03.09.10 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Бириң кайың, бириң тал...

Калбырлуу "Ата Журт, "аллергия" жана "секирчээктер"

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 29 партия Борбордук Шайлоо Комиссиясына (БШК) тизмесин тапшырды. Эми БШК 10-сентябрга чейин документтерди тыкыр иликтеп, Шайлоо кодексинин талаптарына туура келер-келбесин аныкташы абзел. Тактап айтканда, депутаттыкка талапкерлердин ким экендиги, мурда соттолгон-соттолбогондугу тиешелүү органдар тарабынан тастыкталышы керек. Андыктан кайсы партиялар парламенттик шайлоодо ат салышары бир жумадан соң билинет. Ага чейин мурда-кийинки саясатчылардын кимиси кайсы партияга кошулгандыгын, тизме түзүү маалында кандай талаш-тартыштар болгонун, парламенттик шайлоого карата коомдук ишмерлердин пикиринин тегерегинде кеп козгойбуз.

10-октябрь - өтө орчундуу дата экендигин коомчулук жакшы түшүнөт. А күнү өлкө тагдыры чечилет. Шайлоо таза, калыс өтпөсө, массалык митинг башталып, үчүнчү революция болуп кетиши толук мүмкүн. Демек, Отунбаева өкмөтү эл алдында берген убадаларын аткарып, элдин тынчтыгын сактап калам десе, шайлоону таза өткөрүшү талапка ылайык. Арийне, алдыдагы саясый өнөктүктө административдик ресурстар колдонулушу ыктымалдыгын "темир" генерал Феликс Кулов эгемендүүлүктүн 19 жылдыгына арналган форумда жарыялады. Феликс Шаршенбаевичтин пикиринде, үч партия жеке кызыкчылыгын көздөп гана убактылуу өкмөт курамынан чыкпай атыптыр. "Алсак, вице-премьер Азимбек Бекназаров БЭКтин катарында болбогону менен, анын уулу Руслан аталган партияны жетектейт. Утурумдук өкмөт акыйкат шайлоо өткөрүүгө аракет кылбай жатат. Балким, бөлөк күчтөр кырдаалдын курчушуна таасир тийгизип аткандыр..." дейт ал. Ф.Куловдон мурдараак, тагырагы, июль айында "Ата Журт", "Бүтүн Кыргызстан" сыяктуу партиялар кайрылуу жасап, референдум өтө ыплас өткөндүгүн, мындай көрүнүш ЖоКе жарышта кайталанбашы үчүн өкмөт бардык шартты түзүүгө милдеттүү экендигин кулак кагыш кылышкан. Партиялардын минтип алдын ала коңгуроо кагышы - каалайбызбы-каалабайбызбы, шайлоонун эртеси бүдөмүктөнүп тургандыгынан кабар берет.
Бөлөк күчтөр демекчи, бизде парламенттик башкаруу системасы калыптанышын коңшу мамлекеттер анчейин жактырбайт. Маселен, орус президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан парламенттик республикага айланууга азырынча эртелик кыларын айткан жайы бар. Мындан сырткары, казак, өзбек, тажик бийлиги ачык айтпаганы менен ушундай эле пикирде. Себеби алар парламентаризм синдрому өз чөлкөмүнө таркалышынан кооптонот.
Баары "Ата Журттан" башталбайбы?
Чукул кырдаалдар министрлигин жетектеп турганда Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иши ачылып, натыйжада ал кызматынан чегинген. Анын миллиондорду сол чөнтөккө солоп жибергендиги учурунда чоң чууга айланып, ММКда жакшы эле дүң болгон. Жеке булактардан алынган маалымат боюнча Ташиевге байланыштуу козголгон кылмыш ишине чекит коюла элек. Демек, логикага ылайык, экс-министрдин миллиондорду "жегени" далилденсе, сот жообуна тартылат. Бирок Камчыбек мырза "Ата Журт" партиясынын лидерлеринин бири. Ал парттизменин негизинде парламенттик шайлоого катышары белгилүү.
Ташиевден сырткары, экс-транспорт министри Нурлан Сулайманов , Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеев , экс-коммунистчил депутат Роман Шин "Ата Журттун" желеги астында шайлоого аттанышты. Эсибизге жара чыкпаса, 7-апрелден кийин Н.Сулаймановго мамлекет эсебиндеги каражатты максатсыз пайдаланды деген кине тагылып, алгач УКК сизосуна тыгылып, андан соң үй камагына бошотулган. Билишибизче, Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши аяктай элек. Ал эми экс-мэр Нариман Түлеевге 12-13-майда бийликти басып алууну уюштурду делип кылмыш иши ачылып, издөө салынган. Андан сырткары, тендерден 80 миң доллар "жеп" алган деген айыпты жакында Жогорку сот бекемдеди. Буга улай ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Роман Шинге бирөөнүн буюмун зордук менен тартып алып, адам ден соолугуна жана өмүрүнө доо кетирди деген айып тагылды.
БШК мына ушул төрт фактыны бетке кармап, "Ата Журтту" чоң жарыштан четтетип коюшу ыктымал. Анда эле чоң чуу чыкты дей бер. "Ата Журтчулар" да оңой "жоо" эмес, саясый өнөктүктөн жеңилип калбастын амалын көрүп бардык чараны колдонот. Анүстүнө аталган партиянын курамына экс-"ак жолчу" депутаттар Нургазы Айдаров менен Ибрагим Жунусов , мурдагы финансы министри Марат Султанов , экс-салыкчы Ахматбек Келдибеков сыяктуу белдүү жигиттер кирген. Булардын өз электораты бар. Андыктан азыркы бийлик "ата журтчулар" менен сүйлөшүп, алардын айрым талаптарын аргасыздан аткарышы ыктымал.
КСДПда орун талаш
Так ушундай. Аталган партиянын активдүү мүчөлөрү парламенттик шайлоого карата түзүлгөн тизменин алдыңкы сабына илинбегенине аябай нааразы. КСДП курултайында партиянын айрым мүчөлөрү Атамбаевге "сизди дайыма колдочу элек. Колуңузга карга чычса эле бизди карабай жаңылардын обонун созуп калдыңызбы? Көрөбүз, эртеңки күнү башыңызга кыйынчылык түшсө кимдер артын карабай качарын..." таризинде таарынычын ачык айтышыптыр. Айрыкча маркум Санжарбек Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева , ири ишкер Чыныбай Турсунбеков , Акаев заманындагы "алга, кыргызстанчы", Бакиевдин тушунда "Ата мекендин" төрага орунбасарлыгына жетип, ара чолодо "Туран" партиясын "тирилткен" Тайырбек Сарпашев , Кетмен-Төбөнүн дагы бир кулуну Токтосун Мадияров , экс-депутат Мамат Орозбаев сындуу "ак каргалар" социал-демократчылардын кыжырын кайнатууда.
Бейрасмий маалыматтарга караганда, КСДПнын алдыңкы орундары 15-20 миңден 250-300 миң долларга дейре "сатылган" экен.
Бабанов баарына даяр
"Төрөлгөнүнөн" аз өтпөй жатып "Республика" партиясынын таскагы катуулап баратыр. Партиянын катарына белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубат, мурдагы "ак жолчу" депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Бакыт Төрөбаев , маркум Баяман Эркинбаевдин жесири Чолпон Султанбекова кошулган. Ошондой эле экс-вице-спикер Азизбек Турсунбаев (тизмеге кирген эмес) "Республикага" ачык колдоо көрсөтүүдө. Себеби Азизбек мырзанын кол астындагы эки жигит партиянын атынан шайлоого аттанган. Булардан бөлөк партиянын катарынан аттуу-баштуу адамдарды кездештирбейсиң.
"Республиканын" билерманы Өмүрбек Бабановдун дымагы күч. Жогорку Кеңеште көп орун алуу бу жакта калсын, керек болсо премьер-министрликти мелжеп тургандагы кербези. Роза Отунбаевага Өмүрбек мырза жумасына 2-3 ирет кезигип, узак мөөнөткө сүйлөшкөнүн көргөндөр да бар. Бирок ал жолугушууларда Бабановдун партиясы жөнүндө сөз болуп жатабы же башкалардын тилине кирип Кыргызстанды бөлүп-жарбоо жөнүндө сөз болуп жатабы, белгисиз. Себеби, аз мурда Ө.Бабанов РФ президентинин президенттик администрация башчысы С.Нарышкин менен жолугуп келгенин бүт эл билет.
"Ата мекендин" "аллергиясы"
Алгач Өмүрбек Текебаев модельер Ассоль Молдокматованы жыйырманчылардын арасына кошом десе партиялаштары караманча каршы чыгып, аргасыздан 40-тизмеге илген. Ага да ыраазы болбогон "ата мекенчилер" "Өмүрбек Чиркешович, андан жашыраак кыз таап бербейлиби" деп Текебаевди тердетип, айласын алты кетиргендегиси.
"Ата мекендин" тизмесинин басымдуу бөлүгүн "карт бөрүлөр" ээлейт. Жаңылардан Наталья Никитенко , Ширин Айтматова , президенттин акыл кошчусу Султан Раев менен Жоомарт Оторбаев гана бар.
Жогоруда төрт партиянын тегерегинде гана сөз кылдык. БШК партиялардын кайсынысы парламенттик шайлоого катышарын жарыялагандан кийин бу темага кайрадан кайрылабыз. Сөз соңунда жаңы түзүлгөн "Эл үчүн" партиясынын таржымалына учкай токтолсок. Аталган партиянын негиздөөчүсү Арстанбек Абдылдаевдин айтымында, өлкөбүздө козу карындай жайнаган партиялардын биринен сала бири "катарыбызга кошул" дегенинен улам, өзү "Эл үчүндү" түптөптүр. Бирок партия парламенттик шайлоого катышпайт. Шайлоонун шайтан оюндарына каражат сарптагандан көрө, ошо каражаттарды кайрымдуулук иштерине жумшоону туура табышкан. Маселен, жакында Ат-Башы районундагы 260, Нарын шаарындагы 198 жана Кочкор районундагы 220 багар-көрөрү жок, ар кандай себептерден улам ден соолугунан ажыраган жана томолой жетим-жесирлерге жардам көрсөтүштү. Көмөк көрсөтүүнүн кийинки этабын Ак-Талаада улантышмакчы.
Бу фактыга тегин жерден кайрылган жокпуз. Партия аттуулар дараметине карабай шайлоого дүңүнөн аттанганы туру. Алар үгүт-насыят иштери үчүн миллиондордун көзүн карабай чачары калетсиз. Ага кеткен каражатты жардамга муктаж адамдарга жумшап, түштүктөгү согушта жапа чеккен аймактарга жардам берсе не. Ошондо гана жаңы партиялардын эл арасында аброю артып, келерки саясый өнөктүккө катышууга шарт түзүлмөк. Анан каттоодон өткөнүнө эки ай толбой жатып депутаттык мандат "дартына" чалдыккан партияларды ким колдосун?


Майда бирок маанилүү
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Айтибай Тагаевдин уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясына кошулду. Ал эми парламенттеги "Ак жол" лидери Улугбек Ормонов да ушу партияда.
Жусупжан Жээнбеков тизмеде алдыңкы бештикке илинбегенине ызаланып "Акыйкаттан" чыкты. "Акыйкаттан" Чолпон Абдуллаева , Жылдыз Рахимдинова сыяктуу "ак жолчу" айымдардын жана экс-коммунистчил депутат Анаш Сейтказиев дин карааны чалдыгат.
БЭКтин бешилигинде банкир Муратбек Мукашев , экс-элчи Мамбетжунус Абылов , А.Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров бар.
Октябрдагы шайлоодо Турсунбай Бакир уулу, ХИПИК дегенде ичкен ашын жерге койгон Акылбек Жапаров "Ар-намыстын" намысын талашат.
Экс-"ак жолчу" депутат айым Гүлнара Дербишева алгач "Ата Журт", андан соң "Содружество", акырында "Ак шумкардын" тизмесине бешинчи сапка илингени "секирчээк" атка конду.