03.09.10 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Батыров баарын катырдыбы?
Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаевди айланчыктаган имиштер оголе көп. Жакында Өмүрбек Чиркешович президенттик, парламенттик шайлоодо өзбек электоратынын добушун алыш үчүн ала допучандардын лидери Кадыржан Батыров менен жең ичинен соодалашты таризинде аңыз тараган. Арийне мындай ушактар негизсиз экени белгилүү болууда. 7-апрелден көп өтпөй Батыров убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаева жана анын 1-орунбасары Алмазбек Атамбаевдин кабинетинде узак убакытка сүйлөшкөнү тууралуу учкай кабар бизге жетти. Батыров менен бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда кандай сөз болгонун айтыш кыйын. Балким берки экөө буга карата өз жообун узатар…

Бу эмне деген саясат?
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов ушу тапта аялы менен Кытайдын Үрүмчүсүндө эс алып жүрөт. Акыркы окуялардан Мырзакматов эле эмес, элдин баары чарчады. Эң кызыгы, ЕККУ полициясынын келиш-келбеши азыр толук чечиле элек, бирок ушу тапта Ошто ЕККУ юристтери келип, "укугу корголбогон аз улут" деп өзбектерди укугун коргоого окутуп жатышат деп уктук. Мелис Мырзакматов тигилерди чакырып, "кыргыздарды деле окутпайсыңарбы, алар деле өлбөдүбү" десе, тигилер тескери карайт экен. Капырай, бу эмне деген саясат?!

Баары бир Салымбеков да
Кечээ эркин басылмалардын бири мурдагы "алга, кыргызстанчы", кийинки экс-"ак жолчу" депутат Аскарбек Салымбеков КСДП катарына кошулгандыгын маалымдады. Мунун чын бышыгын тактоо максатында а кишинин чөнтөк телефонуна звандасак, "мен саясаттан убактылуу четтедим дебедим беле. Азырынча жеке иштерим менен алекмин, саясатка кайтып баруу оюмда жок. Ал эми КСДПга мен эмес, агам Маамытбай Салымбеков кирди" деди. Баса, "Дордойдун" кожоюну жума башында жаңы бизнес долбоорун ишке киргизүү үчүн Кытайга аттанган.

Өмүрбек чапкан өзгөчө жол
"Ата мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жетектеген топ бүгүн-эртеңден Кытайга сапар тартат. Алар расмий Бээжиндин айрым өкүлдөрүнө кезигип, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүшү ыктымал. "Ата мекенчилердин" андан аркы сапары Москвада уланат.
Текебаев минтип сыртка саякаттагандын ордуна түштүктөгү нөлгө түшкөн аброюн тирилтип, карапайым калктын ишенимине кирүү жагын ойлонуштурса. Себеби 10-октябрда партиялардын тагдырын кытай, түрк же орус бийлиги эмес, кыргыз эли чечет.

Санаада Сариев
Кандуу шаршембинин эртеси "ак жолчулардын" ичинен алгачкылардан болуп Бакиев режимин экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков сындап чыкканын коомчулук жакшы билет. Кубанычбек Сатындиевичтин позициясын заматта өзгөртүп, "ак карганын" кейпин кийгенине таңгалуунун кажети жок. К.И. эми Темир Сариевдин этегине эрмешип, "Ак шумкардын" туусу астында парламенттик шайлоого катышарын кулагыбыз чалды. Исабеков учкашкан эки президент тең мекенинен куулду эле, энди Сариев эмне болор экен?
Москванын "тыңчысы" кармалып…
Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Алик Орозов Россия атуулу имиши коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Муну изилдеп, акыры Орозов Россиянын жарандыгын албагандыгын далилдедик. Көрсө, 1997-1998-жылдары кыргыз чегарачыларынын аскердик билетине Россиянын мөөрү басылыптыр. Алардын арасында Алик мырза да болгон. Ушундан улам ушак тараса керек. Бирок ал эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес экенин адистер билет.

Конгантиев кайра конду
Таластан эси оогончо сабалып, натыйжада Москвадан эки ирет дарыланып кайткан экс-ИИМ ачендиги Молдомуса Конгантиев жаңы кызматка дайындалды. "Техникалык өкмөткө кошулганбы" деп чочубаңыз, билим күнүн утурлай "Көкбөрү" федерациясы жыйын өткөрүп, кайрадан президенттикке Молдомуса Ташполотовичтин талапкерлигин жактырышкан. "Көкбөрү" федерациясынын генералдык катчысы Болот Шердин экс-министрди сүрөөнгө алганы бүгүнкү бийликтин Конгантиевге көзү түздүгүнөн кабар бербейби?

"Азаттык" кадрлар түнөгүбү?
"Азаттык" үналгысынын директорлугуна конкурс жарыяланды. Ошондон улам анын жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин кесиптештеринин жолун улап, мамлекеттик кызматка кеткенби десек, азырынча өз ордунда эле иштеп атыптыр. Чоротегинди майлуу-сүттүү креслого кудалаганыбыздын себеби, "Азаттыктын" белдүү журналисти Бүбүкан Досалиева мамлекеттик сыйлык боюнча комиссиянын башчылыгына барды. Андан мурдарак аталган үналгынын жетекчиси Кубат Оторбаев УТРК гендеректирлигине конгону белгилүү. Отунбаева өкмөтү "Азаттыкты" ушунакайча "алсыратууда".

Баекова баягыдай эле
Акаев менен Бакиевдин тушунда бийликтин бийик тепкичинен түшпөгөн айтылуу Чолпон Баекованын саясаттан көңүлү кала электей. Анткени экс-спикер айым "Содружество" партиясынын курамына кирүү сунушун билдирсе, тигил жактан "жок" дептир. Чолпон айым кимиси чындап "эмгек сиңирген юрист" экендигин Текебаевге дагы бир жолу көрсөтүп коеюн десе керек.

Алапаев эми алаңдайт го
Башпрокуратура түшүнөн чочугандай Улуттук банктын мурдагы төрагасы М.Алапаевге жана анын орунбасары К.Бөкөнтаевге , УБнын банкты көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси М.Жакыповго , ошондой эле "Азияуниверсалбанкынын" мурдагы жетекчилигине карата кылмыш иши ачылып, издөө салынганын жарыялады. Кылмыш иши 2-июнда козголсо да, ал 1-сентябрда ачыкка чыкканы неси? Же булар бийликтин шартына көнбөй койгонбу? Минтип түкшүмөлдөгөнүбүзгө убактылуу өкмөттөгүлөрдүн бири жогоруда ысымы аталгандарга "паланча миллиондон берсеңер, тынч жашайсыңар" дегенин эшиткенибиз түрткү болду.

"Жаңы Агым - пресс"




Эгемендик жылдарында өркөнүбүз өстүбү же өксүгүбүз арттыбы?
Төлөбек ӨМҮРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
- Эркиндиктен өткөн улуу нерсе жок. Анын сыңарындай, бирөөнүн астында күнкөр болбой жашаганыбызга сыймыктанышыбыз абзел. Кыргыздардын эркиндикти сүйөрүн ушундан бил, диктаторлук режимди орнотууну каалаган эки бийликти тең аттан оодарып түштү.
Ош, Жалал-Абаддагы окуялар ички биримдикке доо кетирди. Эми ынтымакка келбесек болбойт. Себеби, мамлекетибизди экиге бөлүп алышыбыз ыктымал. Эң чоң коркунуч ушунда. Ошон үчүн, жамы журтту биримдикке, ынтымакка чакырып, акыл токтотуп иш кылууга, алдыдагы шайлоолорго өзгөчө көңүл буруп, өлкөнү бириктирип, өргө сүрөөчү бийликти шайлап алууга чакырар элем.
Кубанычбек ИСАБЕКОВ,
экс-вице-спикер:
- Кыргызстандын өз алдынча эркин мамлекет аталганы - ири жетишкендик. Кудайдын ушунусуна шүгүр деш керек. Антпесе, дүйнөдө көптөгөн улуттар эгемендикке зар болуп жүрүшпөйбү. Ал эми утулганыбыз - бир эмес эки президентибиз өлкөсүн таштай качты. Алар элин, мамлекетин ойлоп, таза, адилеттүү иштегенде мекенинен куулбайт эле.
Иса ӨМҮРКУЛОВ,
Бишкек мэри:
- Ийгиликтер аз болду го. Бизге эгемендик абдан жеңил келгендиктен анын баркына жетпедик. Бийлик системасынын коррупцияга белчесинен малынгандыгынын айынан 19 жыл бою кыйналдык. Ошентсе да, быйыл жаңы Конституциянын кабыл алынышы, Кыргызстандын парламенттик башкаруу системасына кадам ташташы - келечекте зор ийгиликтерди жаратат деп ойлойм.
Абдрахман АЛЫМБАЕВ, жазуучулар союзунун төрагасы:
- Мамлекет ичинде ар кыл оош-кыйыштар боло берет. Биздин чоң ийгилигибиз - эгемендүүлүктү сактаганыбыз. Мындан ары катачылыктарды азайтып, жаңылануунун үстүндө аракет жасаганыбыз оң. "Муну туура кылдык, муну туура эмес кылдык" деп түштөн кийин өкүнгөндөн пайда чыкпайт.
Осмонбек АРТЫКБАЕВ, Энергетика министри:
- Июнда түштүктө орун алган каргашалуу окуя тарых барактарында кара тамга менен жазылып калат. Улуттар аралык жаңжалдын кесепетинен жүздөгөн жараныбыздан айрылып, экономика тармагына оор сокку урулду. А өткөн айда Камбар-Ата-2 ГЭСинин ишке киришин жакшы саамалык катары баалашыбыз зарыл.
Анаш СЕЙТКАЗИЕВ,
экс-депутат:
- БУУ баштаган эл аралык абройлуу уюмдар менен кызматташып, дүйнө жүзүнө таанылдык. Бирок, 19 жылдан бери эне тилибиздин абалы оңолбой койду. Өткөндө өкмөт жыйынын карап отурсам, министрлердин бардыгы орусча сүйлөп атышат. Ушубу эгемендигибизди урматтаганыбыз? Өзүбүздү өзүбүз сыйлабай, эркиндигибизди тебелеп-тепсегенибиз кайсы акылга сыят? Кыргыз болуп туруп кыргызча он ооз сөз билбеген министр, депутаттарды дароо айдаш керек.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ