mainkaptal
Пользовательский поиск
  Жаңы тасма

"Жакында Манастын төрөлөрүнө ишенем"

Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров айткандай, турмуштун оордугуна, каатчылыкка карабай учурда кыргыз киносу өнүгүп жатканы кимди болбосун кубандырбай койбойт. Албетте бүгүнкү күндөгү жаш режиссерлордун жаратып жаткан тасмаларынын баарын мыкты дегенге болбойт. Ошентсе да алардын арасында кыргыз көрөрмандарынын, чет элдиктердин бүйүрүн кызыткан чыгармалар жок эмес. Буга чейин отузга жакын ар кандай чет элдик сыйлыктарга татыктуу болсо да жаш режиссер Нурбек ЭГЕНди кыргыз коомчулугу чынында көп биле берчү эмес. "Бабалардын керээзи", "Санжыра" тасмаларынан кийин кыргыз элинде анын ысымы көп айтыла баштады. Жакында "Манастын төрөлүшүн утурлай" документалдык тасмасын кыргыз көрөрмандарынын сынына койгон режиссерду кепке тарттык.

- Нурбек мырза, бул тасманы тартууга кандай максат менен бел байладыңыз?
- Өзүңүздөр билгендей, тасманы эки жыл мурун тартып баштагам. Фильмди тартуудагы негизги максат - ар башка кесиптеги, ар кандай көз караштагы адамдардын тагдыры аркылуу азыркы кыргыздардын, Манас урпактарынын турмушун, өлкөнүн учурдагы портретин чагылдыруу болду. Билинбеген менен эки жыл ичинде эле көп нерселер өзгөрдү. Албетте тасманы тартуу оор болду. Учурда кыргыз көрөрмандарына тартууланып жаткан "Манастын төрөлүшүн утурлап" документалдык тасмасынын эл аралык варианты. Эгер эл баалап, мындай тасмага кыргыз коомчулугунун муктаждыгын байкасам, кийин тасманын 8 сериядан турган алты сааттык кыргыз вариантын Улуттук биринчи каналдан көрсөтүүгө аракет кылам.
- Көп жылдардан бери эле жакшы жашоодон үмүт кылып келатабыз. Деги Кыргызстанда качан жаңылануу болушу мүмкүн?
- Менимче, азыр Кыргызстанда кыймылдар, аракеттер чаржайыт болуп, так максат, ой-тилек, идеология жок. Бүгүнкү күндө турмуштун катаалдыгынан элдин көпчүлүгү Манасты эмес, эртеңки нанды ойлоп калышты. Сыртта окуп, иштеп, өсүп-өнүгүп жаткан кыргыз жаштары көп. Алар азыр Кыргызстанга сырткы көз караш менен карап, ал жактагы абал менен Кыргызстандагы абалды салыштырып, көп нерсеге көздөрү жетип калды. Ошондой атуулдарыбыз жакын арада кыргыз менталитетине туура келе турган ой-пикирлерди, сунуштарды алып келишет. Менимче, ошондо Кыргызстанда жаңылануу башталат. Башкача айтканда, кыргыздын жаңы Манасы, өлкөнү өргө сүрөй турган зор күч ошол чет жактан келет.
- Эмне үчүн Кыргызстанды көтөрүүчү күч сырттан келет деп ишенимдүү айтып жатасыз?
- Замандаштарым таарынбай эле коюшсун, азыр Кыргызстанда жүргөн жаштардын басымдуу бөлүгүнүн билим деңгээли, сезим-туюму начар. Алар келечекти анча баамдай албай жатышат. А сыртта жүргөн кыргыз жаштары башка өлкөлөр менен Кыргызстанды салыштырып, канткенде мекенди өнүктүрүү жолдорун ойлонуштуруп келатышат. Мындай жаштардан мекенге тирек боло турган атуулдар чыгарына ишенем.
- Кезинде биртоп агаларыбыз Манас темасына кайрылышкан. Сиз бул документалдык тасма аркылуу элге эмнени жеткиргиңиз келди?
- Ооба, кезинде Манас темасына Болот Шамшиев, Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев сыяктуу агаларыбыз көп жолу кайрылышкан. Чынында мен бул тасма аркылуу Манастагы кыргыз элинин тарыхын реконструкциялоону көздөбөйм. Болгону ошол тарыхый окуяларды колдонуу аркылуу кыргыздын бүгүнкү тагдыры, келечеги тууралуу ой толгоону гана бергим келди. Манастын миң жылдыгында Манас тууралуу биртоп чыгармалар тартылып көрсөтүлгөн. Анда режиссерлер кыргыздын тарыхына кылчайып, кыргыз элинин баатырдык жашоосуна басым жасашкан эле. Муну менен алар элдин улуттук аң-сезимин көтөрүүгө далалат кылышып, мурунку доордун кыргыздары менен азыркы доордун кыргыздарын салыштыруу менен улуу элдин майдаланып баратканын чагылдырышкан. А менин бул чыгармам Манас баатыр жөнүндө эмес, бүгүнкү күндөгү кыргыз калкынын жүрөгүндөгү, оюндагы Манас тууралуу тасма. Ар бир кыргыз үчүн Манас ким? Бул жөн эле жомокпу, эпоспу? Же ал чындап эле болгон баатырбы? Ар бир кыргыз жүрөгүндө Манасты кандай сезет? Манас урпактары бүгүнкү күндө кандай жашап жатышат? Тасма ушул суроолордун жообу болду окшойт.
- Эмне себептен тасманы "Манастын төрөлүшүн утурлай" деп атадыңыз?
- Анткени мен жакында Манастын төрөлүшүн сезип турам. "Манас" эпосунда кыргыз эли кыйналып, күчтүү, акылдуу эл башчысына, лидерге муктаж болуп турганда Манас баатыр төрөлүп отурат. Ошол сыңары эле учурда кыргыз эли замандын жаңы Манасын эңсеп турат. Биз өзүбүз мамлекеттүүлүгүбүздү, көз карандысыздыгыбызды баалабай ушул күнгө туш болдук. Буга Манастай улут башынын, журт башынын жоктугу да себеп болду. Бул көрүнүш ушуну менен токтоп калбай, дагы он-жыйырма жыл уланышы мүмкүн. Мына ушунун баары Манастын төрөлүшүн шарттайт.
- Ошондо сиздин болжолуңуз менен келечектеги Манас дагы канча жылдан кийин жарык дүйнөгө келиши мүмкүн?
- Дагы жыйырма беш жылдан кийин.
- Сиз тасманын кыргыз эли үчүн өзүнчө, чет элдиктер үчүн өзүнчө варианты болот деп жатасыз. Муну менен чет элдиктерди эки анжы ойго салып койбойсузбу?
- Тасманын учурда кыргыз эли көрүп жаткан эл аралык вариантын чет элдиктердин көбү көрүшүп, кыргыздардын ким экенин биринчи жолу түшүнүп жатышканын жашырышкан жок. Көрсө, дүйнө эли кыргыздар 1916-жылдары жаралган калк деп түшүнүшөт экен. Биздин эки миң жыл илгери эле өз алдынча мамлекет болгонубуз, төрт миң жылдык тарыхыбыз бар экени эч кимге белгисиз. Ооз көптүрүп "кыргыздар 1300 жыл мурун Енисейди кармап турганбыз" дейбиз. А муну чынында чет элдиктердин бири да билбейт. Бул документалдык фильмди көргөн соң, кыргыздардын мындай тарыхын кайдан алып окусак болот деп сураган чет өлкөлүктөр болду.
Кыскасы, тасманын максаты учурда болуп жаткан окуяларды тасмага түшүрүп, кийинкилерге калтыруу. Эгер азыркы, кийинки муун бул тасманы көрүп бир нерсе түшүнө алса, бул чоң утуш. Тасманын эки вариантта тартылышы эч кандай эки анжы ойду пайда кылбайт. Анткени чет өлкөлүктөрдүн кабыл алуусу башкача, кыргыздардыкы таптакыр башка. Ошону эске алып, бир эле ой толгоону эки башка жол менен берүүгө аракет кылдым.
- Фильмдин кыргыз варианты менен эл аралык вариантынын айырмасы кандай?
- Айырмасы өтө чоң. Биринчиден, эл аралык вариантында сегиз каарман болсо, кыргыз вариантынын бир сериясында он бештен көп каарман бар. А бардык серияларда жалпысынан алганда каармандар өтө көп. Мисалы, кыргыз тарыхы боюнча эле отуздан ашык, кыргыз оймо-чиймелери боюнча кырктай адам ой бөлүшөт. Манас боюнча эми айтпай эле коеюн.
- Сиз көп өлкөлөрдө болуп келгенсиз. Ал жакта кыргыздар тууралуу канчалык деңгээлде билишет?
- Ал жакта Кыргызстандын үч президентин, саясатчыларынын бирин да билишпейт. А Чыңгыз Айтматовду, "Манас" эпосун, андагы кыргыз жашоосун жакшы билишет. Болду, кыргыздар тууралуу башка маалымат жок.
- Учурда Манасты тасма кылып тартууга болот-болбойт деген талаштар бар. Биз кыргыздар ошону ишке ашыра алабызбы? Дегеле Манас жөнүндө фильмин тартууга мүмкүнбү?
- Эгер кыргыз эли ынтымакка келип, бир чечимге келе алса бардыгын жасоого болот. Тилекке каршы, бизде азыр башаламандык күч болгондуктан бир пикирге келүү мүмкүн болбой калды. Ошондуктан биз биригип бир идеяны тандап, аны ишке ашырууну үйрөнүшүбүз керек. Ар ким ар башканы кеп кылган азыркы заманда муну колго алуу өтө кыйын. Азыр мага Кыргызстан Вавилонду элестетип жатат. Бардыгыбыз бир тилде сүйлөйбүз, бирок бири-бирибизди түшүнбөйбүз. Эгер бири-бирибизди түшүнүп, бир чечимге келе алсак Манастын тартыларынан күмөн санабайм.
- "Манастын төрөлүшүн утурлай" тасмасын тартууга каражатты кайдан таптыңыз?
- Тасманын эл аралык вариантын француз, немис, орустар каржылады. Эми кыргыз вариантынын алты-жети сериясын тартууга каражат табышым керек. Бул оңой сумма эмес. Ал каражатты мен Кыргызстандан гана издей алам. Анткени чет өлкөлүктөрдү кыргыз варианты кызыктырбайт.
- Сизди кыргыз элиндеги эмне көп өкүндүрөт?
- Бүгүн бизде тарыхчылар өтө көбөйүп кетти. Жазгандын баары эле тарыхчы болуп алыптыр. Бир нерсеге кызыгып, ошону туура жазганга аракет кылгандар өтө аз. Негизи эле башка улуттарга салыштырмалуу кыргыздар өтө көп сүйлөйбүз, а иш жүзүндө бир нерсе кылып, жыйынтык чыгармай жок. Ошондуктан аз сүйлөп көп иштегенди, бир иш баштаганды колдоп коюуну үйрөнсөк дээр элем. Мейли анын иши начар болсо да ошонун жакшы жерин таап, мактап, бир аз колдоп коюшубуз зарыл. Анан жаман-жаман дей берсек, эртең баарыбыз жаман болорубуз турган иш.
- Тасмаңызда теңирчиликке көп басым жасалгандай. Буга эмне себеп?
- Айрымдар теңирчиликке басым жасалыптыр дейт, кээ бирөөлөр кыргыз тарыхына көп маани берилиптир дешсе, дагы бирөөлөр манасчылыкка дейт. Кыскасы, мен баарын камтыганга аракет кылдым.
- Айрымдар Манасты жомок дешсе, манасчылар Манас деген болгон, ал турмуш чындыгы деп жүрүшөт. Сиз үчүн Манас эмне?
- Манас - бул кыргыздын тарыхы, салт-санаасы, тереңдеп тааный турган илими. Бул ыйык, касиеттүү күч, кут. Бирок, азыркыга чейин кандаштарыбыз кут эмне экенин түшүнбөй келишет.
- Документалдуу фильмде акыркы кездердеги кандуу окуялар да камтылыптыр. Сизге режиссер катары түштүк, апрель окуялары кандай таасир калтырды?
- Бул окуялар мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок кыргыз эли үчүн чоң трагедия болду. Менимче, бул кыргыздын өзүн-өзү таануусунун башталышы гана. Кыргыз эли азыр башкаларды туурап, өзүн тааныбай турган үчүн ушундай болуп жатат. Качан гана кыргыз касиеттүүлүгүн кармап, улуулук эмне экенин түшүнгөндө гана элде ынтымак, биримдик болот.
- Тасмаңызда негедир улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов агабыз камтылбай калгандай…
- Албетте, документалдык фильмде Чыңгыз агабыз сыяктуу кыргыз элине зор ийгиликтерди, атак-даңкты алып келген жүздөгөн инсандарыбыз камтылган жок. Андай инсандар тууралуу тасма жаратыш үчүн өтө чоң эмгек, талант, изденүү, каражат керек. Эгер Чыңгыз Айтматов XVIII- XIX кылымдарда жашаганда чоң обончу, манасчы болмок. Мезгил, шарт мүмкүнчүлүк берсе улуу инсандарыбыз тууралуу тасмалар жаралып калар.

Мелис СОВЕТ уулу



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ