27.08.10 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тилде сөөк жок

7-апрелде "Альфадан" тонолгон куралдар каякта, Алмаз Шаршенович?

"Альфа-террорго каршы" тобунун башчысы
Алмаз Жолдошалиев баштаган 8 кызматкерге Башпрокуратура тарабынан 7-апрелде "Форумдун" жанында силер куралдарды таштап кеткенсиңер, Ак үйдө болгон окуяларга тиешеңер бар деген айып коюлуп, 7 кызматкер үй камагына чыгарылып, алардын башында турган А.Жолдошалиев камакка алынган.
Бирок "Альфа - террорго каршы" коомдук бирикмесинин президенти Артур Медетбековдун пикири боюнча Жолдошбаевге коюлган бул күнөөлөр укуктук жактан сабатсыз, тагылган айыптар далилденген эмес. Учурда аталган коомдук уюм жана атайын кызматтын подполковниги Алмаз Жолдошалиевдин жактоочулары ал кармалган күндөн тарта тийиштүү мекемелердин алдында нааразычылык митингисин өткөрүп келет.
Башпрокуратура Алмаз Жолдошалиевди 7-апрель күнү мыйзамсыз буйрукту аткарган, "Форум" ишканасынын жанына, андан кийин өкмөт үйүнө келген деп күнөөлөөдө. Экинчи тараптын айтканына караганда, ага бул күнү мындай буйрукту ошол кездеги УКМ жетекчиси Мурат Суталинов берип, өзү да алар менен кошо аталган аймакта болгон. Эми өзүңүз ойлонуп көрүңүз, кантип күч структура кызматкери өз жетекчилигинин буйругун аткарбай коет? Алардын иштөө тартибинде "кокус көңтөрүш же революция болорун билсеңер буйрукту аткарбай койгула" деген жобо жок. Андыктан Башпрокуратуранын аскер адамын күнөөлөп жатып "мыйзамсыз буйрук" деген терминди колдонушунун өзү логикалык жактан таптакыр туура эмес.
Ал эми курал-жаракты таштап кетти дегенине далил жок. Ошол күнү аталган кызматтын 300 аскери "Форум" ишканасынын жанында топтолгон үч миңдей элге 42 түрдүү курал-жарагын тарттырып жиберген. Кызматкерлер бул окуяда катуу жабыркаса да курал колдонгон эмес. Жоголгон куралдардын так эсебин карасак, алар 19 ар кандай моделдеги Калашников автоматы, 13 Макаров тапанчасы, 9 гранатомет, 1 снайпер мылтыгы, 100 жардыруучу зат, 20 үн чыгарып коркутуучу жардыргыч жана 15 миң 188 ар кандай калибрдеги патрондор болгон. Баллистикалык жана трассологиялык экспертиза жасаган учурда булардын автоматынан, снайпердик куралынан элге ок чыгарылмак түгүл жөн да атылган эместиги далилденген.
Биринчиден, эмне үчүн Башпрокуратура апрель окуясынан бери төрт ай өтүп кеткенден соң гана эсине келип, Алмаз Жолдошалиев башында турган "альфачылар" Ош, Жалал-Абад окуясында башкалар кире албай турган Нариман сыяктуу өзбек айылдарын куралсыздандырып, 5-августта У.Барыктабасов баштаган куралдуу топту колго түшүргөндөн кийин иш козгоп, аны камап жатат? Экинчиден, 7-апрелдеги окуя боюнча кармалган бакиевчилердин баары үй түрмөсүнө чыгарылган. Ал эми эмне үчүн УКК СИЗОсунда жаткан подполковникке жакындары конвойлордун коштоосунда да кирип жолуга албайт? Мүмкүн ал жогорудагы окуялар боюнча азыр бийликте турган кайсыл бир авторитеттин туура эмес иштерин билип калгандыр...
25 -августта Бишкек шаардык соту Улуттук Коопсуздук Кызматынын атайын даярдыктагы "Альфа" бөлүгүнүн командири Алмазбек Жолдошалиевди камакта кармоо чечимин чыгарды. Ал ушул күнү жарык көргөн "Дело№..." гезитине берген маегинде 7-апрелде алардын куралын "Форум" ишканасын база кылган учурдагы лидер партиянын биринин талапкерлери тартып алганын айтып, учурда ошол курал каякта деген суроо койгон. Чындап эле, биз билгенден аталган ишкана КСДП партиясынын лидери А. Атамбаевге таандык... Куралдар каякта, Алмаз Шаршенович?

Зайырбек АЖЫМАТОВ




  Иш илгери

Арымы арбыган аялдар

Кыргызстанда аялдарды бизнес тармагына тартып, керектүү кеңеш берүү үчүн алгачкы бизнес-инкубатор 2003-жылы Токмок шаарында ачылган. Андан бери жети жыл аралыгында өлкөнүн ар кайсы бурчунда 37 бизнес-инкубатору ачылып, айымдарга кызмат кылып келет.


Мындай борбордун дагы бири Шопоков шаарында пайда болуп, ачылыш салтанаты 25-августта болуп өттү. "Аялдарды өнүктүрүү борборун" куруу демилгесин Американын Кыргызстандагы элчилиги менен "Манас" транзиттик жүк ташуу борборунун өкүлдөрү жана Кыргызстан Аялдар конгресси көтөрүп чыгышкан.
Имараттын салтанаттуу ачылышына Американын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гффэллер менен "Манас" транзиттик жүк ташуу борборунун өкүлдөрү, Шопоков шаарынын мэри Эркин Ашырбаев жана Кыргызстан Аялдар конгрессинин активисттери, ошондой эле конгресстин Ош шаарындагы филиалынын өкүлү Гүлшайыр Садыбакасова катышты. Ачылуу аземинде элчи Татиана Гффэллэр сүйлөп, сөзүнүн аягын Эмели Тиккенчтин "Үмүт" деген поэмасы менен бүтүрдү. Борбордун эшигине байланган лента кесилип, келгендер имараттын ичин кыдырып көрүштү. Борборду курууга 1940-жылдары салынган эски имарат пайдаланылып, жалпысынан 750 миң доллар жумшалган. "Аялдарды өнүктүрүү борборунун" негизги максаты - айымдарды жаңы жумуш орундар менен камсыз кылуу, чет тилдерди жана компьютерде иштөөнү өздөштүргүсү келгендерге көмөк көрсөтүү.
Борборду ачууга жардам бергендер буга чейин Польша менен Германиядан өздөштүрүшкөн тажрыйбанын аркасы менен 11 200 адамга бизнес ачуунун жолдорун, 1500 аялга компьютердик курстарды, 720 адамга чет тилдерин үйрөтүп, 1400дөн ашык аялды жумуш орду менен камсыз кылып келишкен. Буюрса, жаңы ачылган борбор кыргызстандык айымдарга дагы көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу алдында турат. 45 кишиге ылайыкталган имараттан каалоочулар чет тилдерин, компьютердик курстарды өздөштүрүп, кол өнөрчүлүк менен алектенгендерге өнөрүн андан ары өркүндөткөнгө жакшы шарттар түзүлгөн. Мындай борборду башка региондорго да ачуу керек экенин Кыргызстан Аялдар конгрессинин президенти Замира Акбагышева, элчилик баса белгилешти. Жаңы ачылган борбор мындан ары гендердик теңсиздиктен жапа чеккен айымдарды канатына калкалап, калкка кызмат кылып жүрө беришине биз да тилектешпиз.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА





Дардакташып эркин агат дайралар,
Дарак - эркин жазда, жайда шаңданар.
А бирок да эркинбиз деп эч качан,
Алча түйбөйт кааласа да алмалар.


Кылтылдаган Кыргызстан
Булчуң саясат

19-22- августта түштүк аймагына Кыргызстандын бардык ММК өкүлдөрү барышкан эле. 19-август күнү Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду кызматтан кетирет деген имиш менен анын жактоочулары облустук администрациянын алдына пикетке чыгышты. Ал күнү эки миңге чукул киши топтолуп, жаңы бийликке мэрди ордуна калтырууну талап кылып, кечке чейин туруп, эртең мындан да көп киши чогулат деген ишеним менен тарашкан.

Эртеси күнү саат тогузда ар кандай ураандарды жазып алып, облустук администрациянын алдына беш жүз киши чогулуп, губернатор С.Жээнбековдун чыгуусун талап кылышты. Эл менен жолугушууга чыккан С.Жээнбековго өз талаптарын коюп, кыйкырык ызы-чуу күчөй баштады. Түшкө чейин беш миңге чукул адам топтолуп, администрациянын короосунан чыгып бараткан эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри Айгүл Рыскулованын машинесине кол салышты деген сөз чыккан. Кээси Айгүл Рыскулованы митингчилер барымтага алып, кол салыптыр десе, кээси анын бети-башы көгала болуптур деген маалымат бир заматта тарады. Бирок кийинчерээк Айгүл Рыскулованын эсен-соо экенинен кабар берилди. Ош жергесинде жүргөн ММК өкүлдөрү министр Айгүл Рыскуловага жолугуп, болуп аткан кырдаал тууралуу айтып берүүсүн өтүнгөн эле. Бирок министр айым ММКларга жолугуудан баш тартты. Көрсө, оштуктардын кыжырын келтирген маалымат Мелис Мырзакматовду кызматтан кетирип, ордуна Анвар Артыков же өзбек диаспорасынын бир лидери болот деген имиш болуптур.
Ошол күнү түшкө чукул М.Мырзакматов, А.Бекназаров, Ж.Сатыбалдиев митинг болгон жерге келишти. М.Мырзакматов митингге чыккан элге мэрликтен кетпегенин шардана кылып, учурда эл оозунда айтылып жүргөн президенттер тууралуу анекдотун айтып өттү. М.Мырзакматовдун анекдотунан улам азыркы бийликке анча ичи чыкпай аткан түрү бар. Андан кийин трибунага чыккан А.Бекназаровду эл жакшы кабыл алган жок, кыйкырып, бир сыйра ышкырып да алышты. Бирок А.Бекназаров Мелис мырзаны колдоорун айтып, элдин көңүлүн алды.
Облустук администрациянын оң тарабына тигилген боз үйдө "Ош шейиттери" коому бар. Бул жерге митинг болгон күнү июнь айындагы согушта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргыздардын түстүү сүрөттөрү эки баннерде илинип турду. Митингге келген эл өлгөн кыргыздардын сүрөттөрүн көрүп, өзбектерге бир сыйра тиш кайрап алгандай болду. Бул сүрөттөрдү ким, эмне себептен илдиргени белгисиз. Ушундай башаламандыкта элдеше албай аткан эки улуттун ортосун ого бетер алыстатып, кайрадан араздашууну алып келээрин сүрөттү илгендер билип туруп жасаса керек.
Жарака кетип, жаңы тынчыган түштүккө мындай митинг провокаторлордун кызыкчылыгына айланбайт деп ким кепилдик берет? "Бектер кетет эл калат, бетеге кетет бел калат" дегендей, М.Мырзакматовдун кызматтан кетиши оштуктарга ушунча ызы-чууну жаратса, анда губернаторлук креслону кучактап отургандар эртеңки күнү кетээрин билсе колдоочуларын топтоп, митингге чыкпайбы деген ойго аргасыз жетеленет экенсиң. Митингде А.Бекназаров Мелис Мырзакматовго бийлик башка кызмат сунуштаганын айтты. Эмне кызмат экени, андан баш тарткан Мелис мырза мэрликти неге тандаганы белгисиз.
Азыр Ошто болуп өткөн митинг тууралуу ар кандай пикирлер айтылууда. Кээси анын мэрликтен кетпей турганын оң көрсө, кээ бирөө туура эмес баа беришүүдө. Мелис Мырзакматовдун түштүктө ушунчалык кадыр баркы барбы же үкамды өзүм колдогом деген А.Бекназаровдун колдоосу күчтүүбү, түшүнүксүз. Эмнегедир бул тууралуу президент Р.Отунбаева эч нерсе болбогонсуп, ак да, көк да дебеди.
Акыркы кезде өлкөбүздө болуп аткан окуялардан улам, кыргызстандыктар эч кандай митинг, ызы-чууну каалабай, чарчап, бир чети кооптонуп калышты. Бирок, өзүнүн жеке кызыкчылыгын элдин коопсуздугунан жогору коюп, креслосун сактап калууга аракет жасап, ар кандай пикеттерди уюштурган кызматкерлердин саны акыркы кезде арбып баратканы өкүнүчтүү.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, Бишкек-Ош-Бишкек