20.08.10 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Элчи эмне дейт?

"Кытай кыргыз иштерине кийлигишпейт"

Кыргызстан эгемендүүлүктү алганы коңшу Кытай Элдик Республикасы менен экономикалык тыгыз байланышта болуп келет. Канчалык танбайлы, чанбайлы учурда башка өлкөлөрдүн товарларына караганда кытай товарлары арзан. Ошол себептен кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү ошолор менен жан багып келатабыз. Буларды эске албаганда да көп экономикалык маселелерде Кыргызстан биринчи ирет Кытайга кайрылып келет. Албетте, чегара, соода маселелеринде кытай, кыргыз элинин ортосунда пикир келишпестиктер бар. Бирок чын-чынында эки мамлекеттин ортосунда андай маселе жок дейт Кытай Элдик Республикасынын (КЭР) Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ван Кайвэн мырза. Ван Кайвен мырза 1976-жылдан бери КЭРдин ар башка чет өлкөлөрдөгү элчилигинде эмгектенип келет.
- Ван Кайвэн мырза, учурда Торугарт көзөмөлдөп-өткөрүү бекетин (КӨБ) 60 чакырым ичкери жаңы жерге которуу маселеси курч талкууланууда. Жергиликтүү эл "кытай тарап ушундай болуш керек деген пикиринен кайтуучудай эмес" дейт. Бул эмнени каңкуулайт?
- КӨБдү кайсы жерге жайгаштыруу Кыргызстандын өз иши. Биз бул маселеге эч качан кийлигишкен эмеспиз, кийлигишпейбиз дагы. Анткени Кыргызстан эгемендүү көз карандысыз мамлекет. КӨБ анын территориясында турат. Албетте мурун, азыр да Торугарт КӨБү кытай-кыргыз чегарасына жакын. Менин баамдашымча аны төмөн карай жылдыруу ал жердин климаттык шартына, суу, электр энергиясы менен камсыз кылуунун татаалдыгына жараша болуп жатса керек. Мындай чечимди Бишкек кабыл алды, биздин катыштыгыбыз болгон жок. Мен айта кетейин, чегара менен КӨБдүн орду эки башка түшүнүк. Билишибизче, Торугарт КӨБү мурун азыркы ордунан да бийик жерде турган. Кытай тараптын да көзөмөлдөп-өткөрүү бекети чегарага жакын болчу. Кийин ал 45 чакырым ичкери көздөй жылдырылган. Бул ал жерде иштегендерге да, чегара аркылуу өткөндөргө да ыңгайлуу болду. Бирок кырдаал өзгөргөн жок. КӨБ менен чегаранын ортосундагы аймак кайсы өлкөнүкү болсо ошого тиешелүү бойдон кала берди. Эки өлкөнүн ортосунда дагы бир Эркечтам КӨБү турат. Азыр ал жерге жаңы көзөмөлдөп өткөрүү комплекси курулуп, аяктап калды.
Чынында чегара маселеси деген жок нерсе. Ошол жок көйгөйдү кайсы бир күчтөр кайра-кайра пайда кылып жатышат. Балким алар кандайдыр бир саясый максатты көздөшөт чыгар. Кыскасы, чегара боюнча Кытайдын эч кандай жаман ою жок. Болгону биз эки мамлекеттин мамилеси жакшы болушун көздөйбүз.
- Кыргызстанга 40 пайыз жалаң дары менен өстүрүлгөн мөмө-жемиш Кытайдан келет. Муну кытайлар өздөрү жешпейт деп угабыз. Эгер бул чын болсо эмне үчүн жешпейт?
- (Күлүп) Ооба, биз Кыргызстанга ар түрдүү жемиштерди, ошондой эле башка продуктуларды да киргизип жатабыз. Эл аралык стандарт боюнча алардын баары биздин тиешелүү санитардык-экспертизадан өткөрүлүп, анан бул жакка жөнөтүлөт. Биз өзүбүз өндүргөн азыктарды да, эл аралык базарлардан сатып алган нерселерди да жейбиз. Эгер сиз Кытайда болуп калсаңыз, ал жакта жемиштин түрү өтө эле көп экенин көрөсүз. Кытай базарларында импорттук, тропикалык жемиштер бир аз кымбат. А өзүбүздө өстүрүлгөндөр арзан. Ошондуктан бул жагынан кооптонууга негиз жок.
- Өткөн жылы Кытайда уйгур эли менен кытай калкынын ортосунда улуттук араздашуу болду эле. Быйыл андай окуя бизде болуп отурат. Мындай учурларда кандай кылуубуз керек?
- Бул өтө оор маселе. Кытай көп улуттуу өлкө. Ар башка 56 улуттагы калк жашайт. Биздин түшүнүгүбүздө кытайлыктар бул бардык 56 улуттун өкүлдөрү. А ханзулар негизги, өзөктүк эл. Башкача айтканда таза кытайлар. Ханзулар жалпы калктын токсондон ашык пайызын түзөт. Ооба былтыр Үрүмчүдө улут аралык тирешүү болгон. Бул, албетте өзөгү чет өлкөлөрдө турган сепаратисттик күчтөр уюштурган башаламандык болду. Өзүңүздөр билгендей былтыр Кытай Элдик Республикасынын түптөлүшүнүн 60 жылдык юбилейи болду. Сепаратисттер юбилейдин алдында атайылап биздин эл уйгур автономиялуу республикасында тынч жашай албагыдай кырдаал түзгүлөрү келген. Бирок өкмөт тез арада кырдаалды көзөмөлгө алып, элди тынч-тандырды. Азыр ал аймак стабилдешип, баары жакшы болуп калды. Улуттар ынтымакта жашап жатышат.
Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга кытай тарап кайдыгер карабайт. Өлкө түштүгүндө мындай болуп кетерин ойлогон да эмеспиз. Мен көп жылдардан бери элчилик кызматтарда жүргөндүктөн кыргыз, өзбек, казак, тажиктер кандай ынтымактуу жашашканын билем. Менимче, бул жерде да кандайдыр бир деструктивдүү күчтөрдүн таасири болду окшойт. Ошондуктан мындай күчтөргө кыраакы мамиле кылып, бийлик системасы мыйзамдуулукту сактоодо катуу болгону дурус. Мындан ары эки эл элдешип, ынтымакта жашарына ишенем.
- Кытайда этникалык кыргыздар көп. Алар сиздердин мыйзам боюнча кытайлар менен тең укуктуубу?
- Мен бир беткей тең укуктуу деп айта алам. Кытай мыйзамынын алдында бардык жарандар бирдей. Биздин менталитет, кытай философиясы боюнча улуу, чоң, күчтүү адам кичүүнү, алсызды сүйүшү керек. Бул түшүнүк этникалык азчылыктарга, топторго да тиешелүү. Сиздер билгендей, Кытайда бала төрөөгө тыюу салуу саясаты бар. Көпчүлүк өлкөлөр бул жагынан бизди катыра сындап келишет. Азыр биз 1 млрд. 300 миллионго жеттик. Физикалык, жаратылыштык мүмкүнчүлүктөрдү эске алганда чектөөнү токтотууга болбойт. Бирок бул чектөө кытайдын негизги калкы ханзуларга гана тиешелүү. А азчылыкты түзгөн этникалык калктарга мындай чектөө коюлган эмес. Мисалы, Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусундагы кыргыз аялдары каалаганындай балалуу болуп жатышат. Биз этникалык топтор аз болгондуктан алардын каада-салты, маданиятынын өнүгүшүнө, алардын көбөйүүсүнө шарт түзүп бергенбиз. Азыр Кытайда 180-200 миңге жакын кыргыз жашап жатат. Ал жерде азыр кыргыз элинин илгерки каада-салты сакталып, эл материалдык, маданий жактан өнүгүп жатат. Албетте, Кытайдын батыш тарабынын жаратылыш шарты катаал. Ошондуктан борбордук өкмөт бул жагын эске алып ал аймактардын инфраструктурасын көтөрүү боюнча аракеттерди көрүп жатат.
- Эски бийликтин убагында Кытай менен 500 киловаттык Датка-Кемин электр линиясын куруу долбооруна кол коюлган эле. Ал курулуш 2011-жылы башталышы керек болчу. Бул макулдашуу күчүндө калабы же ..?
- Бул маселе боюнча экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун убагында, андан кийин Максим Бакиевдин тушунда макулдашууларга кол коюлган. Долбоор азыр дагы бышыкталып, иштелип жатат. Жакында Кыргызстандын убактылуу өкмөтү тарабынан бул долбоорду ары жылдырып, ишке ашыруу сунушу болду. Бул боюнча азыр биздин эксперттер иштеп жатышат. Менимче, азыр техникалык негизи жүргүзүлдү. Долбоордун негизги бөлүгү өлкөнүн түштүгүндө ишке ашырыла тургандыктан, кырдаалга байланыштуу убактылуу токтотулуп турат. Муну дагы тактап, эки тарап макулдашуубуз керек.
- Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан үч өлкөнү бириктирген темир жол курууну көптөн бери максат кылып келатат. Бул макулдашуунун келечеги кандай болот?
- Бул боюнча эксперттердин бир нече жолугушуусу болуп, макулдашууларга кол коюлган. Азыр эки маселени чечүү гана калды. Биринчиси, темир жолдун жазылыгын аныктоо. Биздин темир жолдор Кыргызстандыкынан бир аз куушураак. Ошондуктан кайсы өлчөмдөгү жазылыкты алууну такташыбыз зарыл. Экинчиси, курулушту инвестициялоо маселеси. Бул темир жолду курууга кеминде 2 миллиардга жакын доллар керектелет. Азыр курулушту биргелешип каржылайбызбы, кредитке курабызбы же дагы башка жолун табабызбы деген суроолор турат. Муну чечүү үчүн кытай тарап иштеп жатат. Негизи бул темир жол Кыргызстан, Кытайга эле эмес, башка Орто Азия өлкөлөрүнө да пайда алып келе турган өтө маанилүү курулуш. Менин билишимче, бул линияга кошулууга кызыкдар өлкөлөр көп. Анткени өткөн доорлордо эле Улуу Жибек жолу Кыргызстан аркылуу өтүп, башка өлкөлөргө бир топ пайда алып келген. Чынында Кыргызстандагы окуялар ишти баштоого бир аз жолтоо болду. Өлкө тынчып, турукташса темир жол курулушуна чындап киришебиз.
- Кыргызстан азыр экономикалык өнүгүү тажрыйбасына муктаж болуп турат. Кезинде бул боюнча Кытайга да кайрылган. Сиздин пикириңизче, Кытай Кыргызстанды эмнеге үйрөтө алат?
- Биз окутуучу эмеспиз, өзүбүз окуп жатабыз. Кытай менен Кыргызстан өткөөл экономикалык абалдагы мамлекеттер. Эки өлкө тең базар экономикасына жаңыдан үйрөнүп келатат. Ар бир өлкөнүн өзгөчөлүгү, шарты, элинин менталитети, өнүгүү деңгээли ар башка. Экономикалык өнүгүү боюнча кайсы бир моделди универсалдуу, мыкты деп айта албайбыз. Бизге жаккан экономикалык модель башкаларга туура келбейт. Ошондуктан Кытай "сокур көчүрүүгө" каршы. 50-60-жылдары биз советтик экономикалык системаны көчүрүп, ошол боюнча иштеп көргөнбүз. Бул эч кандай өнүгүүгө алып келбейт. Экономикалык жактан өнүгүш үчүн эң алды стабилдүүлүктү, реформаны, өнүгүүнү айкалыштыра билүүбүз шарт. Бул өтө маанилүү. Туура жүргүзүлгөн реформа жакшы экономикалык системага алып келет. А реформа өлкөдө стабилдүүлүк болгондо гана натыйжалуу болот. Стабилдүүлүк болмоюн реформа тууралуу кеп козгоого да болбойт. А реформасыз экономикалык өнүгүү болбойт. Буга удаа эле өлкөдө мыйзамдуулук, инвестициялык жагымдуу климат түзүлүшү зарыл. Эгер инвестордун укугу корголбосо, экономиканын көкүрөк көтөрүшү арсар.
- Учурда Кыргызстан-Кытай ортосундагы товар жүгүртүүнүн жалпы суммасы канчага жетти? Мындан эки өлкөгө кандай пайдалар болуп жатат?
- Кыргыз статистикасы боюнча бул жылдын биринчи жарым жылдыгындагы товар жүгүртүү 220 млн. доллар. А биздин статистика боюнча бул көрсөткүч он эсе жогору. Албетте бул өтө чоң айырма. Балким кыргыз статистикасы Кыргызстанда калган товарларды эсептеген чыгар. А биз Кытайдан Кыргызстан аркылуу өткөн товарларды эсептейбиз. Менимче мындай эсеп туура эле. Анткени, бизден чыккан товарлар Кыргызстандан кайра реэкспорттолуп кетип жатат. Мындан кыргызстандыктар да, биз да жакшы эле пайда таап жатабыз. Албетте, товар чыгаруу, сатуу жагынан эки өлкөнүн ортосунда чоң айырма бар. Кыргызстанда экспорттун көлөмү аз. Бирок кыргыз өлкөсүнүн экспортту көбөйтүү, товар реэкспорттоо, туризм боюнча потенциалы чоң.
- Кыргыз элине каалооңуз кандай?
- Тынчтык, сабырдуулук, экономикалык өнүгүү каалайм. Анан, албетте, улуттар аралык ынтымак, элдешүү тилейм. Кыргыз эли жакшы, жетиштүү жашоого татыктуу. Жакын арада Кыргызстан гүлдөп өскөн, өнүккөн мамлекеттердин катарында болоруна ишенем. Кыргыз-кытай мамилеси мурдагыдай кошуналык жакшы маанайда болуп, кыргыздар Кытайга, кытайлар Кыргызстанга тез-тез каттап, достук мамиледе болуусун каалайм. Кыргызстанда ар дайым саясый туруктуулук болсун.

Маектешкен
Мелис СОВЕТ уулу