27.08.10 - 18-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ак бантик

Бир барган 1-класс

Мектептин босогосун аттагандан тарта он жыл бою окуучу кандай гана окуяларга кабылбайт. Бирде мугалимден жеме угуп, бирде өзүң кызыктуу окуяларга туш болоруң турган иш. Андай окуялардан белгилүү адамдар да кур калган эмес. Бири биринчи класска барган окуясын айтса, экинчиси биринчи класстагы жоругун күлкү аралаш эскеришти.


Асема ТОКТОБЕКОВА, ырчы, актриса:
"Меникиндей туфлиден бирөө эмес бешөө…"
- Жаңы мектептин босогосун аттаарда баары эле, өзгөчө кыздар алып берген кийимдерин кайра-кайра кийип күзгүнүн алдына каранмай адаттары бар эмеспи. Мен да апам алып берген киймдерди канча сапырдым. Мен балбыраган кооз кофталарга кызыксам, апам ой-боюма койбой жөнөкөйүн алып берип салган болчу. Мага үстүндө чаарала козу карыны бар кыпкызыл туфлийим өзгөчө жакчу. Биринчи сентябрды чыдамсыздык менен күтүп туфлийимди кийип барсам, меникине окшош бут кийим дагы төрт-беш кызда бар экен. Менде эле болсо керек деп кубанып кийип барган жаным маанайым бузулуп, үйгө жинденип келген болчумун. Апамдарга таарынып ыйлап башка туфли алып бергиле деп ызы-чуу салсам, Золушканыкындай туфли сатып беришкен. Аным бутумду көпкө өйкөп канча күн ыйлактап жүрдүм.


Камчы САРЫБАЕВ, актер:
"Түнү менен гүл уурдагам"
- Биринчи класска барганда "Азбука" деген жазуусу бар сумкам бар болчу, ошону кудуңдап асынып барганымды билем. Анан да эртең биринчи сентябрь деген күнү кечинде балдар менен чогулуп кошуналардын торунун артында өсүп турган гүлүн уурдаганбыз. Башка балдар менден тез кыймылдагандыктан аларды киргизип ийип, мен сыртта кайтарып турчумун. Толтура түркүн гүлдөрдү үзүп алып, эртеси жакшы букет жасап барганбыз. Мен мектепке чейин бала бакчага барып окуганды үйрөнгөндүктөн, сегизинчи класска чейин эң жакшы окудум. Андан кийин сүйүү деген балээге кабылып, "төрткө", андан сыйгаланып "үчкө" түшүп калбадыкпы.


Замира МОЛДОШЕВА, стилист:
"Он бирди бүткүчө
кечигип жүрдүм"
- Мени биринчи сентябрда ата-энем мектепке алып барды. Анан эртеси өзүм бара турган болдум, ага чейин жайлата апам "Саламатсызбы. Киргенге уруксатпы" деген үч сөздү үйдөн аябай жаттаткан болчу. Экинчи сентябрь күнү эле быссымылда деп кечигип бардым. Жолдо катар коркуп, ичимен "Саламатсызбы. Киргенге уруксатпы" деген сөздөрдү кайра-кайра кайталап баратып класска киргенде шашып кеттимби билбейм, "эми кире берейинчи" деп жибериптирмин. Класстын баары кыраан-каткы күлкүгө бөлөнүп, класс жетекчим "жаман догурундуң го, кир эми" деген болчу. Ошол үч сөздү жатташ мен үчүн азап эле, ошол бойдон он биринчи классты бүткүчө күндө кечигип барып жүрдүм. Анан да апам жаңы лакталган туфли сатып берген. Кийгенде эки кадам аттап эле сүртө берчүмүн. Колумдун кири бир укмуш, бирок ошол бут кийимим жалтырап турмайын алымсынчу эмесмин.


Элмара ТУРСУНАЛИЕВА, ди-джей:
"Болгон буюмумду көчүрүп баргам"
- Биринчи класска барганда биринчи сентябрь оңой менен келбей, күн санаганым эсимде. Мына бүгүн биринчи сентябрь деген күнү китептерим жок болчу да, сумкама жаңы дептерлеримди, спорттук костюмдарымды салып, бир колума гүл көтөрүп барганым эсимен чыкпайт. Апам бүгүн окубайсың, кызым, жөн гана барып келесиң дегенине кулак түрбөй ээленип көтөрүп баргам. Биринчи класска киргенде тазалык сектор кылышты, анан класскомго көтөрүлдүм. Ошол кезде эле өзүбүздүн балдарды чанып, башка класстын балдары менен ойногон өнөр бар болчу. Эми азыр өзүмдүн уулум биринчи класска барганы турат, толкунданып анын кийимдерин камдап кубанычым койнума батпай турат.


Малик АЛИКЕЕВ, ырчы:
"Агайымды атайын уяткардым"
- Биринчи класска эл катары эле кызыл-тазыл гүл көтөрүп, кычыраган костюм-шым кийип барган болчумун. Бир жаман жери, музыкадан берген агайым барарым менен ырдатып көрүп, шыгың жок экен деп кызыл сыя менен "бир" деген баа койгон. Өзүм мектепке эми барсам, бара элек жатып "эки" эмес "бир" деген баа алсам… Ыза болуп жинимдин келгенин сураба. Кийин окууну бүтүп, элге тааныла баштаганда атайын ошол агайымды издеп таптым. Уяткарып көзүнө көрүнгүм келди. Учурашып, ошол окуя эсиңиздеби десем, кызарып аябай жаман болгон болчу.


Арзыбек БЕДИЯРОВ, КР эл артисти:
"Указка менен башка жеп"
- Биринчи класска барганда киши менен тил табыша албай көпкө чейин жүдөп жүрүп элге кошулдум. Бир окуяны эстесем азыркыга чейин күлкүм келет. Орус тилин айылдагы окуучулар жакшы деле билбейт эмеспи, ошол кезде бизди Кудайберди деген агай окутчу эле. Анан котормого келгенде ар кандай оңой сөздөрдү сурап баштачу. Бир күнү герой деген сөздүн кыргызчасы кандай болот деп сураса баарыбыз билбейбиз. Ал кезде келиндер туугандарды атынан айтпай тергешет эмеспи, биздин айылда да Бузурманкул деген киши бар болчу. Пахта чаап жаны тынбай иштечү, келиндер аны тамашалап герой аке деп тергешчү. Биздин түшүнүгүбүздө герой деген сөз ошол кишиге байланышып калган эле. Баарыбыз жооп бере албай тунжурап отурсак, Болотбек деген классташыбыз ордунан туруп "герой деген Бузурманкул" деп жооп берип баарыбызды күлдүргөн эле. Андан да мектепке жаңы киргенде бардык нерсе кызык болот эмеспи, мугалимдин указкасын кармап ойногон адатыбыз бар болчу. Аны да жөн ойнобой бири бирибизге тап берип чочута берчүбүз. Бир жолу мен да каалганын артына тура калып балдарга тап берейин деп жатсам агайым кирип калыптыр. Ага тап берип, ал указканы колуман жулуп алып мени бир чапканы азыр да көз алдымда турат.