы эле табылга болсоңуз керек?
- Чынын айтсам, азыр чыгармачылыктан оолактап, курулуш иштерин баштап алгам, ошонун аягына чыга албай жатам. Анүстүнө эс алуу бүтүп жумушум да башталат, үйдөгү жумуштарды да дайындап кете турган эч ким жок. Буга чейин бир да партия менен иштешкен эмесмин, азыр сунуштар түшүп жатат. Убактымды кылдат пландап туруп кайсынысы көңүлүмө ылайык келсе, ортодогу келишим канааттандырса, иштешкенге даярмын. Артык дөөлөт качан баш жарчу эле.
- Жубайыңыз да сиз менен сахнага чыгып ырдап жүргөндөй болду эле?
- Келинчегимдин кесиби ырчылыктан алыс болгону менен, суктанарлык кыргыз жыттанган үнү бар. Тойлорго барып калганда, достор менен отурганда экөөбүз сөзсүз дуэт ырдайбыз. Биз чыгармачылыктан таанышып, жылдызыбыз келишип баш кошконубузга он алты жылдын жүзү болуптур. Азыр балдардын тарбиясы менен алышып үйдө отурат. Буюрса, ушул күздө оркестрдин коштоосу менен чыгармачылык кечемди өткөрсөм деп план түзүп жаткам. Ошол кечеде Назира экөөбүз көптөгөн дуэттерди аткарабыз.
- Балдарыңыздын улуусу канчада?
- Улуу кызым быйыл сегизинчи класска көчтү. Андан кийинки уулум Атай алтынчы класста окуйт, эң кичүүбүз Арлен жети жашта. Балдарымдын азыр ырчылыкка жөндөмү жок болгону менен жакшы обонду угуп, тандай билишет. Үчөө тең мага жакын, арасынан Атайдын мүнөзү көбүрөк окшош. Кызым эс тартып калса да кичинекей кезиндеги эркелиги калбай, мага бөтөнчө ынак.
- Жубайыңыз кандай жакшы сапаттары менен көңүлүңүздү алат?
- Назира менден жети жаш кичүү. Ортобуздагы жаш айырмадан уламбы, сый мамиле жакшы сакталып келет. Үйдөн такыр жаны тынбайт. Дайыма кыймылда, түйшүкчүл. Кээде эс алып отур дегениме да моюн бербейт. Бардык аялзаты катары эле бар менен жокту жууп-чайып, кабагым-кашым дебей жашап келе жатат. Анан албетте ар кимде бар ар кыял дегендей, ачуусу бат келип, бат жазылмайы бар. Мен болсо ага салыштырмалуу тескерисинче, көпкө чейин унчукпай жүрүп жинимди топтоп туруп чочкочосунан бир челип коймоюм бар.
- Кайсы ырчылар менен үй-бүлөлүк катыштасыз?
- Токтобек Асаналиев менен чыгармачылыкта да, жеке жашоодо да ага-ини катары байланышып турабыз. Экөөбүз бири-бирибиздин үнүбүздү коштоп ырдап баштагандан бери биртоп эле жакшы чыгармалар жаралды. Азыр да эски ырларды жандандырып чыгалы деп ошонун үстүндө иштөөдөбүз. Ортодогу сый мамилени дагы ширетели деген ниетте жакында эле бир досуна мени өкүл ата шайлады.
- Сиздин аткарууңуздагы "Таң сыры" деген чыгарманын өзгөчө тарыхы бар деп уктум эле?
- Бул чыгарманы мага чейин эле көп аткаруучулар ырдап келген. Обону Сардарбек Жумалиевге, сөзү Аскар Исаевге таандык. Экөөнүн ортосунда туугандык байланыш бар экен. "Таң сырынын" өзгөчө тарыхынын чет-жакасын мен да уккам, бирок ал сыр мага таандык болбогондуктан айтканга акым жок деп ойлойм. Менин купулума бул ырдын сөзү да, обону да бир укканда эле толгон. Айрымдар ойлошу мүмкүн башынан өткөн окуянын негизинде тандалган чыгармаларды аткарат деп, бирок менин репертуарымдагы ырлардын бирөөсү да менин жашоомо тиешеси жок. Болгону көңүлүмө туура келген обонду дароо тааныйм. Кээде мага аткара турган ырды өздөрү алып келишет, эгер көңүлүмө толбосо дароо эле ырдагандан баш тартам.
- Айрымдар ырчылыкка үй-бүлөсүнүн колдоосу менен аралашса, кээ бири каршы чыкканына карабай ырчылыкты тандашат эмеспи. Сиздики кандай болду эле?
- Мен мектепти бүткөндөн кийин армияга кеткиче түрдүү кара жумуштарда иштеп жүрдүм. Кызматымды өтөп келгенден кийин ырчы болом дедим. Ошол учурда базар экономикасына өтүп жаткан кез болчу. Апам, бир туугандарым ырчылыкты эмне кыласың, андан көрө соода кылып келечегиңе шарт түзсөң болот эле. Болгонго жараша аябай белгилүү ырчы болуш керек, орто жолдо жүрө бербей деген маанидеги айныткан кеңештерин берген болчу. Бирок мен көөдөнүм эңсеген нерсени аткарууга кириштим. Азыр мени менен сыймыктанышат. Бир үйдүн кичүүсү болгондуктан үйдө апамдын колунда калып аны багышым керек эле, жумушума байланыштуу борборго келдим, менин ордума улуу агам калган.
- Айылга канча убакта бир барып турасыз?
- Мурда тойлорго чакырса бат-баттан барып турчу элем. Азыр түштүктөгү коогалаң болгондон кийин баргандан да кооптонуп турам.
- Бишкекти багындырганы келгенде кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
- Жалал-Абаддан 1998-жылы Бишкекке келгенде жатаканалардын биринен бир бөлмө беришип, коргоо министрлигинин оркестрине которушту. Ал кезде бекер бөлмө оңой менен берилчү да эмес. Жалал-Абадда мени ырчы катары көбү таанып, атым белгилүү болуп калган кезде борборго которулуш кыйынга эле турду. Бул жакта мени эч ким тааныбайт, баарын башынан башташка туура келген. Анүстүнө алган айлыгым да аз. Бир жаштагы кызым менен кош бойлуу келинчегиме жакшы шарт түзүп бере албай жакшы эле жүдөгөм. Айылдагы арзанчылык жашоодон шаарда баары сатык турмушка аралашканда оңой менен көнүп кете албайт экенсиң. Ошондо деле азыркыдай болуп жаңы тааныла баштаган ырчылар сыяктуу башкалардын концертине катышып, эл алдына бир көрүнүүгө ак эткенден так этчүбүз. Концерттерине чакырып алышып кээде теңине албай бизди унутуп коюшкан учурлар өтө көп болду. Убакыт баарына тараза деген чын экен, ошол кезде мени катарына кошкусу келбеген ырчылар кийин менин концертиме катышууга уруксат сурашкан. Менин чыгармачылыгымдагы, турмушумдагы да оор жылдар деп ошол мезгилди айтар элем. Элге таанылгыча турмуштун кара казанында жакшы эле кайнадым окшойт.
- Ырчылардын көбү тапкан каражатына ыр жаздырарын билбей же үй-бүлөсүнө жумшарын билбей чайналышат эмеспи. Сизде деле азыр ошол көрүнүш барбы?
- Жогоруда айтпадымбы, курулуш иштерин баштагам деп, ошонун акырына чыкмайын азыр чыгармачылыкка акчанын башын көп арттыра албай жатам. Бир ырды көксөп жактырып, жаздырайын деп турсаң үйдөгү түгөнбөгөн түйшүк өз өктөмүн кылат. Анан жандүйнөң канча эңсеп турса да кыңырылып чыгармачылыкты экинчи, үчүнчү, жада калса бешинчи орунга жылдырууга аргасыз болуп турам.
- Жаш ырчылардын көбү орто муундагы ырчылар сынтаккандан көрө жардам беришсе болот эле деген сөздөрүн көп угам. Алардын арасынан сизге жардам сурап кайрылгандар барбы?
- Турмуштун агымы ушундай экен, улам жаңы ырчылар эстраданы толуктап жатышат. Мен отуруп алып аларга сын көз менен карагандан алысмын, арасында эски ырларды жандантып аракет кылып жаткандар бар. Бирок ошол эле учурда кишинин көңүлүн ирээнжитип жакшы ырды бузуп салгандар да жок эмес. Муну өздөрү деле тана албаса керек. Биздин эстрада орус элиникиндей болуп бөлүнүп-жарылбай чогуу болушса жакшы болот эле. Мен көп учурда жаш ырчыларга кыргыздын ырларына басым жасагыла, фольклорго ыктагыла деп кеңешимди, түз оюмду айтып келем. Эгер үнү менин купулума толуп, элдик жанрга ыктаган жаш ырчы келсе, колдогондон качпайт болчумун.
- Бош убактыңызды эмнеге арнайсыз?
- Азыр бош убакыт жокко эсе. Бирок ара чолодо балдар менен эс алып, музыкалык аспаптарда ойногонду жактырам.
- Эркектердин көбү бильярд дегенде ичкен ашын жерге коюшат эмеспи, сиз бул оюнга кандайсыз?
- Убактымдын көбү мурда бильярдда өтчү, бир киргенде эки-үч саат ойномоюн эс алчу эмесмин. Азыр деле досторум менен башбагып турам, бирок мурдагыга караганда футболго, спорттун башка түрүнө көп кызыкчу болдум.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА