10.09.10 - 23-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тазалык тарбиядан башталат

Акча аз, талап көп

Борбордогу "Тазалык" ишканасынын директорунун орунбасарынын милдетин аткаруучу Павел КЛИМЕНКО бул тармактагы көйгөйлөр менен ой бөлүштү.

- Борбордун көпчүлүк жеринде таштанды салуучу челектер жетишпейт, болбосо шаарыбыз таза болмок эле деген арыздар айтылууда, буга не дейсиз?
- Жыл сайын план боюнча борбордун бардык жеринде таштанды салынчу челектерди коюп, кээ бир жерин жаңыртып чыгабыз. Бирок, биздин элдин маданияты төмөн, таштанды салынчу челек турса да айлана-чөйрөсүн булгап кете беришет. Кээ бир жашоочулар таштанды биздин үйгө жакын коюлуп калды деп нааразы болушат. Кандай гана контейнер болбосун Бишкек шаардык башкы архитектурасы, энергия камсыздоочулар, суу түтүктөрүн иштетүүчү каналдар менен макулдашылгандан кийин гана коюлат.
- Учурда таштанды үчүн адам башына айына он беш сомдон төлөнөт, бул сумма өзүн өзү актайбы?
- Киши башына ай сайын он беш сомдон, ал эми пенсионерлер төрт сомдон төлөшөт. Ушул акчаны төлөгөнгө да нааразы болушат. Эгер өз алдынча тазалай турган болсо, андан да чоң чыгаша болорун эсептешпейт. Андан сырткары, жаңы конуштарда бир киши расмий каттоодо турса, 15-20 киши жашайт. Алардан чыккан таштандылар эсепке алынбай, бир эле кишиге төлөшөт. Эгер таштандыга төлөш үчүн ошол аймакта канча киши жашарын сурасак, 300 деп айтышат. Ал эми аларга материалдык жардам бериш керек деп аким сураса, 1000 киши деп санын өзгөртүшөт. Мунун залакасы бизге гана тийет. Башка тармактарда убагында акчаны төлөбөгөндүгү үчүн айып тартат. А биз анте албайбыз. Мисалы, электр энергиясына убагында төлөбөсө өчүрүп салышат. Ошондуктан таштанды үчүн тариф чоң деген сөз болбошу керек, себеби, биздики чыгашалуу жумуш. Бизде дем алыш күндөрү, эс алуу деген жок. Абоненттик төлөмдөр убагында төлөнсүн деп кабыл алуу пункттарынан тышкары көчө шыпыргычтар, тазалоочу машинелер эс алуусуз иштешет. Бүгүн ишемби -жекшемби же майрам деп көчөлөр тазаланбай калганын көрдүңөр беле? Көчө шыпыргычтар график боюнча таңкы саат алтыдан сегизге чейин иштей турган болсо, эртерээк тазалоо максатында саат төрт-бештерде эле ишке чыгышат.
- Көчө шыпыргычтар жетиштүү элеби? Алардын маянасы канча?
- Көчө шыпырып, тазалаган 555 киши иштейт. Андан ашык алууга укугубуз жок. Маянасы 4000 сомдон. Алар көчөнү эртең менен анан кечинде тазалап турушат. Албетте ушунча акча менен жашоо кыйын. Андыктан кээси эки-үч аймакты кошумча алып тазалашат. Шаарды таптаза кармап туруш үчүн штаттагы адамдардын санын үч эсе көбөйтүш керек. Бирок, бюджетте анчалык сумма каралган эмес. Аларды күндүр-түрдүн кайсы убак болбосун жумуш чыгып калса тазалоого чакырабыз. Ошондуктан кээси бөлүнгөн аймак шыпырылбай калбасын деп эс алуу эмне экенин да билбейт.
- Майрамдарда же ар кандай коомдук иш-чаралардан кийин силерде иш күчөгөнүн байкайбыз…
- Ооба, мындайда иш көбөйөт. Мисалы, 7-апрелдеги революциядан кийин биздин жумушчулар үч сутка бою тынымсыз иштеди. Бул учурда эл кызматка чыкмак түгүл, сыртка чыккандан чочулап турган. Ар кандай мародерлуктан, күйгөн, талкаланган мекемелердин таштандыларын тазалоо биз үчүн ашыкча жумуш болду. Ошондо иштеген жумушчуларга кошумча акы төлөнбөдү. Кээ бир мекемелер биз менен келишим түзүп, талкаланып, күйгөн объектилердеги таштандыларды бекер тазаладык. А ушул сыяктуу объектилер Бишкекте оголе көп болду. Ал эми майрамдарда, же жаңы жылда көчөлөрдү шыпырып, тазалап жүргөн жумушчулар бар. Мисалы, жаңы жылды борбордук аянттан тоскон элдин артында толтура таштанды калат. Эртең мененкиге чейин аларды тазалоо биздин жумушчулардын мойнунда. Революциядан кийин "Тазалыктын" машинелери кооптуу жерлерде да болуп атты. Башкалардан айырмаланып жалгыз гана биздин жумушчулар жана машинелер иштеп жүрүштү. Бизде бир жарым миң ар түрдүү улуттагы адам эмгектенет. Баарыбыз тең ынтымактуубуз. Оштогу окуяда биздин жамаат 250 миң сом чогултуп, жардам иретинде жибердик. Андан тышкары, 7-апрелде көз жумган жана жарадар болгондорго даректүү жардамдарды бергенбиз.
- Өз алдынча ишембилик өткөрүп, шаарды тазалайлы деген ураан менен акция өткөргөндөр бар, алар силерге кайрылышабы?
- Мурда эл таза шаар үчүн деп өз алдынча уюшуп, иш алпарышчу. Азыр андайлар аз. Эгер болсо биз жандилибиз менен колдомокпуз. Өз алдынча ишембилик өткөрүп тазалоо иштерин жүргүзсө, бизге телефон чалып коюусун өтүнөт элек. Алар ошол жерди тазалаганы менен таштандыларды кайда төгөрүн билишпейт. Биз дароо машине жиберип, таштандыны тазалап кетет элек. Бизде диспетчерлер дем алышсыз иштейт.
- Жылдын кайсыл мезгилинде силерде иш көбөйөт?
- Күзүндө жалбырактардын түшкөнүнө байланыштуу жумуш көбөйөт. Ал эми кышкысын кум чачылып, карлар тазаланат. Кар эригенде жолго себилген кумдарды тазалоо башталат. Ал эми жазында кыштан калган кирлерди тазалоого киришебиз. Андан тышкары, жашылдандыруу иштери башталганда алардын артындагы таштандыларды биз жыйнайбыз. Биздин жумушубузду эл көпчүлүк учурда баалабайт. Бизди жыйнасын деп алдында турган бөтөлкөнү да алып коюшпайт. Жазында таштанды салынуучу кичи челектерди сырдоого көп каражат коротулат. Тилекке каршы, жаңы эле сырдалган челектер эртеси капкара болуп күйүп кеткенин көрөбүз.




Японияда таштанды бизнес
127 млн. калкы бар, жери тартыш Японияда ашыкча эч нерсе чыгымдалбайт. Буларда таштандыларды жоготуу же кайрадан иштетип чыгаруу үчүн атайын мыйзам кабыл алынган. Япондуктардын биздин итибиз да таштандыны аз чыгаруу үчүн тартипке көнгөн деген тамашасы бар. Эли көп Токионун ар бир көчөсүндө "омавари-сан" деген аймактык полицай күзөттө турат. Ал ар бир көчөнүн жашоочулары үчүн ар кандай кеңештерди айтып, элдин кызыкчылыгын коргоп, коңшулардын келишпестигин жөнгө салып, таштанды салынуучу челектерди көзөмөлгө алат. Токиодо таштанды салынуучу челектер ар кандай түскө боелгон. Биринчи таштанды салынчу челекте тамак-аш калдыктары, экинчисинде өрттөөгө боло турган таштанды, үчүнчүсү атайын желим нерселер үчүн, төртүнчүсү металлдан жасалган буюмдар, бешинчиси айнектердин калдыгын салууга негизделген. Ал эми алтынчысына гезит, журналдар ыргытылат. Алтынчы челекке салынган кагаздарды макулатурага алышат да, буга салган адамдарга акча которулат. Дагы бир контейнер бар, ага эски муздаткычтар, кир жуучу машиналар, телевизор же ушул сыяктуу керектен чыккан буюмдар салынат. Мындай таштандыларды ыргыткандар салмагына жараша акы төлөшөт экен. Ал эми Япониядагы эң ири "Сони", "Хитачи" сыяктуу ишканалар өздөрүнүн чыгарган товарлары кайтып келүүсүн каалагандыктан, кайра кабыл алышат. Атүгүл чыгарылган товарды сатууда, аларды эскиргенде кабыл алабыз деген атайын талон да кошо берилет. Жергиликтүү эл таштандыны сорттоп, ар бир контейнерге салууга көнүп калышкан. Туура эмес, булганып салынган таштанды үчүн чоң айып төлөө мыйзамда каралган экен.

Россия калдыкты кайда жоготорун билбейт

Ал эми Россияда 2009-жылдын аягында иштетилип чыгарылбаган таштандылардын салмагы 80 млрд. тоннага жеткен. Жыл сайын 150 млн. тонна таштанды чыгат. Москва шаарында эле күнүгө жети миң тоннадан ашык тамак-аш калдыктары чыкса, бир жылдын ичинде 2,9 млн. тоннага жетет. Учурда Москва облусунда таштанды төгүлүүчү 80 талаа бар. Ал жерди көмүп, же жоготуп салууга мүмкүн эмес. Подмосковьедеги таштандылар талаасы ушунчалык толуп кеткендиктен, аны жаңыртуу жергиликтүү элдин көйгөйүнө айланган. Алардан чыккан жагымсыз жытты бир нече километр алыстыктан эле байкаса болот. Россия бул таштандыларды кайра иштетүүгө же жок кылууга мүмкүн эмес деген чечимге келип, баштары катып турган кез. Учурда Москва шаарында таштандыларды кайра иштетип чыгаруучу завод жылына 566 миң тоннаны гана иштетет. Россия жетекчилеринин айтымында, 2011-жылы таштандылардын 90% жок кылынып, өрттөлүп же көмүлсө, 10% гана кайра иштетип чыгарууга мүмкүн экен. Аларды иштетип чыгуу үчүн 350 млн. доллар сарпталып, чыгашадан башка пайда алып келбестигин эсептеп чыгышкан.
Өнүккөн өлкөлөр таштандыдан кантип кутулушат?

Ал эми Америкада азык-түлүк таштандысынын 32,5% , күйүүчү эски буюмдарды заводго иштетүүгө 12,5% кетиришет да, калган 55%ды көмүп, же ар кандай ыкмада жок кылышат. Башка өнүккөн өлкөлөрдө 80% калдыкты атайын таштанды талаасына ыргытышат.
Дүйнө жүзүндөгү таштандылардын көптүгү биогазды чыгарып, аба ырайындагы глобалдык жылуулук болушун ишке ашырууда дешет окумуштуулар. Мындай таштанды жайдан ар кандай уулуу заттар, химикаттар бөлүнүп, коркунучтуу инфекцияны пайда кылаары аныкталган. 2008-2009-жылдары Голландияда, Англияда, Польшада таштандыны жок кылуучу заводдор токтотулган. Себеби, көпчүлүк эл таштандыларды бөлүп, сорттоп ыргытууга көнбөгөнүн белгилешет. Таштандыларды аралаштырып иштетүүдө зыяндуу заттар пайда болоорун айтышкан. Андыктан бул боюнча мыйзам чегинде иш алпаруу зарылчылыгын көтөрүп чыгышкан. Ал эми Москвадагы 2000 заманбап таштанды салынуучу челектерге ыргытылган жараксыз буюмдарды сорттоп салууга эл көнбөй койгондугу айтылат.

Япондордой боло алабызбы?

Кыргызстанда таштандылардын маселесин чечүү боюнча аракеттер өлкө эгемендүүлүккө жетишкен мезгилден тартып эле жасалып келатат. Бирок, натыйжасын бере элек. Бизде да таштандыларды жага турган, же кайра иштетүүчү завод куруу жөнүндө сөздөр жүрүп, пайдасы да айтылган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, эгерде таштандыларды жага турган, же кайра иштете турган болсок, андан алынган энергияны суу жана имараттарды жылытууга мүмкүн экен. Атүгүл жагылгандан, же кайра иштетилгенден кийин чыккан калдыктарды жер семирткич катары пайдаланууга болоору айтылган. Таштандыларды жагуунун, же кайрадан иштетүүнүн пайдалуулугу туурасында чет өлкөлүк тажрыйбалардан далай мисалдар келтирилип да жүрдү. Бирок иш жүзүнө келгенде, эмнегедир андай завод куруу эмдигиче колго алына элек. Бул жакынкы арада ишке ашаары да күмөн. Анткени биздин элдин психологиясындагы калдыктарга карата болгон мамилеси революциялык өзгөрүүлөр менен коштолушу керек. Себеби, биз эч ойлонбой туруп эле таштандыларды көрүнгөн жерге, туш келди таштап кете бергенибиз аз келгенсип, аны сорттоп, өз-өзүнчө челектерге салганды таптакыр колго алган эмеспиз.
Японияда таштандылардан бүтүндөй арал түптөлүп, ага эс алуучу, көңүл ачуучу парктар курулуптур деген маалыматтарды алсак аны легендага айлантып, тамшанабыз. Биздин элге жакынкы арада ошондой рационалдуулук жетишеби? Эгер жетишсе - калдыктардан кутулабыз, а жетишпесе - калдыкка көмүлөрүбүз айдан ачык.
Бетти даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА