27.08.10 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ырдайлыбы же ыйлайлыбы?


Мен өз өлкөмдү жөнөкөйлөтүп айтканда, атасынын өмүр бою жыйган-терген байлыгын чачып, мурас калган жерин кескилеп сатып жаткан акылсыз баладай элестетем. Кайсы бир жомокто бир байдын эрке баласы атасы өлгөндөн кийин эркиндикке манчыркап каалагандай көөп жүрүп колундагы мыдырын тарттырып ийип, акырында өзү көчөдө калат эмеспи. Башкача айтканда, руханий жактан калыптанбаган адамдын келечеги болбойт. Тарыхты карап көрсөк, буга чейин жер үстүнөн жок болуп кеткен элдер экономикалык кыйынчылыктардан улам жок болгон эмес, өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн сактай албай калгандан улам улут же мамлекет катары жашоосун токтоткон.

Эдиреңдеген он тогуздагы Эркинбек
Эзелтен элди эл кылып турган анын маданияты, адабияты, моралдык-нравалык бийиктиктери эмеспи. Ички көрөңгөсү талкалануу жолунда бараткан эл түзгөн мамлекет да бара-бара жок болору мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок жогоруда айтып өткөн эрке баладан айырмаланып, кыргыз элинин тарыхы, Манасы, моралдык-нравалык бийиктиктери бар эле… Азыр деле бар. Бирок тилекке каршы, буга чейинкисин тек коелу, эмнегедир эки тизгин, бир чылбырды өз колубузга алган эгемендик жылдары так ошол бизди улут катары, мамлекет катары сактап кала турган тирегибизди - руханий байлыгыбызды татыктуу баалай албадык. Ага кошул-ташыл болуп мамлекетти мамлекет катары сактай турган негизги структуралар да коррупциялашып, ашмалтайы чыгып, кадырын жоготуп, өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай калды.

Кыргызстанда "Комитет-300"дүн армиясы барбы?
Эгемендик жылдарында, айрыкча, билим берүү тармагында тымызын элди сабатсыз кылуу саясаты жүргөнсүйт. Жергиликтүү окмуштуулар кийинки жылдары ар кандай авторлор сунуш кылган, айрыкча так ошол өзүбүздүн билим берүү башкармалыгыбызда отурган жөөттөр түзгөн мектептер үчүн чыгарылган окуу китептери жылдан жылга начарлап, өтө эле жөнөкөйлөшүп отурганын айтышат. Албетте мындай аракет кийинки жаш муундун ой жүгүртүү деңгээлинин, акыл-эсинин өнүкпөшүнө алып келери түшүнүктүү. Эгер бул кептин чын-төгүнүн аныктагыңыз келсе, төртүнчү класстын мурда колдонулган математикасы менен азыркысын салыштырып көрүңүз. Ал эми окуу китептеринин жетишпей келгени өзүнчө чоң сөз. Болбосо ар жыл сайын мамлекет окуу куралдары үчүн каражат бөлүп келген. Бирок бул өксүк он тогуз жыл бою жоюлган эмес. Анан калса китептин жетишпестиги айрыкча кыргыз мектептеринде курч. Ал эми орус, өзбек класстары үчүн окуу китептери ар дайым табылат.
Ошол эле учурда ЖОЖдордогу акыбал ар бирибизге маалым. Мугалимдердин айлыгынын аз болушу, саны бар сапаты жок окуу жайлардын көбөйүшү, дипломдордун сатылышы, сынактардын акча менен бүтүшү бул тармактын кадыр-баркын түшүрүп бүткөн. Азыр чындап илимдин артынан түшүп окумуштуулук даражага жеткендер чанда. Илимий даражаны сатып алсаңыз да болот. Мындай коомдон таланттуу илимпоз чыгышы күмөн. Ал эми акча менен диплом алган адистерден эмне күтсө болот? Акча ойногон жерде акыйкаттык асманга чыга качат дешет. Кыскасы, бул жылдар аралыгында мамлекеттин чыныгы байлыгы боло турган адам ресурсунун интеллектуалдык деңгээли болуп көрбөгөндөй төмөндөп отурган. Ал эми тирикарактарын батыш же ар кандай диний уюмдар өзүнө тартып, окутуп-чокутуп, кол бала кылып алган.
Жылына мектеп босогосун аттабай калган балдардын санына көз салсак, эгемендик алгандан бери жылына орточо эсеп менен 20 миңдей окуучу мектепке барбай калган. Эми он тогуз жылдын ичинде Кыргызстанда канча бала билим албай калганын эсептеп чыгыңыз… Албетте мектепти бүтпөй калгандардын баары эле бандит болуп кетти дегенден алыспыз. Бирок учурда жанын жеген шылуун, улуттук же мамлекеттик кызыкчылыкты уруп ойнобогон дөң чеке, акча үчүн атасын өлтүрүүдөн кайра тартпаган өтө коркунучтуу катмар бар. Болгондо да алардын саны 100 миңге чамалашы мүмкүн. Азыр ошол он тогуз жылдын ичинде татыктуу билим албай, ар кандай диний агымдардын, детектив кинолордун, базар турмушунун карышкыр жашоосунун таасиринде чоңойгондор 20-30 жаштын тегерегиндегилер, жесе ашка, иштесе ишке тойбой күркүрөп туру. Тилекке каршы, бул катмардын басымдуу бөлүгүндө ак мээнет менен жашайын деген көз караш жок. Андыктан алар акча үчүн ар кандай багыттагы сырткы күчтөрдүн кол жоолугу болору айныгыс чындык. Мүмкүн дүйнөнү башкаргысы келген "Комитет-300" бул армияны атайын түзгөндүр.

Майкандалган маданият
Борбордук Азиядагы кошуна өлкөлөр союз учурунан калган өздөрүнүн Жазуучулар уюмун сактап, аны азыр деле мамлекеттик деңгээлде камкордукка алып келет. А эмне үчүн Кыргызстанда андай болгон эмес? Тескерисинче бизде эгемендик жылдары Улуттук жазуучулар союзу төрткө бөлүнүп, кадыр-баркы кетип, андан улам коомдо акын-жазуучу деген калк эң арткы планга сүрүлгөн. Карап көрсөк, өлкөбүздө жеке эле Жазуучулар союзу эмес улутту улут катары сактай турган бүтүндөй чыгармачыл уюмдар талкаланып, учурда өлбө жаным өлбө абалында күн кечирип калышкан. Буга улай маданият министрилигинин бирде пайда болуп, бирде жоюлуп жүрүп отурушу, он тогуз жыл аралыгында көргөн запкыдан улам учурда кыргыз академиялык драма жана опера-балет театрларынын жабылуу астында турганы жөн жерден болбогондой. Эзелтен эле бир элди жок кылуу үчүн анын маданиятын талкалаш керек деген тажырыйба колдонулуп келген.
Ошол эле учурда маданият жаатындагы сыйлык бөлүштүрүүнүн коррупцияланышы, элдик, эмгек сиңирген деген наамдардын сатылышы тууралуу эмне десек болот? Албетте бул накта улут душмандары жасай турган иш. Эгемендик алганыбыздан бери маданият тармагынын кийинки мууну тааныштык же акча менен наам алгандарды туу тутуп, аларды ээрчип, кыргыз маданиятын кургуйга кулатты. Эмне үчүн улуттук колориттеги Элмирбек, Жеңишбектей төкмөлөргө, Рыспай менен Дөөлөттөй манасчыларга, ошондой эле улуттук музыкалык аспаптарыбызды ойноп жүргөн саналуу күүчү, чоорчуларыбызга наам берилбейт? Казактар 30-35 жаштагы төкмөлөрүнө "казак калк акыны" наамын берип, анын натыйжасында айтыш өнөрү өнүгүп жатпайбы.
Учурда алсыраган улуттук маданиятыбыздын ордун батыштын таасири толук каптап бүттү. Экранды канга боегон атышуулар, детектив чыгармалардагы мыкаачылык менен киши өлтүрүүлөр ушул он тогуз жылдын ичинде элди кандай деңгээлге жеткиргенине күбө болуп келебиз, дагы да күбө боло берчүдөйбүз. Кыздарыбызды тек эле коелу, маданият бул кийингенден башталат эмеспи, азыр кээ бир уландарыбыз эстрада жылдыздары болуп жүргөн жигиттердин кийингенин, чач жасалгасын, баскан-турганын, боенгонун туурап, кыздардай кылыктана сүйлөп шектүү болуп калды.

Укук коргоочулар кылмышкерлерди өздөрү пайда кылабы?
Союз учурунда милициянын баркы кандай эле? Алардын кийген кийими, кайраттуу жүрүм-туруму элди суктантып, жаш муундар кийин алардай мекенин, элин коргогон, адилеттикти туу тутуп, кылмышкерлерди жерден чукуса да таап келген из кубар болгусу келчү эмес беле. Эгемендик алгандан бери укук коргоо тармагы коррупцияга белчесинен батып калды. Менимче, азыр бул системада тааныш-билиштикке салып майлуу креслого отуруу көнүмүш адат. Чиндер, мамлекеттик сыйлыктар кызматкердин адистик сапатына эмес чөнтөгүнө, жөлөгүнө карап берилип келгенин билебиз. Мисалы, азыр бул тарапка таш ыргытсаң генералдын башына тийет. Бул көрүнүш ошол эле системада иштеген акчасы, таанышы жок, бирок өз кесибин жан оту менен сүйгөн жигиттердин көңүлүн кайт кылып, коомдо жашап туруп коомдон бөлүнүп калуу ыксыз экенин түшүнүп, ал деле тигилердей чөнтөгүнүн калың болушун каалап, баарына түкүрүп пара ала баштары айтпаса да түшүнүктүү.
Экинчиден, кайсы бир милиция кызматкери өз өмүрүн тобокелге салып бир коркунучтуу кылмышкерди кармап келсе, сот анын тыйынын алып актап жиберсе, тиги акталган неме тайгак кечүү тар жолдо өзүн кармаган милиционерди шылдыңдап турса кандай жаман. Чындыгында эле азыр акчаң бар болсо соттор адам тагдырын каалагандай калчап коерун ар бир атуул билет. Ушундан улам түрмөдө отургандардын 50 пайызы күнөөсүздөр деген сөзгө ишенсе болот. Эң кызыгы, учурда өлүм жазасына тартылып, анысы өмүр бою түрмө менен алмашылгандар деле чыгып кетсе болот экен. Биздин угушубузга караганда, 25 миң доллар менен өлүм жазасына тартылган тууганыңызды чыгарып алсаңыз болот. Ал эми күнөөсүз болсо да түрмөгө түшүп, акыйкаттыктан үмүт үзгөн жаран кантет? Албетте ал бул үчүн жашоого нааразы болуп, адамдардын баарына таарынып, коркунучтуу кылмышкерге айланышы толук мүмкүн. Ал эми акча берип эркиндикте калган чыныгы кылмышкер бул ийгилигине шыктанып өзүнүн криминалдык "карьерасын" андан ары улантат. Адилетсиздик болгон жерде эч качан стабилдүүлүк орнобойт. Андыктан өлкөбүздө бийликке нааразычылыктар жаралып эки жолу революция болушуна, андан улам элдин чабылып-чачылышына сот органдарынын же жалпы эле укук коргоо органдарынын салымы чоң.

"Тарых менен ташты да эзсең болот,
Тарых менен тамырды кессең болот"
Ш. Дүйшеев
Башкасын айтпаганда да мектептерде ошол элдин тарыхын окутуу жаш муунду элин, жерин сүйүүгө тарбиялоочу жана улуттук идеологияны түзүүчү каражат экенин ар бир эле тамга тааныган адам билет. Казактар эгемендик алары менен өздөрүнүн тарыхын жазганга киришкен. Жазган тарыхынын ар бир тамгасын кастарлап, мектептин жана ЖОЖдордун окуу программасына киргизген. Өзбек, тажик да эркиндик алары менен эркин өлкө катары калыптануу ишин дал ушул иштен баштаган. Ал эми бизде бул багытта бир нече жолу маселе көтөрүлсө да келип-келип эле бир тоскоолдукка туш болуп, жаңы кыргыз тарыхын жазуу ишке ашпай калат. Былтыр жайында эле он беш томдук кыргыз тарыхы жазылмак болуп, ага мамлекет колдоо көрсөтүп жаткандай болгон. Ай өтпөй эле бул идеянын дайыны чыкпай калды. Айрым мектептерде окуучулар баягыдай эле компартиянын таасири менен жазылган "кыргыз деген феодалдык доордо жашап жаткан артта калган эл болгон, алардын жазуу-сызуусу болгон эмес" деген маанидеги тарыхты окуп келишет. ЖОЖдордо КПССтин тарыхынан башка эч нерсе билбеген тарых илиминин кандидаттары азыр да студенттерге сабак берүүдө.

Сөз аягы
Эң эле жөнөкөй мисал, минген атыңды эркиндикке кое берсең, ал бир жумада туйлап чыгат. Семирип, керек болсо өзүңө да карматпай кошкуруп калат. Мына чыныгы эркиндиктин белгиси. Башкача айтканда, эркиндик аны ирдентип, шердентип койгон. Абайлабасаң ал мээңди чачырата тебиши мүмкүн. Эгемен өлкө да жылкы кыял болуш керек. Башкалар эркин өлкөнүн дем, кубаты ашып-ташып турганын туюп, кыжыры келсе тээп ийүүчү туягы бар экенин билип, сактанып мамиле кылыш керек.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, тел.: 38-67-19. zairajimatov_76@mail.ru