mainkaptal
Пользовательский поиск
  Саноптика

Эгемен Кыргызстандын буга чейинки президенттери 61ге караганда кызматынан куулушкан. Азыркы өлкө башчысы 60ка чыкты, эми эмне болот деген суроону калчадык.

Алтымыш бирди ак үйдөн тосуңуз!

23- августта Роза Отунбаева өзүнүн жакындарынын арасында бешинчи мүчөл жылдык мааракесин белгиледи. Өлкө кайгы-муңдан баш көтөрө албай турганда дүңгүрөтүп майрамдабаганы жакшы дечи. Бирок КМШ тарыхындагы алгачкы президент айым мурунку коллегаларынын жолу менен келе жатканы таңгалычтуу. Алардын тагдырын көчүрүп туруп, каарманын гана алмаштырып койгондой. Акаев да, Бакиев да кокусунан келип калышкан өлкө башчылары. Окумуштуу президентибиз Россияда оюнда эчтеке жок жүрсө, кыргыз интеллигенциясы алып келип тактыга отургузуп салган. Ат көрбөгөн минип өлтүрөт болуп, анын президенттик доорун Майрам, Айдар, Бермет Акаевалар менен балдыздары жүда сүрүштү.
Манты жеп отурган жеринен келип президент болуп калган Курманбек Бакиевдин 24-марттагы революцияны уюштурууга финансылык колдоо көрсөткөнү үчүн гана президент кылышканын кийин Үсөн Сыдыков айтып чыкпадыбы. Бул дагы атты биринчи жолу көргөндөй, бийликте эки жыл отургандан кийин "өнөрүн" баштады.
Көөп кеткен ажолорду 61дин ашын жеп жатканда эл шыпырып түштү. Тунгуч президент 1944-жылы 10-ноябрда туулган. 2005-жылы 24-мартта алтымыштан жаңы оогон кези эле. Курманбек Бакиев болсо 1949-жылы 1-августта төрөлгөн. 2010-жылдын 7-апрелинде ал дагы алтымыштан жаңы ашкан.
Акаевди эл бала-чакасын бийликке аралаштыра баштаганы үчүн жаман көрсө, Бакиевдердин өздөрү тойсо да көздөрү тойбогон кара жемсөөлүгү үчүн жек көрүп калышты.
Уюлдук телефондун 60 тыйынга кымбаттоосунан кийин, күнүнө аба үчүн бир сом төлөйт экенбиз да деген нааразылыктар күчөгөн. Анын баарын жаза берип жаттап бүттүк. 7-апрелде бийликке бири-биринен дымагынын күчтүүлүгү, ишенбөөчүлүгү менен айырмаланып турган 14 "диктаторлор" келишти. Эркектер бийликти бири-биринен кызганып отурушуп, Отунбаеваны отургузушту. Кудай жалгап, Роза эжеке көптөгөн жооптуу кызматтарды басып өткөн татыктуу кадр болуп чыкты. Эч кандай аймактык кландарга баш ийбеген бул айым үчүн азыркы кызмат - бул тагдырдын белеги. Атайын даярданып мындай ийгиликке жетише алмак эмес. Анткени шайлоодо кыргыз эли эч качан аял кишини башчы коюшпайт. Өмүрбек Текебаевдин Конституцияга Роза гүлүн кыпчытып койгону, ызы-чуу каптап турган учурда элге жага берди.
Эл аты сонун эжекебизден көптү үмүттөнүп жатышкан. Акыркы окуяларда өзбектерге тарта бергени бул саясатчынын түштүктөн аброю кетишине алып келди. Акыркы күндөрү иниси Болот Отунбаев ар кайсы жерден атын чыгарып жатканы "баягы, баягы" дегенди эске салып жатат. Андан сырткары, акаевчилерди, бакиевчилерди жолотпошубуз керек деп төш каккан эжекебиз тескерисинче, алардын санын көбөйткөнү, алар баскан тырмоочту кайта басып жатканын көрсөтүп жатат.
Роза гүлү эң сонун гүл болгону менен анын тикендери бар, ошол сайып кетпесе эле болду деп турушат эл. Эмнеси болсо да, 7-апрелге чейинки позицияңызды бекем тутуп, өлкөдө эң башкысы адилеттикти, калыстыкты орнотсоңуз 61 жашыңызды президенттик кызматта эле тососуз. Андан сырткары кыргыздын тарыхындагы бир жаман салтты бузат элеңиз. Себеби, Исхак Раззаков баш болуп, Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиев төш болуп өлкө башчылыгы кызматынан эч кимиси өз каалоосу менен кеткен эмес экен. Андыктан алгачкы аял президент катары тарых бетин таза барактан баштап бербесеңиз болбой калды. Тиги эки "вип" качкындардан айырмаланып сиздин колуңузда оңдолууга, ойлонууга мүмкүнчүлүк турат. Алар азыр "каап, минтип эле койбой" деп тиштенип турушат. Эң башкысы, эл менен эсептешиңиз. Элден өткөн калыс, көрөгөч кеңешчи болбойт.
Өткөндө Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде эң күчтүү деп эсептелген Аргентина менен Германия командалары чемпион боло албай калышты. Муну билермандар алардын өлкөсүн аял киши башкарат, ошондуктан оомат качып кетти дешти эле. Кудайга шүгүр, биздин спортчулар Сингапурдан кубанычтуу кабар менен эле кайтканы турушат. Андыктан бул жоромол биз үчүн эмес деп эсептеп коелу.
Мурункулардын катасын кайталабай 61 жашыңызды Ак үйдөн тосконго аракет кылыңыз, Роза Исаковна!
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ





Кырдаал Ишенич

Кыргызстан 1991-жылдын 31-августунда өз көз карандысыздыгын жарыялаган. Жаңы тарыхыбыз ушул күндөн башталып, ушу күндү майрамдап келебиз. Айрымдар эгемендигибиз эч кандай кан төгүүсүз, айлап-жылдаган күрөшсүз эле келип калды деген ойлорду да айтышкан. Бирок, кечээки апрель-июнь окуяларындагы кандуу күндөр, эгемендик деген кылдын учунда турган кымбат нерсе экендигин көрсөтүп койду. Ошентсе да…

Эгемендик алдык деп эрдемсип жүргөнүбүзгө 19 жылдын жүзү болуптур. Тарых үчүн бир тамчыдай болбогон бул жылдардын аралыгында Кыргызстан бир күнү бир кылымга татырлык күндөрдү баштан өткөрдү. Социализм аталган коомдук түзүлүштөн дээрлик 70 жыл бою жерип келген капитализм деген түзүлүшкө бир аттап эле секирип кетти. Секиргенде да катуу түйүлгөн экенбиз, капитализмдин кайсы аралына барып түшүп калганыбызды ушу күнгө чейин аңдай албай келебиз. Ал ортодо эки президент өлкөнү өргө тартуунун ордуна "ат көрбөгөн минип өлтүрөт" болушканын айтканда эмне.
Аныгында эгемендиктин алакандай ак калпак журтубуз үчүн мааниси эбегейсиз. Ал сөз менен айтып жеткире албаган улуу түшүнүк. Анткени эч кимге көз карандысыз, өз алдынча мамлекет болуу бериси Манастан, арысы ошол Манастын өзүн жараткан жер каймагындагы жетимишпи, жети жүзбү, айтор, көктө жылдыз, жерде кыргыз жаралгандан берки тилегибиз эле. Тарых күүсүндө бирде деңиздей чайпалып, бирде булактай соолуп, бирок, "түгөнгөн сайын түтөгөн, өлгөн сайын өрчүгөн" касиети менен бүгүнкү күнгө жетип, канча кылымдар кан-жаны менен коргоп келген Ала-Тоосунда, кан Манастын туусун кайкалата аштап, ошол эле манаста айтылгандай "эгемендүү эл болуп, эчендерге тең болуп" турган улуу кыргыз дөөлөтүнө күбө болуу азыркы кыргыз атын алып отурган калкыбыздын энчисине туш келип отурат. Эгемендиктин, анын ээси эл-жердин кадырын билгенге мындан артык бакыт болорбу!
Демек, ак калпак кийип, улутум кыргыз, урааным Манас, жерим Ала-Тоо деген кыргыз тукумунун мойнунда буга сыймыктануу менен катар, эгемендиктин этегин жерге тийгизбей, ээнбаштарга күйгүзбөй, төгүлтпөй да чайпалтпай кийинки муунга өткөрүп берүү, анын Кан-Теңир тоодой улам бийиктеп канча кылым тура берерлигин камсыз кылуу милдети турат. Учурдагы уй бөйрөк болуп бөлүнмөй, өз кочкорунун умасын мактап улутка таңуулоо, кылым кыргыздын ак тилеги үчүн эмес, кызарган бийлик үчүн атасын сатканга даяр арамдык өңдүү жаман адаттардан арылуунун ачкычы, улутту уюткан улуу көрөңгө мына ущул милдетти сезе билүүдөн башталат. Бул милдетти ар бирибиздин көкүрөгүбүздө ата журт деген улуу күч уялап, ал аң-сезимибизге жарык чачып, утурумдук бийлик-байлыктан, улуттун түпкү кызыкчылыгын өйдө койгондо гана аткара алабыз. Тарых алдында, эгемендик үчүн эчен кылымдар бою кылыч мизинде күрөшүп келген өткөн муундун, анын жемишин татууга татыктуу соңку муундун алдында бүгүнкү муун көп нерсеге милдеттүүбүз.
Кылым кыргыздын "бирөөнүн кесири миңге, миңдики түмөнгө" деген лакабы бар. Муну айтып жаткан себебим, эгемендик колубузга конгон бир жылы кем жыйырма жыл аралыгында "көпкө топурак чачкан" көзөлдөрдү, эл тагдыры, ата мурас ыйык жерибиз менен ойногон эчендерди көп көрдүк. "Эшегине тушагы жарашкансып" бөлүнүп-жарылып же ала көлдөй арагына, анча-мынча тыйынына кызыгып жатып шайлап алган эки президентибиз, депутаттарыбыз эл үмүтүн актай алган жок. Кыргыздын кызарган жерлери (Кан-Теңир, Үзөңгү-Кууш, Каркыра, Көлдөгү пансионаттар) ушулар колдуу болду. Бул жерден жалпы жоопкерчиликти ар кимибиз өзүбүздөн алып сала албайбыз.
Ошентсе да эркиндикти, калыстыкты сүйгөн калкыбыздын канында бар экен, экөөнү тең айдап чыкты. Боло келгендей эр азаматтарыбыз окко төшүн тосуп берди. Бул дагы кыргызды кыргыз кылган, эл катары доор түпкүрүнөн ушул күнгө жеткирген улуу касиеттердин бири экендигин сыймыктануу менен айта алабыз. Албетте эл болгондон кийин Абыке-Көбөшү, Кыргыл чалдары, тентеги менен жөнтөгү болбой койбойт экен. Азыр да мындайлардан кур эмеспиз. Айрыкча парламенттик башкарууга багыт алган жаңы тарыхыбызда он киши болсо да ошолорго өктөм үн катып, жапыра сүйлөп турганды жактырган кайран кыргызым 150гө чукул партия түзүп жиберген. Эми кантер экен деп турсак, алардын 57си БШКдан өтүп, калгандары ар кайсы партиянын койнуна чак түштө эле кирип жатышат. Берки 57си да деле этекти кенен жайып, бири-бирине көз ымдап "ирилешүү" процесси жүрүүдө. Бул туура.
Анткени мындай аракеттин түпкүрүндө парламенттен көбүрөөк орун алып калуудан мурда, ар качандан бир качан колтуктан башын чыгарып туруучу Абыке-Көбөштөр атка минип алса, эңсеп жүрүп колго тийген эгемендиктин тагдыры эмне болот деген эч бир кагазда жазылбаган, кыргыз канында кылымдардан бери ойноп келаткан улуу касиет, элдин өзүн өзү сактоо касиети жаткандыгын айтып коюшубуз абзел. Алдыдагы улут тагдырын чечкен парламенттик шайлоо албетте ызы-чуусуз болбойт, бирок эгемендигибизге көлөкө түшүрүп, желегибизди жерге таштап жиберет дегенден алыс болушубуз керек. Менин буга ишенимим күч. Себеби, эл тагдыры ортого коюлган, эчендеген кыл чайнашкан кыйындыктарда "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып" келген улуу кыргыз тарыхы ушуну айтып турат.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ