20.08.10 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Матриархат доорунда

Акаев, Бакиев айта албаганды Отунбаева озуйпалайбы?

Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусунун аймагындагы "Өзбекнефтигаз" пайдаланып келе жаткан "Чоң Кара Калча" жана "Түндүк Сох" мунай кендерин кайтарып алуу боюнча иш-чараларды баштады. Бул боюнча буйрукка президент Роза Отунбаева кол коюп, тиешелүү министрликтерге тапшырма берди. Аталган маселе боюнча 1996-жылдан бери буга чейин үч жолу өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болуп, бирок бардыгы жыйынтыксыз аяктаган. Ал эми буга чейин Акаев менен Бакиевдин өз аймагыбыздан чыккан газ менен мунайды бергиле деп президенттик деңгээлде айтканга саясый эрки жеткен эмес.
"Чоң Кара Калча" жана "Түндүк Сох" мунай кендери 1955-жылы ачылып, аны ошол кездеги расмий Москванын көрсөтмөсү менен Өзбекстандын нефти газ тармагы иштете баштаган. Анда жүз элүүгө жакын мунай бургулоочу скважиналар орнотулуп, учурда анын жетимиш бештен ашууну толук өндүрүштүк кубаттуулукта иштеп жаткандыгы айтылууда. Токсонунчу жылдардын ортосунда бул жерден күнүнө кырк тоннадан ашуун мунай жана алты миң куб метрге жакын жаратылыш газы өндүрүлүп турган. Мамлекеттик мүлк министрлигинин маалыматына караганда, өткөн он жыл ичинде эле мындагы мунай жана газ өндүрүүдөн "Өзбекнефтигаз" ишканасы 450 млн. доллар өлчөмүндө пайда көргөн.
Ал эми аталган аймактагы Ак-Турпак айыл округунун тургуну Садык Амановдун бизге берген маалыматына караганда, учурда бул айыл округунун аймагынан чыгып жаткан жанар майды Өзбекстан 30 нефти бургулагычы менен суткасына 30 тонна май казып кетет. Бирок бул үчүн жергиликтүү мамлекетке сокур тыйын төлөбөйт. Мындан сырткары, ушул эле аймакта коңшу өлкөнүн 154 бургусу көгүлтүр отун өндүрүп, жер астына жылына 1,5 млрд. кубометр газды катып, аны менен кайра бүтүндөй Фергана өрөөнүн камсыз кылууда. Башкача айтканда, Өзбекстан буга чейин өзүбүздүн газды өзүбүзгө сатып келген. Белгилей кетчү нерсе, Ак-Турпак айыл округунун чегиндеги 17 км чегара делимитация боло элек. Жергиликтүү тургундар акыркы жылдары Ак-Турпактан өзбек тарап керектүү техникаларын, газ өтүүчү трубаларын акырындап чыгарып кете башташканын айтышат. Ал эми биздин чегарага терең кирип кеткен Жаңы-Конуш, Ак-Өтөк айылдарындагы көгүлтүр отун чыкчу трубанын оозун алар карасанатайлык менен бетондоп кетишкен.
Бул маселе көтөрүлгөн сайын Өзбекстан Кыргызстанга ар кандай талаптарды коюп келет. Анын ичинде Ысык-Көлдөгү "Рахат" сыяктуу Өзбекстан курган эс алуу жайларына болгон менчик укугун кайтарып алуу маселесин да айтып чыгышкан. Бирок биздин өкмөт учурунда буга каршылыгын билдирип, андыктан Өзбекстан мунай кендерибизди кайтарып берүү боюнча кыргыз өкмөтү сунуштаган келишимди кабыл албай койгон. Учурда алар "чегара боюнча талаш-тартыштар бар. Ошол маселелер чечилгенден кийин гана "Чоң Кара Калча" жана "Түндүк Сох" мунай кендерин кайтарып беребиз" деп жатышат. Канткен менен "Чоң Кара Калча" жана "Түндүк Сох" мунай кендерин өзүбүзгө өткөрүп алуу ошол аймактагы чегаранын такталышына көз каранды экени айтпаса да түшүнүктүү. Бирок Акаевдин, Бакиевдин саясый эрки жетпеген маселени көтөргөн бүгүнкү президентти мындай маселелерде колдоп туруу атуулдук парзыбыз. Ал ортодо бир ок менен эки коен атып, түштүктөгү чечилбей келген чегара маселесин да чечип алгай элек.




  Шоопур козголоң

Бөө заман бүтсө жөө заман башталабы?

Бишкек шаардык жана жаңы конуш каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү тейлеген миңдеген айдоочулар, жеке менчик бустардын ээлери, "Тулпар" коомдук бирикмеси жана "Эр айдоочу" коомдук бирикмесинин төрагасы, укук коргоочу Качкынбек Булатов менен биргеликте президент Роза Отунбаевага кайрылуу жасашты.
Ал кайрылууда айдоочулардан фирма башчылары менен формачан мамлекеттик кызматкерлер пара алууну ушул күнгө чейин улантып жатканы айтылат. "Мисалы МАИ кызматкерлери бир жылда эки жолу техосмотр өткөрүп, 40 сааттык күбөлүк үчүн 200 сом, ал эми квалификацияга 500 сом, автомашиналарды стоянкаларга камоо жана сот аркылуу чечүү операциясы үчүн 3000 сом алат. Ошондой эле МАИчилер белгисиз себептер менен эле жумурткадан кыр чыгарганды жакшы өздөштүргөн.
Ал эми фирмалар жумушка орноштуруу үчүн 300дөн 1000 долларга чейин алса, айдоочу менен фирманын ортосундагы келишимдин негизинде ай сайын төлөнүүчү сумма 4500- 6000 сомду чапчыйт. Бул келишимдин бааларын фирмалар өзүлөрү белгилешет. Мындан тышкары ай сайын мэрияга 1000 сом, жылына бир жолу тендерге катышуу үчүн 100 доллар алышат. Төлөнгөн акчаларга квитанция берилбейт" дейт кайрылууда.
Ошондой эле анын аягында "айдоочулардан пара алгандыгы үчүн жана аларга материалдык жана психологиялык зыян келтиргендиги үчүн, жогоруда айтылган мамлекеттик кызматкерлердин үстүнөн кылмыш иши козголсун жана юридикалык жактан баа берилип, сот алдында жазалансын; шаар мэриясы ар бир айдоочудан мыйзамсыз түрдө 1000 сомдон алганын токтотсун жана алынган акча кайда жумшалганын коомчулукка ачык-айкын билгизсин; эки жылдын ичинде мэрияга деп алган акчанын суммасы 108 млн. сомду түзөт, мыйзамсыз алган акчабызды өзүбүзгө кайтарып беришсин; фирма менен айдоочулардын ортосундагы келишим эмгек кодексине ылайыкталып түзүлсүн жана айдоочулар социалдык коргоого алынсын; фирма менен айдоочулардын ортосундагы келишимдин баасы 500 сомдон ашпасын" деген талаптар коюлуп, эгер бул айтылгандар аткарылбаса, айдоочулар кийинки жекшемби күнү иш ташташарын билдиришкен.
Буга чейин айдоочулар тарабынан арыздануулар болуп, эски бийлик тушунда алар иш таштоо акциясын да өткөрүшкөнү белгилүү. Бирок анда айдоочулар бийлик тараптан катуу сокку алып, лидерлери камалган.




  Оп-ана шоңку...

Өзбектер баштаган, кыргыздар ага жооп берген, анда күнөө кимде?

Июнь айында Ош жана Жалал-Абад аймактарында болуп өткөн согуштун себептерин, кесепеттерин иликтеп, сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Улуттук комиссиянын болжолдуу жыйынтыктарына караганда, тополоң окуялар жөн жерден чыккан эмес, ал түгүл бул абдан мыкты даярдалган иш-чара болгон. Тактап айтканда, өзбек тарап бул чырга мурдатан даярданып, кыргыз улутундагылар ага жооп гана кылган.
Айта кетчү жагдай, бул комиссия кыргыз, өзбек, дунган, орус улутундагы отуз көз каранды эмес коомдук ишмерден түзүлгөн. Андыктан аталган топ кайсыл бир улутка жан тартып коюшу мүмкүн эмес. Аталган комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, окуяларды уюштурууга Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана Жалалиддин Салахуддиновдун да катышы бар. Мындан сырткары болуп өткөн окуяга Бакиевдин жакындарынын, ар кыл экстремисттик уюмдардын да салым кошкону ырасталууда. Комиссия эмне үчүн бул окуяга жол берилгенин, эмне үчүн курал-жарактар элдин колуна өтүп кеткенин аныктоо үчүн иш-аракеттер уланып жаткандыгын билдирет.
Ошол эле учурда адам укуктарын коргоо боюнча Human Rights Watch уюму түштүктөгү жаңжалга байланыштуу жасаган баяндамасында окуялардын жетиштүү деңгээлде изилденбей жатканын сынга алып, курал элдин колуна өтүп, өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп, же кокустуктан өзбектерге каршы чабуулдарга аралашып кеткенин айтышат. Абдыганы Эркебаев курал-жарактарды элдин колуна өткөрүп жибергендиги үчүн айрым кызматкерлердин күнөөсү бар экендигин, бирок аларды ар кыл чабуулга аралашты деп айыптоого негиз жок экендигин билдирип, Human Rights Watch уюмунун баяндамасында туура жерлери менен катар талаштуу да жерлери бар дейт.
Биздин жеке пикирибизде улуттук комиссиянын билдирүүлөрү боюнча дагы бир топ толуктай турган жагдайлар бар. Окуяны изилдөөдө айрыкча кыргыздар маалымат согушунда кантип утулганын да камтыш керек. Мисалы, Ошко барып-келип жүргөн журналисттердин айтымында, ошол окуя башталган учурда экс-депутат Алишер Сабиров Ош обладминистрациясынын имаратынын үчүнчү кабатындагы бөлмөдө үч күн катары менен жалаң чет элдик ММК өкүлдөрүн гана кабыл алып, аларга өзү каалагандай маалымат берип турган. Үч күндөн кийин гана аны байкап калган аялдар отурган бөлмөсүнөн кууп чыккан. Бирок учурда экс-депутат эч нерсени билбеген кишидей болуп Бишкекте жүрөт. Анын Ош алааматында эмне иш жасаганына кызыккан эч ким жок. Ошондой эле маалымат согушунда кыргыз тараптын утулуп калышына ИИМдин басма сөз кызматкери, милициянын майору Рахматтулло Ахметовдун да салымы чоң дешет. Себеби ал чет элдик журналисттерди ИИМдин автоунаасына салып алып, өзбек айылдарын гана кыдырып, дүйнө жүзүнө бир жактуу маалымат таралышына шарт түзүп берген. Улуттук комиссия эл ичинде айтылып жүргөн ушул маалыматтарды да иликтөөсү зарыл.




  Башталды...

Чекиевдин өлүмү тоноочулукпу же саясый буйрутмабы?

Ар бир эле революция арты буйрутма киши өлтүрүү менен коштолоруна көнбөскө арга калбады. Учурда өткөн жуманын соңунда атып өлтүрүлгөн Нарын облусунун мурдагы губернатору Тынчтыкбек Чекиевдин өлүмү тууралуу ар кандай версиялар айтылууда. ИИМ бул кылмыш каракчылык максатында болгон дейт. Ал эми маркумдун жакындарынын айтканына караганда, экс-чиновниктин эч кандай бизнеси жок болчу, ошондуктан ал чоң акчага байланыштуу өлтүрүлүшү мүмкүн эмес.
Тынчтыкбек Чекиевдин өмүр жолун Бакиев менен байланыштырышат. Ал Жети-Өгүз районунун акимдигине, андан соң Нарын облусунун губернатору болгон.
Ошол эле учурда Чекиевдин өлүмүн Жетим-Тоо чырына байланыштыргандар да бар. Себеби бул маселе ал Жети-Өгүз районунун акими болуп турган учурда келип чыккан эле. Бирок сураштыра келсек Чекиев Жетим-Тоого кол койгон эмес. Жергиликтүү эл ичинде ал бул жерге аким болуп турган төрт жылдын ичинде Ак-Суу районуна 36 км ге жол салдырганын, Жети-Өгүзгө 11 айда 16 мектепти ремонт жасатканын айтып жүргөндөр бар. Чекиев Нарын облусунун губернатору болуп 2009-жылдын 11-ноябрынан 2010-жылдын 9-мартына чейин иштеген.
Дагы бир кызык маселе, учурда бийликте турган кадыр-барктуу партиянын лидерине таандык кыргыз тилдүү ММКлардын бири Чекиев өлөрдөн бир күн мурун аны Жетим-Тоого байланыштырып күнөөлөп, мындай экс-чиновниктерди тымызын жок кылып койуш керек экендигин айткан. Ошол күндүн эртеси Тынчтыкбек Чекиевди 13-августтун түнүндө Сокулук районунун Жал айылындагы өз үйүндө белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Ок анын денесинин төрт жерине тийип, кансырап каза тапкан.
Жогоруда белгиленгендей, ИИМ бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда оперативдик кылмыш иликтөө тобу бул кылмышты ачуу боюнча аракет кылып жатат. Алардын версиясы боюнча тоноо үчүн анын үйүнө киришкен... Бирок эмнесин тоноп кеткени тууралуу кеп жок. А мүмкүн Чекиевдин өлүмү мүлк талашуудан улам келип чыккан саясый буйрутма болуп жүрбөсүн? Мүмкүн Жетим-Тоо азыр дагы кайсыл бир чиновниктин алаканын ысытып тургандыр.

Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ