03.09.10 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Түздөнгүлө

Партиялар элге платформасы менен эмес, курал-жарагы менен чыгабы?

Стандарттуу түшүнүк боюнча партия деген бул элдин кайсы бир идеологияны карманган бөлүгү. Андыктан ар бир партия коомчулукка өздөрүнүн башкалардан өзгөчөлөнгөн конкреттүү программасы менен таанылыш керек. Бүгүнкү партиялар элге өз программасын жеткирүүгө анча деле ашыкпайт. Коомчулук алардын конкреттүү программасын жакшы билбегендиктен партиялардын лидерлери, тизмесинде жүргөн адамдар чындап эле ошол партиянын негизги линиясын кармап атышканын же каалагандай эле иш жүргүзүп келатышканын билбейт деле. Анын мүчөлөрү да кандайдыр бир идеологиянын тегерегинде эмес, бир лидердин тегерегинде бириккен. Эми шайлоодо эл да ушул өңүттөн добуш берет. Ушундай себептерден улам азыркы партиялардын дээрлик көпчүлүгүн партия деп айтканга болбойт.

Учурда коомчулуктун шайлоону тынч өткөрүү боюнча тынчсызданып жатканына негиз бар. Себеби бүгүнкү күндө БШКга өз тизмесин берип, шанаңдаган боюнча шайлоо өнөктүгүнө кирип баргысы келген отузга жакын партиянын дээрлик көпчүлүгүнүн саясый багыттары бүдөмүк. Алар башын ташка койгулаган күндө да парламентке ашып кетсе 4-5 гана партия келет. Атургай мен лидермин деген партия да тизмесиндеги алтымыш мүчөсү өтө турган добуш албай калышы мүмкүн. Мындай болгон күндө өкмөттү түзүү эч бир партияга буйрубай, тең чамалаш чыккан партиялар арасында коалициялык өкмөт түзүү маселеси келип чыгат. Албетте андай илең-салаң абал экономиканы мындай кой, мамлекеттин сакталып калышына зор коркунуч туудурат.
Экинчиден, эч качан кыргыз саясатында жеңилген тарап бул көрүнүштү эр жигитче кабыл алган эмес. Башкача айтканда, жыгылган күрөшкө тойбойт деген түшүнүк айрыкча биздин саясатчылар үчүн негизги ураан. Дегеним, эгер парламенттке 4-5 гана партия өтсө, анда калган 25-26 партия ишсиз калмак беле? Албетте баары биригип оппозицияга айланып, дагы да "кетсин" ырын ырдап чыгышы мүмкүн. Мындай абал да эл башына түшкөн мүшкүл. Эң коркунучтуусу, айрым саясый партиялар түштүктөгү кайгылуу окуяны добуш алууга пайдаланышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, 7-апрелде, андан кийин Ош, Жалал-Абад окуяларында элге өтүп кеткен деген куралдар кээ бир саясый партиялардын жертөлөсүндө катылып жатат деген сөз бар. Шайлоодон кийин ошол куралдар колдонулбайт деп эч ким кепил боло албайт. Аны айтпаган күндө да учурда саясый партиялардын лидерлеринин жан-жөкөрлөрү ачыктан ачык эле курал-жарак менен жүрүшөт. Кокус ал партия шайлоодон өтпөй калса, анда анын ар бир мүчөсү өз лидерин коргойм деп курал көтөрүп чыгабы?
Мисалы, "Антитеррор" коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбеков "Азаттык" үналгысына берген маегинде айрым саясый партиялар куралдуу топторду түзгөндүгү боюнча маалымат бар экенин айткан. "Биздеги кээ бир уюмдар же партиялар мобилдик топторду түзүп алышып, жашыруун жайларда аларды машыктырып жатышат. Куралдарды бири-бирине алды-сатты кылып жатышат. Апрелдеги окуялардан кийин көп курал-жарак жоголгон. Элдин колуна мыйзамсыз куралдар таркап кеткен. Ошонун баары азыр кимдерде кандай максаттарда пайдаланылып жаткандыгы белгисиз" дейт ал. Бул сөздү бир кемпир эмес, УККнын "Альфа" атайын кызматынын ардагери айткан. Андыктан бул маалыматты тиешелүү күч структуралары алдын алганы оң.
Анын бетин ары кылсын. Эгер шайлоонун айынан жергебизде атуулдук согуш оту тутанса, анда азыр Кыргызстан өлкө катары акыркы айларын жашап жатканын бешиктеги бала деле билет. Жаман айтпай жакшы жок. Эмне болгон күндө да негизги кыйынчылыктарды шайлоо өткөндөн кийин күтүүгө болот. Утулуп калган тараптар шайлоодогу эреже бузууларды айыптайт. Арийне БШК, өлкө бийлиги азыртан мындай чыр-чатакка себеп болуучу маселелерден арылып алууга тийиш. Анын башында шайлоо өнөктүгү башталган учурда бардык партияларга калыс мамиле жасоо, үгүт иштерине жолтоо болбоо, административдик ресурсту колдонбоо сыяктуу маселелер турары белгилүү. Мисалы, учурда айрым партиялардын үгүт иштери баштала электине карабай, кээ бир ММКлардын бетин бербей жатканын БШК көрмөксөнгө салып жатканы, эскертүү берилгенине карабай кээ бир партиялар республиканын аймагына илип койгон көрнөк-жарнактарын жыйнабагандыгы буга күбө. Мисалы, Ысык-Көлдүн тескейинде Тосор айыл округуна жетпей тоолордун боорунда "Республика" партиясынын аты таш менен жазылып турса, Бишкек шаарынын ичинде "Ар-намыс", "Ата Журт" сыяктуу кээ бир партиялардын түз жана кыйыр көрнөктөрү илинип турат. Ошол эле учурда айрым ММК кээ бир партияларды кара пиар менен жанчууда.
Дагы бир маселе, башка мамлекеттик структураларды мындай кой, ушу тапта БШКнын өзүндө да айрым партиялардын мүчөлөрү же анын лидеринин тууган-уругу иштешүүдө. Мисалы, БШК курамынын мүчөсү Галина Скрипкина КСДПнын мурдагы депутаты. Ал эми Галия Алымбекова "Ата мекен" партиясынын бакандай болгон лидерлеринин бири Эркин Алымбековдун жубайы. Буларды өз партияларына жан тартпайт деп А.Сариев кепилдик бере алабы? Антпеген күндө деле партиянын өзүнө же анын лидерлерине туугандык жайы бар жарандардын БШК курамында калышы моралдык жактан туура эмес. Жогоруда айткандай, шайлоо башталганга чейин БШК жана бийлик ушул сыяктуу чыр-чатак чыгаруучу маселелерден арылууга тийиш.
Зайырбек АЖЫМАТОВ,
тел.: 38-67-19,
zairajimatov_76@mail.ru




  Күнбагыт

Жетим-Тоону "сойбосок" болбойт

Элибиз бул жолу эгемендүүлүк майрамын өзгөчө бир шаң менен белгиледи. Ала-Тоо аянтына киши батпай, андагы көккө атылган фонтандардай көңүлдөрү да асмандаган көпчүлүк түн бир оокумга чейин тараган жок. Кары-жашы дебей кабак-кашынан эртеңки күнгө болгон үмүт оту жанган мындай маанайды көптөн бери көрө элек элем.


Менделеев эсиңдеби, бурадар?
Эгемендүүлүктүн 19-ашуусунан көз чаптырсак, Португалия, Бельгия, Нидерландия, Швейцария өңдүү байманасы ашып-ташып, экономикасы ай чапчыган өлкөлөр чогуусу менен батып кете турган Ала-Тообуздун койнунда Менделеевдин таблицасындагы асыл заттардын дээрлик бардыгы бар экенине карабастан, ажолорубуз ачкөз, депутаттарыбыз жегич, саткын чыгып, дегеле жарыбай койдук. Натыйжада калкыбыздын 60-70%ы жакырчылыктын чегине жетип, жумушсуздук айрым эксперттердин маалыматы боюнча 18%ды түзүп турат. Сырткы карызыбыз акыркы кандуу окуялардан кийин ала турганыбызды кошкондо 3 млрд. доллардай болот. Мындай шарттарда азыркы өткөөл, күздөгү парламенттик шайлоодон кийин келүүчү туруктуу аталган өкмөттүн алдында дал ушул жер алдында жаткан минералдык ресурстарыбызга басым жасап, башкача айтканда, Менделеевдин таблицасын кайра окуп чыккандан башка жол калбагандай. Антпесек ички дүң продукциянын жыйымынын 40%ын соода тармагы, б.а. алып-сатарлык түзгөн бүгүнкү таз кейпибиз менен экономикалык кризистен эртең-бүрсүгүнү чыга албайбыз.

Кейибей кен казбайлыбы
Техникалык өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев жакында төмөндөгүдөй өктөм үн катты: "Геология боюнча агенттик 20 жылдан бери эки президенттин жеке ээлигинде болуп келди. Бул тармакка сырттан инвестиция тартуу жабык-жашыруун жүргүзүлүп, лицензияларды текейден арзан сатыша турган. Ал лицензиялар кийин миллион долларга кайра сатылчу. Мындан ары тигил же бул кенди иштетүүнүн конкреттүү мөөнөтү көрсөтүлүп, алынган лицензияны үчүнчү бирөөлөргө сатууга тыюу салган мыйзам кабыл алуу зарыл". А.Муралиевге кезегинде өзүңүз өкмөт башчы болуп турганда бул маселени көргөн жок белеңиз деген суроо тилдин учунда турса дагы Кыргызстандын тоо кен байлыктарына байланыштуу азыркы айтып жаткандарына кошулбай коюуга болбойт. Аныгында Кыргызстан алтын запасы, ар түрдүү кендери боюнча ааламдагы алдыңкы делген өлкөлөрдөн кем калышпайт. Белгилүү болгондой, Кумтөр дүйнөдөгү жети ири кендердин катарында турат. Бирок аны майнаптуу иштете албай мажүрөөлүк кылып келебиз. Фактыга кайрылсак, бир гана алтындын Кумтөр, Макмал, Талды-Булак, Солтон-Сары, Куран-Жайлоо, Жерүй баштаган ири кендерибиз бар. Эсептөөлөргө караганда, бул кендер толук иштесе жыл сайын кеминде 30 тонна алтын өндүрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот экен. Мындан тышкары, бул жерлерде алтын менен кошо алынуучу 300 тонна күмүш да бар дешет. Бирок аталган кендер текейден арзан келишим менен ар кимдерге жем болууда.

Кайырсыз жаткан кайран байлык
Алтынды айтпаганда да Кыргызстанда 700 миң тонна вольфрам жана молибдендин, дүйнөлүк эталонго туура келген 900 миң тонна сурьманын, 80 миң тонна сымаптын, 100 миң тонна мышьяктын, 20 миң тонна висмуттун, 50 миң тонна урандын кендери бар. Мындан тышкары, кооз, ювелирдик таштардын кендери эбак иликтенген. Түпкүлүгүндө бул маалыматтар мамлекеттин стратегиялык байлыгы катары жашыруун сакталышы керек эле. Бирок басма сөздөргө, интернет булактарга жарыяланып, баарыга маалым болуп калгандыктан эл айтканды неге айтпайм деп жазып жатканым.
Айтмакчы, Кыргызстандын жер байлыктарын аныктоого союз мезгилинде 1 млрд. рублдан ашык каражат жумшалгандыгын бардыгыбыз эле биле бербесек керек. Азыр мынчалык каражат жумшоого чамабыз чак. Андыктан аныкталган, жалпы наркы 2008-жылы официалдуу түрдө 700 млрд. долларга бааланган жер байлыктарыбызды четинен ачып, пайдасын көргөнгө убакыт жетти. Баса, Бакиев бийлигинин ойрон болушу да дал ушул жер байлыктарыбызды "жең ичинен жем кылуу" дартына чалдыкканы менен байланышат. Ал Нарындагы Жетим-Тоо темир кенинин тегерегинде "темный" оюн баштап, теңир-тоолуктардын каарына калган. Бул жерде 10 млрд. тонна темир, кремний, фосфор кендеринин запасы жатат. Муну союз мезгилинде эле сопсонун изилдеп коюшкан. Демек, өткөөлүбү, туруктуусубу, кайсы өкмөт келбесин дал ушул тоо-кен байлыктарыбызды эртерээк иштетмейин ээрге мине албай турганыбыз көрүнүп калды. Өткөөл президент Р.Отунбаева да энергетика жана кен байлыктары Кыргызстандын кош канаты экендигин кечээ эле Теңир-Тоого барганында айтты. Калыстыгыбызды айтсак, бул туура багыт.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-73