03.09.10 - 20-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Дилкайрык


Комуз кыргыздын жаны. Ансыз кылым кечкен кыргыз тарыхын, кайгы-кубанычын, муң-зарын, мүдөө-тилегин түшүнүү мүмкүн эмес. Ар бир күүнүн артында не бир жүрөк сыздаткан тагдырлар, арылбаган арман, укканды умсунткан улуу махабат баяны жатат. Комузубуз бүгүн да колубузда. Бирок, этек-жеңине тийип кетсең эле калдырап-шалдырап, байыртан сөздүн күчүн, комуздун күүсүн аздектеп келген элибизди ажыдаардай соруп, койнуна тартып бараткан эстраданын арааны жүргөн чакта, ары сүрүлүп калгандай таасир калтырат. Анткени менен комузсуз жашай албайбыз. Аны аздектегендер арабызда арбын. 140тай обонду оболотуп учурган, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Атайбек Бөдөшев чоң комузчулардын бири. Кеп кезеги ошондон болсун.

12 жылда жаралган "Бекназардын арманы"
- Атайбек ага, комузду кандайча кармап калдыңыз?
- Мен бой көтөргөндөн комуз менен чоңойдум. Атам Бөдөш Атай, Шекербек, Алымкулдар менен үзөңгүлөш жүргөн чоң комузчу эле. Алар аркы Таластан Ат-Ойнок ашуусунан бери түшүп эле келип калышчу. Айрыкча Шекербек көп келчү. Атам комуз чертип, Шекербек төгүп же күйгөндөрүнөн ырдап, комузун таңшытып эл аралап кетишчү. Жердин түбүнөн атайы гастролго барып, анан бир-эки ырын ырдап коюп, сахнанын артына кире качкан азыркылардай кайдан болсун. Отурган жерин гүлдөтүп, күндөп күү, түндөп ыр төккөн залкарлар эмес беле. Алымкул келгенде Токтогулдун "Гүлдөп ал" деген ырын ырдаганы кулагымда калыптыр. Алгач күүлөрдүн көпчүлүгүн атамдан үйрөндүм. Менин багыма азыркынын чоң комузчусу, ал учурда Токмоктогу маданият жана эл агартуу техникумун бүтүргөн Саадабай Шабданов биздин айылга келип калды. Ал киши айылдык клубду жетектейт, мектепте да комуз кружогу бар эле. Ошол кружокко катышкандардын партадан мойну араң чыккан эң кичинекейи, анан күүлөрдү көп билгени да мен элем. Муну көргөн Саадабай ага "мен билген күүлөрдүн баарын чертет" деп сыймыктанып калаар эле. Ал киши эки жылча иштеп кетип калды. Болгон күүсүн мен кагып калдым. Бирок, мектебибизде комуз кружогу токтогон жок. Бизге жакын бир абабыз жетектеп жүрдү. Көп өтпөй кружокту мага тапшырып сен үйрөт деп чыга берди. Ошентип айлыкты ал алып, чоң-кичинесине карабай күүнү мен үйрөтчү элем.
- Ошол бойдон улантып кетпедиңизби анан?
- Биз обон чыгарууга талпынып калган кезде аккордеон тартуу модага кирип калган. Рыспайдын даңкы таш жарып, арааны жүрүп турган чак эле. Мен дагы көп өтпөй аккордеонго азгырылып, бат эле өздөштүргөм. Негизи мен профессионал аккордеонистмин. Ошол ыр-күү десе уктабай жүргөн боз улан чагымда обонго болгон шыгым артыла баштады. Азыркы Айчүрөк Иманалиева бир жаш кыздын коштоосунда ырдап жүргөн "Менин Кыргызстаным" деген ырды 8-класста окуп жүргөнүмдө чыгарган элем. Ал ырдын чыкканына быйыл 45 жыл болду. Дагы эле ырдалып жүрөт. Өкүнүчтүүсү, ал учурда нота билбегендиктен көп обондорум жазылбай, жоголуп кеткендери да көп болду. Акырындап отуруп 10-классты бүтүрүп жатканда айылдын белдүү музыканты мен болуп калдым. Ал кезде Чаткал, Ала-Бука, Жаңы-Жол (Аксы) райондору бир эле район болчу. Кийин үчкө бөлүнүп кетпедиби. Онду бүткөндөн кийин артисттикке кызыгып Жаңы-Жол районундагы театрда көркөм жетекчи болуп бир жыл иштедим. Өзүм жаш бала болсом эч нерсе билбейм, бир билгеним музыка болчу. Музыканттардан башкаларды адам деп эсептебей асмандап турган чагым эле. Бир жылдан кийин М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип кирдим. Ал ортодо армияга да барып келип, окуумду уланттым. Бул окуу жайында композитор М.Абдраевдин түздөн-түз демилгеси, кеңеши менен аккордеон бөлүмүндө билим алдым. Кийин композитор Алтынбек Жаныбеков "силерден композитор чыгат, окууңарды уланткыла" деп жатып Каныкей экөөбүз искусство институтунун композиторлор бөлүмүндө билимибизди уланттык.
- Обон менен күү чыгаруунун айырмасы барбы?
- Бар эмей. Айтылуу М.Абдраев бир күү жараткандан көрө, бир симфония жазган оңой деп айтаар эле. Ичимден кантип эле ошондой болсун деп ойлочумун. Аныгында анын айтканы туура экен. Мен обончулукка ооп кеткеним менен комузчулукту таштаган эмесмин. Музыканттардын баары эле менин комуз чертээримди жакшы билишчү. Бирок искусство институтунда окуп жүргөндө окуунун талабы боюнча соната, симфония жанрларында иштөөгө туура келди. Ушул жерден Каныкей экөөбүз тең бизге элдик обончулук жанры жакын экенин туйганбыз. Ошентип окууну аяктаганча комузга кол тийген жок десем да болот. Кийин комузга кайрылганымдын себеби эртели-кеч кармай калганымда бир кайрык кулагыман кетпей жаңырып туруп алганында болду окшойт. Ошону менен 12 жыл өткөнчө кайрып жүрүп, бир күү жараттым. Демейде, обонду илхам келгенде тез эле жазып коет эмессиңби. Комузда башка экен. Сөз менен айтып бере алгыс, күү менен гана жеткире турган, башка музыкалык аспаптарда бере албаган сырдуу кайрыктар дал ушул касиеттүү комузубузда катылыптыр. Аны сезип туя билүү, угарманга жеткирүү ар бир эле комуз кармагандын чекесине бүтпөсө керек. М.Абдраев ошон үчүн жогорку сөзүн айткан турбайбы. Ал чыгарган күүмдүн аты жок эле. Бир күнү белгилүү актер Жоробек Аралбаевге чертип бердим. Ал ошол мезгилде Т.Касымбековдун "Сынган кылычын" киного тартсам деп ошону менен ооруп жүргөн. Угуп көрүп "байке, бул күүңүздө айтылбаган арман, бүтпөгөн муң катылгандай. "Сынган кылычтагы" Бекназар баатырдын тагдырын айтып жаткандай" дебеспи. Ырас эле деп "Сынган кылычты" үч сыйра окуп чыгып, андагы кызыл чаар аргымактын байгеден чыгып келе жатканын кошумчалап, эми бул күүнү элге алып чыгайын деп турсам "Тогуз кайрык" теле конкурсу болуп калып, ага белгилүү комузчулар Болуш Мадазимов, Саадабай Шабданов келип калыптыр. Конкурс бүткөндөн кийин аларды үйгө чакырып, ушундай күү чыгардым эле деп кысынып жатып чертип берсем, Саадабай ага комузум менен кошо кучактап алып "…мен сени аккордеон кармап кетти деп аябай өкүнчү элем, комузга кайрылган турбайсыңбы. Ушул жолуңдан кайтпа" деди эле. Анан кол ойноткондон мурда, күүнүн маңызына карап чертип жүр деп биртоп насаат айткан. Күүмдү өзү кайра чертип көрүп, айрым жерлерин мындай кайры деп жол көрсөткөн. Ошондон баштап менде өзүмө өзүм ишенүү пайда болуп, күү чыгарууга белсенип кириштим. Бирок, күү обон эмес. Азыр 140тай обонум, болгону тогуз гана күүм бар. Бир күүнү бериси 3, арысы 6 жылда барып бүткөрүп жүрөм. Бир жылда бир күү чыгара албайт экенсиң. Көкүрөктө дагы 3-4 күүнүн кайрыктары жүрөт. Аларды качан аягына чыгам, айта албайм.
- Сизди комуз эмнеси менен кызыктырат?
- Өзүбүзгө караганда комуздун сырдуулугун дүйнөлүк музыка изилдөөчүлөр жакшы сезеби деп калдым. Сыртка көп чыккан комузчу Нурак Абдыракманов "… ааламдын ашынган өнөрпоздорун көп көргөн, дүйнө маданиятын, музыкасын жакшы билгендер, комуз күүсүн укканда тимеле эстен танат" деп айтып жүрбөйбү. Кыргыздын музыка изилдөөчүлөрү комузга келгенде тырмактын агындай дагы кызмат кыла элек десем жаңылбасмын. Болбосо, кыргыз менен жашташ, канча бир кылымдарды арыткан комуз күүлөрү, азыркы түрк тилдүү элдин элдик музыкасынын башатында тураарын айтып чыгышат эле го. Мисалы, "Бекарстан-Тайчы" деген кыргыздын жети атасы, ар жагындагы баба-жотолору уккан күүнүн элементтерин азыркы түрктөрдүн, азербайжандын, өзбектин көптөгөн музыкалык чыгармаларынан таба аласың. Ал кайрыктардын теги бизде, комуз күүлөрүндө жатат. Болгону башка элдин аспабында, башка үн менен ойнолуп жүрөт. Муну биз музыканттар билебиз да.
- Кыргызда комуз чертүүнүн эки мектеби бар. Бири миңден ашык күү черткен, черткенде да кол ойнотуп черткен Ниязалынын мектеби. Буга Токтогул, Атай, Шекербек, Эркесарылар кирет. Экинчиси Муратаалы, Карамолдонун кара күүчү мектеби. Булар күүнүн маани-маңызына басым жасайт. Сиз кайсы жагына киресиз?
- Мен ортосунда болом го. Биздин аксылыктар мындай отурганда комузду катары менен чертип, бир-бирине өткөрүп кете берген шайыр эл. Ниязаалы акенин таасири азыр да күчтүү. Көбү комузда кол ойнотуп, шайыр-шатман чертишет. Мен деле кол ойнотуп черте алам. Бала кезимде азыркыга караганда кол ойнотуп мыкты чертчү элем. Шекербек келип калганда ага шартылдатып, комузду деле ойдолотуп чертип бергеним эсимде. Азыр чыгарган күүлөрүм терип, салмак менен чертиле турган күүлөр болгондуктан Карамолдонун мектебиндегилерге окшоп күүнүн маңызына басым жасап чертем. Болбосо, кол ойнотуп чертчү "Аккан суу" "Мезгил закымдары" деген күүлөрүм деле бар. Кол ойнотуп чертүү ошол отурган элдин көңүлүн көтөргөнгө, тамаша-күлкү чакырганга багытталган. Бул азыркы эстрада жанры окшогон көрүнүш. Ал эми уютуп черткен кара күүнүн жөнү башка. Мен ушул жагына көбүрөөк ооп турамбы деймин.
- Карамолдонун күү чертип жатканда башка эч бир комузчуда кездешпеген, сөз менен айтып бере албаган кайрыктары бар. Айрыкча, "Көкөй-Кести", "Сынган бугусу" ушундай эмеспи. Муну өзүнчө эле симфония катары баалап жүрөбүз. Бул Карамолдонун чеберчилигиби же комузунда "бир балээси" барбы?
- Биринчиден чеберчилигинде, экинчиден комузу да керемет окшобойбу. Бизде, маданиятты, өнөрдү сыйлоо, ага кам көрүү, коргоо өңдүү салттар жок эмеспи. Качан да болсо өнөр адамдарына тиешелүү мамлекеттик мекемелерде, кайдан жайдан келе калган, көрөңгөсү тайыз, парасаты да жок адамдар иштээрин, алардын түркөйлүгүнүн айынан жеке гана өнөр адамдары эмес бүтүндөй улуттук маданият жапа чегээрин көп көрдүм. Болбосо, Карамолдо деген ким эле? Тирүүсүндө эстелик койчу адам эмес беле. Ал эми анын черткен комузу улутка таандык маданий мурас эле да. Аны кайсы мамлекеттик маданий мекеме издеп коюптур? Тилекке каршы жоголуп кетпедиби. Карамолдо өңдүү залкарлардын музыкалык аспаптары кимдердин гана колунда калып кетпеди. Ушуга байланыштуу бир мисал айтайын. Скрипач Николо Паганини дагы бир теңдешсиз скрипка жасоочу Страдивари жасаган скрипкада ойноо менен ааламдын оозун ачырган. Н.Паганинини эскерүү күндөрүндө ал ойногон скрипканы музейден алып чыгып, жеңүүчү деген адамга бир ойнотуп, кайра катып коюшат. Ошондой эле дайыма катуу кайтарууга алынган. Бизде деле Карамолдонун мурасына мамлекеттик мамиле кылып, анын комузун дароо катчу жерге катып, анын күүлөрүн мыкты черткен комузчуларга черттирип турганга болот эле го. Ошондой эле Атайдын айтылуу "Ак боору" кайда калды? Эч ким билбейт. Азыр да кимдир бирөөнүн колунда жүргөндүр. Маданият министрлиги, журналисттер силер иликтөө жүргүзсөңөр жакшы болот эле. Ал кунсуз музыкалык аспаптардын турчу оруну башка эмеспи.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ