10.09.10 - 17-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Дилмаек

Бактыгүл Бадыева:
"Кыргызстандык мырзалар кандай бактылуу!"
Айрым журналисттер Бактыгүл Бадыева жакшы сүйлөп бербейт деп калышат. Чын эле ошондойбу деп кепке тарттым. Диктофондун батареясы отургуча сүйлөгөн ырчы кыздын сөз байлыгы кенен болбосо да, ой-жүгүртүүсү, турмушка болгон көз карашы, алдыга койгон максаттары жадатма суроо берген журналисттердикинен жогору турарын байкадым. Элим дегенде баарын унутуп койгусу келген мекенчил кыздын айткандары айрым мырзаларга үлгү болчудай. Арабызда ушундай кыздар бар экени жүрөк жылытат.


- Эл арасында сен жөнүндө ар түрдүү кептер айтылып, ар кандай мүнөздөмө берилет. Негизи Бактыгүл Бадыева кандай адам?
- Шайыр, бардык адам менен тил табышкан жөнөкөй адам. Бирок биринчи кадамды эч таштабайт. Ким кандай мамиле кылса ошого жараша андан да ашыра аракет көрөт. Адамдарды жерлиги, бай-кедей, узун-кыска деп бөлгөндөрдү жаман көрөт. Жинине тийген адамдын сазайын берет. Кимге болбосун колунан келген жардамын бергиси келет. Жүргөн жеринде айланасындагылардын көңүлүн көтөрүп, жайдары маанайдын булагы болгонду жакшы көрөт. Чындыкты бетке айтат. Бир көргөн адам орой деп ойлошу мүмкүн. Шар жүргөн адам ошондой көрүнө берет.
- Машинеңде көз мончок, тумар сыяктуу нерселер көп экен. Ырым-жырымды көп колдоносуңбу?
- Сахнага ырдаганы чыгып бара жатканда "оомийин" деп бата кылып чыгам. Аны көбү байкап калышыптыр. Илгертен ата-бабаларыбыз колдонуп келген ырым-жырымдарды мен деле колдоном. Сактанганды кудай сактайт деп коет эмеспи, анын сыңары тумар, көз мончок сыяктуу нерселерди сактануунун аракетинде колдоном.
- Сактануу жөнүндө сөз болуп кетти, тапанча көтөрүп жүрөт деп уктук эле…
- Азыр деле көтөрүп жүрөм. Бул коргонуунун бир каражаты да. Белгилүү адам болгондон кийин ар түрдүү адамдар кездешет экен. Тапанчам бир жолу мага кол салууга аракет кылгандардан сактап калды десем да болот. Бутага таамай атаарымды көргөндөр алыс эле болууну туура көрүп калышкан. Негизи мен эркектер кызыккан нерселерге көп кызыгарымды байкадым. Спортту ушунчалык жакшы көрөм. Өлкөнү талант ээлери менен спортчулар таанытары талашсыз. Ошолордун ичинен спортчулардын мээнети зор деп ойлойм. Аларга атаандаш болгондордун саны көп болсо да, бир канча жылдык эмгектин натыйжасында ийгилик жаратышат. Мушташкан балдарды карап отурганды жактыргандыктан, турнирлерге дайыма бара берчүмүн. Муну байкап калышкан эрежесиз мушташ федерациясынын өкүлдөрү аталган федерациянын ардактуу мүчөсү кылышкан. Жакында кармаш-уруш боюнча президенттин кубогу болду, ага да барып беттештерди көрүп, мушкерлерге ырдап бердим. Чет өлкөлүк мырзалар боулинг ойногонду жакшы көрүшөт. Мен да эмнегедир боулингди жактырам жана көп барам.
- Аты чыккан адамдар бой көтөрүп калышат деп көп айтышат.
- Айрым ырчыларыбыз "көрбөгөндүн көргөнү курусун" дегендей, кичине эле ийгилик жаратып алышса жерге түшпөй калышат. Ошондойлор болгон үчүн жалпы сөз тийип жатат. Мен өзүм жөнүндө айтсам, бардар жашоону да, жокчулукту да көргөм. Айыл болобу, шаар болобу бардык жердин жакшы-жаман жактарын өз башымдан өткөргөм. Андыктан бой көтөрүү деген менде жокко эсе. Бүгүн Кудай колдоп ийгиликтин үстүндө жүрсөң, эртең такыр башкача болуп калышы мүмкүн. Кандай абалда болсоң да адамдын жөнөкөйлүгү бааланарын билем. Эмне кыларын билбеген байлардын жашоосун да, күнүмдүк турмушуна араң акча тапкан карапайым адамдын жашоосун көргөн адам катары айтаарым, белгилүү адамдардын турмушу жыргал эмес. Жараткан байлык, атак-даңк берип туруп эң жөнөкөй нерсе болгон бакыт, сүйүү, мээриминен ажыратып коет экен. Мен бул сөздөрдү айтсам сүйгөнү жок, бактысыз адам катары кабыл алышпасын. Менде кудайга шүгүр, баары жакшы. Ошол чөйрөдөгүлөр менен аралашып жүрүп муну көп байкачу болдум. Андыктан бул өмүрдүн толук ырахатын көрүүнү каалагандарга айтарым, бакытты байлык менен атакка алмаштырып албагыла. Жүрөгү ток адам гана өзүн чыныгы бай сезерин түшүнүп калдым.
- Дүйнө жүзүндөгү мырзаларды эң көп суктандырган айым Анжелина Жоли экен. Кыргызда ошол сыяктуу аялзатынын бири деп сени айтышат. Сүйүүсүн билдиргендер көппү?
- Таанылып калгандан бери чынында эле ар кандай жолдор менен сезимин билдиргендер болду. Мен бирөөсүн да кагып, катуу сөз айткан жокмун. Ар адамдын сезимин сыйлашыбыз керек. Менин да жүрөгүмдүн ээси бар экенин билгендер туура түшүнүп эле калышат. Жигитим да алардан кызганып жүргөн. Кийин элдик киши экенимди түшүнүп калды.
- Жигитиң менен кандайча табыштың? Ал бактылуу адам ким?
- Ал кыргызымдын эле жөнөкөй, өз акылы менен бизнести өздөштүргөн бир жигити. Жакында эле салт боюнча мага сөйкө салып койгон. Бул - кыргызчасы, батыштын салты боюнча шакек белек кылды. Буюрса жакында үйлөнөбүз. Артымдан бир жылдан көп убакыт чуркап жүргөн. "Каадасыз кыз жытсыз гүлдөй" дегендей, күндөн-күнгө жагып бара жатса да билгизбей жүрдүм. Кийинчерээк катуу сүйө баштадым.
- Жакында ак жоолук салынсаң, кандай келин болор экенсиң?
- Бир нерсени баштарда эч ким мен жаман болом дебейт да. Мен деле жакшы келин болом деп турам. Өзүмдүн жеңемди бир тууганымдай көрөм. Андыктан мен деле барган жериме кызындай жакын болгум келет. Тамак-аш, үй-тиричилиги бүт колумдан келет. Кудай буюрса жакшы келин болом деп турам.
- Анда үйдө отуруп калат экенсиң да, кызмат кылып…
- Шаар жеринде келиндер кыйратып деле кызмат кылбайт го. Иши деле аз. Мен бир убакта чыгармачылыкты, үй-бүлөнү, жеке ишимди алып кетүүгө көзүм жетет. Буга чейин өзүмдүн кыргыз оймо-чиймелери бар кийимдеримди чыгаргам. Ошол ишимди улантам. Андан сырткары дагы бир жаңы иш баштап жатам, буюрса көрүп каласыздар.
- Жыл сайын "Жылдын мыкты ырчысы" же "Эң мыкты клип" деген номинацияларын алчу элең. Быйыл кайсы номинацияга өзүңдү татыктуумун деп ойлоп жатасың?
- Мага бирөөлөр тарабынан берилген наам эмес, элдин болгон сүйүүсү баалуу. Быйыл көп саякаттап жүргөндүктөн "жылдын саякатчысы" деп койсо да боло берет. Балдар үйүнө жардам берели деп дүйнөнү кыдырып, кайрымдуулук концертин коюп келдик.
- Сен ырдай элек кайсы тема калды?
- Досторума ыр арнагым келип жүрөт. Мен достукка аябай бекеммин. Сүйүүбү же достукпу десе достукту тандап кетишим мүмкүн. Бирок, ал ырдын өз убактысы келет. Чыгармачылыкка жаңы аралашканда эле "Кыргызстан" деген темада ырдагым келген. Убактысы бышып жетилип, бүгүнкү күнгө туш келип отурат. Учурда мекениме арналган ырды жаздырып жатам.
- Чет өлкөгө барганда эмне деп мактанасың, Кыргызстанды кантип тааныштырасың?
- Мени көргөндөр "ты такая красивая" деп уялта беришет. Анан мен "у нас страна красивая, там самые красивые девушки на свете и у нас самая вкусная еда" деп мекенибиздин кооздугун, абасынын тазалыгын, суусунун тунуктугун, Ысык-Көл, Сулайман тоо сыяктуу ыйык жерлер бар экенин, кыздары ушунчалык сулуу келишерин айтам. Мен ал жакта татынакайларга кирбейм, менден да сулуулар көп десем, "өмүрүм өткүчө жок дегенде бир жолу болсо да Кыргызстанга барам" деп калгандар көп болду. Ачыгын айтыш керек, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болдум, Бишкектегидей сулуу кыздарды көп көрбөйсүң. Сейрек кездешет. Бизде светофорго токтосоң эле жок дегенде эки сулуу кыз өтүп баратканын көрөсүң. Ошол сулуу кыздарга күндө суктанып жүргөн кыргызстандык мырзаларды дүйнөдөгү эң бактылуу адамдар десем да болот. Чет өлкөдө жүргөндө Курманжан датканын сүрөтү чагылдырылган 50 сомдуктардан көп алып, мобул биздин акча, бул аял менин чоң энем деп белекке берем. Ушундай улуу адамдын урпактары болгонума абдан кубанам. Алайдын кызы экениме абдан сыймыктанам. Себеби, накта кыргыздар Алайда. Илгерки чыныгы кыргыздардын мүнөзү, каны бизде сакталып калган. Ош окуясында кыргыздарды алайлыктар сактап калганын баары айтып жатышат. Мекенин, элин чындап сүйгөн уул-кыздар бизден чыгат. Ал жер чыныгы кыргыздын керемет жери экенине барган адам эле ишенбесе, сөз менен айтсам мактанып жатат деп ойлошу мүмкүн.
- Кинодон да бир чыгып калдың эле…
- "Кайып булакта" өзүмө жакпаган эрке, обу жок созулган кыздын ролун жараткам. Эми өзүм кино тартсамбы деп сценарий жазып жүрөм. Бирок жакшы киного көп каражат кетерин билип, шашпай эле ойлорду толуктап, бышырып жатам.
- Өткөндө теледен тоту куштарды багып жатканыңды айттың. Мындай адамдар балдарга да жакын болот деп калышат…
- Туура айтышат. Кичинекей балдарды көргөндө эзилип кетем. Тааныбаган баланы деле өпкүлөп, эркелетким келет. Машинеде баратсам да башка машиненин терезесинен кичинекей бала карап турган болсо, колдоп коем. Өзүм да буюрса көп балалуу болууну каалайм. Кудай ден соолук берсе он балалуу болгум келип жүрөт. Кыргыздын санын көбөйтүшүбүз керек. Биз башкаларга салыштырмалуу азбыз. Андыктан бөлүнбөй ынтымактуу болууга, элди, жерди сүйүүгө чыныгы кыргыздын уул-кыздарын чакырам. Себеби мен кыргызымды ушунчалык сүйөм. Элим бар үчүн мен ушул деңгээлге жетип жүрөм. Андыктан элиме кызмат кылып, өлкөмдүн өнүгүшүнө колумдан келишинче салымымды кошом деп ишендирип кетем жана башкаларды ушуга чакырам.

Сырдашкан Кудрет ТАЙЧАБАРОВ