10.09.10 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Селде эми тазарабы?

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Болот АБДЫРАХМАНОВ:
"Жыл сайын ажылыкты соодага айланткандар токтойт"

- Ажылык сапарды уюштуруу кандай жүрүп жатат?
- Жакында Сауд Арабиясына иш сапары менен барып, быйылкы ажылык сапарды уюштуруу боюнча алардын өкүлчүлүгү жана Кыргызстандан барган зыяратчыларга көп жылдан бери жардам берип жүргөн фонддордун жетекчилери менен жолугуп, аларга өз өлкөбүз тууралуу так, туура маалымат берип келдик. Себеби жаз алдынан берки саясый окуялардан улам алар бизди ажылыкка келе алабы же келбей калабы, ал жактан өзбек туугандарды жөнөтүшөбү, эгер алар келсе кандай болот деп тынчсызданып жатышкан экен. Биз ажылык министрлигинин өкүлдөрүнө жолугуп ушул суроолорго жооп бердик. Башкача айтканда, быйыл да бөлүнгөн квотога жараша 4500 адам ажылыкка барарын, алардын ичинде өзбек улутундагыларга да жылдагыдай эле шарт түзүлөрүн билдирдик. Мындан соң Меккедеги жана Мединадагы мейманканадан 4500 кишиге орун сүйлөшүп, келишим түзүп кайттык. Экинчи бир маселе, Сауд Арабиясынын Бишкектен түз Жиддага учура турган авиакомпаниясы бар экен. Алардын биздин тендерге катышуусун сурандык. Авиакомпания биздин сунушубузду жакшы кабыл алды. Кудай буюрса, алар жакында бул жакка келип "Манас" аэропортун көрүп, документтерин бүтүрүп кетет. Буга чейин ажылык сапарга Түркиянын авиакомпаниясы менен келишим түзүлүп келген. Бирок алар Стамбул аркылуу учуп, жолго бир күн убакыт сарпталчу. Эгер Сауд Арабиясынын авиакоманиясы менен бир пикирге келип калсак жол кире бир аз төмөндөйт, ошондой эле беш саатта Жиддага жетүүгө болот. Сапардан келатканда 5 миң долларга ажылыкка баруучу 4500 кишиге жете турган менингитке каршы инъекцияларды ала келдик. Аларды ажылыкка аттангандар бекер пайдаланат.
- Болот мырза, Кыргызстанда дин мамлекеттен сырткары. Анткен менен негедир быйыл ажылык сапарды уюштурууну өкмөт өз мойнуна алды. Бул маселени кандай түшүндүрөт элеңиз?
- Бул жерде бир нерсени туура түшүнүү керек. 4500 кишини ажылыкка аман-эсен алпарып келүү, аларга эмдөө жасоо, виза ачуу молдолордун иши эмес. Алардын коопсуздугу үчүн мамлекет жооп берет. Андыктан эмне үчүн бул ишти муфтият аткарыш керек? Биз бул жерде өзүбүздүн аткара турган милдетибизди гана аркалап жатабыз, муфтият жасай турган ишти өзүнө бердик. Алар ажылык сапардан пайдаланып бизнес жасаш керек беле? Жок. Муфтияттын негизги милдети - ажыга баруучуларды чогултуп, аларга бул миссиянын милдети тууралуу түшүндүрүү. Акча төлөгөндөрдү эле жыйып алып жолго чыгып кеткидей ажылык сапар деген туристтик сапар эмес. Анын өзүнүн аткара турган жол-жобосу бар. Кыскасы, муфтият ажыга барчуларды топтосун, түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн, ажы башчыларын сунуш кылсын. Бизге ал жердеги элчилик ажылыкка баргандардын 20 пайыздайы ал жакка эмне үчүн барганын билбегенин байкап жүргөнүн айтты.
- Бул иш менен эми өкмөт алектенип, өздөрү акча жасагысы келип жатат деген сөз бар…
- Биз тескерисинче, ажылык сапарды уюштурууда буга чейин болуп келген ар кандай нааразычылыкка чекит коелу деген үмүттөбүз. Башкача айтканда, быйыл ажылык сапарга кетчү каражат жылдагыдан мүмкүн болушунча төмөн болууга тийиш. Ошондуктан бул үчүн авиакомпаниялар менен эч кандай ортомчусуз, түздөн-түз келишим түзүүгө аракеттенип жатабыз. Мындан өкмөт акча жегиси келип жатат дегендер буга чейин ажылык сапардан пайда көрүп келгендердин чыгарган сөзү. Амангелди Муралиев баштаган ведомстволор аралык түзүлгөн комиссия тогуз кишиден турат. Башкача айтканда, мынча кишиден турган өкмөттүк комиссия кантип бири-биринен бекитип акча жейт? Эгер бул ишти жалгыз гана биз - өкмөттүн Дин иштери боюнча комиссиясы уюштурса, анда ажылык сапардан кимдир бирөө акча жеп кетти деп шектенсе болот эле.
- Буга чейин ажылык сапар учурунда тонналаган бал ташып коммерция жасагандар болуптур. Быйыл бул ишке көзөмөл кылынабы? Ал эми буга чейин ажылык сапарды уюштурууда мыйзам бузуп, бул миссияны башка максатта колдонуп келгендерге кылмыш иши козголдубу?
- Ажылык сапарды коммерцияга айлантпай, талаптагыдай уюштуруу биздин негизги милдет. Буга чейин ар бир структурада жасалып келген мыйзамсыз иштердин жыйынтыгы 7-апрель окуясын жаратты. Керек болсо эски система эң ыйык делген ажылык сапарга да өзүнүн суук колун салып жиберген экен. Азыр эми бүт доор алмашып, ар бир тармакта изилдөөлөр жүрүүдө. Укук коргоочулар биздин тармакты да изилдеп, текшерип жаткандыр. Мына, апрелден кийин муфтиятта бул орунду талашуу кандай болгонун көрдүңөр. Мүмкүн муфтийлик кызмат ажылык сапарды уюштуруудан түшө турган пайдадан улам талашка түшкөндүр. Андыктан биринчиден, ар кандай күчтөргө муфтияттык орунду талаштырбай, экинчиден, көптөгөн мусулмандардын суранычынан улам ажылык сапарды уюштурууну өкмөт өз көзөмөлүнө алды. Бул тармакта жыл сайын көптөгөн мыйзам бузуулар болуптур. Эми буга катыштыгы бар кээ бир кишилер өтүп кетти, кээ бирлери качып кетти. Андыктан мен артынан эч кимди жамандагым келбейт.
- Буга чейин Кыргызстандын атынан башка өлкөлөрдүн жарандары барып келчү экен. Быйыл тыкыр текшерүү болсо 4500 квота толбой калбайбы?
- Мен түштүктөгү казылар менен сүйлөшүп көрсөм, алар ажыга барчуларды табабыз дешти. Себеби буга чейин ажылыкка жыл сайын барып, өзүнүн соода-сатыгын жүргүзүп келгендер бар экен. Анын натыйжасында орун бошобой, беш-алты жылдап кезекте тургандар пайда болуптур. Башкача айтканда, быйыл ажылык орундарды менчиктеп алгандар тизмеден чийилип, алардын ордуна буга чейин кезекке тургандар барат. Бирок кандай болгон күндө да бөлөк өлкөнүн жарандары биз аркылуу тизмеге кирбейт.
Зайырбек АЖЫМАТОВ,
тел.: 38-67-19,
zairajimatov_76@mail.ru







  Геосыр

Саясат таануучу Орозбек МОЛДАЛИЕВ:
"Россия бир эмес бир нече партияларды каржылоодо"

- Орозбек мырза, жакында Youtube сайтында Оштогу этникалык кагылышта өзбек тектүү жарандар жашаган аймакта чагымчылдык уюштуруп курал-жарак таркаткан жана атайын диверсиялык иштер менен алектенген деп шектелип кармалган Россия атуулун суракка алуу учуру чагылдырылган видеотасма жарык көрдү. Анан калса Александр Князев сыяктуу саясат таануучулар ачыктан ачык эле ар кандай билдирүүлөрдү таратып, кайрадан кыргыз менен өзбектин ортосуна чагым салууда. Бул белгилер Кыргызстандын ички абалына таасир эткиси келген үчүнчү күч ким экендигин тастыктаган жокпу?
- Азыр Борбордук Азиянын саясатында эң олуттуу төрт оюнчу бар. Булар Америка, Кытай, Россия, Европа. Албетте ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иш жүргүзөт. Аларды ошол мамлекеттин кандай тагдырга туш болушу кызыктырбайт. Мындан башка кээ бир өлкөлөргө эл аралык терроризм да өз таасирин тийгизүүдө. Учурда жогорудагыдай ар багытты көздөгөн оюнчулар өзүнүн Кыргызстандагы кызыкчылыгын чечүүгө аракеттенип келет. Айрым адамдар ушунун баарын билип туруп эле учурда биздин өлкөнүн саясатына кандайдыр бир үчүнчү күч таасир этүүдө деп келишет. Арийне, түштүктөгү окуяларга мен үчүнчү күч деп тергебей эле, Россиянын атайын кызматтарынын түздөн түз кийлигишүүсү болгон деп ачык эле айтып жүрөм. Анткени ар бир нерсеге акыйкат жана кылдат иликтөө кылып, салыштырып көрсө эле жыйынтык чыгат. Үчүнчү күч деп дайыны жок болгон күчтөрдү аташат. А бул жерде дайыны, бороон кайсы жактан болгону даана эле көрүнүп турбайбы. Мисалы, Россиянын жооптуу кызмат адамдары жана аларга жакын адамдар аркылуу жаңжал башталганга чейин жана ошол учурда ар кандай мүнөздөгү ушак-айыңдар атайылап таркатылып жаткандыгына күбө болбодукпу. Тополоң учурунда аны күчөткөнгө аракеттер жүрбөдүбү. Алгач коркутуу, бирин бири жек көрдүрүү, анан аягы башкаруусуз хаос. Алар ушундай схема боюнча иштешти. 7-апрелдеги окуядан кийин Россиянын президенти Д.Медведев биз тууралуу кенедей жакшы сөз айтып койгон жок. Эмне үчүн? Алгач ал Кыргызстан түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнөт деди. Андан кийин көзү ачыктык кылып улуттар аралык жаңжал чыгып, Кыргызстан Афганистанга айланарын айтты. Кудай сактасын, ал айткан чекке жеткен жокпуз. Бирок сценарий орус президентинин оюндагыдай уланды.
- Сиз айткан төрт негизги оюнчу бизде азыр кандай жолдор менен иш алпарууда?
- Бул күчтөрдүн негизги максаты - Борбордук Азияны өзүнүн таасиринде кармап калуу. Ага Россиянын экономикалык күчү жетпейт. Ал эми башка өлкөлөр бизге экономикалык жактан жардам берип, анын артынан өз таасирин тийгизүүдө. Мисалы, биз Кытайга эмне үчүн ооп баратабыз? Анткени алар менен соода кылып жатабыз. Ошондой эле алар бизге ар кандай долбоор менен грант берүүдө. Буга алардын кудурети жетет. Себеби Кытай учурда өз экономикасынын өнүгүшү боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты. Өзүнөн өзү эле бизге экономикалык жактан жардам берип жаткан өлкөлөрдүн таасири күчтүү болот. Россияга биз жалгыз гана күйүүчү май жагынан көз карандыбыз. Бирок бизде алардын саясый таасири жок. Биздин саясатта Батыштын таасири чоң. Себеби демократиялык мамлекет бололу деп жатабыз. Россия биздин парламенттик республика болгонубузду каалабайт. Бул өлкөдө президенттик бийлик кулабай, аларга жакын жерде мисал кыла турган демократиялык өлкө болбош керек. Бул жерде да кызыкчылыгыбыз карама каршы. Россия - олигархтардын мамлекети. Бул өлкө өзүн өзү күч менен кармап турат. Тактап айтканда, аталган мамлекетте демократия жок. Сөз эркиндиги тууралуу айтпай эле койгон оң. Себеби ММКсы шарттуу түрдө гана эркин. Аныгында ар бир басма сөзүнүн же телевидениесинин артында бийлик башчылары же олигархтар турат. Былтыр түркмөндөр Россиянын таасиринен чыгып кетти. Башка өлкөлөр да акырындап чыгууда. Андыктан учурда экономикалык жактан таасир эте албагандыктан Борбордук Азиядагы өлкөлөргө күч менен өз таасирин киргизүүгө умутулууда.
- Биздин парламенттик өлкө болушубузду каалабаган күчтөр шайлоого чейин же шайлоодон кийин кандай аракеттерди көрүшү мүмкүн?
- Учурда мындай күчтөр, айрыкча Россия маалымат талаасында парламенттик республика болуу Кыргызстанга ылайыксыз деген маалыматтарды жайылтууда. Алардын айтуусу боюнча кыргыздар демократиялуу өлкө курганга жарабайт имиш. Антпей эле тээ илгертен ата-бабабыз башкаруу системасын демократиянын принциптери менен жөндөп келбеди беле. Мына ошондуктан кыргыздар эки жолу революция жасап, 7-апрелде жаштар ок жаап жатканына карабай бийликти кулатышты да. Кайсы мамлекетте ушундай болуп жатыптыр? Башкача айтканда, мындай көрүнүштөр элдин канында демократия бар экендигин көрсөттү. Мындан сырткары, учурда Россия парламенттик шайлоого бут тосуу үчүн бир эле эмес бир нече партияларды каржылап жатат. Себеби шайлоого көп партия катышса электорат бөлүнүп, добуш бытырап, натыйжада илгертен бийликке жетебиз деп калыптанып калган партиялар көп добуш ала албай, жыйынтыгында өкмөттү түзүүгө бир да партия укуксуз болуп калат. Андай болгон күндө коалициялык өкмөт сунушталып, ыр-чыр көбөйүп, президент парламентти таратууга мажбур болот. Экинчи бир сценарий боюнча Россия каржылаган партия бийликке келип, Башмыйзамды кайра карап, кайрадан президенттик өлкө болуу сунушталат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ