mainkaptal
Пользовательский поиск
  Өзгө да, жатка да өгөй мекендештер

Кыргыз бийлиги алардын акчасын санаганга гана маш

Демейде адамды ички-сырткы миграцияга баарыдан мурда социалдык көйгөйлөр түртсө, Ош, Жалал-Абаддагы кандуу окуялардан улам этно-саясый кырдаал курчуп, акыркы айда миграция агымы күчөдү. Натыйжада, бир гана Москва шаарына барган атуулдарыбыздын саны былтыркы жылдын ушул кезине салыштырмалуу 36,4%га өсүп кеткен. Орусиянын федералдык миграция кызматынын маалыматына караганда, акыркы бир айда 112 кыргызстандык ( анын 91и өзбек) өздөрүн качкын катары кабыл алууну өтүнүп кайрылышкан. Өткөн жылы бул мезгилде болгону 2 гана адам кайрылган экен. Качкын статусу жөн жай эле бериле койбойт. Кабыл алуучу тарап кийин-соңу БУУда бекитилген бир катар эл аралык талаптарды аткарууга милдеттүү болуп калат. Ошондуктан өзбек этносундагы атуулдарыбыздын бул статусту бетке кармап, айрыкча Орусияга агылып жатышынын башкы себеби мына ушунда.


Ааламдык масштабдан алганда, эмгек миграциясы кадыресе эле социалдык көрүнүш. БУУнун маалыматына караганда, күнүнө 3 млн. адам бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтүп турат. Максаттары эле жалыйналуу жумуш, жакшыраак шарт экени талашсыз. Калкынын саны арбын, экономикасы бакубат өлкөлөрдө эмгек миграциясынын агымы анчалык деле байкалбайт. Ал эми алакандай кыргыздын 1 млн.го жакыны жер оодарып кетиши капталыбызды эңшерип тургансыйт. Манастагы "бирөө кетти эренге, бирөө кетти тереңге" деген ушул.
Өзгөчө түштүктөгү чек ара аймагындагы жарандарыбыздын массалык түрдө чыгып кетиши мамлекетибиздин территориалдык бүтүндүгүнө шек келтирген саясый кыйынчылыктарды пайда кылууда. Ошондой эле Орусия, Казакстанда жүргөн эмгек мигранттарыбызды да эч ким чекесинен сылабасы анык. Алар укуктук жана социалдык жактан басмырланган кыйынчылыктарга карабастан жыл сайын 1млрд. доллардан ашык каражат таап "төркүндөрүнө" жөнөтүп жатышат. Кийинки кезде мамлекеттик бюджетти кабыл алаарда эмгек мигранттарынан "быйыл канча келээр экен" деп үмтөтүп турчу болдук. Акыркы Ош окуяларында да Орусия, Казакстандагы эмгек мигранттарыбыз 10 млн.сомго чукул жардам көрсөтүштү. Дагы да берип жатышат. Мунун өзү канчалык моюнга алгыбыз келбегенине карабастан, Кыргызстан үчүн эмгек мигранттары таянар зор күчкө айланып калгандыгынан кабар берип тургансыйт.
Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги түзүлгөнгө чейин эмгек мигранттарынын көйгөйү менен алпурушкан бир дагы мамлекеттик мекеме болгон эмес. Натыйжада Орусия, Казакстан ж.б. алыскы чет өлкөлөрдө иштеп жашаган эмгек мигранттарыбыз өз киндигин өзү кесип, тагыраагы, эл-жерден алыс өздөрүнүн диаспораларын түзүшүп, баарынын башын бириктирген "Замандаш" эл аралык ассоциациясын негиздешкен. Жакында бул коомдук уюм кезектеги IX конференциясын өткөргөн эле, анын айрым катышуучуларына жолугуп кепке тарттык.




Ушу жолу колун тартышса болмок
Эркинбек ЭСЕНАМАНОВ, КР эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Улан-Удэ шаарындагы атайын өкүлүнүн орунбасары:
- Бурятия Республикасы боюнча 6,5-7 миңге жакын кыргыздар барбыз. Кечээки окуядан кийин биртоп өзбек туугандар барышты. Алар Улан-Удэ шаарынын чок ортосуна митинг уюштуруп, качып келдик, бизге качкын статусун, жер бергиле деген талабын коюшту. Мурда барып базарда иштеп жүргөн өзбектер да жаңы келдик деп кошулуп алышыптыр. Менин биякка келгениме 3-4 күн болуп калды. Жолдон дагы автобус, маршруттарга түшкөн өзбектерди көрдүм. Өкүнүчтүүсү, кыргыздар эл эмес, мыкаачы, бизди кырып-жоюп жатат деп ар бир бажыканага жамандап өтүшүптүр. Бурятиядагы кыргыздардын атынан Ош, Жалал-Абаддагы алааматтан жабыр тарткандарга биринчи жолу 76 миң сом, экинчи жолу 350 миң накталай акча жардам көрсөттүк. Тилекке каршы, келген гумжардамдарды бөлүштүрүүдө жер-жерлердеги бийлик адатынча "кол ийрисине тартат" оорусунан арыла албагандыгын көрсөтүп койду. Мисалы, унду таптакыр эле тынч жаткан айылдарга, андагы туугандарына таратып жиберген учурлар белгилүү. Муну баары эле айтышат. Ошондой эле гумжардамга берилген нак акчага Токмоктогу матрезервден 5 жылдан бери турган унду килосун 14 сомдон сатып алышып, 20-25 сомдон кириштеген фактылар да айтылууда. Өңгөдөн жешсе дагы ушул жолу кол салбай эле коюшса болмок.

Кыргыз паспорту кол жоолукпу?
Гүлчехра ОМОНОВА, Самара шаарындагы кыргыз диаспорасынын жана "Манас Ата" кайрымдуулук фондунун өкүлү:
- Самара - калкынын саны 2 млн.дон ашкан чоң шаар. Бул шаардагы 5 миңдей кыргыздар өзүбүздүн диаспорага бириккенбиз. Кыргыздар ичинде өз ара түшүнбөөчүлүк болсо өзүбүз эле чечип, жалпы ынтымакка доо кетирбейбиз. Ошондой эле ар жуманын жекшемби күнү атайын уюштурулган мектепте кыргыз тилинде сабак өтүлөт. Максатыбыз - четте жүргөндө балдарыбыз өз эне тилин унутуп калбасын деген эле тилек. Кыргыздар шаардын ар кайсы бурчунда жашагандыктан лидерибиз Акылбек Кудуевдин уюштуруусу боюнча 5-6 машина балдарды чогултуп, мектепке алып келип кайра жеткирип турат. Мындан тышкары, мигранттарыбызга укуктук жактан жардам берүү да биздин мойнубузда. Жакындан бери Кыргызстандан барган өзбектердин саны арбыды. Ушундан улам шаардык укук коргоо органдары бизге көп кайрылчу болду. Себеби алардын көпчүлүгү 2005-жылдагы Анжыян окуясында качып чыккандар болгондуктан, Кыргызстанда эч кандай каттоосуз эле жүрө беришиптир. Самара шаарынын укук коргоо органдары силердин укук коргоо органдарыңар каякты карап жүргөн дешип бизден сурашат. Эмне үчүн 5 жыл бою буларды эч ким текшерген эмес дешет. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишимдин негизинде 2 айда эле орус атуулдугун алууга мүмкүн болгондуктан, өмүрү Кыргызстанды көрбөгөндөр кыргыз жарандыгына өтө калышып, андан кийин орус атуулдугун ала салышат. Азыр кыргыз паспорту кимде гана жок. Көрүп туруп ичиң күйөт. Жеке өзүм кыргыз паспортун алып жүргөн 17 адамдын фамилиясын алып, бул жакка тактоого жиберсем жалган болуп чыкты. Орус бийлигине кайрылып алардын жалган документ менен кыргыз паспортун алгандын далилдеп бердим эле, орус атуулдугунан чыгарып салды.

Оруска сиңип кетебизби?
Тынчтык АБДЫЛДАЕВ, КР эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Иркутск облусу боюнча коомдук өкүлү:
- Кыргыздар орус турмушуна жакшы эле аралашып калды. Бутуна туруп кеткендери, бутуна тура албай ичип кеткендери да бар дегендей. Бирок ар дайым Ала-Тоо көздөн учуп бул жакты сагынабыз. Түштүктөгү кандуу окуялар баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып койду. Иркутскидеги кыргыздар1 млн. 550 миң 850 сом накталай акча чогултуп, бул жерге келип керектүү делгендерди алып жеткирип бердик. Ошондой эле Иркутскидеги эки райондо жашаган кыргыздар өздөрүнчө келип кетишти. Биздин диаспора улуу акын Токтогулдун Иркутскиде калган изи боюнча кино тарткан. Аны ысымын Иркутск шаарынын бир көчөсүнө берүү боюнча шаардын мэриясы уруксат берген. Бирок биздин бийлик официалдуу кайрылышы керек экен, буларга айтып атып тил тешилди. Эми жаңы бийлик эске алаар. Ошондой эле оокаттын айынан Орусияда жүргөн атуулдарыбыз ошол жакта төрөлгөн балдарына метрика алуу үчүн 1600 рубль төлөшөт. Бул жерде болсоң 120 сом төлөмөксүң. Ал эми төрөлгөн баланын ата-энесинин бири Орусиянын атуулу болсо анда бепбекер аласың. Бул жагынан да кыргыздар орус атуулдугун алууга кызыкдар. Ушинтип отуруп оруска сиңип кетебизби деп корком.
Редакциядан: Тынчтык мырза атуулдук алуу маселеси, андагы чаташкан көрүнүштөр боюнча көптөгөн мисалдарды келтирди. Тилекке каршы, баарын батыра албадык. Атайын кайрыла турган маселе болгондуктан анын сөзүн кыскартып жарыяладык.

Балдарыбызды кайдан окутабыз?
Муктар ЭГЕШОВ, Алматы шаарындагы "Кыргыз Ата" коомдук фондусунун төрагасы:
- Казакстан акыркы күндөрү кыргыздарды "желкелей" баштады. Айрыкча биздеги апрель-июнь окуяларынан кийин карапайым адамдарын айта албайм, казак күч органдары кыргыздарга каршыгып эле калды. Натыйжада массалык депортация күчөдү. Чек аралар жабылды. Алматыда 15 миңге жакын кыргыздар бар. Алардын баарына эле кыйын болду. Жакында олимпиада болот, андыктан дагы массалык депортация жасайбыз деп эскертип жатышат. Мына, күз жакындап келатат. Бирок миңдеген кыргыздардын балдары окууга барбай калуу коркунучу бар. Анткени "вид на жительство" деген документин ала албайсың. Мындан тышкары, кыргыз жарандары Казакстанда 90 күндүк мөөнөт менен жүрө берчү. Азыр 5 күнгө гана уруксат. Эми кандай күн болот эч нерсе айта албайм.

Кыргыз бийлиги кызганычын токтотсо болоор эле
Абдыраш СУЛТАНАЛИЕВ, Түндүк-Байкал шаарындагы "Аян" кыргыз диаспорасынын өкүлү:
Биз Орусияга жетиш үчүн Казакстанды кайып өтө албайбыз. Жол жүргөндө казак полициясы көрбөгөн кордукту көрсөтөт. Мына, 20 жылга чукулдап калды биздин мамлекеттин жетекчилиги дегеле булар менен тил табыша албай койду. Кыргыздар жыргаганынан сыртка агылып жаткан жери жок. Бөтөн эл, бөлөк жерде жүрсө дагы бутуна туруп, тапкан ташыганын Кыргызстандын экономикасына салсам дешет баары эле. Инвестиция деген ушул эмеспи. Бирок, кыргыз бийлиги эмгек мигранттарынын мындай демилгесине дайыма кызганыч менен мамиле кылып келүүдө. Бир мисал айтайын. Кара-Шородогу көмүр кенин иштетип жаткан кыргыздардан бир индус келип тартып алган. Инвестор имиш. Болгону 1 эксковатор, 2 КаМАЗ, 1 бульдозеру бар. Аркы Ала-Букадагы Көк-Серек алтын кенин дагы бир кытай ээлеп жүрөт. Анын бир бузук эксковатору, 2 КаМАЗы бар. Ушундай да инвестор болобу. А эмне үчүн маңдай тери менен тапкан акчасын өз элине, Кыргызстанга салганга бизге мүмкүнчүлүк беришпейт?!

Даярдаган
Темирбек АЛЫМБЕКОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


ПОИСК ГАЗЕТЫ