presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жанмаанай
"Эртең акыр кыямат экенин билсең да бир түп дарак тигип кал"
Хадистен
Кыргыз "эл аман болсун, эл ичинде мен аман болоюн"- деп бекер айтпайган экен. Өлкөбүздүн саясый турмушунда апрель айынан бери келаткан окуялар ар бирибиздин психологиябызга өз запкысын тийгизди окшойт. Өзүбүз байкабаганыбыз менен бул жылы шейит кеткен инсандар менен кошо биз деле жарым өлүк болуп калдык. Арийне Бишкекте кырчындай болгон жигиттер бийликтин огунан, Ош, Жалал-Абадда адам чыдагыс мыкаачылык менен өлтүрүлүп жаткан учурда өлүм деген нерсе керек болсо ар бир кадам сайын жолуга турган көрүнүш экенине баш ийип калат экенсиң. Мындай өлүмдөрдөн улам өз ажалынан, оорудан же дагы бир септен каза болгон адамдардын өлүмү ал жаш болсо да анчалык деле кайгыртпай бараткандай… Ушул айларда алыс-жакын тууган, достордун жакындары болуп беш адамды аркы дүйнөгө узатып топурак салдым. Ыйлайын десем көзүмдөн ныпым жаш чыкпайт. Мен эмес ошол каза болгон адамдардын көздөй жакындарынын да эзилип-эрип ыйлаганын көргөн жокмун. Баарыңар байкасаңар, биз өлүмгө ыгы жок көнүп баратабыз… Бул өтө коркунучтуу.
Эртеңки күнүңө ишенбей жашагандын өзү тозок тура. Жашырганда не, кээде балдарымдын коопсуздугун, келечегин ойлоп Ата-Мекенимден көчө качкым келет. Бирок, обу жоктонтпой эле айтканда эң эле жөнөкөй себеп, сырт жакта мендей кыргыз тилдүү журналист кантип жан бакмак эле? Жазган ырымды ким окуйт? Кыскасы кыргыз мамлекети, улуту сакталып калбаса анда жеке менин эч кимге керегим жок. Кээде Кыргызстандагы ар бир жолуккан адамды мээримдүүлүккө, кечиримдүүлүккө, сабырдуулукка, өлкөнү сактап калууга үндөгөн дербишке айланып кетейин дейм, бирок мени ким угат? Жок дегенде өз тирилигиңди тың өткөрүш үчүн жанталашып иштейин дейсиң, бирок эртең өлкөң согуш талаасына айланса, болбосо бөлөк өлкөнүн таман астында калса анда жанталашып иштегендин мааниси не?
Жок! Чыйралбаса болбойт. Жашоодо адамча түйшүк тартканды, адамча сүйүнгөндү, адамча кайгырганды билбесек түрүү жүргөндүн кажети канча? Мухаммет пайгамбар ушундай учурлар болорун билип, "Эртең акыр кыямат экенин билсең да бир түп дарак тигип кал" деген хадис калтырган окшойт…
Зайырбек АЖЫМАТОВ




Үзүлбөгөн үмүт…

Сагындым сени… Балким бул сөз башкаларга өөн учураар, койнунда эри, маңдайында балдары туруп кимди сагынды дешээр. Жанымдан анча-мынча алысыраак иш сапарга кеткен жолдошумду сагындым. Ортобуздагы аралык бир айга чукул болсо да жанымдагы жанбиргемдин кадыр-баркын, үйдөгү опол тоодой караанын, ордун сагындым… Азыр гана өлкөбүздөгү коогалаңда көз жумган жаш жигиттердин жубайларынын жалгызсыраган абалын түшүнгөндөй болдум. Күнүгө уюлдук телефондон жолдошумдун үнүн угуп, анын амандыгына каниет кылсам, өлкөбүздөгү тополоңдо жаштайынан жесир калган келиндер жер карап, үйүндөгү түндүктүн урап түшкөнүн сезе, келечегим кандай болот деген үмүтсүз көз караштарын эстедим.

Оштогу коогалаңда, 7-апрелдеги кандуу окуяда канчалаган кыргыздын жаш уландары кырчын өмүрү менен коштошту. Алардан канча бала төрөлүп, тукум уланып, кыргыздын саны көбөйөт эле. Үмүтсүз шайтан… Чын эле өлкөбүздүн келечеги кандай болоорун көралбасак да, жакшылыктан үмүт үзбөй жашап келебиз. Өткөндө кыргыздын атын кыйырга тааныткан спортчусу Алмазбек Раимкуловдун келечеги кең өлкө АКШда жашайм деп ооз толтура айткан сөзүн эстедим. Кыргыздар качан келечеги кең өлкөдө бактылуу жашоодо бардар жашайбыз деп ооз толура айталабыз? Москва бир күндө курулган эмес дегендей, жакын арада эле баары зымга тизген карагайдай түзөлүп, ойдогудай болуп кетпесе да, биз көрбөгөн жакшылыктардын учкундарын балдарыбыз көрүп калса экен деген үмүткө жетелендим. Өлкөбүз түндүк-түштүк деп тымызын бөлүнгөнүбүз менен Ош алааматындагы кырылган кыргыздарды укканда жүрөгүм ооруп, көзүмө жаш тегеренип, каныбыз бир экенин сездим. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргыздардын сүрөттөрүн көрүп, көңүлүм чөгө түштү. Аңгыча жанымдагы кесиптешим Кудурет: "Назгүл эже, мобул сладкаяны караңызчы" деп уюлдук телефондогу сулуу селкинин сүрөтүн көрсөттү. Ошондо гана көңүлүм көтөрүлүп, Кудурет менен алиги жаш селкинин үйлөнүү үлпөтүн, Кыргызстандын гүлдөгөн мамлекетке айланарына үмүт арттым…
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө!

Таң эрте туруп, жумушка баратсам бир кошунам "сен сарт, Оштон тентип келип кыйын болбо!" деп экинчи кошунама тамагы айрылгыча кыйкырып жатат. Анда тиги "сен таластык, өпкө какпа, бат эле желиң чыгат" дейт. Экөө тең кыргыз. Кичи автобуска түшүп орунга эми көчүк басып жатсам, кызуу сүйлөшүп жаткан эңгезердей эки жигиттин бири "баткендиктер, нарындыктар аңкоо болот экен, бая күнү баткендик, нарындык группалаштарыма "бухайт" этесиңерби десем аңкайып мени карашат" деп ыржалаңдайт. Чыдабай алардын кай жактан келгенин сурасам бири чүйдө, экинчиси көлдө чоңойгон балдар экен.

Түшкө жуук күн ысып, кесиптешим экөөбүз мээ сергиткени шаар ичиндеги сейил бакты аралай басып калдык. Койкое кийинген эки шаардык кыз элеттик эки кызды болушунча басынтып, орусчалап ашатып жатат. Төрт кыз тең кадимки эле кыргыз кыздары. Бири биринен айырмасы жок. Экөөнүн болгон айыбы- айылдык.

Кечинде бир аз жаңылык угалы деп телевизорду иштете салсак бийлик менен оппозициянын, партия менен партиянын быкый чукушмайы. Бири-биринин былыгын казып, эзелки өчү бардай сөөмөй кезешип жаткан партиячылдар, бийликчилер, оппозициячылдардын баары кыргыз. Дагы бир жерде кыргыздар эки тарап болуп алып акыйнек айтышып, бири-бирин боктоп жатышат. Талашканы кайсы бир чиновникти кызматтан кетирүү же калтыруу. Буларды көрүп отуруп, "аттигиниң неге кыргыздар ушинтип уй бөйрөгүндөй бөлүнгөнгө машпыз?" деп өзүмө өзүм суроо коем.

Шаардагы жердешчиликке, "киргиз"- кыргызга, шаардык-айылдыкка, түштүк-түндүккө бөлүнмөйдөн, элди экиге бөлгөн митингдерден тажап, айылга барсаң деле баягы бөлүнүү. Сакалы жер чийген аксакалдар жайма-жай уруу сүрүштүрүп отурушат. Бир айылдан кичине тыңыраак жигит чыкса, анын ата-тегин, жотосун сүрүштүрүп отурушуп, акыры аны кытай, уйгур, дунган, татар же калмак кылып тынышат. "Ошондой дейм да, бул таза кыргыз эмес болсо керек деп боолголоп койгом. Оокат кылганын эле карабайсыңарбы жутунуп, кыргызга таптакыр эле окшобойт" деп жыйынтык чыгарат өз ишине маашыр боло сакалын сылаган карыя. Мында бир оор үшкүрүнүп, улуулардын жоругуна аргасыз баш чайкап тим болом. Андан баш эмне кыла алам? Алар менен баарыбыз кыргызбыз деп жакалашамбы? Деги кыргыздар качан бөлүнүп-жарылуудан арылабыз? Ансыз да өлкө ичи ирип жатканда, бөлүнмөйдү токтотпойлубу? Же бөлүнүүдө кыргыздын өчү барбы?
Мелис




Арал

Жандүйнөң жабыркагандан өткаөн азап жок экен. Чабалактайсың, шаштың таят. Кимдир бирөөнүн жылуу мамилеси көздөн учат. Жандүйнөңдөгү бу кемтикти керек болсо жатындаш тууганың, атүгүл сени төрөгөн апаң да толтура албай калат тура. Ата-эне, бир туугандарыңдын мээрими бир бөлөк, жүрөк дартын айыктырчу адамдын мамилеси такыр башка болорун эми билдим.

Дайыма смс жазышабыз. Бир күнү кокусунан "шаардан тажадым, алыска, алыска кетпейлиби" дедиң. Ошо кезде менин да жандүйнөм удургуп, кыжаалат ойлорго батып, не кылар айламды таппай тургам. Дароо "кеттик, эл көрбөгөн, эл билбеген аралга барып жашабайлыбы" дедим. Кызыгы сен да менин демилгемди колдоп, "Нуся, даярмын. Жолго эмне алып алайын?" деп кайра смс жөнөттүң. Айтор, экөөбүз тең кыялыбызда аралда жашап, ал жакта калган өмүрүбүздү өткөрдүк. Мен "көп балалуу болобуз, ээ" десем, "Жок, ашып кетсе 5 бала төрөп берем. Мени да аябайсыңбы" деп кылыктанасың. Ансайын ичим элжирейт. "Уул-кыздарыбызды кайда окутабыз?" десем, "Окубайт. Бу дүйнөдөгү ыплас нерселерге аралашпай, таза бойдон өтүшсүн" дейсиң.

Экөөбүздүн ошол "жинди" кыялдануубуздан кийин жандүйнө кризисинен арылдым. Сага жолуктурган тагдырыма ичимен ыраазы болом. Сен болбосоң ошондой кыйын кырдаалдан - депрессиядан кантип чыгарымды азыр да элестете албайм.

Күнүгө аралдагы жашообуз көз алдыма тартылат. Кыялымда болсо да ошо таттуу ирмемдер демиме дем кошот.

Арал… Аралда жаңыдан жашоосун баштаган эки жаш… Чурулдаган балдар… Өсүп-өнүккөн мамлекет…

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??